Укулеле — төрт кылдуу гавай музыкалык аспабы, гитаранын түрү, ырларды жана соло ойноону аккорддук коштоо үчүн колдонулат.
Укулеле | |
---|---|
Укулеле сопрано |
|
Классификациясы | гитара, кылдуу музыкалык аспаптар |
Тектеш аспаптар | кавакинью (машети), куатро, ражанью, гиталеле, банджо-укулеле |
Укулеле XIX кылымдын экинчи жарымында Гавай аралдарында пайда болгон, аны португалиялыктар Майдера аралынан машети да браса (португалияча machete da braça) аталышында алып келишкен. Гаваидеги укулеле аспабын саткан биринчи дүкөн 1880-жылы Мануэль Нуньес тарабынан ачылган. Гавайлыктар укулелени англис тилиндеги сентименталдык ырларды жана «гавай стилиндеги» музыкаларды аткаруу үчүн колдонушат.
Аспаптын аталышы (гавайча ʻukulele) «секиреңдеген же таскактаган бүргө» деп которулат — укулеледе ойногондо оң колдун ыкчам кыймылдары бүргөгө же анын кыймылдарына окшоп кеткендигинен ушундайча атап коюшкан. Укулелеге текшеш келген кавакинью кичинекей гитарасы XV кылымда португалиялыктар тарабынан Африкага алынып келингенин эске алуу менен бул аталыш түштүк африкалык тилдеги (кафр) коса тилинин укулеле сөзү менен байланышы болушу мүмкүн, мунун мааниси укулеле аркылуу чакырылуучу кыялдуу жана ойлонуучу маанайды жакшы берет деген жоромолдор бар.
АКШда бул аспап 1915-жылы Сан-Францискодо өткөн Панама-Тынчокеандык көргөзмөнүн алкагындагы гавай музыканттарынын ырдап чыгуусунан кийин белгилүү боло баштаган. Популярдуулугунун туу чокусу 1930-жылдага туура келген.
Чарасы гитара сымал. Өзгөчө түрү катары Самуэль Камака тарабынан патенттелген ананас формасындагы укулеле дагы кездешет. Даярдоо материалдары: ар кандай түркүмдөгү жыгач массивдери, ламинат (фанера), пластик. Кылдары синтетикалык, башында ичегиден, тарамыштан болчу. Укулеле эреже катары жыгачтан жасалат, бирок, жарым-жартылай же толугу менен пластиктен же башка материалдан жасалган аспаптар дагы бар. Арзаныраак укулелелер шартка ылайык фанерадан же ламинатталган жыгачтан жасалат, кээ бир учурларда декалары (капкактары) карагай cыяктуу тондолгон жыгачтан даярдалат. Кымбатыраактары дарактын катуу жана жалбырактуу түрлөрүнүн жыгачынан жасалат мисалы, махагон. Салттуу түрдө укулелеге көбүрөөк колдонулуучу жыгач — бул коа аталган Гаваиде эндемикалуу келген акациянын түрү.
Өлчөмдөрү менен айырмаланган укулеленин бир нече түрлөрү бар. Алардын негизгилери, өсүү иретинде: сопрано, концерт жана тенор. Андан кийин баритон жана бас кетет. Ансамблдык бас укулеле өлчөмдөрү анча чоң эмес акустикалык бас-гитараны элестетет. Бул укулеле түрүндөгү эң жаш музыкалык аспап, сериялык өндүрүшү 2007-жылы башталган.
Укулеле сопрано, концерт, тенор аспаптарынын кылдарынын үн бийиктиги бирдей келип, G1 C1 E1 A1 кварта-терцалык түзүмдү калыптандырат (алардын аспапта жайгашуусу боюнча жогорку кылдан төмөнкүсүнө чейин). Укулеленин бул түрлөрүнүн тууралоо өзгөчөлүгү G (соль) жогорку кылынын октавага жогорулатылгандыгында. Буга ылайык, үнүнүн эң төмөн чыгуучусу С (биринчи октавадагы «до») болуп калат. Тенор жана баритон аспаптарынын кээ бир моделдери унисон же октавада үнү чыккан 1, 2, 4 түгөй эки кабатталган кылдарга ээ болушу мүмкүн.
Түрү | Мензура, см | Узундугу, см | Түзүмү |
---|---|---|---|
Сопрано | 33 | 46-53 | G1 C1 E1 A1— стандарттык, Gm C1 E1 A1 (Low G) —бир октавага төмөндөтүлгөн Соль кылы менен (башка G кылын орнотуу талап кылынат коюуну талап кылат) |
Концерт | 38 | 60 | |
Тенор | 43 | 70 | |
Баритон | 48 | 80 | Dm Gm Bm E1— LowG түзүмүнөнквартага төмөн. Классикалык гитаранын биринчи 4 кылы менен окшош |
Бас | 53 | 81 | Ek Ak Db Gb—кварталык түзүм бас-гитараныкындай |