Корнет (итальянча cornetto, французча cornet à bouquin, англисче cornett), же цинк (немисче Zink) — эски үйлөмө музыкалык аспап. Көбүнчө жыгачтан жасалчу, сейрек — пил сөөгүнөн. XV кылымдын ортосунан XVII кылымдын ортосуна чейин батыш Европада жайылган; гүлдөө мезгили — XVII кылымдын башы. Аутентизм кыймылынын жана орто кылымдык музыкага болгон кызыгуунун аркасынан корнет XX кылымдын аягында кайрадан белгилүүлүккө ээ болгон.
Корнет | |
---|---|
Классификациясы | Хорнбостель — Закс системасы: үйлөмө музыкалык аспап |
Тектеш аспаптар | Серпент |
Заманбап Корнет музыкалык аспапбы менен алмаштырбайлы.
Заманбап классификация боюнча корнет көп учурда башка материалдардан (тери менен капталган жыгачтан, кээде пил сөөгүнөн) жасалганына карабастан музыкалык аспаптар ичинен жез үйлөмө музыкалык аспаптарга таандык. Корнетте музыкачы түтүк аспабында ойногондой ойнойт. Үндөр ооз менен үйлөөчү мүштөгүндө (жез, жыгач, мүйүз же сөөктөн жасалат) пайда болот. Музыкачы мүштөктү эриндеринин четтеринде, ошондой эле ортосунда дагы кармай алат. Корнеттин үнүнүн чыгышын флейта менен түтүктүн ортосундагы аспап катары баяндашат. Стандарттык диапазону Gдан A2ге чейин.
XV кылымдан XVII кылымдын жарымына чейин корнет Европадагы эң маанилүү музыкалык аспаптардын бири болгон. Ал адамдын үнүн өзгөчө так туурай (имитациялай) алат деп саналчу. Орто кылымдардын музыкасы заманбап музыкага караганда «ориенталдуураак» (чыгыш музыкасына жакыныраак) болгон делет, буга байланыштуу корнетте үндү «созуу» кадыресе көрүнүш катары саналчу.
Эски корнетте ойноону үйрөнүү — көп убакытты жана чебердикти көп жылдар бою жакшыртууну талап кылган татаал процесс.
Корнеттер жети көзөнөгү бар конус сымал түтүктү элестетип, түзүлүшү боюнча бир нече түрлөргө бөлүнөт:
Корнеттин иконографиясы XI—XII кылымдардан баштап байкалат, өзгөчө Англияда. Француз орто кылымдык адабияттын cor à doigts деп баяндалган аспап туура келген деп жоромолдонот. Корнет Линкольн кафедралык соборунун барельфинде сүрөттөлгөн. Кайра жаралуу доорунда шаардык майрамдарда тромбондор тобу үстүндө, асыл, дворяндык деп саналган түтүк аспабынын ордуна жогорку үн катары колдонулган. XVI кылымдын аягында Италияда корнет виртуоздуу соло аспап болгон. Белгилүү италиялык корнетчи — Джованни Бассано.
XVII кылымда кыл кыяктын атагынын өсүүсү менен корнет акырындан колдонуудан чыккан. Корнеттин жетектөөчү абалы көбүнчө XVIII кылымдын экинчи жарымында ага акыркы соло композициялар жазылган Түндүк Европада сакталган.
Корнетке маанилүү оркестрдик партия бөлүнгөн жана биздин күндөргө жеткен чыгармалардын бири, 1607-жылы жазылган Клаудио Монтевердинин «Орфей» операсы болгон.
Корнет венециялык соборлордо аккомпанияциялоочу аспап ролунда белгилүү болчу, мында хорго кеңейтилген аспаптык аккомпонемент артык көрүшүп, вокалдык партияларды күчөтүшкөн. Джованни Габриели корнетчи Джованни Бассано үчүн чыгармаларды жазган. Генрих Шютц дагы өзүнүн эрте композицияларында корнетти колдонгон — ал Джованни Габриеллиден билим алып, аткаруучу Бассано менен тааныш болгон.
Корнетке арналган көптөгөн соло партиялар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Иоганн Себастьян Бах дагы, Георг Филипп Телеман дагы корнетти (корнеттинону дагы) өзүнүн контаталарында хордук сопрано менен унисон пайдаланышкан. Сейрек учурларда композиторлор корнетке соло партияларды беришкен. Скарлатти өзүнүн операларынын бир нечесинде корнетти жана корнеттер тобунун түгөйүн колдонгон. Кристоф Виллибальд Глюк корнетти өзүнүн «Орфей жана Эвридика» операсында пайдаланган.