Добулбас, добул же доолбас (араб-иранча давылнуваз — доолчу [барабанчы], доол уруучу) — үстүңкү бетине, кээде астына дагы жаныбардын терисинен (төөнүн, пилдин, учурда көбүн эсе ири мүйүздүү малдын) мембрана тартылып, формасы цилиндр өңдүү кыргыздын байыркы урма музыкалык аспабы.
Добулбас | |
---|---|
Абалы | Кыргыз эл музыкалык аспабы |
Классификация | урма музыкалык аспаптар |
Кээде формасы казан сыяктуу болот. Салттуу добулбастын бийиктиги 55-70 см, диаметри 37-55 см. Добулбас Манас эпосунда кармаштын башталганы жөнүндө белги берүүчү аспап катары колдонулганы белгилүү. Ошондой эле, бул аспап салтанаттуу жүрүштөргө чыгуу менен коштолгон, элди маанилүү чогулуштарга чакырып, элдик майрамдарда жаңырган. Добулбас көбүнчө сурнай, керней, сыбызгыдан турган урма-үйлөмө ансамблдардын курамына кирген.
Андан тышкары, мурда негизинен жортуулдарга, аң улого чыкканда дагы пайдаланылган. Казактын даулпаз аспабына окшоп кетет.
Музыкалык аспаптар адам баласынын эмоцияларын жана чыгармачылык дараметин берүүдө маанилүү ролго ээ. Өзгөчө көңүл бурууга татыган ушундай аспаптардын бири дагы — добулбас.
Добулбастын тарыхы байыркы замандарга таандык, мында ал негизинен аскер жүрүштөрүндө, сыйлуу адамдарды салтанаттуу тосууда колдонулган. Аспаптын келип чыгышын айтуу татаал, бирок анын пайда болушу Чыгыш Европа жана Борбордук Азиянын музыкалык салттары менен байланыштуу. Добулбас — көбүнчө жыгачтан жасалган доолду (барабанды) элестетет.
XX кылымда кыргыздардын музыкалык тажрыйбасынан алыстап, ошол эле кылымдын аягында кайрадан пайда болгон. Бүгүнкү күндө үнү белгилүү бир бийиктикте болгон фольклордук чөйрөдөгү механикалык добулбастар дагы бар. Алар, үстү тери менен тартылып, атайын коймого коюлган казан сыяктуу жарым шарларды элестетет.
Добулбас төмөнкү жыштыктагы терең жана резонациялоочу бас үндөрүн чыгара алат. Аспап соло же ансамбль курамында колдонулат. Доолдор сыяктуу эле, мистикалык үндөрдү жакшы берет.
Үндөр учуна кийиз оролгон, анча чоң эмес таякчалар менен, ошондой эле кол менен уруу аркылуу алынат. Белгилүү бир үнгө туураланган добулбастын үнүн үстүнө тартылган терини азыраак же көбүрөөк тартуу менен өзгөртүүгө болот. Аткаруучу добулбастын үнүн атайын бурамалардын жардамы аркылуу ойноо алдында тууралап алат, салттуу добулбастарда болсо мындай мүмкүндүк каралган эмес.
Согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу үчүн добулбасты колго же ээрдин кашына илип коюп тоголок баш таяк менен ургулап кагышкан.
Добулбастардын түрү (чоң, орто, кичи) элдик аспаптар оркестринде жана фольклордук ансамбльдарда пайдаланылат. Диапазону: чоң октавадагы миден кичи октавадагы сольго (ляга) чейин. Динамикасы чоң: угулаар-угулбас шыбыштан, кубаттуу, күн күркүрөгөн өңдүү үндөргө чейин. Тремоло эффектиси көп пайдаланылат.
Заманбап партитураларда так обон көрүнүштөрүнө ээ болгон, соло добулбас эпизоддору кездешет (мисалы, Р. Жумакуновдун «Шаман бий» чыгармасында).