Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чоор

Баш барак | Музыка | Чоор

Чоор — кыргыздын узатасынан ачык, жыгач үйлөмө аспабы, ошондой эле аэрофондордун жалпы кыргызча аталышы.

Чоор
Чоор
АбалыКыргыз элдик музыкалык аспап
Классификацияүйлөмө музыкалык аспаптар, аэрофон

Жалпы маалымат

Үнү коңур келген чоордун 4 ойноочу тешиги бар (2-3 тешиктүү түрлөрү дагы кездешет). Байыркы чоорлордун жасалган материалына жараша көптөгөн түрлөрү болгон: жез чоор, шилби чоор, сары жыгач, чогойно, камыш, балдыркан чоор жана башка сабагы көңдөй өсүмдүктөрдөн (негизинен түрдүү чатыр гүлдүү өсүмдүктөр түрлөрүнөн). Азыркы чоорлор өрүк, алмурут жыгачтарынан жасалат. Узундугу 50-80 см (салттуу чоор 70 см). Жыгач чоорлордун эки учуна (ичине) бузулуп кетүүсүнөн сактаган жана үн чыгарууну жеңилжеткен мүйүз, жез же пластик алкак кийгизилет.

Эки бөлүктөн турган заманбап кыргыз чоорунда, бөлүктөрү кошулган жеринде жарылып кетүүнү алдын алуу максатында сыртынан шакекче кийгизилет. Абаны үйлөй турган башы ыңгайлуу болуш үчүн конус сымал жонулат. Чоордун сыбызгыдан айырмасы, көзөнөктөрүнүн азыраак санда болуусу жана мында ойноодо аспапты тик кармайт, сыбызгыда болсо капталдып, горизонталдуу абалда.

Түрлөрү

Учурда чоорлордун үч түрү белгилүү: Ре чоор (D), Ля чоор (A) жана Ми бас чоору (E).Мүнөздөмөлөрү кийинкидей:

Үн катарлар жана күүлөр

Үн өзгөртүүчү көзөнөктөр төмөнкү бөлүгүнө жакыныраак көзөлөт. Негизги түрүнүн үн катары диатоникалык, кварта жана квинта чегинде (b - c1 - d1 - es1 - f1). Ашыкча үйлөө, үн катарын 2 октавага чейин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Төмөнкү регистрда үнү кышылдоо менен акырын, күңкүлдөп чыгат, жогоркуда — катуу, ышкыруу менен.

Көзөнөктөрдү жабуунун ыкмалары дагы ар кандай. Жогорку бөлүгүндөгү көзөнөктөрү сол колдун сөөмөйлөрүнүн жаздыкчалары менен жабылат, ал эми төмөнкү бөлүгү — оң колдун сөөмөйлөрүнүн жаздыкчалары аркылуу.

Чоордун кээ бир күүлөрү белгилүү бир мааниге ээ болгон. Мисалы, «Узак күү» койлорду таң маал жайлоого айдап баратканда, ошондой эле кеч маал кайра айдап келе жатканда аткарылчу.Чоордун көпчүлүк күүлөрү минор тонунда чыгат.

Айры (ача) апликатурасын колдонуу жана ойноо көзөнөктөрүн көбүрөөк же азыраак жабуу менен хроматикалык үндөр алынат. Чоор көбүнчө мал кайтаруудагы тиричиликте колдонулуп, элдик ырлардын обондору ойнолот, негизинен лирикалык мүнөздөгү. Кээ бир чоорлор белги берүүчү аспап катары кызмат кылчу, мисалы тулга-чоор.

Чоор деген түшүнүк менен элибизде көптөгөн үйлөмө музыкалык аспаптар дагы аталат жана колдонулат. Мисалы, чопо чоор, чогойно, балтыркан чоор жана кадимки чоор. Булар бири-биринен эмнеден жасалганына жана түзүлүш өзгөчөлүктөрү боюнча айырмаланат. Чопо чоордун сырткы түзүлүшү топ же сүйрү овал сымал болуп, чоподон, гипстен жана керамикадан жасалат. Аспаптын үн өзгөртүүчү эки кичине көзөнөгү жана чоорчу үйлөп үн чыгаруучу оозу бар. Чопо чоордун добуш тембри ышкырык үнүнө окшош.

Чогойно, ышкырык жана балтыркан чоор чатыр гүлдүүлөр түркүмүндөгү өсүмдүктөрдүн көңдөй сабагынан жасалат. Алар бири-биринен үн өзгөртүүчү көзөнөктөрүнүн саны, үн чыгаруу ыкмасынын өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Сары жыгач, бөрү карагат жана шилбинин сөңгөгүнөн жасалган кыргыз чоорлору эң кеңири таралган.

Чоордун түзүлүш өзгөчөлүгү, жасалышы боюнча бир топ татаалдыгы менен айырмаланат. Үн өзгөртүүчү көзөнөгү төртөө, аспаптын сыртына майда жандыктардын ичегиси капталып коюлат, мындай ыкма сыбызгыда дагы колдонулчу. Чоорду көбүнчө койчулар, жылкычылар колдонгондуктан анын репертуарынын негизин «Койчулардын коңур күүсү», «Жылкычынын чоор күүсү», «Койчунун күүсү», «Чоор күү» сыяктуу күүлөр түзөт.

Аспапта аткарылган күүлөрдүн көбү уккулуктуу келип, терең мазмуну, угуучунун ички дүйнөсүн толкундата алган таасирдүүлүгү менен айырмаланышат. Аларга элибиздин турмушунун түрдүү жагдайын таамай чагылдыруу, эстетикалык жактан жеткилең иштелгендик мүнөздүү. Чоор күүлөрү мына ушунусу менен кызыктуу.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4709, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо