Фортепиано, же фортепьяно (итальянча forte — катуу, бийик, piano — акырын) — кылдуу урма-клавишалык музыкалык аспап.
Фортепиано | |
---|---|
сүрөт булагы |
|
Классификациясы | Клавишалуу, урма, кылдуу музыкалык аспап |
Классификациялоо түрү | Музыкалык аспаптарды классификациялоонун Хорнбостель — Закс системасы |
Тектеш аспаптар | Клавесин, Клавикорд, Спинет |
Фортепианонун, пианино жана роялдан айырмачылыгы — пианино менен роялдын атасы, жана бул экөөнүн жалпы аталышы десе болот. Негизинен формасы боюнча биринчилери роялга окшош болгон (горизонталдуу жайгашат), кийинчерээк пианинонукундай вертикалдуу жайгашкандары дагы пайда болгон.
Фортепианонун теги катары клавесиндер жана кийинчерээк ойлоп табылган клавикорддор саналат. Алардын кемчиликтери катары үндөрдү созо албагандыгы, легато ойноого тоскоолдугу, үнүнүн бир деңгээлде болушу (клавесинге гана таандык) болгон, а бул музыканын маанилүү таасирдүү каражаты болгон динамиканы жокко чыгарган.
Фортепиано — кылдары горизонталдуу (рояль) же вертикалдуу (пианино) жайгашкан клавишалуу кылдуу аспап. Фортепианонун үнүнүн чыгышына анын XVIII кылымдан бери кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болгон түзүлүшү, чоң таасир этет. Аспап аккустикалык аппараттан (резонанстык дека, кылдардын комлексинен), клавишалык механизмден, тирөөчү түзүлүштөрдөн турат (футор, металл рама, вирбельбанк). Фортепианодогу механизмдин татаал рычагдар системасы аткаруучунун клавишаны басуусун атайын кебез балкачага өткөрүп, анын кылдарды уруусу үн чыгарат. Фортепианонун заманбап диапазону 71⁄4 октава (88 клавиша).
Фортепианону 1698-жылдан бери, клавесин арналган балка механизми үстүндө иштеген италиялык клавесин устасы Бартоломео Кристофори (1655—1731) 1709-жылы ойлоп тапкан. 1711-жылы венециялык «Giornale dei letterati d’Italia» журналында Сципион Маффей тарабынан кеңири баяндалган. Аспап «gravicembalo col piano e forte» (үнү катуу жана акырын чыккан клавесин) аталган, кыска аталышы пианофорте, кийин буга фортепиано аталышы байырлап калган. Б. Кристофоринин ойлоп табуусунда заманбап фортепианонун механизм негиздери болгон — балкача, шпиллер, шультер, фенгер, депмфер. Кристофоринин ойлоп табуусу англис системасындагы механизмдин өнүгүүсүнө башат болгон. Механиканын башка түрлөрү Францияда Мариус (1716) жана Германияда Шрётер тарабынан (1717—1721) иштелип чыккан.
Андан кийинки жылдардагы фортепианонун конструкциясынын жакшырышы, анын клавишалык механизминин эволюциясы менен байланыштуу болгон: чоюн раманын, бут баскычтардын киргизилиши, диапазондун чоңоюшу, кылдардын жайгашуусунун өзгөрүшү. Клавишалык механизм үстүндө ар кайсы мезгилде ар кандай адамдар иштеген: К. Г. Шрётер, И. А. Зильберманн, И. А. Штайн, И. К. Цумпе, А. Беккерс, С. Эрар, Ю. Блютнер, Дж. Бринсмид, Я. Беккер, Г. Лихтенталь, Шредер.
1721-жылы немис музыканты жана педагог Готтлиб Шрётер (1699—1782) негиздик жагынан такыр башка механизм ойлоп чыгарат, мында клавишанын учунда бекилген балкачасы клавишаны басканда өйдө ыргытылып, кылга урунган (Prellmechanic). XVIII кылымдын экинчи чейрегинде немис орган усталары фортепиано чыгаруу менен алектенип, булардын ичинен көрүнүктүүлөрү Г. Зильберманн жана И. Штайн болот.
Г. Зильберманндын (1683—1734) окуучусу болгон Иоган Андреас Штайн (1728—1792) Г. Шрётердин идеясын ишке ашырып, 1770-жылы ал механизмди жакшырткан. Пианино аткаруучусу виртуоздук чыгармаларды оңоюраак аткарууга мүмкүндүк алган, бирок, олуттуу кемчилиги начар репетиция (уруп туруучу механизм) болгон. Штайндын механизми «веналык» же «немистик» деген аталышка ээ болуп, дээрлик өзгөрүүсүз XIX кылымдын жарымына чейин пайдаланылган.
1750-жылдардан баштап Лондондо Иоганн Кристоф Цумпе (1726—1790) Кристофоринин бираз өзгөртүлгөн механизми менен жабдып, төрт бурчтуу фортепианолорду жасай баштаган.
1760-жылдардан тарта фортепиано бардык Европа өлкөлөрүндө кеңири жайыла баштайт.
1821—1823-жылдары Себастьян Эрар «кош репетиция» механизмин ойлоп таап, ал клавишанын жарым кыймылындагы тез кайталап басууда үн алууга мүмкүндүк берген. Англис системасынын механикасында мындай кайталоо клавиша толук көтөрүлгөндөн кийин гана мүмкүн эле демек, мында, муну менен кошо демпфер кылды басып калып турган.
XIX кылымдын ортосунда Германияда Ю. Блютнердин, К. Бехштейндин фортепиано фабрикалары ачылат, АКШда — көп жыл бою теңдеши жок болуп келген «Сейнвей жана балдары» фабрикасы. 1828-жылдан бүгүнкү күнгө чейин (2023) Австрияда (Вена) иштеп жаткандардын эң эскиси делген Bösendorfer фабрикасы бар.
XX кылымда негиздик жагынан жаңы аспаптар пайда болгон — электрондук пианинолор жана синтезаторлор, ошондой эле үн алуунун өзгөчө формасы делген — «даярдалган фортепиано».
Атайын фортепианого жазылган биринчи музыкалык чыгарма 1732-жылы пайда болгон (Лодовик Джустининин сонатасы). Бирок, массалык иретте композиторлордун клавесинге эмес, фортепианого көңүлүн бура башташы 1740-1750 жылдан кийин болгон, Гайдн жана Моцарттын мезгилдеринде.
Фортепианону ойлоп тапкандан баштап бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө 20 000 ашык фортепиано усталары, рояль менен пианино чыгарган фирмалар иштеген. Ар бир аспап жеке сериялык номери менен белгиленет, мындай белгилөө менен фортепианонун чыгарылган жылын аныктоого болот.
Эреже катары номерлер чоюн раманын өйдө жагына коюлат, вирбельбанкка бекилүүчү аймакта. ГДРден чыккан фортепианолордо номерлер четки оң регистрдагы балкачаларга коюлчу.
XIX жана XX кылымдын башындагы фортепианолордо номерлер ички каптал дубалында же резонанстык капкакта жазылчу.
Фортепианонун чыгарылган күнүн даталоого мүмкүндүк берген кошумча фактор катары механиканын номери болушу ыктымал.
Бирок, бүгүнкү күндө (2023) Кытай эли түркүн түстүү буюмдарды чыгарып, анын ичинде музыкалык аспаптар дагы бар, жана аларга кандай номер, кайсы жагына коюлаарын Кудай билет.
Фортепиано кылдары горизонталдуу (рояль, роялино, төрт бурчтуу фортепиано) жана вертикалдуу (пианино, пиано-лира ж. б.) жайгашкан аспаптарга бөлүнөт.
Вертикалдуу фортепианону 1739-жылы италиялык уста Доменико дель Мела ойлоп тапкан дешет.
Ал эми белгилүү алгачкы төрт бурчтуу фортепиано 1742-жылы Зантхофенедеги (Бавария) Иоганн Зохердин устаканасынан чыккан, 1748-жылы болсо мындай аспаптарды Г. Зильберман жасаган.
Кылдары кулактардын (вирбель) жардамы аркылуу чоюн рамага тартылып, дисканттык жана бастык штектер аркылуу өтөт, штектер резонанстык капкакка (декага) чапталган (пианинодо дека вертикалдуу, роялдарда горизонталдуу абалда). Төмөнкү регистрдагы 10-13 үн үчүн бир кыл, ал эми ортоңку жана жогорку регистр үчүн кош же үч кылдар хору пайдаланылат. Көпчүлүк фортепианолордун диапазонун 88 жарым тоналдуулук түзөт, субконтроктавадагы Ля-дан 5-октавадагы До-го чейин. Эскирээк аспаптар 4-октавадагы до, ми, фа, соль, ля ноталары (музыкалык ноталоо) менен чектелиши мүмкүн; диапазону кеңирирээк аспаптарды дагы кездештирүүгө болот.
Фортепианодо балкачасы кылдарга урунганда үн алынат. Кылдар нейтралдуу абалда турганда, акыркы бир жарым—эки октавадан тышкары, депмферлер (басаңдаткычтар) менен тийишип турат. Клавишаларды басканда рычагдардан, боолордон жана балкачалардан турган «фортепианолук механизм» аталган тетиктердин топтому кыймылга келет. Баскандан кийин үн чыгуусу үчүн тийиштүү кылдар хорунан демпфер ажырап, кийиз (фильц) менен ныкталган балкача кылга урунат.
Заманбап фортепианолордо эки же үч бут баскычтар бар. Аспаптын эрте версияларында ошол эле максаттар үчүн жылдырма рычагдар колдонулган, муну пианино аткаруучусу тизеси менен басыш керек эле.
Оң бут баскыч бир убакта бардык демпферлерди көтөрөт, ошондуктан клавишаны басып кое бергенде, үн созула берет (көбүрөөк колдонулат). Мындан тышкары башка кылдар дагы кичинеден термелип, байкалаар-байкалбас болгон кошумча үндү берет. Оң бут баскыч эки максатта колдонулат: техникалык татаалдыктардан улам манжалар менен жасоого мүмкүн эмес болгон жерлерде алынуучу үндөрдүн ыраатын үзгүлтүксүз кылып (legato), ошондой эле үндү кошумча обертондор менен байытат. Бут баскычты колдонуунун эки ыкмасы бар: түз бут баскыч — созуу үчүн, клавишаны басууга чейин бут баскысты басуу жана кечиктирүү ыкмасы — клавишаны баскандан кийин жана аны коё бергенге чейин дароо бут баскыч басылат. Ноталарда бул бут баскыч P тамгасы менен (же Ped кыскартылышы) белгиленет, анын коё берилиши жылдызча менен. Романтизм жана импрессионизм доорлорундагы композиторлордун музыкасында үнгө өзгөчө колорит берүү максатында мындай белгилер көп кездешет.
Сол бут баскыч үндүн чыгышын азайтуу үчүн пайдаланылат. Роялдарда бул нерсе балкачаларды оңго жылдыруу аркылуу ишке ашырылат, ошондуктан хордун үч кылынын ордуна алар эки кылга гана урунат (мурда, кээде бир гана кылга). Пианинодо балкачалар кылдарга жакындатылат. Бул бут баскыч кыйла сейрек колдонулат. Ноталарда ал una corda («бир кыл») деп белгиленет, алынышы — tre corda («үч кыл») же tutte le corde («бардык кылдар»). Үндү азайтуудан тышкары, сол бут баскычты роялда ойноодо колдонуу, үндү жумшартып, бошогон кылдардын термелүүсүнүн эсебинен үндү жагымдуу жана басаңдатылган кылууга мүмкүндүк берет.
Ортоңку бут баскыч роялда тандалма демпферлерди көтөрүлгөн абалда кечиктирүү үчүн колдонулат (тарыхый жактан үчүнчү бут баскыч делет, анткени, эң акыркы кошулган). Ортоңку бут баскычты басканда көтөрүлгөн абалда болгон депмферлер блоктолуп, баскычты коё бергенге чейин ошол абалда болот. Ошону менен бирге калган демпферлер кадимки абалында болот, анын ичинде негизги оң бут баскычка карата дагы. Бүгүнкү күндө бул бут баскыч көпчүлүк роялдарда бар, жана көпчүлүк пианинолордо болбойт.
Өзгөчө бут баскычтар:
Фортепиано музыкада көптөгөн тапшырмаларды аткарууда пайдаланылат. Анда соло чыгармаларды аткарышат, фортепиано концерттерин оркестр менен өткөрүшөт. Көп учурда пианиночу кыл кыяк, виолончель, үйлөмө аспаптар (жез жана жыгач) сыяктуу башка аспаптарга аккомпаниатордун ролун аткарат. Фортепианодо ойноо — көп жылдык машыгууну, көңүлдү талап кылган иш.
XX кылымдын белгилүү пианиночулары — Иосиф Гофман, Артур Рубинштейн, Глен Гульд, Фридрих Гульда ж. б.
Фортепиано туура кармоо шарттарын, ошондой эле, кез-кез тууралоону талап кылат, анткени, убакыттын өтүшү менен кылдарынын тартылуусу бошоп калат. Тууралоонун мезгилдүүлүгү аспаптын классынан, даярдалган сапатынан, жашынан, кармоо жана пайдалануу шарттарынан көз каранды. Эреже катары, тууралоону аткаруучу эмес, атайын адис — фортепианону тууралоочу устат жасайт.
Клавишалуу музыкалык аспаптар (бул учурда фортепиано, электрондук клавишалуу аспаптарды эске албаганда) татаал механизм менен жабдылып, кутусу кылдат иштетилген. Буга байланыштуу аларды транспорттоодо, белгилүү бир шарттарда кармоодо назик жана эптүү мамилеге муктаж. Аспаптын ар кандай дефектилерин жана бузулууларына алып келген өндүрүштүк эмес негизги себептер кийинкидей:
Аспапты кармоо жана кам көрүү эрежелерин сактоо анын акустикалык мүнөздөмөлөрүн, анын ойноо сапатын жана тышкы көркөмдүүлүгүн узак мөөнөткө сактоону камсыз кылат. Фортепианону керектөөчүнүн үйүнө жеткирилгенден кийин механизмин текшерип, зарыл болсо тууралап, жөндөө керек. Пианино менен роялдын кылдарынын тартылуу күчү 20 тоннога чейин жеткендиктен, чоюн рамасында жана корпустун жыгач тетиктеринде кыйла чыңалуу пайда болот, ошондуктан үн түзүмүн 440 герцтен ашырбоо сунушталат. Мындай чыңалуулардын көп убакыт өткөндөн кийин акырындык менен түздөөлүүсүндө аспап туруктуу абалга келет. Анын үстүнө жаңы аспапта ойноо акырындык менен мехнизмдеги ноотунун (балкачанын сыртына капталуучу кийиз) тыгыздалышына алып келип, кылдардын чоюлуусу менен коштолот. Ушундан улам жаңы пианинонун биринчи колдонуу жылында жок дегенде эки жолу тууралап, жөндөө зарыл. Пианинолорду жана роялдарды жасоо үчүн колдонулган жыгач жана нооту — гигроскопиялуу келет (абадагы нымдуулукту өзүнө тартуу касиети): абанын нымдуулугуна жараша көбүп же кургап кетиши мүмкүн. Фортепианонун бузулуусун алдын алуу үчүн нормалдуу шарттарда, башкача айтканда абанын температурасы +12 °Сдан +25 °С чейин жылуулукта жана 42% нымдуулукта сактоону адистер сунушташат. Кышында пианинону көчөдөн үйгө киргизгенде чукул температуралык жана нымдуулук таасирине кабылат. Мындай учурда, клавиатуралык жана өйдөңкү капкактарды ачуу сунушталбайт анткени, аспаптын механизми жана башка тетиктери акырындык менен бөлмө температурасына келиши керек. Ошону менен бирге аспаптын тышкы беттерине ным түшүшү мүмкүн. Нымдуу беттерди сүртүүнүн кереги жок, өзү кургагыча күтүү абзель. Кургагандан кийин аны кургак кийиз же фланель кездеме менен сүртүү жакшы, өзгөчө металлдан жасалган бөлүктөрүн.
Аспапты жакшы абалда сактоо үчүн кийинкидей эрежелерди сактоо керек:
Учурда (2023), аспаптын сакталуусун камсыз кылуу үчүн дүйнөдө ири концерттик залдарда, окуу жайларда, анда-санда жеке үйлөрдө температура жана нымдуулукту көрсөтүүчү, тууралоочу шаймандар колдонулуп келет. Климатты көзөмөлдөө системасы зарыл болгон абанын абалын сактап, фортепианонун пайдалануу мезгилин 2-3 эсеге узартат.