Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыл кыяк (Классика)

Баш барак | Музыка | Кыл кыяк (Классика)

Кыл кыяк же классикалык кыл кыяк (англисче viola, орусча скрипка) — Gm D1 A1 E2 квинталары боюнча туураланган, төрт кылдуу жаалуу музыкалык аспап.

Кыл кыяк
Кыл кыяк
Квинталык түзүмGm D1 A1 E2 квинталары
КлассификациясыКылдуу музыкалык аспап (жаалуу)
Тектеш аспаптаральт, виолончель, контрабас, октобас, виола
Кылдарынын саны4
Диапазон4 октава

Бул музыкалык аспапты «кыргыз кыл кыягы» менен алмаштырбайлы. Макала европалык жана дүйнөлүк маанидеги кыл кыяк жөнүндө болмокчу.

Кыл кыяк түркүмүнүн эң жогорку регистрлүү түрү, мындан төмөн альт, виолончель жана контрабас жайгашат.

Фортепиано менен бирге, кыл кыяк академиялык (классикалык) музыканын башкы аспабы. XVIII кылымдын жарымынан тарта аспап, симфоникалык оркестрдин жана кылдуу квартеттин негизин түзөт. Поляктардын, белорустардын, еврейлердин (клезмер), түндүк-батыштык орустардын, чехтердин, латыштардын, шведдердин, норвегиялыктардын, эстондордун, венгрлердин, румындардын, молдавандардын, цыгандардын (тараф) жана башкалардын элдик музыкалык аспабы катары жашап келет. АКШда кантри музыкасында, Индияда карнатака салттарынын классикалык музыкасында колдонулат.

Тарыхы

Кыл кыяк, фидель (виела), лира да браччо жана ребек сыяктуу аспаптардын андан кийинки өнүгүүсүнүн натыйжасы болгон. 1400-жылдардын аягында польшалык элдик музыкалык маданиятта кыл кыяктын классикага чейинки түрү калыптанган. 1500-жылдары польшалык кыл кыяктар жөнүндө эскерүүлөр немец музыкалык теоретиги М. Агриколада кездешет, кийичерээк, М. Преториуста.

Классикалык формага жакын кыл кыяктын алгачкы сүрөттөрү Польшадагы (Гданьск, Краков) XVI кылымдын скультуралык композицияларында кездешет, кыл кыяк сүрөттөрүнүн эң эртеси (үч кылдуу, формасы боюнча классикалыктан алыс) италиялык Гауденцио Феррариинин «Апельсин дарактарынын Мадоннасы» (1529) аттуу сүрөтүндө сүрөттөлгөн. Австриялык музыкалык энциклопедиянын маалыматы боюнча 1520-жылдары, Миландын аймагында мындай кыл кыяктын өтмө формалары болгон: үч кылдуу (соль, ре, ля) жана балдардыкындай ладдары жок, фигуралык оймо тешиктери, лира да брачонукундай созулган моюну менен. Төртүнчү кыл, сыягы италиялык кыл кыякта 1550-жылдарга жакын пайда болгон, бирок Бьянджо Маринин эрте кыл кыяк сонаталарында, обондор негизинен үч кылдуу аспапка жазылган, ал эми төртүнчү бас кыл сейрек колдонулган. Экинчи жагынан 1700-жылдардын башында, бир канча убакыт беш кылдуу кыл кыяктар болгон.

Кыл кыяк устаттарынын биринчи мектептери Италиянын түндүгүндө жаралган. Устаттар кыл кыяктын формасы жана өлчөмдөрү менен эксперименттерди жүргүзүп, XVI кылымдын экинчи жарымынын номенклатурасы башаламан жана ыраатсыз: мисалы, Дж. Габриелинин чыгармаларында «violini» термини заманбап альт аспабына жакын аспаптарга таандык, ал эми 1592-жылы чыккан Людовик Цакконинин «Музыкалык тажрыйба» аттуу трактаты жогоркураак түзүмдөгү альттарды дагы, кыл кыяктарды дагы камтыйт. 1560—1621-жылдары Гаспаро Бертолотти жана анын окуучусу Дж. П. Маджининин брешиандык мектеби өнүгөт. Кремондо Андреа Аматинин мектеби негизделет (1505—1577), мында кыл кыяктын конструкциясы жана үнүнүн чыгышы А. Страдивари (1644—1737) жана Дж. Гварнери (1698—1744) тарабынан мыктылыкка жеткирилет. Кыл кыякка заманбап форманы Амати берген, ал эми 35,5 см болгон тулкусунун оптималдуу узундугу эксперименталдык ыкмада Антонио Страдивари орноткон. XVIII кылымдын экинчи жарымында кыл кыяктын эки капкактарынын (декаларынын) дөмпөгөйлүгү азайган, моюну кичине узарган, серпилгичи (пружинасы) бекемделген, коймосунун бийиктиги чоңойтулган жана анын жоондугу ичкерген. Бул өзгөрүүлөр диапазондун өзгөрүүсүнө алып келген, эски үлгүдөгү кыл кыяк менен салыштырмалуу тембри тагыраак, каныкканыраак жана ачыгыраак болгон. Башка мектептердин белгилүү өкүлдөрү: австрия-немецтик мектептин өкүлү — Я. Штайнер (1617—1683), Клотц; францияныкы — Ж. Б. Вильом (1798—1875); россияныкы — И. А. Батов (1767—1873) жана башкалар.

Заманбап түрдөгү жаа 1775—1780-жылдары франциялык уста Ф. Турт тарабынан иштелип чыккан. Кыл кыяктын үндү басаңдатуучу таракчасы (орусча сурдина) 1636-жылдан кеч эмес киргизилген, мында М. Марсенн эскерүүлөрү боюнча, таракча 1678-жылы Вена короо операсынын кыл кыякчылары тарабынан кеңири колдонулуп калган. Сагалдырыгы (оруча подбородниги) 1820-жылдары немец кыл кыякчысы Л. Шпор тарабынан ойлоп табылган, 1834-жылы болсо, П. Байо өзүнүн «Кыл кыяк искусствосу» китебинде аспапты ыңгайлуу жайгаштыруу боюнча көпүрөчөнү колдонуу жөнүндө эске салган. Кыл кыяктардын кол өнөрчүлөр тарабынан массалык, андан соң фабрикалык деңгээлде чыгарылышы XVIII кылымдын аягында башталган, а бул акырындык менен кыл кыяк устаттарынын мектептеринин жоголушуна алып келген.

Кыл кыяк менен аткарууга арналган эң алгачкы музыка ноталары XVII кылымдын башына таандык, бирок буга чейин кыл кыяк, адамдын ырдоо же созуу үндөрүнүн ордуна колдонулушу мүмкүн деген жоромолдор бар. 1600-жылдардын башында жаңы аспаптын универсалдуу мүмкүндүктөрүн баса белгилеген теоретик жана композитор Агостино Агаццари анын жайылтуучусу болуп калган. XVII кылымдын башында кыл кыяк оркестр курамына кирип, аны Орфей операсын аткаруу үчүн, биринчилерден колдонгон К. Монтеверди болгон. Биринчи соло чыгармалар — бассо континуолуу (үзгүлтүксүз бас) сонаталары — булар дагы 1600-жылдардын башында Б. Марини, М. Учеллини, Дж. Легренци, Дж. Б. Витали тарабынан жазылган. Концерттик стилдеги биринчи чыгармалар А. Яжембский (1627) жана Дж. Торели жактан жаратылган, ал эми кончерто гроссо белигери менен дилбаяндар — А. Страделла (1676), А. Корелли (1680) тарабынан. XVIII кылымдын жарымына чамалап калганда, кыл кыяктар сифониялык оркестрдин классикалык курамынын жана квартетинин негизин түзүп калган. Кыл кыякчылар ансамбли буга чейин эле пайда болгон — корол Людовик XIII алдында «24 кыл кыяк ансамбли» болгон, алар короо балеттерин жана майрамдарын өзүлөрүнүн музыкасы менен коштоп жүрүшкөн.

XVII—XVIII кылымдарда кыл кыяктык композитордук мектептер калыптана баштайт: италиялык (А. Вивальди, Ф. Джеминиани, П. Локателли, Д. Тартини, Г. Пуньяни), франциялык (Ж. Б. Люлли, Ж. М. Леклер, П. Гавинье, Д. Б. Виоти), польшалык (А. Яжембский, Ф. Дурановский, Ф. Яневич), чехиялык (Ф. Бенда, Я. Стамиц, П. Враницкий, А. Враницкий), немецтик (И. Вальтер, И. Вестхоф), австриялык (Г. Бибер, К. Диттерсдорф), орустардыкы (И. Е. Хандошкин). XVIII кылымдын мыкты кыл кыяктык музыка үлгүлөрү И. С. Бах, А. Вивальди, Д. Тартини, Г. Гендель, Й. Гайдно, В. А. Моцарт тарабынан жазылган.

XVIII кылымдын экинчи жарымында Европалык кыл кыяк башка өлкөлөрдүн музыкалык маданиятына кире баштайт, өзгөчө өзүлөрүнүн жаалуу аспаптары бар өлкөлөргө. Негизинен, Индияда кыл кыяк классикалык карнатикалык музыканын маанилүү бөлүгү болуп калган. Музыкалык маданиятында кыл кыяк байыр алган дагы бир аймак, Жакынкы Чыгыш болгон. Ошондой эле ал, дагы деле Чыгыш жана Түндүк Европада, ошондой эле еврей, цыган музыкасында, элдик музыкалык салттын бөлүгү болуп калууда.

Конструкциясы

Сегиз санынын формасындагы резонатордук чарасы эки дөмпөгөй капкактан (декадан, маңдайкы жана арткы) жана алардын ортосунда алты алкактан (обечайкадан) турган ичке рамка, 4 бурч (чарасынын орто жагында чыгып турат) жана 2 клецтен (өйдөңкү жана ылдыйкы) турат. Маңдайкы капкагы салттуу түрдө кеңири катмарлуу же резонанстык карагайдан жасалат, арткы капкагы — ак клёндон (явор).

Кыл кыяк түзүлүшү

Капкактар (декалар) жогорку жана төмөнкү овалдан турат, ортосу болсо жааны кылдар үстүндө жүргүзүүнү жеңилдетүү максатында ичкерип кетет. Маңдайкы декада болжолдуу ортосунда f латын тамгасынын формасында эки резонатордук көзөнөктөр (эфалар) жайгашкан. Маңдайкы декага кылдардын тепкеги таянып турат. Ичинен маңдайкы дека, сол жактагы резонатордук көзөнөккө жакыныраак жайгашкан, жана деканы узатасынан бойлой өткөн жыгач серпилгич (пружина) менен бекемделет. Капкактар ортосунда, оң жактагы резонатордук көзөнөктүн сол жагында, маңдайкы декадан арткы декага термелүүлөрдү өткөрүүчү жана чарасынын бекемдигин күчөтүүчү таякча (орусча душка) такалып турат. Серпилгичти жана таякчаны жасоо үчүн дагы резонанстык карагай жыгачы колдонулат. Кыл кыякты көркөмдөө жана кырларынын жарылып кетүүсүн алдын алуу максатында капкактарын айландыра коргоочу боолор менен капталат.

Кыл кыяктын чарасынын ичиндеги серпилгичи жана термелүүлөрдү арткы капкакка өткөрүүчү таякча
Кыл кыяктын чарасынын ичиндеги серпилгичи жана термелүүлөрдү арткы капкакка өткөрүүчү таякча

Моюну (орусча гриф) ладдары жок каптамдан, башынан, моюнуна чапталган моюнчасынан жана согончоктон турат. Монюдун каптамы — кылдарды сөөмөй менен кысуучу аймак. Каптамдын аягында (баш жагына жакын) жайгашкан босогочо кылдардын жумушчуу узундугун (мензураны) чектейт. Башы декорациялык чачыдан жана буроолор орнотулган кутудан турат, ал кылдардын бошоп кетпөөсү үчүн тартылган абалда туруп, кылдарды тууралоо үчүн зарыл. Башынынын жанындагы моюнчасы музыканттын сол колуна таяныч болот. Моюнунун (грифтин) согончогу аспап чарасынын өйдөңкү клецине кошулат. Моюну жана буроолору негизинен кара дарактан жасалат (кара жыгач дарагы менен алмаштырбайлы).

Төмөнкү клецке топчу кийгизилет (калпактуу кыска өзөк), андан илмек ыкмасы менен кыл кармагыч (куткун) бекилген. Илмек өйдөңкү капкактын бекемделген четинен төмөнкү босогочо аркылуу ийилет. Кылдар куткундан чыгып тепке менен тирелет, андан ары капкагынын жана моюнунун үстүнөн өтүп, буроолорго оролот. Куткуну менен топчусу кара дарак жыгачынан жасалат (заманбап кыл кыяктарда пластик колдонулушу мүмкүн). Тепкенин өйдөңкү кыры кылдар менен моюнунун аягынын бийиктиги акырындык менен ичке кылдан жоонуна чоңойгондой кылып жасалган, жана бул аралык толук өлчөмдүү кыл кыяктар үчүн 3,0, 3,8, 4,8, 5,0 мм түзөт.

Кошумча шаймандар:

Кыл кыяктын сырткы бети грунтталып, лак менен капталат. Лактын жардамы менен фабрикада жасалган массалык кыл кыяктардын арткы капкагында жана каптал алкактарында (обечайкаларында) индивидуалдуу даярдалуучу аспаптардагыдай клёндун, явордун табигый толкундуу сүрөтү түшүрүлүшү мүмкүн.

Кыл кыякты жыгач негизден жана жылыкынын куйругунун узун жана катуу топ кылдарынан турган жаа менен ойнойт. Ойноонун алдында жаанын кылдары тартылып (жаанын калыбындагы буроонун жардамы менен), канифоль менен сүртүлөт (кылдар менен болгон сүрүрүлүүнү жогорулатуу максатында).

Кылдары

Кыл кыяк аспабы, кыл кыяк түркүмүндөгү аспаптардын арасында өлчөмү боюнча эң кичинекейи жана тесситурасы боюнча эң жогорку аспап. Диапазону төрт октавадан ашат. Төрт кылдын туураланышы квинталык:

Ля кылы, ля же фортепиано камертону боюнча туураланат. Калган кылдар угуу аркылуу таза квинталар боюнча туураланат: ми жана ре — ля кылынан, соль кылы — ре кылынан. Тууралоо (толгоо же күүгө салуу) алдында тепкектин (тээктин) жайгашуусу текшерилет, ал f сымал резонатордук көзөнөктөрдүн ички кыймасынын учтурынын аймагында орун алат.

Алгач кыл кыяктарда койлордун жана башка үй жаныбарларынын ичегисинен жасалган тарамыш кылдар колдонулган. Кийин соль кылын ичке тарамыш негизинен (өзөгүнөн) жана зым оролмосунан жасай башташкан, а бул жааны тийгизүүдө ийкемдүүлүккө жана элпектүүлүккө алып келип, ойноо ыңгайлуулугун, тембрлик угулушун жогорулаткан. Мындай кылдар аутентикалык аткаруучулукта дагы деле колдонулуп келет. Заманбап стандарттык кылдар топтому болсо металлдан турат: 1-кыл оролмосу жок болоттон жасалган, 2-3-4-кылдар өзөгү болотттон, ороломосу жалпак болгон аллюминий, нейзильбер, күмүш жана башка металлдардан. Өзгөчө түрдөгү кылдардын өзөгү өрүлгөн металл тростон же синтетикалык булалардын түйүмүнөн даярдалат.

Өлчөмдөрү

Стандарттык өлчөмдөгү кыл кыяктардан тышкары, балдарга арналган кичинекей түрлөрү бар. Сейрек кездешкен 7/8 өлчөмдүү кыл кыяк толук өлчөмдүү кыл кыякты ойноогоо колдорунун узундугу жетишпеген чоң адамдар тарабынан колдонууга мүмкүн. Мындай өлчөмдөгү кыл кыяк буйрутма аркылуу усталарга жасатылат.

Кыл кыяк өлчөмү Жалпы узундугу, см Капкагынын узундугу Жазылыгы Мензура Жаанын узундугу
4/4 60,0 35,5 20,7 33,0 74,0
7/8 58,1 34,5
3/4 56,5 33,5 19,5 31,1 66,5
1/2 53,5 31,5 18,4 29,3 61,5
1/4 47,5 28,0 16,3 26,0 56,5
1/8 44,5 25,5 14,9 23,6 51,5

Ойноо ыкмалары

Жааны кылдардын үстүнөн жүргүзүүнүн түрдүү ыкмалары — штрихдер деп аталат, алардын негизгилери:

Кошумча кылдарды сөөмөйлөр менен чертүү дагы бар (пиццикато). Үн алуунун мындай ыкмасы XX кылымда суль понтичелло (италияча — «көпүрөчөдө», жааны тепкек үстүндөгү кылдардан жүргүзүү), суль тасто (италияча — «гриф үстүндө») жана коль леньо (италияча — «жаанын жыгачы менен») ойноо ыкмалары менен кошо өзгөчө белгилүүлүккө жеткен. Ладдары жок гриф вибрато аталган музыкалык ачыктыкты толук кандуу колдонууга мүмкүндүк берет.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-07-22, Көрүүлөр: 1215, Өзгөртүлгөн: 2024-02-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо