Тилчелүү музыкалык аспаптар — жалгыз же кош уруучу тилчеси бар үйлөмө же өзү үн чыгаруучу (идиофон) музыкалык аспаптар. Кеңири мааниде тилчелүү музыкалык аспаптарга уруучу металл тилчелери бар орган түтүгү жана тилчелери эркин өтмө аспаптар дагы кирет: гармоникалар, эрин органдар.
Бул түрдөгү аспаптар арасында тилчелүү үйлөмө музыкалык аспаптар ажыратылып, булардагы үндүн булагы катары таякча аталган уруучу тилче пластина кызмат кылат. Аткаруучу үйлөгөн аба агымында тилче термелип үн чыгат. Аспап чыгарган үндүн бийиктиги аспаптын кутусундагы аба мамычасын өзгөртүү менен туураланат. Буга окшогон аспаптардын мисалдары: кларнет, саксофон, (бир таякчалуу), фагот, гобой (кош таякча).
Мындай аспаптарда үн планкаларынын тешикчелеринде бир нече эркин өтмө металл тилчелер болот, алардын ар бири белгилүү бир тондогу үндү чыгарат. Тилчелер көрүктүн жардамы менен (мисалы кыяктын көрүгү) же аткаруучунун оозу менен үйлөгөн аба агымында термелет. Кийинки аспаптар мисал катары: кыяк түрлөрү (баян, аккордеон, гармонь, ооз же эрин кыяк).
Негизинен тилчелүү идиофондор (өзү үн чыгаруучу) чертме аспап катары саналат, анткени тилчесин черткенде анын термелүүсүнөн үн чыгат, үйлөп үн чыгаруу буларда болбойт.
Кыргыздын темир ооз комузу, ошондой эле жыгач ооз комузу дагы тилчелүү аспаптарга, тагыраак атканда тилчелүү идиофондорго таандык.