Клавишалуу музыкалык аспаптар — үн чыгаруусу клавишалар аркылуу башкарылуучу музыкалык аспаптар.
Үн калыптандыруу түрү жана үн алуу ыкмасы боюнча клавишалуу музыкалык аспаптар кийинкидей топторго бөлүнөт:
Клавишалуу аспаптар Орто кылымдарда эле болгон. Орган — эң байыркы музыкалык аспаптардын бири — клавишалуу аспаптардын эң эскиси. Органдын клавишалары мурда жазы болуп, аны муштум менен басышкан, мындай баскычтар XI кылымда киргизилген ынгайсыз жылдырмалардын ордуна келген чоң рычагдарды алмаштырган. XVI кылымдын башында жазы клавишалар ыңгайлуу ичке клавишаларга алмашылып, ал бүгүнкү күнгө чейин колдонулууда. Ошентип, орган клавишалуу, ошол эле убакта, үйлөмө музыкалык аспап болуп калган.
Биринчи кылдуу клавишалык аспап катары клавикорд саналат. Ал, кеч Орто кылымда пайда болуп, бирок так датасы белгисиз. Клавикорд, заманбап фортепианого окшош түзүлүшкө ээ болгон. Бирок, көп сандагы угуучулардын алдына чыгып ойноо үчүн, мунун үнү өтө жумшак жана акырын чыккан. Клавикорд анын биртуганы клавесинге караганда өлчөмү боюнча кичирээк жана жөнөкөйрөөк болгондуктан, үй музыкалык аспабы катары жетишээрлик түрдө белгилүү болуп, барокко доорунун композиторлорунун үйлөрүнөн кездештирүү мумкун болсо керек, анын ичинде Бахтын үйүндө дагы.
Клавикорд өз мезгилинин, айрыкча барокко доорунун эң сезимдүү жана сезгич (баскычтары) музыкалык аспабы болгон. Клавишаны басканда «тангент» аталган кичинекей жез тик бурчтук кылга урунуп, жана ага таянуу менен, аны эки бөлүккө бөлгөн — кылдын бир жагынан үн чыккан, экинчи жагы кылды бойлой тартылган кийиз лента менен басаңдатылган. Клавишаны коё бергенде тангент кайра ордуна келип, термелүүлөр кылдын бүтүн узундугуна берилип, ошол эле убакта кийиз менен басылган жагы менен дароо басылган. Клавикорддо ар бир клавишага бирден кыл туура келген, ал эми клавикорддун «байланышкан» түрүндө бир клавишага эки кыл бекитилген. Үнү акырын чыккан аспап болгону менен клавикорддо крещендо жана диминуэндо эффектилерин жасоого мүмкүн болгон.
Башка клавишалуу аспап — клавесин — XV кылымда Италияда ойлоп табылган деген жоромолдор бар. Клавесиндер бир же эки мануалдар (клавиатуралар же баскычтар тобу) менен болот (сейрек үч), ал эми үнү клавишаны басканда, канатуунун канатынан жасалган (медиатор өңдүү) плектр менен кылга чертүү аркылуу алынат. Клавесиндин кылдары клавикорд же заманбап пианинонукундай перпендикулярдуу эмес, заманбап рояль аспабы сыяктуу клавишаларга удаа (параллель) жайгашкан. Концерттик клавесиндин үнү жетишээрлик катуу чыгат, бирок чоң залдарда аткаруу үчүн азыраак, ушуга байланыштуу пьесаларга арналган клавесин ыргактарында созулма ноталар жетишээрлик соузулушу үчүн, композиторлор көптөгөн мелизмаларды (көркөмдөгүчтөрдү) кошуп коюшчу. Ошондой эле, клавесин светтик ырларга, камералык музыкага жана оркестрдагы сандаштырылган бас партиясын аткаруу үчүн аккомпанемент (коштоо) жасоо максатында колдонулган.
Үн чыгаруусу боюнча окшош, бирок конструкциясы боюнча айырмаланган клавесин аспабынын түрлөрү бар мисалы, спинет, мюзелар жана вёржинел — булар анча чоң эмес, диапазону төрт октавалуу, бир (сейрек эки) клавиатуралуу клавесиндер. Клавесиндер көбүнчө үйдө колдонууга арналгандыктан, шартка ылайык, алар жакшы көркөмдөлүп, үйдүн декорациясына өз салымын кошкон.
XVIII кылымдын чегинде композиторлор жана музыканттарга, үнүнүн ачыктыгы боюнча кыял кыяктан калышпаган, жаңы клавишалуу музыкалык аспапка муктаждык жаралган. Андан тышкары, катуу добуштуу фортиссимо, эң назик пианиссимо жана эң чебер динамикалык өтмөлөргө мүмкүндүгү бар, динамикалык диапазону көбүрөөк аспап зарыл эле.
Бул кыялдар, Медичи үй-бүлөсүнө музыкалык аспаптарды жасаган, италиялык Бартоломео Кристофори тарабынан, 1709-жылы биринчи фортепианону ойлоп тапканда ишке ашкан. Ал өзүнүн аспабын «gravicembalo col piano e forte» деп атаган, башкача айтканда «акырын жана катуу ойногон клавишалуу аспап» дегенди түшүндүргөн. Бул аталыш кийинчерээк кыскартылып, «фортепиано» сөзү пайда болгон. Мындан бираз убакыт өткөндөн кийин германиялык мугалим Кристофор Готлиб Шретер тарабынан (1717) жана франциялык Жан Мариус жактан (1716) ушул өндүү аспаптар жасалган.
Кристофоринин фортепианосунун үн чыгаруу түзүлүшү: клавишалар, кийиз балкалар жана балкаларды кайтаруу үчүн атайын механизмден турган. Бул фортепианодо басаңдаткычы (демпфери) да, тепкири (педалы) да болгон эмес. Клавишаны басканда, кийиз балка кылды уруп, анын термелүүсүнө алып келген, мындай нерсе клавесин же клавикорд аспабына дээрлик окшобогон термелү болгон. Балканы артка тартуучу механизм, балка кылга урунаары менен, дароо артка кайтарылып, кылдын термелүүсүн басаңдаткан эмес. Кийинчерээк, кош репетиция ойлоп табылып, балка жарымына чейин түшүп, трелдерди жана тез кайталануучу ноталарды (негизинен, тремоло жана башка мелизмдерди) аткарууда жакшы жардамчы болгон.
Клавиатура туруктуу же динамикалуу болушу мүмкүн. Туруктуу же статистикалык клавиатура клавишанын абалын аныктайт (басылып же басылбаганын); үндүн күчү башка каражаттар менен аныкталат. Динамикалык клавиатура болсо, басуу күчүн жана ага ылайык үндүн чыгуусунун күчүн аныктайт (өзгөртөт).
Орган, аккордеон, клавесин жана фисгармониянын клавиатуралары — туруктуу, ал эми, фортепиано, клавикорд жана челестаныкы — динамикалуу. Электрондук клавишалык аспаптарда эки түрү да болушу мүмкүн.
Клавиатура колдорго гана арналган болушу мүмкүн, орган жана клавесинде бир нече клавиатура болушу мүмкүн, мындай учурда аларды мануал дешет, ошодой эле буттар үчүн дагы болот, булар — тепкирдүү (тепкичтүү) клавиатуралар.