Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сурнай

Баш барак | Музыка | Сурнай

Сурнай (сурна, азербайжанча жана түркчө zurna, курдча zirne, армянча զուռնա, грекче ζουρνάς, казакча сырнай, чувашча сарнай, сербче жана македонияча зурла) — Жакынкы жана Орто Чыгышта, Индияда, Орто Азияда, Кичи Азияда, Кавказда, Балкандарда, ошондой эле, Кыргызстанда жайылган кош таякчалуу, тилчелүү (чымылдагы) жыгач үйлөмө музыкалык аспап.

Мазмуну
Сурнай
Сурнай
КлассификацияТилчелүү музыкалык аспаптар, үйлөмө музыкалык аспаптар

Жалпы маалымат

Үн чыгуучу оозу кенен келген жана бир нече көзөнөктөрү бар (8-9) жыгач түтүктү элестетет. Сурнай, гобой музыкалык аспапбынын жакын тууганы (тилче кош таякчалары окшош) жана анын муруңку бабасы деп саналат.

Сурнайдын диапазону — диатоникалык же хроматикалык үн катарынын бир жарым октавасынын айланасында, тембри ачык, өткүр.

Сурнай түрдүү кармаштарда жоокерлерге дем берген, аш-тойлорго шаң берип, мааракелердин көркүн ачкан. Сурнайда ойногон музыкантты сурнайчы дейбиз. Үч музыканттан турган аспаптык ансамбль кеңири жайылган, мында сурнайчылардын бирөө — музыка обонун ойнойт, экинчиси узак, созулма үндөр менен ладдын негизги баскычында кайталайт, ал эми үчүнчүсү татаал, ар кандай өзгөрмө ритмикалык негизди урма аспапта аткарат, доолдо, добулда ж. б. Сурнайдын үнү катуу чыккандыктан аны ачык абада колдонушат, бирок имарат ичинде деле колдонуулар кездешет.

Кыргыз сурнайы коңшу элдердин аспаптарына түзүлүшү жагынан окшош болсо дагы, ойноо ыкмасы айырмаланып турат.

Ошондой эле, кыргыз элинде сурнайдын жөнөкөй деп саналган «камыш сурнай» түрү дагы бар. Кыргыз сурнайынын эң байыркысы же алгачкысы катары саналат. Түзүлүшү боюнча сыбызгыга окшош, бирок тилчеси бар.

Учурда Кыргыз улуттук радиосунун алтын фондунда сурнайчы Жунусалы Куттубаевдин 1930-жылдандын башында жазылып алынган бир нече чыгармалары бар. Кээ бир күүлөр биздин күндөргө чейин жеткен мисалы: «Чабуул күү», «Найза сал», «Торгой сайрап таң атты»,«Сурнай күү».

Этимология

Оксфорд университетинин музыкалык этнография боюнча адиси Лоуренс Пикендин ою боюнча сурнай сөзү персиялык сурнай сөзүнөн келген деп жоромолдогон, мында «сур» сөзү «той,тойлоо» жана «най» сөзү «түтүк, таякча» дегенди билдирет.

А чындыгында сурнай (зурна) сөзү кездешкен, Хетт империясына баруучу эзелки булактар дагы бар. Бул термин лувиялык иероглифтерде дагы «zurna» сөзүндө кездешип, хетт же лувиялык сөздөн армян тилине мүмкүн киргизилген деген сунуш сунушталган, мында армениялык զուռնա (zurna), лувиялык zurni менен салыштырылат.

Тарыхы

Сурнайдын көптөгөн түрлөрү Орто Чыгыш, Кавказ жана Кытай элдеринде кеңири жайылган. Адам жашаган эң байыркы жерлердин бири болгон Мингечевир аймагында, археологиялык казуулар учурунда бугунун мүйүзүнөн жасалган 4 даана сурнай табылган. Бул аспаптар 3 миң жыл мурун жасалган деп саналат.

Баяндалышы

Сурнай негизинен өрүк, жаңгак же тыт жыгачынан оюлуп-кырылып жасалат. Аспаптын сөңгөк жыгачы жогорку учунда диаметри 20 мм келип, төмөнкү учунда 60-65 мм чейин кеңейет. Аспаптын жалпы узундугу — 30-40 см (ар кайсы улуттарда ар кандай).

Сөңгөктүн бети боло турган жагында 7 көзөнөк оюлат. Сөңгөктүн өйдөңкү учуна тал, жаңгак же өрүктөн жасалган, узундугу 50-120 мм болгон түтүк салынат (шимек). Шимекке мүштөк салынат. Өзгөчө ыкмада, кургак жерде өскөн камыштан (учурда жезден) жасалган мүштөктүн (мундштуктун) узундугу — 20-30 мм. Мүштөккө чымылдак салынат. Чымылдагы (тилчелери) камыш өңдүү өсүмдүктөрдөн. Үн чыгаруу үчүн аткаруучу ошол чымылдакка абаны үйлөйт. Үнү ачык, катуу, чукул, кичине киңкилдегирээк, гобой аспапбынын үнүн элестетет.

Сурнайдын диапазону кичи октавадагы си бимольдон, үчүнчү октавадагы до нотасына чейинки үндөрдү камтыйт; чебер аткаруучунун аткаруусунда бул диапазонду дагы бир нече үнгө кеңейтүүгө болот. Мындай үндөрдү аткаруучулар чөйрөсүндө «сефир сесляр» аташат.

Сурнай негизинен, ачык жерлердеги элдик майрамдарда, фольклордук музыкалардын үлгүлөрүн аткарууда пайдаланылат. Тарыхта бул аспаптын «гара зурна», «араби зурна», «джура зурна», «ажеми зурна», «габа зурна», «шехаби зурна» деген түлөрү болгон. Сурнай шартка ылайык үйлөмө музыкалык аспаптар ансамблдеринин курамына кирген. Ансамблдар же оркестрлар курамында соло аспап катары, көбүн эсе бий обондорун аткарууда колдонулат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-07-02, Көрүүлөр: 847, Өзгөртүлгөн: 2023-07-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу