Хорнбостель — Закс системасы

Хорнбостель — Закс системасы — музыкалык аспаптардын системалык классификациясы, австриялык музыка таануучу Эрих Мориц фон Хорнбостель тарабынан, немец музыка таануучусу Курт Закс менен биргеликте иштелип чыккан. 1914-жылы «Zeitschrift für Ethnologie» журналында биринчилерден болуп жарыяланган. Бул система көптөгөн европалык өлкөлөрдө, АКШда, Россияда аспап таануунун негизи катары кабыл алынган.

Хорнбостель — Закс системасынын негизине 1866-жылы франциялык аспап устасы Виктор-Шарль Маийон тарабынан иштелип чыккан классификациялоо ыкмасы салынган.

Хорнбостель жана Закс музыкалык аспаптарды алардын негизги критерии болгон үн булагы аркылуу классификациялашкан. Бул критерий боюнча, аспаптар кийинкидей бөлүнөт:

  • өзү үн чыгаруучу— идиофондор
  • мембраналыктар— мембранофондор
  • кылдуулар— хордофондор
  • үйлөмөлөр— аэрофондор
  • электрдик жана/же электрондук — электрофондор

Дагы караңыз

Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо