Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Валторна

Баш барак | Музыка | Валторна

Валторна (немисче Waldhorn — токой мүйүзү, итальянча corno, французча cor, англисче horn) — тенор регистрындагы жезден, көбүнчө сары жезден жасалган үйлөмө музыкалык аспап.

Валторна
Валторна
Бөлүммузыкалык аспаптар
Классификацияүйлөмө музыкалык аспап
Материалникель, сары жана кызыл жез, сейрек учурларда күмүштөн

Аңчылык белги берүүчү мүйүз аспабынан чыккан, оркестрга XVII кылымдын жарымында кирген. 1830-жылдарга чейин башка жез аспаптардай баскычтары жок болуп, үн катары чектелген табигый аспап болгон (классикалык жана барокколук музыкада колдонулган айтылуу «табигый валторна», мунун ичинде Бах, Моцарт, Бетховен да болгон). Гиннестин рекорддор китебине эң татаал аспаптардын бири катары кирген.

Оозу чоң келип, оролгон түтүктү элестетет. Түтүктү жазып жиберсе узундугу дээрлик 3,5—4 метрге жетет.

Жупуну жана кош валторна

Жапкыч көзөнөктөрдү (баскычтар) киргизилгенине карабастан, жупуну валторнаны жогорку диапазондо колдонуу татаал болгон. Мурда бул маселени чечүү үчүн жогорку түзүмдөгү валторналарды колдонушкан.

Кош валторна дагы өзүнө эки аспапты айкалыштырат: F оригиналдуу валторна жана B жогоркураак түзүмдөгүсү. Төртүнчү жапкыч (кварт жапкыч, негизинен бармак менен басылат) жардамы менен валторначы терең F түзүмдөн жогоркураак жана ачык B түзүмүнө тез өтө алат.

Валторнада ойноо техникасы

Валторна симфониялык жана үйлөмө оркестрларда колдонулат, ошондой эле, ансамбльдык жана соло аспап катары.

Азыркы учурда негизинен Фа (in F) түзүмүндө колдонулат.

Үнүнүн чыныгы чыгышы боюнча валторнанын түзүмү, хроматикалык үн катар боюнча бардык ортончу үндөр менен кошо H1ден (контр октавадагы си) F2 (экинчи октавадагы си) чейин.

In F валторнасы үчүн ноталар чыныгы үнүнөн бир квинтага жогору кыл кыяктык ачкычта жазылат, басстыкта — чыныгы үнүнөн квартага төмөн (мурда ачкыч белгилерсиз ноталанчу).

Аспаптын тембри анча-мынча ороюраак, төмөнкү регистрдагы фагот же тубаны элестетет, ортончу жана жогорку регистрда — жумшак жана пианодо ырдалма, фортеде жарык жана ачык, буга байланыштуу аспап кайгылуу жана салтанаттуу маанайларды жакшы бере алат.

Музыкалык үндү өзгөртүү ыкмалардын арасында — жакбык үндөр (кол менен түтүктүн оозун шляпа менен жапкандай жабат, үн жарым тоналдуулукка төмөндөйт — ыкма мурда табигый валторнага хроматизмдерди берүү үчүн колдонулган) — пианодо үн назик, басаңдатылган, фортеде кыркырак, ырылдак.

Кармалган же токтотулган үндөр (түтүктүн оозуна кол муштум болуп салынат, үн жарым тоналдуулукка жогорулайт, бул ыкма дагы табигый валторнага хроматизмдерди берүү үчүн колдонулчу) — пианодо үн зыңгырама, чыңалма-коркунучтуу, фортеде кесүүчү, кычырама (драмалык эпизоддордо колдонулат). Оозун өйдө каратып валторнада ойноо анын тембрин жогорураак кылып, музыкага патетикалуу мүнөздү берет.

Валторнада узун ноталарды жана кеңири демдеги обондорду (кантилен) аткаруу оңоюраак. Аспапта ойноодогу абанын сарпталышы салыштырмалуу чоң эмес (четки регистрларды эске албаганда).

Жайгаштыруу: 2024-02-02, Көрүүлөр: 436, Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу