Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Контрабас

Баш барак | Музыка | Контрабас

Контрабас (итальянча contrabbasso) — төрт кылдуу жаалуу музыкалык аспап, квинталык туураланышы: Eк Aк Dб Gб. Үнүнүн чыгышы боюнча кыл кыяк түркүмүндөгү виолончель, альт жана классикалык кыл кыяктан кийин эң төмөн.

Контрабас
Контрабас
КлассификациясыКылдуу музыкалык аспаптар, жаалуу музыкалык аспап
Тектеш аспаптарКлассикалык кыл кыяк, виолончель, альт, виола, октобас

Тарыхы

Контрабас биринчилерден болуп 1566-жылы эскерилет. Заманбап контрабастын мурдагысын контрабастык виола деп эсептешет. Ал беш кылдуу болуп, D1, E1, A1, D, G туураланган (ре, ми, ля контроктавасы, ре, чоң октавадагы соль) жана көпчүлүк виолалардай эле моюнунда ладдары болгон. VXII кылымдын жарымында италиялык чебер Микеле Тодини контрабастык виоланын негизинде жаңы аспап жасап, анда бешинчи кылы жана ладдары жок болгон, бирок чарасынын формасы («ийиндери» — моюнуна кыналган чарасынын бөлүктөрү — контрабастыкы кыл кыяк түркүмдөрүнөн жантайма келет) жана кварталык түзүмү (заманбап жаалуу аспаптарда, жалгыз контрбаста гана бар) калган.

Жаңы аспап биринчилерден болуп 1699-жылы Джузеппе Альдровандининин «Александриялык цезарь» операсындагы оркестрда колдонулган, бирок андан кийин көпкө чейин колдонулган эмес (бастык үндөрдү мунун ордуна төмөнкү түзүмдөгү виолончелдер жана виолалар аткарган). XVIII кылымдын жарымынан тарта гана контрабас бастык виолаларды сүрүп чыгарып, оркестрдын сөзсүз түрдө катышуучусу болот. Ошол эле учурда, соло концерттер менен чыккан биринчи контрабасчы-виртуоздор пайда болот, мында кыйла европалык атакка негизинен Доменико Драгонетти ээ болот. Соло аткаруунун ыңгайлуулугу үчүн чеберлер үч кылдуу контрабас жасап алышат, бул аспап квинталар (G1, D, A — контроктавадагы соль, ре, чоң октавадагы ля, башкача айтканда виолончелден октавага төмөн, бирок «до» кылы жок) же кварталар (A1, D, G — контроктавадагы ля, ре, чоң октавадагы соль) боюнча туураланчу. Аткаруучулук техниканын өнүгүүсү менен виртуоздук чыгармаларды кадимки төрт кылдуу оркестрдик аспапта аткаруу мүмкүн болуп, үч кылдуу контрабастар колдонуудан чыгат. Соло чыгармаларда үнүнүн ачык чыгуусу үчүн кээде контрабас бир тонго жогорулатылат («соло түзүм»).

XIX кылымда төмөнүрөөк үндөрдү алуунун мүмкүндүктөрүн издөө менен франциялык чебер Жан Батис Вийом бийиктиги төрт метр болгон контрабасты жасап чыгып, анын атын «октобас» атайт, бирок көлөмү чоң болгондуктан бул аспап кеңири жайылууга жеткен эмес. Заманбап контрабастарда төмөнкү жыштыктагы үндөрдү алуу үчүн бешинчи кылы болушу мүмкүн (C1 же «до» контроктавасына туураланган) же үнү төмөн кылды узартуучу атайын механизми болот, ушундай ыкмаларда кошумча төмөнкү үндөрдү алууга мүмкүн.

Эң жаңы мезгилде контрабастагы соло ойноонун өнүгүүсү негизинен XIX кылымдын аягындагы Джованни Боттезининин жана Франц Зимандлдын чыгармачылыгы менен байланыштуу.

Кыл кыяк түрүндөгү аспаптар
Кыл кыяк түрүндөгү аспаптар

Ойноо техникасы

Контрабаста туруп же бийик отургучка отуруп (көбүнчө оркестрда), аспапты алдына коюп алып ойношот. Аспаптын бийиктиги жерге такалуучу атайын шишинин узундугу менен туураланат. Контрабаста ойноо ыкмалары жана штрихтери классикалык кыл кыяктыкындай, бирок аспаптын чоңдугунан жана жаасынын ыңгайсызыраак абалынан (илинме абалда) контрабаста ойноо техникасы кыйла чектелген: манжалардын чоң чоюлушу жана абалдардын көп алмашуусу тез пассаждарды, секириктерди, гаммаларды аткарууну татаалдатат. Контрабаста пиццикато жакшы угулат.

Ошондой эле, аспапта ачык кылдардын көп колдонулушуна мүмкүндүк берген тоналдуулуктарда ойноо жеңилирээк. Эң ыңгайлуу пассаждар — гаммалардан же алардын бөлүктөрүнөн түзүлгөндөр, буларды кеңири позицияда ойноого болот.

Контрабастын тажрыйбалык колдонулуучу диапазону анча чоң эмес: E1ден (контроктавадагы ми) h1ге (биринчи октавадагы си) чейин. Соло виртуоздук чыгармаларда бийигирээк үндөр дагы колдонулушу мүмкүн. Контрабас үчүн ноталар бастык, тенордук ачкыта жазылат, сейрек кыл кыяк ачкычында, чыныгы үнүнөн бир октавага жогору жазылат. Соло түзүмдө (бир тонго жогору) партия кичи септимада чыныгы үнүнөн жогору жазылат.

Контрабастын негизги колдонуу чөйрөсү — симфоникалык оркестр, мында контрабасчылар тобуна эң маанилүү бастык түпкүрдүн ролу берилет. Ошондой эле, кээде камералык ансамбльдарда, джазда жана буга жакын музыкалык жанрларда катышат. Рокабилли жана сайкобиллиде контрабас бас-гитаранын ордуна колдонулат, жана дээрлик дайыма слэп менен ойношот — чертүү менен ритмикалык секцияны толуктайт, ал эми добулчусуз топтордо — аларды ийгиликтүү алмаштырат.

Контрабас коюуу, төмөн жана заңгыраган тембрге ээ. Төмөнкү үн, катуу чыкпаган үн катары кабыл алынгандыктан (ошол эле интенсивдүүлүктөгү жогорку үн менен салыштырмалуу), соло аспап катары сейрек пайдаланылат. Буга карабастан, аспапта аткаруу техникасын жана анын бай мүмкүнчүлүктөрүн чебердик менен аткарган контрабасчы-виртуоздор аз эмес. Соло аткаруулар үчүн эски усталар жасаган баркыттуу, жумшак үнү бар аспаптардын колдонулушу да сейрек эмес.

Колдордун абалы

Колдорду аспапта жайгаштыруу негизинен виолончелдикине окшош.

Сол кол

Сөөмөй биринчи аталып, ортончу — экинчи, аты жок — үчүнчү, чыпалак — төртүнчү. Контрабаста ойноодо кварталык түзүмдүн айынан үч гана манжаны колдонушат: биринчи, экинчи жана төртүнчү (бармактан тышкары), сейрек учурларда гана кеңири позицияда үчүнчү манжа колдонулат. Позиция деп бири биринен бир тондо же жарым тондо турган коңшу төрт манжанын аппликатурасы айтылат. Ар бир кылда жети же андан ашык позицияга ээ болуу мүмкүн. Манжа менен кылды кысууда анын термелүү аймагынын узундугу кыскарат, мунун эсебинен үн жыштыгы жогорулайт, б. а. бийигирээк үн алынат. Позиция канчалык жогору болсо, ошончолук анда таза ойноо татаалыраак.

Жарым позициялар колдонулат, 1чи—4чү позициялар (айтылуу оркестрдик гриф позициясы, мында 1чи, 2чи жана 4чү манжалар пайдаланылат), 5чи жана андан кийинкилери (айтылуу соло гриф же коюмдар позициясы), ошондой эле үчүнчү манжа пайдаланылуучу ар кандай кеңири позициялар дагы (четки манжалар менен кичи терцияны басууга болот).

Манжалар менен кысылбаган кылдар «ачык» деп аталып, аппликатураны көрсөтүүдө нөл менен белгиленет. Ачык кылдарда кварталар менен бөлүнгөн төрт нота алынат: E1, A1, D, G.

Дээрлик кысуусуз кылдарга тийүүдө белгилүү бир айматарында флажолеттер алынат. Флажолет кылдын экиге (кылдын үн бийиктиги октавага жогорулайт), төрткө (эки октава) жана башка ушул сыяктуу бөлүнгөн чекиттеринде жарым-жартылай кысуу менен аткарылат.

Оң кол

Жааны кармоонун эң белгилүү эки ыкмасы бар:

Жааны кылдын үстүнөн жүргүзүү, үндүн мүнөзүнө, күчүнө, тембрине чоң таасир этет, деги эле фразалоого дагы. Контрабаста коңшу кылдарда бир убакта эки үндү алуу (айтылуу кош ноталар) норма деп саналат, сейрек учурларда үч (жааны катуу басуу талап кылынат), ал эми бир убакта эмес, бирок өтө тез — үч (үчилтик ноталар) жана төрт кылдан үн алуу норма. Мындай айкалыштар, көбүнчө гармоникалуу, ачык кылдарда аткаруу оңоюраак, жана булар шартка ылайык, татаал соло чыгармаларда колдонулат.

Жаа менен ойноодон тышкары, оң колдун бир манжасы менен кылдарды чертүү ыкмасы дагы пайдаланылат (пиццикато). Ошодой эле, сол кол менен пиццикато аткаруу болушу мүмкүн, мындай нерсе негизинен соло адабиятта иштетилет.

Штрихтер

Негизги ыкмалар:

Бас-пикколо (piccolo bass) — бийигирээк жыштыкка туураланган же электро бас, же контрабас, негизинен бастын жөнөкөй туураланышына караганда, бир октавага жогору туураланат. Бул басчыларга соло аткаруу учурунда көнүп калган мензура узундугун жана кылдардын ортосундагы аралыкты сактоо менен жогорураак регистрларды колдонууга мүмкүндүк берет.

Жайгаштыруу: 2023-09-12, Көрүүлөр: 444, Өзгөртүлгөн: 2024-02-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо