Гитара — кылдуу чертме музыкалык аспап. Музыканын көптөгөн стилдеринде жана багыттарында (музыкалык жанрлар, багыттар, стилдер) аккомпаниациялоочу же соло аспабы катары колдонулат. XX кылымда ойлоп табылган электр гитара музыкага кыйла өзгөрүүлөрдү алып келип, массалык маданиятка күчтүү таасир эткен. Мындан тышкары классикалык гитара, фламенко гитарасы, испан гитарасы жана башка кээ бир түрлөрү дагы бар.
Гитара | |
---|---|
Классикалык же испан гитарасы |
|
Классификациясы | кылдуу музыкалык аспап, хордофон |
Тектеш аспаптар | лютня, цитра |
Кылдарынын саны | 4-12 |
Жалпы жонунан гитара классикалык жана аккустикалык деп бөлүнөт, физика жагынан булардын экөө тең акустикалык деп саналат, анткени акустикалык резонатордун ролунда алардын чарасы болот. Мурда классикалык гитаранын үнү акырыныраак чыккандыктан, кийинчерээк үнүн катуураак чыгаруу максатында кылдары металлдан жасалган гитара чыгып, аны акустикалык деп аташат, ошентип акустикалык жана классикалык деп бөлүштүрүү жаралган, а бирок чындыгында экөө тең эле акустикалык, ал эми азыркы заманбап түшүнүк боюнча айырмачылыктары кийинкидей:
Классикалык | Акустикалык |
---|---|
Биринчи үч кыл нейлондон (металл кылды орнотууга болбойт, антпесе кыл тирөөчү сыйрылып же капкагы ийилип калат) | Бардык кылдар металлдан |
Капкактагы кылдар түйүн менен байланат | Атайын кыстырма менен кысылат |
Моюну жазыраак жана калыңыраак, буга ылайык кылдардын арасы дагы чоңураак | Моюну ичкерээк, буга ылайык кылдар арасы дагы жакын |
Кылдарды кысууга азыраак күч-кубат талап кылынат | Кылдарды кысууга көбүрөөк күч керек, жана көнгүчө манжаларды оорутат |
Чарасы өлчөмү стандарттык — 4/4, мындан тышкары балдарга арналган 1/4, 2/4, 3/4 өлчөмдөрү дагы бар | Чарасынын өлчөмдөрү өтө ар түрдүү, кээде тандоодо татаалдыкты жаратат, эң популярдуусу дредноуд, булар жаш балдарга жарабайт. |
Плектр (медиатор) менен дагы, манжалар менен дагы ойноого болот, ушул себептен классикалык гитарада ойногон гитарачылардын тырмактары узун | Акустикалык гитаранын конструкциясы плектр менен ойноого ыңгайлуу жана тескерисинче манжалар менен кичине ыңгайсыз, себеби кылдардын арасы жакын, бирок мүмкүн |
Моюну узунураак | Классикалыкка салыштырмалуу моюну кыскараак |
Ладдары көбүрөөк | Классикалыкка салыштырмалуу ладдары азыраак |
Айтылуу фингерстайл (англисче finger style, сөзмө-сөз манжалар стили) классикалык гитарадан жаралып, акустикалык гитарага өткөн. Жөнөкөй сөз менен айтканда манжалар менен терип ойноо деген мааниде.
Заманбап гитаранын алгачкылары саналган, кылдуу жана чарасы резонациялануучу аспап биздин заманга чейинки II миң жылдыкка таандык. Библияда эскерилген Шумер-вавилондук кылдуу аспап — киннордун сүрөтү, Месопотамиядагы археологиялык казууларда чопо барельефтерде табылган.
Байыркы Египетте жана Индияда дагы гитарага окшош аспаптар белгилүү: Египеттеги набла, нефер, цитра жана Индиядагы вина менен ситар. Ал эми байыркы Грецияда жана Римде кифара аспабы популярдуу болгон.
Гитарага чейинкилердин резонатордук чарасы узунураак, тоголок келип, моюну узун болгон. Чарасы бүтүн материалдан жасалган — кургатылган ашкабактан, таш баканын ташынан, же жыгачтын бүтүн кесиндисинен оюлган же чабылган.
III—IV кылымдарда Кытайда жуань (же юань) жана юэцинь аспаптары пайда болот, булардын жыгач чарасы өйдөңкү жана төмөнкү капкактан (дека) жана аларды бириктирген обечайкадан чогултулган.
Бул, Европада болжолдуу VI кылымдарда, латын жана мавританиялык гитаралардын пайда болуусуна алып келген. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн ою боюнча ушундай өңдүү аспаптын эрте сүрөтү, Меридадагы көрүстөн үстүндөгү стеллада кездешет. Утрехт псалтырындагы (диний китеп, 820—830-жылдар) миниатюралардагы «моюндуу ситардын» сүрөтү архаикалураак көрүнөт. Сен-Жермен-де-Пре (820—830-ж.) аббатыгындагы скрипториумда жасалган Штутгарт псалтырында дагы бир нече миниатюралар бар, алардан дагы гитаранын негизги мүнөздөмөлөрүнө (резонатордук чара, моюнча, буроолору бар кутуча) ээ болгон, кылдуу чертме музыкалык аспаптарды (Кылдуу музыкалык аспаптар, музыкалык аспаптар) көрүүгө болот. Кылдары (үчтөн алтыга чейин) чарасынын ылдый жагындагы тегерек кырга бекилип, плектрдын (медиатордун) жардамы менен термелет. Псалтырда баяндалган жана аспаптын аты болгон cithara латын сөзү гректердин «кифара» сөзүнөн чыгып, Орто кылымдар мезгилинде kitaire, quitaire, quitarre формасына ээ болот.
Кийинчерээк, XV—XVI кылымдарда виуэлла аспабы пайда болуп, заманбап гитаранын түзүлүшүнүн калыптанышына таасир этет.
Орто кылымдарда гитаранын өнүгүүсүнүн негизги борбору Испания болгон, мунун генезисин негизинен араб таасири менен байланыштырышат (мавританиялык гитара). XV кылымда Испанияда ойлоп табылган эки кабатталган (биринчи кылы бир кабаттуу болушу ыктымал) кылдардан турган 5 кылдуу гитара жайыла баштайт. Мындай гитара испаниялык деген аталышка ээ болот. XVIII кылымдын аягында испан гитарасы эволюциянын натыйжасында 6 бир кабаттуу кылдарга жана чыгармалардын аз эмес репертуарына ээ болот, мунун калыптануусуна XVIII кылымдын аягында — XIX кылымдын башында жашап өткөн италиялык композитор жана гитарачы-виртуоз Мауро Джулиани кыйла таасир этет.
XVIII—XIX кылымдардын өтүшүндө испан гитарасынын конструкциясы кыйла өзгөрүп, усталар анын өлчөмү жана чарасынын формасы, моюнунун, буроолор механизминин бекилиши жана башкалары менен эксперименттерди жүргүзүп келет. Акыры, XIX кылымда испаниялык гитара устасы «Антонио Торрес» гитарага заманбап формасын жана өлчөмүн берет. Торрестин конструкциясындагы гитараларды бүгүнкү күндө классикалык деп аташат.
Гитаранын классикалык ойноо техникасын түптөгөн ошол кездеги белгилүү гитарист жана композитор, испаниялык Франсиско Таррега болгон. XIX кылымдын белгилүү гитарачыларынын арасында Франсуа де Фосса жана Диониссио Агуадо дагы бар. XX кылымда гитарачы ишин испаниялык композитор, гитарачы жана педагог Андрес Сеговия уланткан.
XX кылымда электрондук үн күчөтүү жана иштетүү технологиясы пайда болуп, гитаранын жаңы түрү — электрондук гитара жаралган. 1936-жылы «Рикенбекер» компаниясынын негиздөөчүлөрү Жорж Бошам жана Адольф Рикенбекер тарабынан, чарасы металлдан жасалган жана магниттик үн алгычы бар алгачкы электрогитара патенттелген. 1950-жылдардын башында Лес Пол, чарасы бүтүн жыгачтан жасалган электр гитараны ойлоп табат, бирок кийинчерээк идеясын Лео Фендерге берет, анткени бүтүн чаралуу гитара идеясы Лес Пол иштеген Gibson компаниясына кызыксыз болчу. Электр гитаранын конструкциясы ушул күнгө чейин өзгөрүүсүз сакталууда.
Жети кылдуу гитараны орустар биздики деп айтып келишет, бирок кээ бир европалык сөздүктөрдө, ошол эле Владимир Дальдын сөздүгүндө муну Польшалык гитара деп берилгени анык. Цитата: «италиялык гитарада алты кыл, польшалык гитарада жети». XIX кылымдын башында Россияда саксон цистрасы аспабынын негизинде (бул аспап Лейпцигедеги немец гитаристи Иоган Шейдлердин камералык оркестрында, андан кийин Санкт-Петербургдагы музыканттар Жозеф Каменский жана Иоган Клавдий Ганс иштеген жерде болгон) Иван Батов тарабынан жасалган жети кылдуу гитара абдан жайылып кеткен, кийин бул гитара Иван Краснощёков жана анын окуучулары тарабынан жакшыртылган. 1802-жылы биринчи орус тилиндеги Игнатий Гельцтин жети кылдуу гитарада ойноо мектеби чыгарылган. XIX кылымдын биринчи жарымында композитор жана гитарисфт А. О. Сихранын аркасынан жети кылдуу орус гитарасы популярдуулукка жеткен.
Классикалык гитара жана электрогитарадан тышкары эстрадалык гитаралар дагы көп кездешет, алардын ичинен вестерн-гитара, фолк-гитара, туристтик (тревэл) гитара жана башкаларды белгилөөгө болот. Андан тышкары, электр жана акустикалык гитаралар менен катар гибриддик варианттар — электроакустикалык гитара (аппаратурага кошулуучу датчиктери бар акустикалык гитара, англисче acoustic electric guitar) жана жарым акустикалык (чарасы көңдөй электр гитара, англисче semi-acoustic guitar) гитаралар бар.
Гитара чарасынан жана гриф аталган моюнунан турат. Моюнунун маңдайкы жумушчу бети — жалпак же кичине дөмпөк. Моюнун бойлой параллелдүү түрдө кылдар тартылган, бир учу чаранын бетинде жайгашкан куткундун жана ошол эле убакта тепкектин ролун аткарган тирөөчкө бекилип, экинчи учу — моюнунун учундагы буроолор кутусуна (башына) бекилет. Чарасындагы тирөөчтө кылдар, атайын кулактары бар бураманын жардамы аркылуу кыймылсыз бекилет, башында болсо кылдардын тартылуусун тууралаган буроолор механизми менен тартылат.
Кылдар эки босогодо жатат — төмөнкү жана жогорку, кылдардын жумушчу узундугун аныктаган эки босогочонун аралыгы — гитара мензурасы болот. Жогорку босого моюнунун жогору жагында, башына жакын жерде жайгашат. Төмөнкү босого чарасындагы кыл тирөөчтө орнотулат. Төмөнкү босого катары айтылуу ээрлер (орусча сёдла) дагы боло алат — ар бир кылдын узундугун тууралоого мүмкүндүк берген жөнөкөй мехинизмдер.
Гитарадагы үн булагы катары — тартылып турган кылдардын термелүүлөрү саналат. Алынуучу үндүн бийиктиги кылдардын тартылуу күчү, термелүүчү бөлүктүн узундугу жана кылдын жоондугу менен аныкталат. Көз карандылык кийинкидей: кыл канчалык ичке, кыска жана катуу тартылган болсо — ошончолук үн бийик чыгат. Бул көз карандылыктын математикалык баяндалышы 1626-жылы Марен Мерсенн тарбынан чыгарылып, «Мерсенн мыйзамы» аталышын алып жүрөт.
Гитарада ойноодо үн бийиктигин башкаруунун башкы ыкмасы — бул кылдын термелүүчү бөлүгүнүн узундугун өзгөртүү. Гитарачы кылды моюнунун бетине же лад аталган босоголорго басып, анын жумушчу бөлүгүн кыскартат, буга ылайык кыл чыгарган үндүн тону жогорулайт (мындай учурда кылдын жумушчу бөлүгү төмөнкү босогодон гитарачынын сөөмөйү менен моюнунун бетине басылган ладга чейинки бөлүк болот). Кылдын узундугун эки эсеге кыскартуу үн тонунун октавага жогорулашына алып келет.
Батыш музыкасында бирдей темперацияланган 12 ноталык үн катар колдонулат. Гитарадагы мындай үн катарда ойноону жеңилдетүү үчүн айтылуу «ладдар» пайдаланылат. Лад — бул кылдын үнүн жарым тонго жогорулатуучу аспаптын моюнунун бетиндеги үзүндү же аралык, негизинен моюнунун бетинин тегиздигинен чыгып турган атайын металл сызыкчалар (босоголор) түрүндө болот дагы, кылдар ошол металл тилкелерге сөөмөйлөр менен кысылат. Аспаптын моюнундагы (грифтеги) чегинде ладдык металл босоголор бекилет. Ладдык босоголор болгон учурда кылдын жумушчу узундугун жана ага ылайык үндүн бийиктигин өзгөртүү дискреттик (үзгүлтүктүү, өзүнчө) ыкмада гана мүмкүн.
Төмөнкү босогодон n лад босогосуна чейинки аралык төмөнкүдөй формула менен эсептелет:
l = d * 2-n12
мында n — лад номери,d болсо — гитара мензурасынын номери.
Заманбап гитараларда болоттон, нейлондон же карбондон жасалган кылдар пайдаланылат. Кылдар жоондугуна жараша номерлер менен белгиленет, эң ичкеси 1-номер.
Кылдардын аспапта орнотулушу дагы жоондугуна жара болот, маңдайынан караганда эң жоону сол жагында, ичкеси оң жагында. Сологой гитарачылар үчүн кылдардын ирети тескерисинен орнотулат. Учурда, кылдардын көптөгөн түрлөрү чыгарылууда, алар жоондугу, даярдоо технологиясы, материалы, үн тембри, гитара түрү жана колдонуу чөйрөсү боюнча айырмаланат.
Кылдын номери жана кылдын музыкалык үндү чыгаруусун — «гитара түзүмү» деп аташат (гитаранын туураланышы, орусча строй). Гитаранын түрүнө, музыкалык жанрына жана аткаруу техникасына карата, гитара үн түзүмүнүн көптөгөн варианттары бар, мисалы:
Кылдарынын саны | Түзүмү | Кыл | |||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
1-чи | 2-чи | 3-чи | 4-чи | 5-чи | 6-чи | 7-чи | 8-чи | 9-чи | 10-чи | 11-чи | 12-чи | ||
6 | «испаниялык» | e1 ми | b си | g соль | d ре | A ля | E ми | ||||||
6 | «Түзүм C» | d1 | a | f | c | G | C | ||||||
6 | «Drop D» | e1 | b | g | d | a | D | ||||||
6 | кварталык | f1 | c1 | g | d | A | E | ||||||
7 | «Жети кылдуу» (терцдик) | d1 | b | g | d | B | G | D | |||||
12 | стандарттык | e1 | e1 | b | b | g | g1 | d | d1 | A | a | E | e |
Термелген кылдын өзү үндү абдан акырын чыгарат, а бул музыкалык аспапка жарабайт. Гитарада үндү чоңойтуу үчүн эки ыкма пайдаланылат — акустикалык жана электрдик.
Акустикалык ыкмада гитаранын чарасы акустикалык резонатор түрүндө жасалат, а бул адамдын үнүндөй үндү чыгарууга мүмкүндүк берет.
Электрдик ыкмада гитаранын чарасында бир же бирнече үн алгычтар орнотулат, алардан чыккан электр белгилер күчөтүлүп, электрондук каражаттар менен ойнотулат. Мында, гитара үнүнүн катуулугу, колдонулуучу аппараттын кубаттуулу менен гана чектелет.
Аралаш ыкмада үн алуу дагы мүмкүн, андай учурда электрондук үн алгыч же микрофон акустикалык гитаранын үнүн күчөтүүдө пайдаланылат. Андан тышкары, гитара синтезаторго үн киргизүү катарында иштей алат.
Жөнөкөй жана арзан гитараларда чарасы фанерадан, ал эми сапаттуу жана буга ылайык кымбат аспаптарда чарасы салттуу түрдө кызыл дарактан же палисандрдан жасалат. Ошону менен бирге, арткы капкагына жана обечайкаларына колдонулган жыгач үндүн чыгуусуна таасир этпейт. Маңдайкы капкагы шартка ылайык карагайдан же кедрдан, мунун себеби — бул дарак түрлөрүнүн түзүмү резонаторго жакшы келип, обертондорго каныккан үндү берет имиш. Амарант жана венге өңдүү экзотикалык варианттары дагы бар. Электрогитаралардын чарасын даярдап жатканда усталар көбүрөөк эркиндикке ээ. Гитаралардын моюну (грифи) буктан, кызыл дарактан жана башка жыгач түрлөрүнөн жасалат. Кээ бир усталар электргитараларды жасоодо башка материалдарды дагы пайдаланат. 1980-жылы Нэд Штейнбергер, Steinberger Sound фирмасын негиздеп, алар гитараларды ар кандай графит композиттеринен жасашкан[1].
Бүгүнкү күндө өтө көп болгон гитаралардын түрлөрү кийинкидей белгилер боюнча классификацияланышы мүмкүн:
Классикалык музыкада соло гитара деп ансамбли жок, бардык партияны өзүнө алган гитараны айтат, гитарада ойноонун эң татаал түрү.
Гитарада ойноодо гитарачы сол колунун манжалары менен аспаптын моюнундагы кылдарды кысат, ал эми оң колунун манжалары менен бир нече чертүү ыкмалардын бири менен үн чыгарат. Гитара ойноо учурунда гитарачынын алдында (горизонталдуу же моюну 45 градуска чейин кыйгач абалда) тизесине такалып, же далысынан өткөрүлгөн курдун жардамы менен илинип турат. Кээ бир гитарачылар, негизинен сологойлор оң жагынан кармашат, буга ылайык кылдарын дагы ордун алмаштырып орнотуп, колдордун функциясын өзгөртүшөт — аспап моюнундагы кылдарды оң колу менен кысып, сол колу менен үн чыгарат (чертет). Мындан ары колдордун аталышы оң кол менен черткен гитарачыга келитирилет, же сологой адамдар оңду сол деп, солду оң деп түшүнүүсү зарыл.
Гитарада үн чыгаруунун негизги ыкмасы чертүү саналат — гитарачы кылды сөөмөйүнүн же тырмагынын учу менен илип, кичине тартып анан коё берет. Манжалар менен ойноодо чертүүнүн эки түрүн пайдаланат: апояндо жана тирандо.
Апояндо (испанча apoyando, таянуу менен) — чертүү, черткенден кийин сөөмөй коңшу кылга таянат. Апояндонун жардамы менен гамма сымал пассаждар, ошондой эле, терең жана толук үндү талап кылган кантилена аткарылат. Тирандо жасоодо (испанча tirando — тартуу) апояндодон айырмаланып, чертүүдөн кийин сөөмөй коңшу жоонураак кылга таянбай, анын үстүнөн эркин өтөт, ноталарда апояндо белгиси (∧) көрсөтүлбөсө, чыгарма тирандо ыкмасында ойнолот.
Ошондой эле, гитарачы анча чоң эмес күч менен үч же төрт манжасы аркылуу «чачыранды» түрдө бардык же бир нече коңшу кылдарга урушу мүмкүн. Мындай үн алуунун ыкмасы расгеадо (испанча rasgueado) аталат. Ошондой эле, «тароо» (орусча чёс) аталышы көп жайылган.
Чертүү же уруу оң колдун манжалары же плектр (медиатор) аталган атайын каражаттын жардамы менен аткарылышы мүмкүн. Плектр, анча чоң эмес, катуу материалдан (сөөктөн, пластиктен, металлдан) жасалган, үч бурчтук сыяктуу жалпак пластинаны элестетет. Гитарачы аны оң колунун манжалары менен кармап, кылдарга чертет же урат.
Көптөгөн заманбап музыка стилдеринде слэп аталган үн алуу ыкмасы кеңири жайылган. Ал үчүн гатарачы өзүнчө кылга сөөмөйү менен катуу урат (албетте, кыл үзүлбөгөндөй) же кылды илип анан коё берет. Бул ыкмалар слэп (уруу) жана поп (илип алуу) деп аталат. Слэп көбүнчө бас гитарада ойноодо колдонулат.
Акыркы он жылдыкта (2023) үн алуунун өзгөчө ыкмасы активдүү өнүгүүдө, мында гитара моюнундагы ладдар арасына колдун манжалары менен жеңил урууда үндөр чыгат. Мындай үн чыгаруу тэппинг (эки кол менен ойноодо — эки колдуу тэппинг) же тачстаил (англисче TouchStyle) аталат. Тэппинг ыкмасында ойногондо, фортепианодо ойноп жаткандай элестетилет, жана ар бир кол өзүнүн көз карандысыз партиясын аткарат.
Сол колу менен гитарачы гитара моюнун (грифин) ылдый жагынан кармап, бармагы арткы бетине таянат. Калган манжалар моюнунун жумушчу бетиндеги кылдарды кысууга пайдаланылат. Манжалар кйинки ыкмада белгиленет: 1 — сөөмөй, 2 — ортончу, 3 — аты жок, 4 – чыпалак. Ладдарга жараша колдун абалы «позиция» аталып, рим саны менен белгиленет. Мисалы, гитарачы кайсы бир кылды 1-сөөмөйү менен IV ладда кысса, кол IV позицияда турат деп айтышат. Кысылбаган (басылбаган) кылды «ачык» дешет.
Кылдар манжалардын жаздыкчалары менен кысылат — бир сөөмөй менен гитарачы белгилүү бир ладда бир кылды кысат. Эгер сөөмөйдү толугу менен грифке коюп кылдарды кыссак, ладдагы бардык же бир нече кылдар кысылат. Бул абдан кеңири таралган ыкма, аталышы — «баррэ». Баррэнин эки түрү бар: чоң баррэ же толук баррэ (бардык кылдар кысылат) жана кичи баррэ (жарым баррэ), мында аз сандагы кылдар кысылат (2ден 6га чейин). Баррэ коюуу учурунда калган манжалар эркин болуп, башка ладдардагы кылдарды кысууга колдонулушу ыктымал. Сөөмөй менен чоң баррэ жасап, андан тышкары башка ладдан кичи баррэ жасоого зарыл болгор аккорддор бар, бул үчүн тигил же бул аккорддун ыңгайлуу аткарылышына жараша, каалаган эркин манжа пайдаланылат. Баррэ физикалык жактан жетишээрлик түрдө татаал ыкма болгону менен, аны каалаган деңгээлдеги гитарачынын билүүсү зарыл, анткени ага аккорддордун көпчүлүк бөлүгү байланышкан.
Өйдөдө баяндалган негизги гитарада ойноо техникасынан тышкары, музыканын түрдүү стилдеринде, гитарачылар тарабынан кеңири колдонулуучу ар кандай ыкмалар бар.
Гитарада диапазонуна жеткиликтүү үндөрдүн көпчүлүгү бир нече ыкма менен алынышы мүмкүн. Мисалы, биринчи октавадагы ми үнү, 1-ачык кылда, 2-кылдын 5-ладында, 3-кылдын 9-ладында, 4-кылдын 14-ладында, 5-кылдын 19-ладында жана 6-кылдын 24-ладында алынышы мүмкүн (24 ладдуу жана стандарттык түзүмдөгү 6 кылдуу гитарада). Бул, бир эле чыгармадагы үндөрдү ар башка кылдар жана ар башка манжалар менен кысып, бир нече ыкмада ойноого мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, ар бир кылда ар кандай тембр басымдуулук кылып турат. Чыгарманы ойноодо гитарачынын манжаларынын жайгашуусу — чыгарманын апликатурасы аталат. Ар кандай үндөштүктөр, аккорддор дагы көптөгөн ыкмада ойнолуп, ар кандай апликатурага ээ. Гитаралык апликатураларды жазуу үчүн бир нече ыкмалар колдонулат.
Заманбап музыкалык ноталоодо гитара чыгармаларын жазуу үчүн, чыгарманын аппликатурасын көрсөтү максатында шарттуу белгилердин топтому пайдаланылат. Мисалы, үндү аткарууга сунушталган кыл, тегерекченин ичинде кылдын номери менен белгиленет, сол колдун позициясы (лад) — рим цифрасы менен, сол колдун манжалары — 1ден 4кө чейинки сандар менен (ачык кыл — 0), оң колдун манжалары — p, i, m, a, e латын тамгалары менен, ал эми медиатор менен уруу багыты ылдый (∏) жана өйдө (∨) белгичелери менен белгиленет.
Андан тышкары, ноталарды окууда гитара транспондоочу (реалдуу үн бийиктиги ноталанган үн бийиктигине туура келбеген) аспап экенин эстен чыгарбоо керек — гитарага арналган чыгармалар реалдуу үнүнүн чыгышынан бир октавага жогору жазылат. Бул нерсе ылдый жагынан кошумча сызыктарды сызбоо үчүн жасалат.
Табулатура — бул музыкалык чыгармаларды ноталоонун алтернативдүү ыкмасы. Гитаралык табулатурада бийиктиги эмес, позициясы жана ар бир үндүн ойноо кылы көрсөтүлөт. Ошондой эле табулатуралык жазууда ноталык жазууга аналогиялуу болгон манжалардын белгилениши колдонулушу мүмкүн. Табулатуралык жазуу өзүнчө же ноталык жазуу менен бирге дагы колдонулат.
Гитарада ойноого үйрөнүү процессинде кеңири колдонулган, «аппликатура» аталган графикалык сүрөттөр дагы бар. Мындай аппликатура, гитара моюнунун жана андагы манжалар коюлуучу чекиттер менен белгиленген схемалык сүрөттү элестетет. Манжалар моюндун позициясы сыяктуу эле, жеке номерлер менен белгилениши мүмкүн.
«Гитара аккорддорунун эсептегичтери» аталган программалык өндүрүмдөрдүн классы да бар — бул, берилген аккордго бардык мүмкүн болгон аппликатураларды эсептеп көрсөтө алган программалар[4].
Гитараны пайдалануу жана анда чыгармаларды аткаруу процессинде, аспап менен кошо ар түрдүү аксессуарлар жана куралдар колдонулушу мүмкүн, булардын ичине кийинкилер кирет:
Гитара аспабы жөнүндө же ага аргалган көптөгөн чыгармалар дагы сан жеткис, айрымдарын гитара жөнүндө ырлар макаласынан караңыз