Сыбызгы (башкырча һыбыҙғы, карачай-балгарча сыбызгъы, казакча сыбызғы — sybyzgy) — кыргыздын үйлөмө музыкалык аспабы. Узатасынан ачык болгон флейтанын түрү.
Сыбызгы | |
---|---|
Диапазону | Бардык ачык көзөнөктөрү менен 340 – 400 Гц, бардык жабык көзөнөктөрү менен 210 – 230 Гц |
Классификация | Үйлөмө музыкалык аспаптар, узатасынан ачык флейта, аэрофон |
Сыбызгы бир учу жабык болгон түтүктү элестетет. Көзөнөктөрүнүн саны — 4-10 (үн катары), азыркы кыргыздын заманбап салттуу сыбызгысында — бетинде 8, астында 1 же 2 көзөнөк бар. Узундугу 50-65 мм. Ички диаметри болжолдуу 16 мм. Аспапты даярдоо үчүн өрүк, тыт, камыш (өсүмдүк) жана башка дарактардын жыгачтары материал катары колдонулган. Сыбызгыда үн чыгаруу чоорго караганда оңойураак, а бул техникалык жактан жетишээрлик татаал, ар түрдүү чыгармаларды аткарууга мүмкүндүк берет.
Заманбап кыргыз маданиятында сыбызгынын эки түрү белгилүү:
Кыргызча «сыбызгы» сөзү — «ышкыруу» деген мааниде дагы түшүндүрүлүп, бул аспапты туурасынан ойноочу флейта менен салыштырууга болот. Учурда (2023) аспап сейрек кездешип, маданий мекемелердин ансамбльдарында, аспапка кызыккан музыканттарда гана көрүүгө болот.
Казакстандын аймагында аткаруучулук салттары менен айырмаланган сыбызгынын эки түрү бар. Мисалы, чыгыш сыбызгы конус сымал, узуну кыскараак келген, диаметри кичирээк формага ээ, батыш сыбызгы чоңураак жана узунураак.
Сыбызгыга окшош музыкалык аспаптар көптөгөн евразиялык улуттар арасында бар, мисалы: венгрлерде, молдовандарда жана болгарларда — кавал, башкырларда — курай, түркмөндөрдө — каргы түйдүк. Ал эми кыргыздарда кээде бул аспапты чоор менен алмаштырып алышат. Негизги айырмачылыгы сыбызгыны капталдатып (горизонталдуу) кармап, үйлөө менен үн чыгарат (ойнойт), чоорду болсо тикесинен (вертикалдуу) кармайт. Бул аспап музыкалык-энтнографиялык жамааттардын курамына кирет.
Салтту баяндама боюнча сыбызгы башка аспаптар менен биргеликте сейрек колдонуучу, койчулардын, балдардын музыкалык аспабы деп саналат.
Сыбызгынын репертуарына түзүмү жана мүнөзү боюнча түрдүү обондор кирет. Булардын арасында кыл кыяк жана комуз күүлөрүнөн сыбызгыга салынган классикалык обондор (күүлөр) көбүрөөк.
Аспап жөнүндөгү биринчи жазма эскерүүгө эки миң жылдан ашык. Манас эпосунда сыбызгы, аскер жүрүштөрүнүн, элдик майрамдардын түздөн-түз катышуучусу катары баяндалат. Мындай үйлөмө музыкалык аспап жөнүндө кыргыз жергесине XVIII–XIX кылымдарда келген «Чыгыш аскер оркестринин» курамына кирген орус окумуштуу-саякатчылары жазышкан. Сыбызгынын ошол кезде эле болгондугу туууралуу XIX кылымдын саякатчылары жана этнографтарынын жазуулары менен дагы тастыкталат.
Ташкенттеги музыка музейинде аскер оркестрлар копельмейстри Август Эйхгорн тарабынан XIX кылымдын 70-80-жылдары чогултулган Орто Азиянын музыкалык аспаптар коллекциясы берилген. Мында XVIII кылымдын бир кызык эспонаты — сыбызгы бар.
Анын тулкусу жара кесилип дайындалган (учурда жөн гана узатасынан көзөп коёт). Бириктирүү үчүн, эки бөлүгүн кошуп, сыртынан малдын ичегисин кийгизип коюшкан, бул анын эки бөлүгүн кошуп, майда-чүйдө жылчыктарын дагы жаап калган. Төмөнүрөөк жагынан үн өзгөртүүчү 3-4 көзөнөк көзөлгөн. Тулкусун бузулуудан коргоо үчүн, аспап колдонулбай турганда анын ичине жыгач таякчаны салып коюшчу. Эйхгорндун айтымында, бул «бир кыргыз баладан алынган өтө байыркы экземпляр». Эйхгорн өзүнүн күндөлүгүндө аспапты кантип алгандыгын жазган: «Мен сыбызгыга обонду эки жолу жаздым. Биринчисинде, Алайдагы баланын аспапта ойноосун жазганда, менин кыймыл-аракетимди ишенбестик менен карап турган кыргыздар айланчыктап, жазылган кагазды колуман жулуп кетишкен. Эч нерседен шек санабай жаңы эле ойнолгон мотивдин ноталары боюнча ышкырсам, алар өзүнүн ырым-жырымга ишенгендиги менен, аны сыйкырчылык катары кабыл алышты. Иш мындан да жаман болушу мүмкүн эле. Дагы жакшы, флейтаны бергиси келбей, кыйкырып ыйлаган баладан аны алууга мүмкүндүк бар болчу, анткени баланын ата-энеси, мен берген сыйлыкка кызыгып турган» — деп Эйхгорндун күндөлүгүндө жазылган.
Сыбызгы – байыркы аспап. Ал Орто Азия элдеринин арасында кеңири тараган. Сыбызгы чабандарды алыскы жайыттарда жалгыздыктан алаксыткан, эс алуу учурунда адамдарды үнү менен кубанткан, аткаруучулар көркөм обондорду ойноп, жомок-баяндарды айтышкан. Аспап музыка үчүн гана эмес, ырым-жырымдарда дагы колдонулган. Учурда (2023) эл тиричилигинде сыбызгы сейрек кездешет, бирок музыкалык ансабльдардын курамына кирет.