Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аккордеон

Баш барак | Музыка | Аккордеон

Аккордеон (французча — accordéon) — фортепиано түрүндөгү клавиатурасы бар тилчелүү музыкалык аспап. Хроматикалык кол менен ойнотулуучу гармоника. Клавиатурасынын аккомпанементи орустардын баян аспабыныкындай: 5—6 баскычтар катары, басстары жана аккорддору (даяр аккордеон) же өзүнчө ноталары менен (тандалма же даяр-тандалма аккордеон).

Аккордеон
Аккордеон
Үн диапазону (түзүмү)Стандарттык аккордеондун сол жактагы даяр клавиатурасынын диапазону: контроктавадагы Фадан чоң октавадагы Миге чейин. 41-клавишалуу оң жактагы клавишалыктын диапазону: кичи октавадагы Фадан үчүнчү октавадагы Ляга чейин.
КлассификациясыКол менен ойнотулуучу гармоника
Тектеш аспаптарБаян
Аспап түрүтилчелүү жана клавишалуу музыкалык аспап (Хорнбостель — Закс системасы боюнча)

Жупуну жана жалпы сөз менен кыяк делет. Обондорунун үнүндө эреже катары эки түзүмдүк тилче анча чоң эмес айырмачылыгы бар үн менен чыгат.

Тарыхы

Аккордеон өзүнө ар кандай музыкалык аспаптардын касиеттерин чогулткан аспап. Тышкы көрүнүшү боюнча баянга, же тескерисинче баян аккордеонго, түзүлүшү боюнча гармонго, ал эми клавишалары жана регистрларды которуу мүмкүнчүлүгү боюнча фортепианого окшош. Аккордеондун тарыхы кызыктуу келип, азыркы учурга дейре профессионалдуу чөйрөдө кызуу дискуссияларды ойготот. Анын тарыхы Байыркы Чыгыштан башат алат, мында шэн музыкалык аспабында биринчи жолу тилчелер аркылуу үн алуу негизи колдонулган. Азыркы көрүнүшүндөгү аккордеонду ойлоп табуунун башында эки таланттуу усталар турган: немец саатчысы Христиан Бушман жана чехиялык кол өнөрчү Франтишек Киршнер. Булар бири-бири менен тааныш болбогонун жана бири-биринен көз карандысыз иштешкенин белгилеп коюуу керек.

17 жаштагы Христиан Бушман органды тууралоо ишин жөнөкөйлөтүүгө умтулуу менен кичинекей кутуча түрүндөгү камертон аталган аспапты ойлоп таап, ага металлдан жасалган тилчени салып коёт. Ал кутучуга Бушман абаны үйлөгөндө тилче үн чыгарып, белгилүү бир бийиктиктеги тоналдуулукту берген. Кийинчерээк, ал, тилчелер бир убакта термелбеши үчүн кутучанын конструкциясына аба резервуарын (кебез) кошуп, клапандар (жапкычтар) менен жабдыган. Эми зарыл болгон тоналдуулукту алуу үчүн белгилүү бир пластинанын алдындагы клапанды ачып, калгандарын жабык бойдон коюш керек болчу. Ошентип, 1821-жылы Бушман эрин (же ооз) гармондун өрнөк болуучу үлгүсүн ойлоп таап, аны «аура» атаган.

1770-жылдары чехиялык орган устасы Франтишек Киршнер тилчелүү тактайчалардын жаңы системасын ойлоп табып, аны кол гармоникасын жасоого негиз кылган. Анда заманбап аспап менен салыштырмалуу окшоштуктар аз болгон бирок, гармониканын үн алуу негизи бирдей болчу — аба агымынын, басуу жана кысуунун таасири алдында металл платинанын термелүүсү. Бир нече убакыттан кийин колго ойнотулуучу гармоника веналык орган чебери Кирилл Демиандын колуна тиет. Демиан аспапты жакшыртуунун үстүндө көп иштеп, таптакыр башкача көрүнүштө жасап чыгат. Демиан аспаптын чарасын эки бирдей бөлүккө бөлүп, сол жана оң колдор үчүн баскычтарды жайгаштырып, эки бөлүктү көрүк менен бириктирет. Ар бир клавишага бир аккорд туура келип, бул аспаптын «аккордеон» аталышын аныктаган. Аспаптын автордук аталышын К. Демиан официалдуу түрдө 1829-жылдын 6-майында жарыялаган. 17 күндөн кийин ага патент алып, ошондон тарта 23-май аккордеондун туулган күнү катары саналат. Ошол эле жылы жаңы чыккан аспаптын массалык өндүрүшү жана сатуусу башталган.

Аккордеондун тарыхы Италиянын Адриатика жээктеринде уланган. Кастельфидардо аталган коммуннадан алыс эмес жерде Пауло Сопрани аттуу батракчынын баласы жер кезип жүргөн монахтан Демиандын аккордеонун сатып алат. 1864-жылы ал жергиликтүү жыгач усталарды чогултуп устакана, кийинчерээк фабрика ачат, ал жакта аспаптарды гана чыгарбастан, алардын жакшыртуусу үстүндө иштеген. Ошентип аккордеон өнөр жайы жаралган. Аккордеон тез эле италиялыктардын гана эмес, Европанын башка өлкөлөрүнүн тургундарынын да сүймөнчүлүгүнө ээ болот.

XIX жүз жылдыктын аягында аккордеон эмигранттар менен кошо Атлантика океанын кесип өтүп, түндүк америкалык континентте бекем орун алып, аны алгач «тармалуу пианино» деп атап жүрүшчү. XX кылымдын 40-жылдары АКШда биринчи электрондук аккордеондор жасалган.

Бүгүнкү күнү аккордеон — жер шарынын көпчүлүк калкынын сүйүктүү музыкалык аспабы саналып, кайгы-муңдан шаттык-кубанычка чейинки адам баласынын каалаган сезимдерин үн менен бере алат. Ошого карабастан, аспап дагы деле жакшыртылып жатат.

Клавиатурасы

Аккордеондун оң клавиатурасында обон ойнолот, сол жагындагы баскычтарда аккомпанемент же аккорддор ойнолот.

Оң жактагы клавиатура

Оң жактагы клавиатурасынын түрү боюнча заманбап аккордеондор эки чоң класска бөлүнөт: клавишалык жана баскычтуу (тегерек).

Азыркы аккордеондордун көбүнчөсү — клавишалуу. Клавишалуу аккордеондордун оң жактагы клавиатурасы фортепианолук клавиатураны кайталайт. Негизинен клавишалык аккордеондун оң жактагы клавиатурасынын аппликатурасы фортепианонун клавишасындагы оң кол үчүн аппликатурасына окшош. Үндөрдүн бийиктиги өйдөңкү клавишалардан төмөнкүсүнө карай жогорулайт. Толук өлчөмдүү 41 (кээде 45) фортепианолук клавишасы бар аккордеондун диапазону — кичи октавадагы Ми нотасынан («Фагот» регистринин эсебинен чоң октавадагы Ми нотасына чейин) төртүнчү октавадагы До нотасына чейин (Пикколо регистринин эсебинен бешинчи октавадагы До нотасына чейин). Өлчөмдөрү 1/2, 3/4, 7/8 болгон толук өлчөмдүү эмес аккордеондор негизинен окуп-үйрөнүү максаттарына багытталган. Клавишалуу аккордеондордун үнүнүн чыгышынын диапазондору жана тембрлары оң клавиатуранын алдында жайгашкан регистрлык баскычтар менен өзгөртүлөт. Ошондой эле, үнүнүн чыгышынын тембрин өзгөртүү үчүн ээк регистрлар жана клавиатура жайгашкан гриф артындагы регистрлар колдонулат. Бул эки вариант тең негизги регистрдик машинаны толуктап турат. Толук клавишалуу аккордеондордо өзгөртүлүүчү регистрлардын баскытары 15ке чейин жетиши мүмкүн.

Баскычтуу аккордеондордун оң жактагы клавиатурасы — тегерек баскычтуу, көрүнүшү жагынан беш катарлуу баяндын оң клавиатурасына окшошуп кетет. Баскычтардын үн алуу элементтеринин клапандары менен болгон байланыш механизминин конструкциясы клавишалуу аккордеондон айырмаланат жана көбүрөөк баяндыкына окшош. Ошондой эле, баскычтары салыштырмалуу чакан, мындай нерсе баскычтуу аккордеонго дээрлик аккордеон үндөрүнүн бардык диапазонун камтууга мүмкүндүк берет. Баскычтуу аккордеондун мындай өзгөчөлүгү үн диапазонунун өзгөрткүчтөрүнүн зарылдыгын дээрлик жокко чыгарат, тембрдик регистрлардын өзгөрткүчтөрү жетиштүү. Буга ылайык баскычтуу аккордеондордо регистр өзгөртүүчү баскычтар көп учурда азыраак. Өзгөртүлүүчү регистрлары бирдей болуп калган учурларда баскычтуу аккордеон клавишалыкка караганда үн тембрлары байыраак болот.

Калган жагынан баскычтуу аккордеон клавишалыктан дээрлик эч айырмаланбайт. Негизинен баскычтуу жана клавишалык аккордеондун оң клавиатурасынын панели бирдей келип, аспаптын чарасына жараша бирдей бурчтукта турат.

Сол жактагы клавиатура

Аккордеондун сол клавиатурасындагы бир баскычты басканда бастык же аккорддук үн чыгат. Муну «даяр аккордеон» деп аташат. Тандалма же даяр-тандалма аккордеондо сол клавиатурада өзүнчө ноталар оң жактагы клавиатурадай чыгат бирок, бастык үндөрдүн эсебинен кененирээк үн диапазонунда.

Аккордеондордун оң жактагы клавишаларынын саны боюнча классификациясы (сандар болжолдуу жана ар кайсы өндүрүүчүлөрдө айырмаланышы мүмкүн)
Өлчөмү Толук аккордеон 7/8 3/4 1/2
Оң жактагы клавишалардын саны 41 (кичи октавадагы Фа — үчүнчү октавадагы Ля) 37 (кичи октавадагы Фа — үчүнчү октавадагы Фа) 34 (кичи октавадагы Соль — үчүнчү октавадагы Ми) 26 (кичи октавадагы Си — үчүнчү октавадагы До)
Сол жактагы клавишалардын саны 120 80ден 120га чейин (сандар болжолдуу жана ар кайсы өндүрүүчүлөрдө ар кандай болушу мүмкүн) 80ден 120га чейин (сандар болжолдуу жана ар кайсы өндүрүүчүлөрдө ар кандай болушу мүмкүн) 72, 60, 48, 40, 32, 24 (сандар болжолдуу жана ар кайсы өндүрүүчүлөрдө ар кандай болушу мүмкүн)

Үндөрдүн саны. Регистрлар

Аккордеондор оң жактагы бир клавишаны басканда бир убакта чыгаруучу үндөрдүн саны боюнча айырмаланат. Үндөрүнүн саны бирден жогору болгон аккордеондор үн чыгаруучу тилчелеринин ар кандай туураланышына ээ: түзүмдүк тилчелер куюлушканда тилчелүүдөн үнү кичине жогору чыгат, октавалыктар түзүмдүүдөн бир октавага төмөн чыгат, пикколо болсо түзүмдүүдөн бир октавага жогору, квинталыктар түзүмдүүдөн квинтага жогору.

Аккордеондун үн чыгаруучу тилчеси

Тилчелеринин курамы
Аккордеондун түрү Түзүмдүү Түзүмдүү куюлушма Октавалык Пикколо Квинталык
2 үндүү 1 1
3 үндүү 1 1 1
4 үндүү 1 1 1 1
5 үндүү 1 1 1 1 1

Клавишалык аккордеондун оң жактагы клавиатурасындагы клавишалардын азыраагынан (41) баян аспабына караганда бир клавишаны басканда аспаптын жазылыгын чоңойтпостон көбүрөөк үн тилчелерин колдонуу артыкчылыгы бар. Баскычтуу аккордеондун аспап жазылыгынын маселеси оң жактагы баскычтардын катарынын саны менен чечилет: бардык баскычтуу аккордеондордун оң клавиатурасы беш катарлуу. Мындай касиеттин эсебинен көпчүлүк аккордеондорду үч үндүү, үн чыгаруучу тилчелердин курамынын өзгөрмөлүү регистрлык баскычтары менен кылып жасашат. Бирок, клавишалык аккордеондун оң клавиатурасынын жеткиликтүү болгон үн алуу диапазондору баскычтуу аккордеон же баянга караганда дайыма азыраак болот. Мындай нерсе үн диапазондорунун регистр өзгөрткүчтөрүн киргизүүнү талап кылат, ошондой эле, аралаш диапазондордо айрым тембрдик регистрлардын кайталоону дагы. Баскычтуу аккордеондор, тембрдик регистрлардын өзгөрткүчтөрүнө гана муктаж.

Жайгаштыруу: 2024-10-21, Көрүүлөр: 140, Өзгөртүлгөн: 2024-10-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу