Саксофон (французча Saxophone) — үн алуу негизи боюнча тилчелүү жыгач аспаптарга таандык үйлөмө музыкалык аспап.
Саксофон | |
---|---|
Альт-саксофон |
|
Классификациясы | Хорнбостель — Закс системасы боюнча үйлөмө музыкалык аспаптар, анын ичинен, бир тилчелүү жыгач үйлөмө музыкалык аспап |
Тектеш аспаптар | Кларнет, Гобой |
Металдан жасалганы менен саксофон бир тилчелүү жыгач үйлөмө музыкалык аспабына (караңыз: музыкалык аспаптар)кирет, бул классификациялуу анын үн алуучу тилчеси жыгач болгондуктан ушундай бөлүштүрүлгөн.
Саксофондор түркүмү 1842-жылы белгиялык музыкалык чебер Адольф Сакс тарабынан жасалган жана төрт жылдан кийин ал тарабынан патенттелген. XIX кылымдын жарымынан тарта саксофон үйлөмө аспаптар оркестринде колдонулат, сейрек — симфониялык оркестрда, ошондой эле, оркестрды (ансамбльды) коштоодо соло аспап катары. Джаздын жана ага тектеш жанрлардын (музыкалык жанрлар), ошондой эле, эстрадалык музыканын негизги аспаптарынын бири. Толук жана кубаттуу үнгө, ырга ылайыктуу тембрге, чоң техникалык кыймылдуулукка ээ.
Саксофондун ойлоп табылышы 1840-жылдардын башына таандык. Бул мезгилде Адольф Сакс өзүнүн атасы Динаненин музыкалык устаканасында иштеп жүрүп, бир нече патент алып, үйлөмө оркестрлардын жыгач жана жез аспаптарынын ортосундагы интонациялык айырмачылыкты жана чон, ыксыз бастык офиклеиддерди жоготуунун үстүндө иштеп жаткан. Ал, 1841-жылдагы Брюссель өнөр-жай көргөзмөсүндө биринчи жолу «мундштуктуу офиклеид» аталган жаңы аспапты көрсөтөт. Аспап канондук формадагы металлдан жасалган корпуска, жалгыз таякчалуу мундштукка (дээрлик өзгөрүүсүз кларнеттен алынган), Теобальд Бёмдун шашкек сымал клапандар системасына ээ болуп, тышкы көрүнүшү жылаан сыяктуу формада эле.
1842-жылы Сакс Парижге келип, ал жакта дагы өзүнүн жаңы ойлоп табуусун жайылтууну ойлогон. 12-июнь күнү Сакстын досу жана музыкалык новатор Гектор Берлиоз Париждик «Дебаттар журналы» (французча «Journal des debats») журналында жаңы аспапка арналган макаласын жарыялап, анда аспапка алгачкы жолу «саксофон» аталышы колдонулуп, кийин бул аталыш кеңири жайылган. Берлиоз саксофон катышкан дилбаяндын биринчи автору болгон — «үн жана алты үйлөмө аспап хоралы», мында Сакс тарабынан жасалган жана жакшыртылган башка аспаптар дагы болгон, мисалы, бас-кларнет. 1844-жылдын 3-февралында бул чыгармага композитор өзү дирижерлук кылып, декабрь айында Жорж Кастнердин «Иудейдин акыркы падышасы» аталган операнын премьерасындагы опералык оркестрда саксофон биринчи жолу пайда болгон. Ошол жылы саксофон Париждеги өнөр жай көргөзмөсүндө көргөзүлгөн. 1845—1846-жылдардагы окуяларды баяндоо менен Берлиоз өзүнүн Мемуарларында кийинкидей жазган: «Саксофон — бул кларнет түркүмүнүн жаңы мүчөсү, ошону менен бирге аткаруучулар анын бардык сапаттарын көрсөтүүнү үйрөнсө өтө баалуу. Учурда консерватордук окутуу системасында өзгөчө орунга ээ болушу керек анткени, муну бардык композиторлор колдонууну каалаган мезгил алыс эмес».
1846-жылдын 21-мартында Сакс сегиз түрүн камтыган «саксофон үйлөмө музыкалык аспаптар системасына» Францияда патентке ээ болот. Буга чейинки жылы саксофон Сакс тарабынан жасалган башка аспаптар менен кошо (саксгорн жана сакстүтүк) франциялык аскер оркестрына гобой, фагот жана валторналарды алмаштыруу үчүн киргизилген.
Оркестрдын жана аспаптын мүмкүнчүлүктөрүн билген Берлиоз өзүнүн эмгегине «Аспаптоо искусствосу» аталган саксофондор жөнүндөгү жетишээрлик кеңири макаланы киргизип, бул аспаптарга оң мүнөздөмөсүн берген. Композиторлор мезгил-мезгили менен саксофонду оркестрга кошуп турушкан (көбүнчө операларга): Галеви — «Түбөлүк каңгыма» (1852), Мейербер — «Африкалык аял» (1865), Тома — «Гамлет» (1868) жана «Франческа да Римини» (1882), Делиб — «Сильвия» (1876), Массне — «Корол Лахорский» (1877), «Иродиада» (1881) жана «Вертер» (1886), Сен-Санс — «Генрих VIII» (1883), Венсан д’Энди — «Фервааль» (1895) ж. б. Сифониялык оркестрда саксофон сейрегирээк колдонулчу, колдонуунун белгилүү учурунун бири — Альфонс Доденин «Арлезиандык аял» драмасына жазылган Жорж Бизенин музыкасы, мында аспапка эки чоң соло эпизод берилген.
1857—1870-жылдары Сакс Париж консерваториясынын алдындагы аскер окуу жайында саксофондо ойноону окуткан. Бул жылдары ал көптөгөн мыкты музыкачыларды даярдап, композиторлорду атайын саксофон үчүн жазылган чыгармаларды жаратууга шык берген. Негизинен, балалык кезинен досу болгон Жан-Батист Синжеле экзамендер үчүн тез-тез сынактык пьесаларды жазып турган. Бирок, 1870-жылы согуш чыгып, окуу жайдын көпчүлүк окуучулары фронтко кетишкен, жана бир нече убакыттан кийин окуу жай жабылган. Париж консерваториясындагы саксофон классы 1942-жылы гана ачылган. 1870-жылдан кийин аспапка болгон адамдардын кызыгуусу төмөндөп, бирок эстафетаны америкалык музыкачылар алышкан, негизинен, соло аткаруучу катары ийгиликтүү чыгып жүргөн Элиза Холл.
XX кылымдын башы классикалык композиторлордун саксофонго болгон жаңы кызыгуу толкуну менен белгиленген. 1920-жылдары саксонфонду өзүнүн чыгармаларына Дариюс Мийо («Дүйнөнү жаратуу» балети), Жермен Тайфер, Морис Равель (булардын «Балеросунда» дароо үч саксофон колдонулат — сопранино, сопрано жана тенор), Мануэль Розенталь жана башкалар киргизишкен. Мындан тышкары, ошол кездеги Европага кирип бараткан джазда, саксофон абдан белгилүү болуп, негизги аспаптардын бири болуп калган. Бул саксофондун триумфалдык кайтып келүүсүн жана XX кылымдагы атактуулугун аныктаган.
Бул мезгилдин саксофон катышкан башка чыгармалардын арасында кийинкилерди эскерүүгө болот: Пауль Хиндемиттин «Кардильяк» операсы (1926), Артюр Онеггердин «Жанна д'Арк от үстүндө» ораториясы, Хачатуряндын «Гаянэ» балети жана башкалар.
Саксофон үчүн бир катар соло чыгармалар да жазылган: Дебюсси рапсодиясы (1903, Жан Роже-Дюкас тарабынан 1911-жылы оркестрленген); Франк Мартендин эки балладасы (вариациялары менен баллада, Венсан д'Эндинин 55-чыгармасы); Ибера камералык концертиносу; Флоран Шмиттин «Легендасы»; Ларс-Эрик Ларссон концерти; эки фортепиано, хор жана Жермен Тайфер оркестри (1934) менен саксофондор квартетиндеги концерт; Алан Хованесстин саксофон жана гитара үчүн сюитасы (1976, 291-чыгарма), үч саксофон үчүн триосу (1979, 331-чыгарма), саксофон жана кылдуу оркестр үчүн концерт (1980, 344-чыгарма); Филип Гласстын оркестри менен саксофондор квартети үчүн концерт (1995); Майкл Наймандын оркестри менен саксофон жана виолончель үчүн концерт (1996); ошондой эле, азыраак белгилүү авторлордун (мисалы, Жан Абсиль, Хенк Бадингс, Эжен Бозз, Гастон Брент, Андре Капле, Реймон Шеврёй, Мариус Констан, Уилл Эйзенман, Анри Томази ж. б.) чыгармалары. Саксофонго чыгармаларды жазган орус композиторлордун арасында — Эдисон Денисов, София Губайдулина, Вячеслав Артемов ж. б. Кыргыз саксофончуларынын аткаруучуларынын арасына Курмангазы Азыкбаевди кошсо болот.
1969-жылдан тарта Дүйнөлүк саксофончулар конгресстери өтүп турат, мунун алкагында сынактар жана фестивалдар өтүп, китептер жана мезгилдик басылмалар чыгат. 1995-жылы Франциянын Бордо шаарында Европалык саксофон борбору ачылган, мында саксофонго тиешеси бар материалдар чогултулуп, заманбап музыкадагы бул аспаптын алгалашы жүргүзүлөт.
XIX кылымдын аягында АКШда Джаз аталган жаңы музыкалык стиль жаралат, жана мында саксофон аспабы дээрлик дароо негизгилердин бири болуп калат. Аспаптын өзгөчө үнү, чоң мүмкүнчүлүктөрү музыканын бул жанрына абдан жакшы айкалышкан. Болжолдуу 1918-жылдан тарта АКШтык сынчынын айтуусу боюнча өлкөнү «саксофономания» каптаган. Аспаптын массалык чыгарылышы анын тез жайылышына өбөлгө түзүп, 1910-жылдардын аянгындагы жана 1920-жылдардын башындагы джаз музыкачыларынын сакталып калган жазуулары боюнча саксофондун ошол кезде эле бул жанрдагы абдан белгилүүлүгүнө ынанса болот.
Свинг мезгилинде (1930-жылдардан тарта) модага джаздык оркестрлар кирип, мында саксофон тобу милдеттүү бөлүгү болгон. Эреже катары, мындай оркестрдын курамына жок дегенде беш саксофон кирген (эки альттык, эки тенордук жана бир баритондук) бирок, курам вариацияланып (өзгөрүп, оошуп) турган, мисалы, саксофончулардын бири кээде кларнетте, флейтада же саксофондун жогоркураак түрүндө (сопрано же сопранино) ойногон. Бул мезгилдин саксофончуларынын арасында соло ойногондор — Лестер Янг (1909—1954), Коулмен Хоукинс (1904—1969), кийинчерээк — Чарли Паркер (1920—1955).
Заманбап джазда саксофон алдыңкы аспаптардын бири бойдон калууда. XX кылымдын экинчи жарымында ири аткаруучулардын арасында кийинкилер болгон: Джулиан «Кэннонболл» Эддерли (1928—1975), Джон Колтрейн (1926—1967), Джерри Маллигэн, Майкл Брекер, Фил Вудс, Орнетт Коулман, Стэн Гетц, Пол Дезмонд жана башкалар.
Саксофон эрежеге ылайык атайын куймалардан (томпак [жез менен цинк эритмеси], пакфонг [никел кошулган ошол эле курам] же сары жез) даярдалган конустук түтүктү элестетет. Тыкандык үчүн саксофон түтүгү чылым мүштөгүнүн формасында ийилген. Саксофондун жогорку түрлөрү (сопрано жана сопранино) анча узун эмес, ошондуктан көбүнчө ийилбеген абалда. Заманбап музыкалык аспаптарды жасоочу фирмалар кээде түз формадагы альттык жана тескерисинче ийилген сопранолук саксофондорду чыгарышат бирок, бул эксперимент катары жасалат.
Саксофон үч бөлүктөн турат: оозу (орусча раструб), чарасы (корпусу) жана моюнчасы же «эска» (корпусту улантуучу ичке түтүк). Эскага мүштөк (орусча мундштук) кийгизилет, анын түзүлүшү кларнет мүштөгүнүн түзүлүшүнө окшош: ошондой эле, ал кээде канаттуунун тумшугу сымал формага ээ, кара эбонит, пластик же кээде металлдан жасалат. Саксофон колдонулган жанрлардын жана багыттардын көптүгү анын мүштөгүнүн түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгүн аныктаган.
Мүштөктөр бири-биринен кийинкидей көрсөткүчтөр менен айырмаланат: оозу (ичке таякчанын учунан мүштөктүн өйдөңкү учуна чейинки аралык) жана оюк узундугу (таякчанын мүштөгүнө кысылган эркин бөлүктүн узундугу). Классикалык аткаруучулар үчүн оозу кичирээк мүштөктөр колдонулат, башка жанрлар үчүн — чоңураагы.
Саксофондогу үн калыптандыруучу элемент тилче (таякча) саналат, бул дагы түзүмү боюнча кларнеттикине окшош. Муну даярдоо үчүн негизинен бамбук, камыш (тростник) колдонулат, кээ бир моделдер синтетикалык материалдардан дагы жасалат. Саксофондун түрүнө жараша тилчелери ар кандай өлчөмдөргө ээ.
Тилче мүштөккө лигатура (машина) аталган өзгөчө шайман менен бекилет, ал каамыт (орусча хомут) жана эки бурамадан турат. Классикалык саксофон үчүн лигатура металлдан жасалып, джаз жана башкар жанрлардын музыкачылары металл лигатура менен катар булгарыларын дагы колдонушат, бул тилчеге эркинирээк термелүүнү берет.
Тилчени кокус зыянга учуроосунан алдын-ала коргоо үчүн атайын металл же пластик капкак пайдаланытат, аны аспап көпкө колдонулбай турганда мүштөккө кийгизип коёт.
Саксофон корпусу, андагы көзөнөктөрдү ачып-жаап турган татаал жапкычтар (клапандар) системасы менен жабдылган. Жапкычтардын саны аспаптын түрүнө жараша 19дан 22 чейин.
Сакс тарабынан жасалган саксофондордун түркүмү 14 түрдөн турган. Бүгүнкү күндө 8 түрү гана колднулат:
саксофондун түрү | түзүм | транспозиция |
---|---|---|
саксофон-сопраниссимо | B (си-бемоль) | кичи септима өйдө |
саксофон-сопранино | Es (ми-бемоль) | кичи терция өйдө |
саксофон-сопрано | B (си-бемоль) | чоң секунда төмөн |
саксофон-альт | Es (ми-бемоль) | чоң секста төмөн |
саксофон-тенор | B (си-бемоль) | чоң нона төмөн |
саксофон-баритон | Es (ми-бемоль) | чоң терцдецима төмөн |
саксофон-бас | B (си-бемоль) | эки октава төмөндөн кийин чоң секунда |
саксофон-контрабас | Es (ми-бемоль) | эки октава төмөндөн кийин чоң секста |
Заманбап музыкалык аспаптарды даярдоочу фирмалар тарабынан кээде саксофондун өзгөчө түрлөрү чыгарылат, мисалы, саксофон-пиколо (соприлло), субконтрабастык саксофон ж. б., бирок, мындай аспаптар өтө саналуу жана абдан сейрек колдонулат.
Таблицада берилген сегиз түрдүн арасынан музыкада көбүрөөк колдонулгандары: сопрано, альт, тенор жана баритондук саксофондор. Булар саксофон квартетин түзөт. Кээде мындай ансамбльдарда сопранолук саксофон экинчи альт менен алмаштырылат. Сопрано, альт жана тенордук саксофондор классикалык жана джаз музыкасында дагы колдонулат, баритондук — көбүнчө джазда жана ага текшер жанрларда.
Саксофондордун көпчүлүк бөлүгү — транспондоочу аспаптар, башкача айтканда, алар тарабынан аткарылган ноталардын үн бийиктиги боюнча жазылгандарга туура келбейт. Заманбап саксофондор түзүмү боюнча бөлүнүп, жана буга ылайык транспондоосу боюнча эки топко бөлүнөт: in Es («до» нотасын аткарууда ми-бемоль чыгат) жана in B («до» нотасын аткарууда си-бемоль чыгат).
Сакс саксофондордун эки топтогу аспаптарды жасаган, биринчиси — in C жана in F (до жана фа түзүмдөрүндө) аспаптары, экинчиси (бүгүнкү күндөгү белгилүүлөрү) — in B жана in Es аспаптары (си-бемоль жана ми-бемоль түзүмдөрүндө), экинчиси аскердик үйлөмө аспаптар оркестрларынын бөлүгү болмок. Бирок, аскер оркестрларынын аспаптары in C жана in F саксофондорунан бир катар артыкчылыктарга ээ экени аныкталган. Акырындык менен симфониялык түзүмдөрдүн аспаптары колдонуудан чыгып, 1930-жылдан кийин массалык түрдө чыгарылбай калган, in C сопранолук саксофон айрым музыкачылардын тажрыйбасында сейрек колдонулчу.
Саксофондун диапазону үч регистрдан турат: төмөнкү, ортоңку жана жогорку жана булар эки жарым октаваны кучагына алат. Айрым заманбап чыгармаларда фальцеттик регистр (жогоркудан жогору) колдонулат, мындай нерсе флажолеттик гармониялуу үндөргө жетүүгө мүмкүндүк берген атайын аппликатуранын жардамы менен ишке ашырылат.
Саксофондун аппликатурасы флейтанын аппликатурасына жакын, ал эми үн алуу ыкмасы кларнеттикине окшош, бирок, амбушюр жасоо оңоюраак. Ошону менен бирге саксофондун регистрлары кларнеттикине караганда бир тектүүрөөк.
Саксофондун мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири: техникалык кыймылдуулугу боюнча, өзгөчө легатодо ал кларнет менен атаандашат, үн термелүүсүнүн чоң амплитудасы мүмкүн, стаккатонун так анценттелиши, бир үндөн экинчи үнгө глиссандрланган өтүүлөр. Анын үстүнө, саксофон башка жыгач үйлөмө аспаптарга караганда үнүнүн бийиктиги (катуулугу) жогорураак, болжолдуу валторна аспабындай. Саксофондун (валторналар сыяктуу эле) жыгач жана жез үйлөмө аспаптар менен органикалуу аралашуу мүмкүндүгү, бул эки топту тембрга бириктирүүгө жардам берет.
Джазда жана заманбап музыканы аткарууда саксофончулар түркүн ойноо ыкмаларын пайдаланышат — фруллато (бир нотадагы тремоло, тилдин жардамы менен), резонанстык үн, эң жогоркудан өйдө регистрда флажолеттик үндөр менен ойноо, көп үндүү үндөр ж. б.
Саксофондо соло аткаруучулук бельгиялык жана франциялык музыкачылардын аракети менен XIX кылымдын жарымынан тарта өнүгө баштаган. Бул мезгилдеги Анри Вюиль, Луи Майёр, Жан Мурман, Жан-Батист Суаль сыяктуу саксофончуларына кошулуп, Сакс дагы өз аспабын алга сүрөп турган. Америкалык элди саксофон менен тааныштырган биринчи музыкачылардын бири, 1884-жылы АКШынын жарандыгын алган, теги франциялык Эдуард Лефебр болгон. Атактуу саксофончулардын арасында Элиза Холл дагы бар эле, буга замандаш композиторлору 40тан ашык чыгармаларды жаратышкан. 1920—1930-жылдары эл алдына чыгып жүргөн Руди Видофттун чыгармачылыгы өзгөчө багытты берген.
Классикалык саксофондун тарыхындагы XX кылым эки ири аткаруучулардын ысымы менен белгилүү, алар: Сигурд Рашер жана Марсель Мюль. Дүйнөлүк сахнада Густав Бумке, Сесил Лизон, Жюль де Врис, Жан-Мари Лондейкс жана башка саксофончулар ийгиликтүү чыгып турушкан.
1920-жылдын аянгынан тарта Джазда соло-саксофончулар доминанттык абалга ээ болушкан. Алардын ичинен көрүнүктүүлөрү — Коулмен Хокинс, Джонни Ходжес, Чарли Паркер, Лестер Янг, Сонни Роллинс, Джон Колтрейн, Бен Уэбстер.