Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кларнет

Баш барак | Музыка | Кларнет

Кларнет (итальянча clarinetto, французча clarinette, немисче Klarinette, англисче clarinet же clarionet) — бир тилчелүү жыгач үйлөмө музыкалык аспап.

Мазмуну

Кларнет
Кларнет
Диапазону (оркестрлик)кичи октавадан, үчүнчү октаванын соль нотасына чейин
Классификациямузыкалык аспап, үйлөмө музыкалык аспап, бир таякчалуу үйлөмө музыкалык аспап
Тектеш аспаптаргобой, саксофон, шалюмо

Болжолдуу 1700-жылдардын айланасында Нюрнбергде ойлонуп табылган, музыкада XVIII кылымдын экинчи жарымынан тарта активдүү колдонулууда. Ар түрдүү музыкалык жанрларда жана курамдарда колдонулат: соло аспап катары, камералык ансамбльдарда, симфониялык жана үйлөмө оркестрларда, элдик музыкада, эстрадада жана джазда. Кеңири диапазонго, жылуу, жумшак тембрге ээ болуп, музыкантка кеңири аткаруучулук мүмкүндүктөрдү берет.

Тарыхы

Кларнет XVII кылымдын аягында — XVIII башында нюрнбергдик музыкалык чебер Иоганн Кристоф Деннер (1655—1707) тарабынан ойлоп табылган (кээ бир маалымдамалар ойлоп табылган жылы катары 1690-жылды көрсөтүшөт, башка изилдөөчүлөр болсо бул датаны талаштуу дешип, кларнет жөнүндөгү биринчи эскерүүлөр 1710-жыл менен даталанганын көрсөтүп келишет), Кристоф ал кезде франциялык эски музыкалык аспап шалюмону (французча chalumeau) жакшыртуунун үстүндө иштеп жаткан. Шалюмо менен кларнетти так айырмалоого мүмкүндүк берген негизги жаңылык, аспаптын арткы бетиндеги сол колдун бармагынын жардамы менен башкарылуучу клапан болгон, ал экинчи октавага өтүүгө жардам берген. Бул регистрда жаңы үлгүдөгү аспаптын үнүнүн чыгышы (алгач жөн гана «жакшыртылган шалюмо» аталган), ошол убакта колдонулуучу «кларино» аталган түтүктү элестеткен, мунун аталышы өз кезегинде латындын clarus сөзүнөн келип, «ачык» (үн) дегенди билдирген. Бул түтүктүн аталышы алгач регистрга берилип, андан соң бүткүл аспапка берилген — clarinetto (кларнеттин италиялык аталышы) сөзмө-сөз «кичинекей clarino» дегенди билдирет. Бир канча убакыт шалюмо менен кларнет бирдей колдонулган, бирок, XVIII кылымдын экинчи чейрегинде шалюмо дээрлик музыка тажрыйбасынан жоголуп кетет. Деннердин ишин анын баласы Якоб (1681—1835) улантып, Нюрнбергдин, Берлиндин жана Брюсселдин музейлеринде анын колунан жаралган үч аспап сакталып турат. Бул кларнеттерде эки клапан болгон. Мындай конструкциядагы аспаптар XIX кылымга чейин кыйла жайылган болчу, бирок, австриялык уста Паур 1760-жылдардын айланасында эки клапанга үчүнчүсүн кошкон, белгиялык уста Роттенбург — төртүнчүсүн, англиялык Джон Хэйл 1785-жылы бешинчисин, жана белгилүү франциялык кларнетчи жана композитор Жан-Ксавье Лефевр 1790-жылдардын айланасында кларнеттин алты клапандуу классикалык моделин жасаган.

XVIII кылымдын аягында кларнет классикалык музыканын толук кандуу аспабы болот. Кларнетте аткаруу техникасын гана эмес, анын конструкциясын дагы жакшырткан виртуоздуу аткаруучулар пайда болгон. Булардын арасынан немец кларнетчиси Иван Мюллерди белгилөөгө болот, ал мүштөктүн конструкциясын өзгөртүп, тембрга кыйла таасир эткен, ашыкча үйлөөнү жөнөкөйлөтүп, аспаптын диапазонун кеңейтип, кларнеттин дээрлик жаңы моделин түзгөн десе да болот. Ошол учурдан тарта кларнеттин «алтын кылымы» башталат.

Кларнеттин жакшыртылышы XIX кылымда дагы улантылган: Париж Консерваториясынын профессору Гиацинт Клозе жана музыкалык уста Луи-Огюст Бюффе кларнетке шакектүү клапандар системасын ийгиликтүү ылайыкташтырган, мурда бул система мюнхендик Сарай капелла алдындагы флейтачы Теобальд Бём тарабынан ойлоп табылган, жана флейтада гана колдонулчу. Бул модель «Бём кларнети» же «франциялык кларнет» аталышына ээ болгон. Кларнеттин конструкциясынын андан аркы жакшыртуусуна катышкан башка белгилүү усталардын арасынан Адольф Саксты (саксофондун жана кең мензуралуу жез үйлөмө аспаптын ойлоп табуучусу) жана Эжен Альберди айтса болот. Германия жана Австрияда айтылуу «немец» жана «австриялык» кларнеттер жайылган, булардын теги Иоганн Георг Оттенштайнердин (1815—1879) жана кларнетчи Карл Берман менен бирге жасаган клапандар системасынан башат алат, айтылган адамдар болсо бул система үчүн «Кларнетте ойноо мектебин» чыгарышкан. 1900-жылдары берлиндик уста Оскар Элер (немисче Oehler; 1858—1936) системага анча-мынча жакшыртууларды киргизген. Салтка ылайык, мындай системаны «Элер системасы» деп аташат. Немец кларнетинин механизми франциялыктан айырмаланып, тез виртуоздук ойноого азыраак ыңгайлашкан. Бул кларнеттердин мүштөктөрү жана таякчалары (тилчелери) франциялыктан айырмаланган технология боюнча жасалат. Бирок, немец системасындагы аспаптар көбүрөөк ачык жана үн кубатын камсыз кылат деп саналат. Жетишээрлик узак мезгил бою немец системасындагы кларнеттер дүйнөдө кеңири таралган болчу бирок, болжолдуу 1950-жылдардан тарта музыканттар француз системасындагы кларнетке өтө башташкан, жана азыр (2024) немец кларнеттеринде негизинен австриялык, германиялык, голландиялык, ошондой эле россиялык кларнетчилер ойношот. Бём жана Элер системаларынан тышкары, клапандардын аспапта жайгашуусунун дагы бир нече варианттары да бар, негизинен, XX кылымдын башында «Selmer» фирмасы «Альбер кларнетин» (түзүмү боюнча XIX кылымдагы аспаптарды элестетчү), ал эми 1960-70-жылдары «Марки кларнетин» чыгарчу. Акыркысынын диапазону бир октавага жогору кеңейтилген болушу мүмкүн делет. Ошондой болсо да, бул аспаптар кеңири жайылууга ээ болгон эмес. Түрдүү конструкторлордун арасынан Фриц Шюллердин чейрек тоналдуулуктагы эксперименталдык үлгүдөгү кларнетин белгилөөгө болот, аспап заманбап музыканы аткарууга арналган.

Заманбап кларнет жетишээрлик татаал механизм катары каралат. Аспапта 20нын айланасында клапандары, көптөгөн октору, рессорлору, тарткычтары жана бурамалары бар. Алдыңкы музыкалык аспаптарды өндүрүүчү фирмалар кларнеттин конструкциясын жакшыртып, улам жаңы моделдерин чыгарууда.

Кларнеттин музыкадагы ролу

Классикалык музыкада

XVIII кылым

Кларнет катышкан эң эрте чыгарма Альберт Райс тарабынан көрсөтүлгөн: эки бирдей аспапка (мүмкүн болуучу аспаптардын арасында эки кларнет дагы бар) жазылган белгисиз автордун эки арийлер жыйнагы Амстердамда 1712-жыл менен 1715-жылдар арасында жарыяланган. 1716-жылы Антонио Вивальди «Салтанатталуучу Юдифь» ораториясынын партитурасында clareni деп белгиленген эки аспаптын колдонулушун буйрук кылган. Композитор кларнетти айтайын деген, деп жоромолдонот, ошентип, бул оратория кларнеттин оркестрдик аспап катары пайдаланылышынын биринчи учуру катары эсептелине алат. Вивальдинин чыгармаларында кларнеттер дагы үч жолу пайда болот: RV556 («Ыйык Лоренцо»), RV559 жана RV560 (мунун баары «до мажор» тоналдуулугунда жазылган) концерттеринде (чыгарма) эки аспап каралган бирок, буларда өз алдынча партиялар жок (гобойлордун партияларын гана кайталайт), ал эми «Ыйык Лоренцонун» экинчи партиясында кларнеттер композитор тарабынан партитурадан алынып салынган.

XVIII кылымдын биринчи жарымында кларнет жетишээрлик жакшыртылбаган, диапазону анча чоң эмес жана үнүнүн чыгышы бир калыпта болбогондуктан оркестрларда чанда гана пайда болуп турчу. Мындай чыгармалардын арасында — Жан-Казимир Фабрдын мессасы (1720), Гендель Георг Фридрихтин «Темирлан» (1724) жана «Ричард Биринчи» (1727) опералары, ошондой эле, Райнхард Кайзердин бир катар чыгармалары.

Кларнетчилердин соло аткаруулары XVIII кылымдын экинчи жарымынын башталышынан бери белгилүү бирок, өзүнчө концерттер андан дагы эрте болуп турган: 1742-жылы Faulkner′s Dublin Journal газетасы Дублинде Чарльз аттуу венгриялык музыканттын кларнет, валторна жана д&primeамур гобой аспаптарында ойногонун белгилейт. Ошол мезгилдеги жылдардын өтүшүндө ал Британиянын башка аймактарында дагы ийгиликтүү концерттерин өткөргөн, акыркы концерти жөнүндөгү эскерүү 1755-жыл менен даталанган. Ошол эле мезгилде немец композитору Иоганн Мельхиор Мольтер (1695—1755) кларнет үчүн алты концерт (чыгарма) жазып, алар кларнет аспабы үчүн тарыхтагы биринчи соло чыгармалар деп саналган.

1740-жылдардын аягында кларнеттер Франциядагы Александр Ла Пуплиньердин оркестринде пайда болот. Бул оркестрдин кларнетчилеринин арасында өзүнүн чебердиги менен Гаспар Прокш өзгөчөлөнгөн, жоромолдорго ылайык 1754—1755-жылдары оркестр менен дирижёрлук кылган Иоганн Стамицтин Концерти ошол чебер кларнетчи үчүн жазылган имиш. Стамицтин Концерти in B «чоң» кларнети үчүн жазылган биринчи концерт болуп, аспаптын ошол кездеги колдонулган бардык диапазону пайдаланылган: үч октавадан жогору (Мольтердин концерти in D кларнети үчүн арналган, бүгүнкү күндө бул кичи октава деп саналып, ал жогорку регистрга гана тиешелүү).

1758-жылы кларнеттер Маннгеймдик оркестрга киргизилген — ошол мезгилдеги Европадагы мыктылардын бири. Бул оркестр менен иштеген Маннгейм мектебинин композиторлору кларнет партияларын өзүнүн чыгармаларына кошо башташкан, бирок, көбүн эсе флейта жана гобойлор партиясын алмаштыруу же коштоо максатында, сейрек учурларда гана кларнетке өзүнчө партияларды беришчү.

Кларнетке оркестрдык аспап катары дагы деле этияттык мамиле кылууга карабастан (көпчүлүк концерттерде кларнетчилер 1780—1790-жылдарга чейин такыр эле жок болчу), композиторлор аспапка көптөгөн концерттик адабияттарды жазышкан. XVIII кылымда кларнетке концерттерди жазган композиторлор жүзгө жетпеген гана адам болгон. Алардын ичинде — Иоганн Стамиц жана анын баласы Карл, Франц Ксавер Покорны, Ян Крштител Ваньхаль, Эрнст Айхнер, Леопольд Кожелух, Михаэль Гайдн, Франц Антон Хофмайстер, Игнац Плейель жана башкалар. Көп учурда композитор катары кларнетчи-виртуоздор дагы чыгармаларын жазышкан: Иоганн Генрих Бакофен, Франц Тауш, Йозеф Бер, Джон Мэгон, Жан Лефевр, Мишель Йост. Кларнетте ойноонун француз мектебинин негиз салуучусу деп саналган Йост он төрт концерттин автору. 1770-жылы тарыхта биринчи болуп кларнет үчүн соната жазылып, анын автору италиялык композитор Грегорио Широли болгон.

Кларнеттин толук кандуу аспап болушуна жана анын репертуарынын кеңейишине Вольфганг Амадей Моцарт кыйла салым кошкон. Ал К. Ф. Абелдин симфонияларынын биринде партитура менен иштеп жатып кларнет менен болжолдуу 1764-жылы таанышкан, өзү болсо кларнетти 1771-жылы Дивертисмент KV113тө пайдаланган, андан кийин дагы экөөндө 1773-жылы колдонгон. Бул чыгармаларда кларнет партиялары салыштырмалуу татаал эмес болгон: Моцарт жөнөкөй беш клапандуу механизми бар аспаптын болуусун каалаган болушу мүмкүн. 1780-жылдардын башында гана бул аспапты активдүүрөөк пайдалана баштаган: «Идоменейден» баштап бардык опералар кларнеттин колдонулушун талап кылган. Ошол эле убакта, Моцарт кларнетти симфонияда (№31, 35, 39, 40) жана фортепианолук концерттерде (№ 22, 23, 24) жетишээрлик сейрек колдончу. Ошондой эле, кларнет Моцарттын камералык музыкасында дагы пайда болот: KV361, KV375, KV388 үйлөмө аспаптар үчүн серенадаларында, KV452 үйлөмө аспаптар жана фортепиано үчүн квинтетинде, Es-dur KV498 (1787) альт жана фортепиано менен болгон триосунда, A-dur KV581 (1789) кылдуу музыкалык аспаптар жана кларнет квинтетинде. Акыркы эки чыгармалар белгилүү кларнетчи жана композитордун досу Антон Штадлердин аткаруусуна ниет кылуу менен жаратылып, диапазону төмөн карай кеңейтилген кларнетти пайдалануу жоромолдонгон. Кларнет жана бассетгорн кеңири колдонула турган бир нече чыгармаларды композитор аягына чыкпай калган.

Штадлер үчүн Моцарт кларнетке оркестр менен коштолуучу Концерт жазып берген — Моцарттын акыркы оркестрдык чыгармасы, бир нече айдан кийин Моцарт каза болот. Кларнет репертуарындагы мыкты деп саналган бул концерт Штадлер тарабынан биринчи жолу 1791-жылдын 16-сентябрында аткарылган.

1760—1780-жылдары кларнет Harmoniemusik аталган короо алдында ойноочу ансамбльдардын курамына кирген, ансамбль эреже катары эки гобойдон, эки кларнеттен, эки фагот жана эки валторнадан турган (айрым учурларда башка музыкалык аспаптар кошулуп дагы кетчү). Мындай ансамбльдан ошол мезгилде абдан белгилүү болуп, кеңири репертуарга ээ эле. Бул ансамбльдардын өнүгүү жолу кийин үйлөмө аспаптардын оркестрларын, камералык үйлөмө аспаптар квинтеттеринин калыптануусуна алып келген (канондук курам — флейта, гобой, кларнет, фагот, валторна), натыйжада кларнет кыйла атактуулукка жеткен.

XIX кылым

Романтизм доору келгенде музыкада музыкалык стилдердин өзгөрүүсү, музыкалык аспаптардын мүмкүнчүлүктөрүнүн жакшыруусу болуп, анын ичинде кларнет дагы жакшыртууга кабылган. Композиторлор жакшыртылган аспапка көңүл буруп, ага бир катар чыгармаларды жаратышып, алар бүгүнкү күнү (2024) дагы кларнетчилердин репертуарына кирет. Кларнеттин тембри дароо композиторлордун көңүлүн өзүнө буруп, кандайдыр бир романтизмдин символу болгон. Кларнеттин соло аткаруусу Вебер жана Вагнердин операларында, Берлиоз жана Чайковскийдин симфонияларында, Листтин симфониялык поэмаларында бар. Кларнеттик репертуардын ажырагыс бөлүгүн Карл Мария фон Вебердин чыгармалары түзөт. Ал, 1811-жылы Мюнхенге келип бавариялык короо алдындагы оркестрдын кларнетчиси Генрих Йозеф Берман менен таанышканда, бул аспапты соло аткарууда биринчилерден болуп колдонгон. Бир нече күндө жазылган жана 5-апрелде Берман тарабынан аткарылган Es-dur концертиносу чоң ийгиликке жетип, ошол эле жылы Вебер кларнет үчүн эки чоң концерт жазган (f-moll, op. 73, жана Es-dur, op. 74), бир нече убакыттан кийин B-dur, op. 33 фортепиано менен болгон вариациясы жана op. 34 кылдуу аспаптар менен ошол эле тоналдуулуктагы квинтет жазылган. Мунун баары Бермандын аткаруусу үчүн жаратылган. Вебердин дагы бир чыгармасы (Es-dur, op. 48 чоң концерттик дуэт) башка белгилүү кларнетчи Иоганн Симон Хермштедтге жазылган.

Ошондой эле, 1943-жылы табылган кларнет жана B-dur кылдуу аспаптар квартети үчүн интродукция, вариациялар темасын дагы Веберге таандык дешет, бирок, 1976-жылы бул чыгарма Йозеф Кюффнердин калемине таадык экенин Альрих Рау тастыктап, ал op. 32 квинтетинин бөлүгүн бири экени аныкталган. Кларнет үчүн оркестр менен Дивертисменттеги жана дагы бир Концертинодогу Вебердин авторлугу дагы күмөндүү. Мындан тышкары, композитор үчүнчү концертти жазууну пландаштырып жаткан бирок, ал ишке ашпай калган.

Людвиг Шпор кларнет үчүн төрт концерт жана бир нече башка чыгармаларды жараткан. Булар техникалык жактан татаал келип, аткаруучунун виртуоздугун гана талап кылбастан, ошол кездеги кларнеттин эң жаңы моделдерин талап кылган. Мындай аткаруучунун биринчиси Иоган Симон Хермштедт болгон. Джоаккино Россини чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн башында (18 жашында) оркестр менен кларнет үчүн эки циклды жазып, алардын белгилүүсү — Интродукция жана B-dur вариациялары менен тема болгон.

Ал мезгилдеги азыраак белгилүү жана сейрек аткарылуучу чыгармалардын арасында: Саверио Меркаданте жана Карол Курпинскийдин концерттери, Карл Готлиб Райсигердин камералык жана концерттик чыгармалары.

Мурдагыдай эле, айрым кларнетчилер аспапка чыгармаларды өзүлөрү да жаратып турган. Буга мисал катары швециялык музыкант Бернхард Хенрик Круселлди айтууга болот, ал кларнет үчүн оркестр менен коштолуучу үч концерттин жана башка чыгармалардын автору. Опералык темаларга фантазия жанрында италиялык кларнетчилер иштешчү: Бенедетто Карулли (1797―1877), анын окуучулары Эрнесто Каваллини жана Луиджи Басси, ошондой эле, Фердинандо Себастьяни, Доменико Ливерани, Гаэтано Лабанки жана башкалар.

Камералык музыкада кларнетти колдонгондор: Беховен (виолончель жана фортепиано менен трио; үйлөмө аспаптар жана фортепиано үчүн квинтет; кылдуу жана үйлөмө аспаптар үчүн септет; кларнет жана фагот үчүн дуэттер), Шуберт (кылдуу жана үйлөмө аспаптар үчүн октет, үн, кларнет жана фортепиано үчүн «Жардагы малчы» триосу), Мендельсон (кларнет жана фортепиано үчүн соната; кларнет, бассетгорн жана фортепиано үчүн эки концертштюк), Шуман (кларнет жана фортепиано үчүн фантастикалык пьесалар; кларнет, альт жана фортепиано үчүн «Жомок аңгемелер») ж. б.

Кеч романтизм мезгилиндеги кларнеттик репертуардын маанилүү бөлүгүн Иоганнес Брамстын чыгармалары түзөт. Композитор кларнетке өзүнүн чыгармачылыгынын кеч мезгилинде кайрылган, жана буга чейин ал бир жыл бою эч нерсе жазбай, өзүнүн композитордук ишин токтотууну чечкен болчу. Бирок, 1891-жылы майнинген сарайынын алдындагы оркестрдын кларнетчиси Рихард Мюльфельд менен таанышып, Брамс ал үчүн виолончель жана фортепиано менен a-moll триосун жана кылдуу квартет менен h-moll квинтетин жазып, үч жылдан кийин — фортепиано менен эки сонатаны жазган (f-moll жана Es-dur). XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башындагы мезгилдеги башка маанилүү чыгармалар: Брамстын таасири алдында жазылган Александр фон Цемлинскийдин d-moll триосу, Шарль Видордун интродукция жана рондосу, Макс Регердин үч сонатасы.

XIX кылымдын экинчи жарымындагы кларнет үчүн концерттик репертуар көп эмес. Р. Штраустун романсын (1879), Габриэль Пьерненин канцонеттосу (1888), Йозеф Фридрих Гуммелдин эки концертин ж. б. белгилөөгө болот.

XIX кылымдын башынан тарта кларнет симфониялык оркестрдын туруктуу катышуучусу болот. Анын жаркын, шаттуу, ошондой эле, драмалык мүнөздөгү соло аткарылышы көптөгөн белгилүү композиторлордун чыгармаларында кездешет, мисалы: Бетховен (Төртүнчү жана Сегизинчи симфониялар), Вебер («Эркин аткыч» жана «Оберон» операларына увертюралар), Шуберт (Бүтпөй калган симфония), Гектор Берлиоз (Фантастикалык симфония), Мендельсон (Шотландиялык симфония), Рихард Вильгельм Вагнер («Кудайлардын өлүмү» операсы), Джузеппе Верди («Луиза Миллер», «Травиата», «Тагдыр күчү» опералары), Брамс (Үчүнчү симфония), Антонин Дворжак (Тогузунчу симфония), Антонио Пуччини («Кусалык» операсы), Ян Сибелиус (Биринчи симфония), Отторино Респиги («Рим пиниялары»).

XX кылым

XX кылымда кларнет музыкадагы эң талаптуу аспаптардын бири болгон. Түркүн түстүү маанайларды жана сезимдерди чагылдыруу, ошондой эле, техникалык кыймылдуулугу дагы да болсо бул аспапка ар кандай стилдеги жана багыттагы композиторлордун көңүлүн буруп келген.

Оркестрдик кларнетчилерге Р. Штраустун, Равелдин, Стравинскийдин чыгармалары жогорку талаптарды талап кылышат. Жоопкерчиликтүү соло эпизоддор Бартоктун («Кереметтүү мандарин» балети) чыгармаларында бар.

Көптөгөн чыгармар, композиторлор тарабынан кларнетчи-виртуоздордун аткаруусуна эргүү менен жаралган. Клод Дебюсь өзүнүн Биринчи рапсодиясын кларнетчи Пропес Мимар үчүн жазган, ал эми Камиль Сен-Санс өмүрүнүн акыркы жылдында (1921) кларнет жана фортепиано үчүн Сонатасын жазып, аны Париж консерваториясынын профессору, кларнетчи Огюст Перьеге арнаган. XX кылымдын белгилүү кларнетчилеринин бири, джаз музыкачысы, классикалык чыгармаларды ийгиликтүү аткаруучу Бенни Гудмен болгон. Аны менен кызматташтыкта жана анын аткаруусуна жоромолдонуп Копленд, Хиндеминт жана Мийо концерттери, Бернстайндын «Фуга жана рифф прелюдиясы», Бартоктун «Констрасттар» триосу жазылган.

Камералык музыкада кларнет дагы деле маанилүү орунду ээлеген. Жаңы үндөрдү жана ыргактарды алуу максатында композиторлор аны ар түрдүү айкалыштыктарда кеңири колдоно башташкан: кылдуу музыкалык аспаптар жана фортепиано менен (Хиндемит жана Мессиандын квартеттери), башка үйлөмө музыкалык аспаптар менен (Кёклен, Ибер, Вилл Лобос триосу, Шёнберг жана Нильсендин квинтеттери), аралаш курамдарда (кыл кыяк, кларнет, тенордук саксофон жана фортепиано үчүн Веберндин Квартети).

XX кылымдагы кларнет үчүн концерттик адабият дагы ар түрдүү. Кларнет үчүн концерт жанрына Карл Нильсен, Аарон Копленд, Дариюс Мийо, Джеральд Финци, Мечислав Вайнберг, Уолтер Пистон, Джон Корильяно, Кшиштоф Пендерецкий жана башка көптөгөндөр кайрылып турушкан.

Кларнет жана фортепиано үчүн XX кылымда Альбан Берг, Богуслав Мартину, Дариюс Мийо, Артюр Онеггер, Пауль Хиндемит, Франсис Пуленк, Леонард Бернстайн, Алан Хованесстер чыгармаларды жазышкан. Кларнеттин соло репертуары Париж консерваториясынын сынактык чыгармаларды белгилүү франциялык композиторлорго буйрутма кылуу менен кыйла толукталган, булардын арасында ар кайсы жылдарда Клод Дебюсси, Андре Мессаже, Анри Рабо, Габриэль Гровле, Раймон Галлуа-Монбрён, Эжен Бозза, Жанин Рюфф болгон. Бул чыгармалардын көпчүлүгү кийин өзүнчө жашоого ээ болуп, концерттерде көп аткарылчу.

Чыгармалардын көбү XX кылымдын композиторлору менен коштоосуз кларнет үчүн жазылган. Бул жанрдагы биринчи белгилүү тажрыйбасы Антон Штадлерге таандык (1808-жылы жазылган Үч каприс, каприччио деген мааниде), XX кылымда гана мындай чыгармалар кларнеттин репертуарында толук кандуу орун алган. Мисалы: Г. Зутермайстердин Каприччиосу, А. Хованесстин «Ыйы», О. Мессиандын «Канаттуулар ирими» («Мезгил аягына квартеттин» үчүнчү бөлүгү), З. Карг-Элерттин, Дж. Кейджтин, Ж. Тайфердин, Т. Олахтын сонаталары. Жүз жылдыктын экинчи жарымында мындай чыгармалар аткаруунун эң жаңы ыкмаларын колдонууну жоромолдоп калат (П. Булездун «Domaines», Ф. Донатонинин «Жарыгы», Берионун «Секвенция IX»).

1970-жылдары кларнетчилердин XVIII—XIX кылымдардагы аспаптарда аутентикалуу (чыныгы) аткарууга кызыгуусу жогорулайт. Англис кларнетчиси Алан Хакердин аракеттери менен 1972-жылы «The Music Party» аталган эски музыкалык аспаптар ансамбли түзүлүп, буга тарыхый кларнеттер киргизилген. Тарыхый аспаптарда ойногон жана чыгарма жазган музыкачылардын арасында Хакерден тышкары Энтони Пэй жана Ханс Дайнцерлер белгилүү.

Джаз

Кларнет — романтикалуу тембри менен джаз жанрынын негизги аспаптарынын бири болуп калган. Бул жанрдын баштапкы калыптануу мезгилдеринде (жаңы орлеан мезгили) өзгөчө кеңири колдонулчу. Кийин свинг жана бибоптун пайда болуусу менен кларнет өз ордун саксофонго берген (джазды салттуу мүнөздө ойногон диксиленд-ансамбльдарынан тышкары). Белгилүү джаздык кларнетчилердин арасында — Сидней Беше (1890—1959), Джонни Доддс (1892—1940), Джимми Нун (1895—1944), Пи Уи Расселл (1906―1969), Барни Бигард (1906—1980), Арти Шоу (1910—2004), Вуди Херман (1913—1987), Эдди Дэниелс (т. 1941) болгон. Бул жанрдын эң белгилүүлөрүнүн бири Бенни Гудмен (1909—1986), ал джаздан тышкары классикалык чыгармаларды дагы жакшы ойногон, анын ичинде замандаш-композиторлор тарабынан ага арнаган чыгармаларды дагы.

Заманбап джазда бас-кларнет көбүрөөк колдонула баштаганы байкалууда. Ал эми бул аспапты джаз жанрында жайылтуучуларынын бири саксофончу Эрик Долфи (1928—1964) болгон, заманбап музыкачылардын арасынан Джон Серманды (т. 1944) айтууга болот, мунун дагы негизги аспабы саксофон.

Өзүнүн чыгармаларында джаз элементтерин колдонгон классикалык музыканын композиторлору дагы кларнетти көңүл чордонунан калтырган жок, мисалы, Джордж Гершвиндин белгилүү «Көктөгү рапсодиясы» («Rhapsody in Blue») кларнеттин соло ойноосунан башталат, чыгарма ошол мезгилдеги джаз салтында жазылган. Кларнет солосу Гершвиндин «Оркестрды күркүрөт» («Strike Up The Band») аттуу мюзиклинде дагы бар, бул партиянын биринчи аткаруучуларынын бири Бенни Гудмен болгон. Джаз ыкмалары Копленд жана Хиндемиттин концерттеринде, Бернстайндын «Прелюдия, фуга жана риффалар» циклинде жана башка чыгармаларда да колдонулган.

Элдик музыка

Кларнетке тектеш аспаптар Борбордук, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк Америка музыкаларында колдонулат. Негизинен булар табигый материалдардан (жыгач, камыш, сөөк ж. б.) жасалган, бир нече көзөнөктөрү бар цилиндр түрүндөгү түтүктөр.Үн чыгаруучу элементи (тилчеси) эреже катары бир учунан кесилген кадимки кесиндини элестетет. Элдик кларнеттер кош түтүктүү дагы болушу мүмкүн, Африкада болсо горизонталдуу абалда кармап ойноочу аспаптар да кездешет.

Заманбап европалык кларнет элдик музыкага ар кайсы аймактардан тараган — испаниялык Кантабрия (негизинен «tambor» аталган кичи дойбу менен коштолуучу «pito» аттуу кичи кларнет), франциялык Бретани жана башка. Бразилияда бул аспап, башка аспаптар менен кошо элдик бий оюндарын коштойт, «шоро» аталган белгилүү музыканын шаардык ансамбльдарында катышат, Швецияда кээде нике тойлордогу кыл кыякты алмаштырат. Кларнет — еврейлердин клезмеринин (элдик музыкасынын) негизги аспаптарынын бири, мында эриндердин абалына, чейрек тоналдуулук интервалдарга, көтөрүлүүчү жана төмөндөөчү глиссандро жана башкаларга негизделген түркүн ойноо техникалары колдонулат. Бул жанрдагы белгилүү кларнетчилердин арасында — Нафтуле Брандвейн, Гиора Фейдман, Давид Кракауэр, Герман Гольденштейн.

Болгария, Румыния жана Грециянын элдик музыкасында дагы кларнет кеңири колдонулат. Көбүнчө үйлөнүү үлпөттөрүндө, айылдык майрамдарда, ошондой эле элдик аспаптар катышкан заманбап концерттерде пайдаланылат. Эреже катары балкандык кларнетчилер ачык мүштөктөрдү жана жеңил түтүктөрдү колдонуп, мындай ыкма менен аспаптын үнүнүн чыгышы өзгөчө болот: ири вибрато, көп сандаган көркөмдөөлөр ж. б. Бегилүү балкан фольклордук кларнетчилеринин бири болгариялык Иво Папазовду айтууга болот.

XX кылымда кларнет, кез-кез зурнанын ордуна колдонулуп, түрк музыкасында башкы аспаптардын бири саналган. Түрк кларнеттери кадимки кларнеттен узунураак (квартаны төмөн транспондоп үнү G түзүмүндө чыгат) жана көбүнчө металлдан жасалып, үнүнүн чыгышына өзгөчө колорит берет. Кларнеттин Түркиядагы жайылышына Шүкрү Тунар (1907—1962) түрткү болгон, ал эми заманбап музыкачылардын арасында Мустафа Кандирали белгилүү.

Армения менен Азербайжандын элдик жана популярдуу музыкасында кларнет чоң ролду ойнойт. Дээрлик бардык армяндык музыкачылар немец системасындагы кларнетти жактырышат. Мында, көпчүлүк соло партиялар ойнолот.

Кларнеттин түзүлүшү

Кларнет түзүлүшү

Жогорку түзүмдөгү кларнеттер

in B (ошондой эле in A, in C жана in D, in Es кичи кларнеттер) кларнетинин чарасы узун цилиндр түтүгүн элестетет (конус түрүндөгү чарага ээ болгон гобой же саксофондон айырмаланып). Эреже катары чарасынын материалы дарактын асыл сортторунун жыгачтарынан жасалат (гренадил же палисандр кара жыгачы). Кээ бир моделдер (окуп үйрөнүү же башталгыч музыкалоо максаттарында) кээде пластик же катуу резинадан даярдалат. 1930-жылдары джаздык музыкачылар жаңы үндөрдү чыгаруудагы изденүүсүндө металлдан жасалган кларнеттерди колдонушкан, бирок, мындай аспаптар байыр алган жок. Ошол эле убакта, мисалы, түрк элдик музыкасында металлдан жасалган кларнет — негизги аспаптардын бири.

XX кылымдын аягында, кара дарактын корунун азаюуу маселеси жаралганда, айрым фирмалар кларнетти жыгач жана пластик аспаптардын артыкчылыктарын бириктирген аралаш материалдардан жасай башташкан. Мисалы, «Buffet Crampon» компаниясы 1994-жылдан тарта аспаптарды Green Line технологиясы менен чыгарып, материалдарынын 95% кара дарактын күкүмүнөн жана 5% көмүртек пластигинен турат. Кара дарактан жасалган аспаптардай эле акустикалык касиеттерге ээ болуп, Green Line кларнеттери температуранын жана нымдуулуктун өзгөрүүсүнө азыраак сезимталдуу, а бул аспаптын бузулуу тобокелин төмөндөтөт, мындан тышкары булар жеңил жана арзаныраак.

Кларнет беш өзүнчө бөлүктөн турат: мүштөк, челекче, жогорку жана төмөнкү муундардан, жана оозунан. Аспаптын үн калыптандыруучу элементи — тилче же таякчасы өзүнчө алынат. Кларнеттин түзүүчү бөлүктөрү өз ара жылчыксыз бириктирилет, бул атайын май менен шыбалган капкактык шакекчелер менен ишке ашырылат. Кларнеттин чарасы айрым учурларда эки гана бөлүктөн турган бүтүн (бир бөлүктүү) болушу мүмкүн, өзгөчө кичи кларнеттерде. Толугу менен чогултулган in В сопранолук кларнеттин узундугу 66 сантиметрдин айланасында.

Мүштөк

Мүштөк — канаттуунун тумшугу сымал формага ээ болгон кларнеттин бөлүгү, буга музыкачы абаны үйлөйт. Мүштөктүн артындагы түз бетте көзөнөк жайгашып, ойноо учурунда термелүүчү таякча (кларнеттин үн калыптандыруучу элементи) менен үзгүлтүксүз ачылып-жабылып турат. Көзөнөктүн эки жагында рельстер (англиче rails) орун алып, алар таякчанын термелүүсүн чектейт. Өйдөңкү жагындагы таякчаны көздөй ийлген анча чоң эмес кайрылыш оюк аталат. Оюктун узундугу, ошондой эле, мүштөктүн учуна чейинки таякчанын эркин аралыгы (мүштөктүн ачыктыгы) — мүштөктөрдүн айырмалоочу жана аспаптын тембрине таасир этүүчү негизги мүнөздөмөлөр. Таякчага арналган көзөнөктүн формасы, мүштөктүн өйдөңкү бетинин жантаюуу бурчу, колдонулуучу эбониттин мүнөздөмөлөрү дагы башкача болушу мүмкүн. Заманбап базарда мүштөктөрдүн кеңири ассортименттеги моделдери берилген, булардын ичинде музыкант өзүнүн максаттарына керектүү вариантын (соло, камералык, оркестрлик аткаруу, джаз ж. б.) тандап алса болот.

Кларнет тарыхынын эрте баскычтарында мүштөк аспаптын өзүнчө бөлүгү болбой, түздөн-түз аспаптын негизги чарасына өтүп, көбүнчө жыгачтан жасалчу (мисалы, алмурут). Мүштөктү кларнеттин башка бөлүктөрүнөн бөлүп өзгөчөлөнтүү зарылдыгы жаралганда, анын материалы бекемирээк материалдардан жасала баштаган: пилдин сөөгү, металлдар ж. б. XIX кылымдын экинчи жарымында пайда болгон эбониттик мүштөктөр көп өтпөй дээрлик стандарт болуп калган. Мындай мүштөктөр бардык жанрдагы музыкаларда колдонулуп, үндү башкаруунун кеңири мүмкүндүктөрүн берет. Айнектен (хрусталь) жасалган мүштөктөр дагы кездешет, булар салыштырмалуу жөнөкөй жана ачыгыраак үн берет, ошодой эле, окуп үйрөтүүдө колдонулуучу пластиктен жасалгандары дагы бар, булардын баасы арзаныраак жана үнүнүн байлыгы азыраак. Германияда жыгачтын катуу түрүнөн жасалган мүштөктөр көп жайылган. Мүштөктүн жасалган материалына карабастан анын бети чарыкталат жана жылмаланат (таякча жаткан бетинен тышкары).

Таякча

Таякча (тилче) — аспаптын үн чыгаруучу (термелүүчү) бөлүгү, жука ичке пластинаны элестетет, гигант камыштын өзгөчө сортторунан (Arundo donax) же башка түрлөрүнөн жасалат. Таякча мүштөккө лигатуранын жардамы менен бекилет (же кларнетчилер айткандай машинканын жардамы менен). Лигатура — металлдан, булгарыдан же пластиктен жасалган, эки бурамасы бар атайын каамыт. Лигатуралардын эң жаңылары эки багытта буралуучу бир бурамага ээ болушу мүмкүн. Лигатуранын ойлоп табылышын немец кларнетчи Иван Мюллерге (1786—1854) таандык кылышып, мезгили XIX кылымдын биринчи чейрегине туура келет. Ага чейин таякча мүштөккө атайын жип менен байланчу. Кларнеттин немис жана австриялык моделдеринде мындай ыкма бүгүнкү күнү (2024) дагы колдонулат.

Кларнеттин алгачкы моделдеринде таякчасы мүштөктүн үстүндө жайгашып, өйдөңкү эрин менен башкарылчу бирок, XVIII кылымдын аягынан тарта таякчалары мүштөктүн астында жайгашып, төмөнкү эрин менен башырылган моделдерине өтө баштаган. Ойноонун мындай ыкмасына болгон сунуш ошол кездеги кларнетчилердин бир катар окуу куралдарында кездешет, негизинен, Иван Мюллердикинде. Ошондой болсо да, көптөгөн музыкачылар (мисалы, англис кларнетчиси Томас Линдсей Уилмен) XIX кылымдын жарымына чейин аткаруунун эски ыкмасын каалашчу. Париж консерваториясында таякчасы мүштөктүн астында жайгашкан кларнеттерге өтүү 1831-жылы гана жарыяланган.

Таякчалар жумушчу бетинин калыңдыгынан көз каранды болгон өзүнүн «катуулугуна» же музыканттар айткандай «оордугуна» жараша атайын таңгактарда сатылат. Айрым музыканттар атайын аспаптын жардамы менен таякчаларды өзүлөрү жасашат же сатып алынганды өзүнө тууралап оңдоп алышат (таякчаларды конвейердик өндүрүүгө өткөргөнгө чейин бардык кларнетчилер ушундай кылышкан). Таякчанын «оордугу» жана мүштөктүн мүнөздөмөлөрү бири-бири менен байланыштуу.

Пайдалануу процессинде камыштын булалары жешилип кеткендиктен таякчалар тез бузулат. Таякчанын иштөө мөөнөтү абанын үйлөө күчүнөн, таякчанын «оордугунан», ага болгон басымдын күчүнөн жана башка факторлордон көз каранды болуп, негизинен активдүү күнүмдүк колдонууда бир айдан ашпайт.

Кларнеттин таякчасы — назик жана жука түзүлүш. Бузулууну алдын алуу үчүн атайын металл же пластик капкактары бар, эгер аспап көпкө чейин колдонулбаса аны мүштөккө кийгизип коюшат.

Челекче

Челекче — аспаптын негизги чарасы (жогорку муун) менен мүштөктү бириктирүүчү кларнеттин бөлүгү. Ал эстетикалык жана тажрыйбалык (бузулуп калса челекчени жаңысына алмаштыруу оңой) функциялардан тышкары, кларнетти тууралоодогу жоопкерчиликтүү ролду ойнойт. Челекчени аспаптын чарасынан анча-мынча чыгаруу же тескерисинче кийгизүү менен аспаптын жалпы түзүмүн болжолдуу чейрек тоналдуулукка өзгөртүүгө болот. Эреже катары кларнетчилер музыка аткаруунун өзгөрүүчү шарттарына ыкташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууу үчүн ар кандай узундуктагы бир нече челекчелерди алып жүрүшөт.

Жогорку жана төмөнкү муун

Аспаптын бул бөлүктөрү челекче менен оозунун ортосунда орун алган. Буларда үн көзөнөктөрү, шакекчелер жана клапандар жайгашкан. Төмөнкү муундун артында оң колдун бармагына таянуучу атайын анча чоң эмес тирөөч бар, мунун эсебинен аспаптын жалпы салмагы кармалат. Калган манжалар түрдүү бийиктиктеги үндөрдү алуу үчүн чарасындагы көзөнөктөрдү ачып жана жабууга иштетилет. Түздөн-түз манжалар менен жети көзөнөк (алтоо маңдайында, бирөө арткы бетинде) башкарылат, калгандары үчүн клапандар колдонулат. Клапандык механизмдин элементтери октор, рессорлор, тарткычтар жана бурамалардан турган татаал система менен өз ара байланышкан.

Оозу

Оозунун (орусча раструб) ойлоп табылышын Якоб Деннерге (1720-жылдар) таанышдык кылышат. Аспаптын бул бөлүгү эң төмөкү үндү (кичи октавадагы ми) алууга жана башка айрым төмөкү үндөрдүн интоналдоосун жакшыртууга ошондой эле, төмөнкү жана орто регистрлар арасындагы тагыраак катыштыкка жетүүгө мүмкүндүк берет. Бассетгорн жана төмөнкү үндөрдөгү кларнет түрлөрүнүн оозу металлдан жасалып, ийилет.

Төмөнкү түзүмдөгү кларнеттер

Кларнеттин төмөнкү үн түзүмүндөгүлөрү (бассетгорн, бастык жана контрабастык кларнеттер) өзүнүн конструкциясы боюнча жөнөкөй кларнеттерден бираз айырмаланып турат. Аспаптар узун болгонунан тышкары (төмөнкү үндөрдү касыздоо максатында), буларда металлдан (саксофон жана жез үйлөмө аспаптарда колдонулуучу металлдар) жасалган кошумча бөлүктөрү бар, алар чакан формада болуусу үчүн ийилип жасалат: «эс» (англисче s деген мааниде, аспаптын негизги чарасын жана мүштөгүн бириктирүүчү челекчесинин ордундагы түтүкчө) жана металл оозу. Кларнеттин үнү эң төмөн түрлөрүндө бүткүл чарасы да металлдан жасалышы мүмкүн. Бастык кларнеттин эң жаңы моделдери диапазонун төмөн карай кеңейткен кошумча клапандарга ээ болушу ыктымал.

Басттык кларнеттер оозунун ийилген жагынын астында жайгашуучу, өзгөчө таякча менен жабдылышы мүмкүн. Таякча массивдүү аспапты сыйгаланып же түшүп кетүүдөн кармап турат. Бас кларнетте эреже катары отуруп алып ойношот.

Кларнет акустикасы

Үйлөмө жыгач аспаптар арасында кларнет өзүнүн акустикалык касиеттеринин эсебинен өзгөчө орунду ээлейт. Анын үн каналы цилиндрды (бир тарабы жабык) элестетет, бул ага башка аспаптарга караганда бир катар айырмачылыктарды берет:

Кларнеттин биринчи ыргактарында хроматикалык үн катар менен дуодецима интервалын толтура албагандыгы анын оркестрга кирүүсүн токтотуп, башка чыгач үйлөмө аспаптардан айырмаланып татаалыраак клапандар системасынын калыптануусуна, ошондой эле, өз ара системанын көп түрдүүлүгүнө жана алардын айырмачылыктарына алып келген. Механизмге жаңы клапандарды, тарткычтарды, бурамаларды жана башка элементтерди кошуу кларнеттин диапазонун кеңейтүүгө мүмкүндүк берип, бирок, айрым тоналдуулуктарда ойноону татаалданткан. Кыйынчылыктар жаралбаш үчүн музыканттар кларнеттин эки негизги түрүн колдонушат — кларнет in A жана кларнет in B.

Кларнетте ойноо техникасы

Кларнет — виртуоздуу жана техникалык жактан кыймылдуу аспап. Легато техникасында ал бардык жыгач үйлөмө аспаптардан артыкчылык кылат. Мында ашыкча үйлөбөстөн эле дуодецима диапазонундагы пассаждарды аткаруу мүмкүн, ошондой эле, диатондук жана хроматикалык гаммаларда, чоң интервалдардагы секириктерди. Кларнеттин абаны аз чыгымдаганына байланыштуу кеңири дем алуудагы экспрессивдик обондорду да ойногонго жарайт. Аспап пианиссимодон фортиссимого чейинки үндүн ири градациясын бере алат. Тембри үнүнө көркөмдүктү берген обертондорго бай.

Кларнетте ойноо техникасынын алсыз жагы, бир нече убакыт мурун салттуу түрдө стаккато деп саналчу, ал эми таякчасынын жетишээрлик катуу болгонунан жалгыз стаккатону колдонуу тажатып жиберет, бул нерсе төмөнкү регистрларда өзгөчө билинип калат. Бирок, аспаптын таякчасынын жана мүштөгүнүн үзгүлтүксүз жакшыртылышынан, ошондой эле, заманбап кларнетчилердин аткаруучулук чеберинин жогорулашынан бул маселени дээрлик жокко чыгарган.

Кларнетке жеткиликтүү болгон эң төмөнкү үн — жазуу боюнча e (кичи октавадагы ми), түзүмүнө жараша жазылганынан бир же бир жарым тоналдуулукка төмөн чыгат. Айрым заманбап аспаптар es (кичи октавадагы ми-бемоль) үнүн алууга мүмкүндүк жараткан кошумча клапан менен даярдалат. Бул клапансыз башка ыкмалар менен кларнете бул үндү (Густав Малердин жана Отторино Респигинин партитураларында, ошондой эле, заманбап композиторлордун соло чыгармаларында кездешет) алуу мүмкүн эмес.

Кларнеттин диапазонунун жогорку чеги башка үйлөмө аспаптарда эле аныкталбайт. Аспапта ойноо мектептеринин көпчүлүгүндө эң жогорку үн c4 саналат (төртүнчү октавадагы до) бирок, заманбап виртуоз аткаруучулар андан дагы жогору үндөрдү ала алат, ал эми оркестрдик партитураларда тескерисинче, кларнет партиясы үчүнчү октаванын жарымынан сейрек ашат.

Кларнет диапазону шарттуу түрдө үч регистрга бөлүнөт: төмөнкү (шалюмо регистри), ортоңку (кларино регистри) жана жогорку. Кларнеттин регистрлары башка жыгач үйлөмөлөргө караганда бири-биринен мүнөзү боюнча көбүрөөк айырмаланат.

Шалюмо төмөнкү регистри, ушундай эле аталыштагы кларнет аспабынын диапазонуна болжолдуу туура келет, кларнеттин эң төмөнкү үнүнөн башталып, g1 (биринчи октавадагы соль) үнү менен аяктайт. Бул регистрдагы тембрдын калыптануусу бир гана так (жуп эмес) гармониялуу үндөштүктөрдүн катышуусу менен жүрөт, ал бул үндөргө кайгылуу, караңгы мүнөздү берет, фордете (forte) болсо зыңылдаган металл боёкторго боёлот.

Ортоңку регистр (кларино) h1ден (биринчи октавадагы си) c³ (үчүнчү октавадагы до) чейинки үндөрдү камтыйт. Бул үндөр төмөнкү регистрдагы үндөрдү алуудагы амплитудада алынат бирок, дуодецима клапанын колдонуу менен. Регистр ачык жана тунук чыгып, үн күчүнүн угулаар-угулбас pianissimo үнүнөн түтүктүн үнүн элестеткен кубаттуу fortissimo чейинки үн градациясына мүмкүндүк берет. Бул регистрда кларнеттин көпчүлүк оркестрдик солосу жазылган.

Шалюмо менен кларино регистрларынын ортосунда тембрлик боёкторго боёлбогон жана үнү күңүрт чыккан бир нече үндөр бар. Кээде булардын өзүнчө регистрга белгилешет, англис тилдүү адабиятта «кекиртектик» (throat register) деп коюшат.

Жогорку регистр өзүнө үчүнчү октавадагы до нотасынан жогоркуларды камтыйт. Мындай үн катуу жана анча-мынча кыйкырыктуу чыгат, үндөрдүн көпчүлүгүн (өзгөчө эң жогоркуларын) forte үн градациясында гана аткаруу мүмкүн. Бул регистрда аппликатуралардын ар түрдүү варианттары колдонулат, ал эми туура интонацияга жетүү үчүн эриндердин катуу чыңалуусу жана абаны көп үйлөө талап кылынат.

Оркестрдык жана камералык адабиятта негизинен кларнеттин төмөнкү жана ортоңку регистри колдонулат, мында аспаптын ачыктык, таасирдүүлүк мүмкүнчүлүктөрү толугураак ачылат. Ачыктыгын гана эмес, аспапта ойноо техникасын дагы максат кылган соло чыгармалар эрте баскычтарында эле бардык регистрдагы үндөрдү камтыган (мисалы, Людвиг Шпор 1808-жылы эле Биринчи концертинде төртүнчү октавадагы до нотасындагы үндү аткарууну алдын ала жазган).

Учурда (2024), кларнет түркүмүнүн негизги түрлөрү деп in B жана in A кларнеттери саналат. Булар кээде чоң же сопранолук кларнеттер деп аталат.

in B кларнеттин (си-бемоль түзүмүндө) үнү жазылган ноталардан бир тоналдуулукка төмөн чыгат, жана ачкычтуу бемоль тоналдуулуктагы музыкаларды аткаруу үчүн эң ыңгайлуу. in A кларнеттин (ля түзүмүндө) үнү жазылган ноталардан бир жарым тоналдуулукка төмөн чыгат, жана ачкычтуу диездер тоналдуулугундагы музыканы аткарууга ыңгайлуу.

Ачкычтык белгилердин санынын көбөйүүсү менен (in B кларнети үчүн диездерди көздөй, in A кларнети үчүн бемольдор көздөй) белгилүү бир пассаждар жана трелдерди аткарууда анча-мынча татаалдыктар жаралат. XIX кылымда жазылган оркестрлөө боюнча окуу көрсөтмөлөрүндө аткаруу үчүн өзгөчө татаал түзүмдөрдүн мисалдары көрсөтүлгөн, жана композиторлор, эреже катары, өзүлөрүнүн чыгармаларындагы оркестрлик партияларында аларды колдонбоого аракет кылышчу. Эгер узак убакытка диездик тоналдуулуктан бемольдукка же тескери иретте модуляция талап кылынса, түзүмү боюнча туура келген аспапка алмаштыруу сунушталган, ал үчүн аткаруучуга тыныгуу берилчү (Брамс ― Симфония № 3, биринчи бөлүк; Ференц Лист ― «Тассо», «Прелюддар» жана башка симфониялык поэмалар).

Солисттен чоң виртуоздук жана аспапта жакшы ойноо талап кылынган концерттик адабиятта композиторлор обондук линияны эркин колдонушуп, бирок, анда дагы аткарууга татаал болгон алыскы тоналдуулуктарга болгон модуляция сейрек кезедешчү.

XX кылымдагы аткаруучулук жана композиторлук техниканын өнүгүшү аспапта ойноонун жаңы техникаларынын пайда болуусуна алып келген, алардын арасында — глиссандо (джаздан алынган), фруллато, чейрек тоналдуулуктагы интервалдар, кийинчерээк — бир аспапта бир нече үндөрдү аткаруу (мультифоника), эң жогорку үндөрдү өздөштүрүү (төртүнчү октавада), ошондой эле, түрдүү үн эффекттери («слэп», мүштөгү ажыратылган аспапта ойноо ж. б.).

Кларнеттин түрлөрү

Кларнет түрлөрү кеңири түркүмдөргө ээ: ар кайсы жылдары жыйырмадай түрү жасалган, алардын айрымдары колдонууга тез эле кирип (in H, д′амур кларнеттери), айрымдары — биздин күндөрдө дагы пайдаланылат. Бул түркүмдөгү аспаптардын негизгиси in B (си-бемоль түзүмүндө; кээде сопранолук же чоң кларнет деп аталат) жана in A кларнети (ля түзүмүндө). Бул эки негизги аспаптан тышкары кээде музыкада башкалары да пайдаланылат:

Заманбап симфониялык оркестрда эки (сейрек учурда үч же төрт) кларнет колдонулат, ошону менен бирге номери боюнча акыркы кларнетте ойногон музыкачы (партитурага ылайык) кичи же бас кларнет партиясын аткарышы мүмкүн. Оркестрлык партитурада кларнеттер үчүн партия гобой партияларынын астында, фагот партияларынын үстүндө жазылат.

Жайгаштыруу: 2024-06-05, Көрүүлөр: 188, Өзгөртүлгөн: 2024-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу