Жүктөлүүдө...
Урма музыкалык аспаптар
Урма музыкалык аспаптар — үнү кандайдыр бир термелүүчү капкак же бетке уруудан улам пайда болгон музыкалык аспаптар тобу. Хорнбостель — Закс системасы боюнча өзүнүн ичинен үч топчого бөлүнөт — мембранафондор, идиофондор (үнү өзү чыгуучу) жана хордофондор (кылдуулар). Мындай аспаптардын үнүнүн бийиктиги аныкталган же аныкталбаган болушу мүмкүн.
Адамзат тарыхындагы биринчи музыкалык аспаптардын түрү катары саналат.
![Урма музыкалык аспаптар](/uploads/music/urma-muz-aspaptar/urma-aspaptar-thumb.jpg)
Урма музыкалык аспаптар
Классификациясы
Урма музыкалык аспаптардын түрлөрүнүн жана формасынын көп түрдүүлүгү, буларды классификациялоонун бир нече варианттарын калыптандырган. Бир эле аспап бир нече топко таандык болушу мүмкүн.
Үнүнүн бийиктиги боюнча
- Үнүнүн бийиктиги белгилүү болгон аспаптар, булар белигилүү бир үн катарынын ноталарына туураланат. Мындай аспаптарга литавралар, ксилофондор, вибрафондор, коңгуроолор жана бир катар башкалар кирет;
- Үнүнүн бийиктиги белгисиз аспаптар, мындайлар белгилүү бир үндөргө туураланбайт. Мисалы, чоң жана кичи доолдор (орусча барабандар), үч бурчтуктар, табактар, даптар (орусча бубен), кастаньеталар, там-там жана башка башкалар.
Үн чыгаруусу боюнча
- Мембранофондор — үн чыгаруучу денеси тери же платиктен тартылып бекитилген мембрана саналат. Буларга литавралар, кыргыздын добулбасы, доолдор, жана даптар таандык.
- Идиофондор — үн чыгаруу денеси бүтүн аспаптын өзү болгон (мисалы, гонг) же бүтүн үн чыгаруучу денеден турган асаптар кирет мисалы, үч бурчтук, ксилофон, маримба, балафон, вибрафон, коңгуроолор, било ж. б.
- Үн чыгаруучу элементтери металлдан жасалган металл идиофондор — металлофондор, үч бурчтуктар, вибрафон, коңгуроолор;
- Таш идиофондор, мында үн чыгаруучу элементтер таштан жасалат (яшма, нефрит, жадеит, мрамор, гранит, акиташ ж. б.), аспаптар — тэцин, бянцин ж. б.;
- Керамикалык идиофондор — үн чыгаруу элементи бышкан чопо, фаянс жана фарфордон жасалат, аспаптар — коңгуроолор, шылдырактар;
- Жыгач идиофондор — үн чыгаруучу элементтери жыгачтан жасалат мисалы, ксилофон, кутуча аспабы, кореялык коңгуроолор.
- Айнек идиофондор — үн чыгаруучу элементи айнектен мисалы, айнек арфа, веррофон, айнек гармоника, айнек маримба, ранат каэо, кристалл башет.
- Урма аспаптардын өзгөчө тобун хордофондор түзөт (кылдуу аспаптар) мисалы, фортепиано, рояль, пианино, цимбала.
Дагы караңыз
Жайгаштыруу: 2023-06-22, Көрүүлөр: 1184, Өзгөртүлгөн: 2023-12-27,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо