Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Альт

Баш барак | Музыка | Альт

Альт (французча alto, латын тилинин altus сөзүнөн «бийик» деген мааниде) — 4 кылдуу жаалуу музыкалык аспап, квинталар боюнча туураланганы: Cм Gм D1 A1. Үн бийиктиги боюнча үнү бийик кыл кыяк жана төмөнүрөөк виолончелдин ортосунда орун алган. Классикалык кыл кыяктан кичине чоңураак.

Альт
Альт
Квинталык түзүмCGDA
КлассификацияКылдуу музыкалык аспаптар, жаалуу музыкалык аспап
Тектеш аспаптарклассикалык кыл кыяк, виолончель, контрабас, октобас, виола

Тарыхы

Альт азыркы жаалуу музыкалык аспаптарды эң алгачкысы деп саналат. Анын пайда болуу мезгилин XV—XVI кылымдар чегине таандык кылышат. Альт адамдар көнүп калган форманын эң биринчиси болгон.

Альттын теги же түркүм башаты катары виола да браччо (итальянча viola da braccio, сөзмө-сөз «кол виоласы») аспабы саналат. Мындай виола учурдагы классикалык кыл кыяк жана альттар сыяктуу сол ийинде кармалып аткарылган, ал эми виола да гамба (итальянча viola da gamba) болсо, мындан айырмаланып тизеде же эки тизенин ортосунда кармалып аткарылган. Убакыттын өтүшү менен аспаптын аталышы жөн гана «виолага» (viola) чейин кыскарып, англис тилине ушундай аталышта кирип калган, же немец, же ага жакын тилдерге bratsche (braccio өзгөрүлүп кеткени) сөзүнө чейин бекемделген.

Заманбап альттын конструкциясы, өлчөмдөрүн эске албаганда классикалык кыл кыяктыкынан дээрлик айырмаланбайт. Альтта, кыл кыяктыкындай өлчөмдөрү боюнча бөлүштүрүүсү жок, альттын өлчөмү миллиметр менен өлчөнөт. 390ммден 425ммге чейинки альттар бар. Аспаптын өлчөмүн тандоо, аткаруучунун колунун узундугунан көз каранды.

Кыл кыяк түркүмүнөн альт, виолаларга өлчөмдөрү жана үнүнүн чыгышы боюнча эң жакын, ошондуктан бул аспап оркестр курамына ортончу үн катары тез эле кошулуп, алардын арасына жакшы айкалышкан. Ошентип, альт кетип бараткан виолалардын жана жаңы жарала баштаган кыл кыяк аспаптарынын ортосунда көпүрө сыяктуу болгон.

Баяндалышы

Альтта ойноо, үн алуу жана техника ыкмалары сол колдун манжалары үчүн аралыктары чоң болуп, кыл кыяктан айырмаланып турат. Альттын тембри — кыл кыяктыкына караганда өтө ачык эмес, бирок жыш, күңүрт, төмөнкү регистрда баркыттуу, жогоркусунда бираз киңкилдек. Альттын мындай тембри — чарасынын (резонатордук куту) өлчөмү анын үн түзүмүнө туура келбейт: оптималдуу узундук 46—47 см (мындай аспаптарды италиялык мектептердин эски усталары жасачу) болгону менен заманбап аспаптын узундугу 38 смден 43 смге чейин. Классикалыкка жакын болгон чоң өлчөмдөгү альттарда негизинен колдору күчтү жана техникасы иштетилген соло аткаруучулар ойношот.

Альттын маанилүү колдонуу чөйрөсү камералык жана симфоникалык музыка болуп калууда. Буга байланыштуу альттык билимди балдар музыкалык мектебинен баштап, бардык баскычтарында бекемдөө абзель. А бул анын заманбап музыкадагы альттын партияларынын симфоникалык жана кылдуу оркестрлардагы татаалдашуусу менен байланыштуу, мында альт аткаруучуларына шартка ылайык орто үндөр, ошондой эле соло эпизоддор берилип тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Альт — кылдуу квартеттин милдеттүү катышуучусу болуп, көп учурда башка камералык курамдарда дагы колдонулат мисалы, кылдуу трио, фортепианолук квартет, фортепианолук квинтет ж. б.

Салттуу түрдө музыканттар бул аспапта бойго жеткен кезинде ойноп башташып (музыкалык мектепти аяктаарда, окуу жай же консерваторияга тапшыраарда), бала кезинен альтчы болгон эмес. Альт аспабына негизинен чымыр денелүү, колдору чоң келген жана вибрациясы кең кыл кыякчылар өтүшөт. Бирок, альтчынын таланты үчүн физикалык сапаттар гана маанилүү эмес, эң алгач ачык үн чыгаруу мүмкүнчүлүгү жана аспаптын чоңураак өлчөмүнө ыңгайлашуусу дагы маанилүү.

Альт үчүн чыгармалар

Оркестр менен

Клавир менен

Соло

Оркестрдеги соло

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-09-01, Көрүүлөр: 482, Өзгөртүлгөн: 2024-02-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо