Тромбон (итальянча trombone, түз мааниде «чоң түтүк», англисче жана французча trombone, немисче posaune) — европалык үйлөмө амбушюрдук музыкалык аспап.
Тромбон | |
---|---|
Диапазону | G1ден (контроктавадгы сольдон) F2 (экинчи октавадагы фага) чейин |
Классификациясы | Хорнбостел — Закс системасы, Үйлөмө музыкалык аспаптар, жез үйлөмө музыкалык аспап |
Тектеш аспап | Сакбут |
Бас-тенордук регистрдагы жез үйлөмө музыкалык аспаптардын оркестрдык тобуна кирет. Жылдырма түтүгү (уч, таажы), кулисасы, түтүк оозу (орусча раструб), мундштугу бар узун, ийилген металл түтүктөн турат.
Пайда болгондон баштап минималдуу конструкциялык өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Тромбон — штрихтери боюнча ар кандай, жана техникалык жактан кыймылдуу аспап, ортоңку жана жогорку регистрларда ачык тембрга ээ, төмөнкү регистрда — күңүрт. XV кылымда пайда болуп, XIX кылымдын ортосунда заманбап көрүнүшкө ээ болгон. Опера жана джазда кеңири колдонулат.
Европада XV кылымдан бери белгилүү. Башка жез үйлөмө аспаптардан кулисанын болушу менен айырмаланат — U сымал кыймылдуу өзгөчө түтүкчө, мунун жардамы менен музыкачы аспаптын ичиндеги абанын көлөмүн өзгөртүп, хроматикалык үн катардагы үндөрдү аткарууга мүмкүндүк алат (түтүктө, валторнада жана туба аспаптарында бул максаттар үчүн атайын абаны өткөрүп жана токтотуп туруучу буроолор жана көзөнөк жапкычтар кызмат кылат). Тромбон — транспондоочу эмес аспап (чыгарманы бир үндөн экинчисине өткөрбөгөн), ошондуктан анын ноталары дайыма чыныгы үнүнүн чыгышына ылайык жазылат. Кээ бир тромбондордо кошумча узартмалар (орусча крона) болот, алар үндөрдү кварта жана квинтага төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, мындай узартмалар квартвентиль жана квинтвентилдин жаржамы менен кошулат.
Аспап түркүмдү калыптандырган бир нече түрлөрдөн турат. Биздин заманда (XXI кылымда) негизинен түркүмдүн негизги өкүлү болгон тенордук тромбон пайдаланылат. Эреже катары «тромбон» деп дал ушул түрү айтылат, ошого байланыштуу «тенордук» деген сөздү көп колдонушпайт. Альт жана басс тромбондор сейрек колдонулат, сопрано жана контрабасстык — дээрлик колдонулбайт.
Тромбондук диапазону — G1ден (контр октавадагы соль) F2 чейин, Bb жана E (си-бемоль контроктава — чоң октавадагы ми) ортосундагы үндөрдү өткөрүү менен. Бул аралык (B нотасынан тышкары, башкача айтканда контроктавадагы си) квартвентиль болгондо орду толтурулат.
Тромбон — штрихтери боюнча ар түрдү, техникалык жактан кыймылдуу аспап, орто жана жогорку регистрда ачык, мыкты тембрга ээ, төмөнкү регистрда — күңүрт, кайгылуу. Тромбондо сурдинаны (үн басаңдаткыч) колдонууга болот, глиссандро өзгөчө эффектиси кулисанын жылдыруу аркылуу болот. Заманбап симфониялык оркестрда негизинен үч тромбон пайдаланылат (эки тенордук жана бир басстык).
«Bb» (кичи октавадагы си-бемоль) түзүмүндөгү тенордогу тромбондор өз кезегинде бир катар түрлөргө ээ, жана шарттуу түрдө ичке-, орто-, жана кеңири мензуралык болуп бөлүнөт.
Мензура, же bore-калибр — бул кулисанын цилиндрлик ички диаметри. Дюймдун миңдик бөлүктөрү менен өлчөнөт (кээде метрлик системага которуу менен). Эгер диаметр кулисанын дээрлик бардык узундугунда дирдей болсо (эки түтүк тең бирдей), анда мындай тромбон «бир түтүктүү» аталат. Эгер түтүктөр ар кандай болсо, анда бул айтылуу — dual bore (кош калибр).
Ичке мензуралуу деп шарттуу түрдө калибры 500 миңдик дюймга (12,7 миллиметр) же андан кичине болгондор айтылат. Орто мензуралуу — 500 өйдө жана 547 төмөн.
Кең мензуралуу деп жалгыз 547 калибрдегиси айтылат.
Басстык тромбон акустикалык жактан тенордук түзүмдөгүдөй, жана андан чоңураак мензурасы (562ден 578ге чейин) жана эки жапкыч вентили менен айырмаланат. Вентилдердин конструкциясы көз каранды жана көз карандысыз болот. Көз карандылары эки вариантта гана иштейт: төмөнкү кварта же жөн гана квинта. Көз карандысыздары эки вариантта: кварта, чоң терция, кичи секста же кварта, чоң секунда, квинта.
Тромбондун негизги колдонуу чөйрөсү — симфониялык, үйлөмө, джаздык (биг бэнд) оркестр, ар кандай курамдагы ансамбльдарда, тромбон квартеттери чиркөөлөрдө органдын үнүн алмаштырууда жана ырдоочулардын үнүн коштоодо колдонулат, ошондой эле, соло концерттик аткаруучулукта.
Тромбондун пайда болуусу XV кылымга таандык. Буга чейинкилерин кулисалык түтүктөрдү санашат, мындайда ойноодо музыкачы аспаптын түтүгүн жылдырып, хроматикалык үн катарды алчу. Мындай түтүктөрдүн тембри адам үнү менен окшошураак болгондуктан чиркөөлүк хордогу үндөрдү эки эселентүүдө пайдаланылган. Бир гана интонациянын окшоштугуна жетүү керек эле, бул үчүн хроматизм жана вибратону берген кулисаны жасашкан.
Өзүнүн жашоосунда тромбон конструкциясы жагынан дээрлик радикалдуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес.
Тромбонду элестеткен биринчи аспаптар сакбут аталган (французча saquer — өзүнө тартуу, bouter — өзүңдөн түртүү). Булар заманбап аспаптардан өлчөмү боюнча кичирээк болуп, ырдоо үндөрүнүн регистрлары боюнча бир нече түрлөрү болгон, алар тууроо тембрин дагы эки эселенткен: сопрано, альт, тенор жана бас. Сакбуттар хроматикалык үн катарынын айынан оркестрлардын дароо туруктуу мүчөлөрүнө айланган. Сакбуттардын анча-мынча жакшыртылышы XVII кылымда дээрлик заманбап аспаптардын пайда болуусуна алып келип, аларга италиялык trombone сөзү колдонула баштаган.
XVIII кылымдын жарымына карата тромбонду колдонуунун негизги чөйрөсү чиркөөлүк музыка болгон: көбүнчө бул аспаптарга ырдоочу үндөрдү коштоо (кайталоо) берилген. Оркестрдын туруктуу мүчөсү катары VXIII—XIX кылымдардын чегинде болот. Эреже катары оркестрдын курамына үч тромбон кирчү: альттык, тенордук жана басстык (сопранолук тромбондо кичинекей кулисасы менен таза ойноо татаал болгон). Ошол эле убакта, тромбон өзүнүн амплуасын (ролдордун белгилүү бир түрү) чукул өзгөрткөн. Чиркөөлүк ырчылардын ачык тембри менен айкалышкан тромбондун салтанаттуу тембри караңгы, кайгылуу төмөнкү регистрга өтүп, жогорку тесситураны түтүктөргө жана валторналарга калтырган. Тромбондун кайгылуу тембри табияттан тышкаркы күчтөр, аркы дүйнө менен ассоциацияланып, опералык спектакльдардагы ушуга мүнөздүү сахналарында колдонулган. Кристоф Виллибальд Глюк тромбон триосуна «Альцеста» маркумду көмүү хорун, Орфейдеги Фурий хорун, ошондой эле, «Тавриддеги Ифигениялар» драмалык эпизодду коштоого тапшырма берген. В. А. Моцарт тромбонду дээрлик бир гана операларда («Дон Жуандагы» Командор менен болгон көшөгө өзгөчө трагедиялуу) жана чиркөөлүк музыкада колдонгон, айрыкча бул аспапка соло берилген Реквиеминде. Людвиг ван Бетховенде биринчи жолу тромбондор Бешинчи симфониянын аягында пайда болгон, кийин Алтынчы жана Тогузунчу симфонияларында, «Христос Майлуу тоодо» ораториясында жана башка чыгармаларында колдонулат. Ошондой эле, композиторго тромбон квартети үчүн үч пьеса (немисче Drei Equale) таандык. Бетхонвенде тромбон амплуасы кайрадан өзгөрөт. Эми башкы регистр катары ачык жогорку регистр болуп, анын тембри жаркын баатырдык эпизоддордо колдонулган (бирок кайгылуу образдар дагы кездешет — Фиделио операсындагы түрмөдөгү көшөгө). Бетховен үч тромбонду оркестрдин туруктуу мүчөсүнө айландырган. Тромбонго жаңы амплуаны Рихард Вагнер да берген. Кайгылуу, капалуу төмөнкү («Рейн алтыны») жана ачык жогорку («Валькириялардын учуусу») регистрларды колдонуп, ал асыл ортосун өзүнө ачып, тромбонду сүйүү лирикасында («Тристан жана Изольда») эң маанилүү аспап катары колдоно баштаган. Тромбондун андан аркы өнүгүүсү джаз музыкасы менен байланыштуу (караңыз: музыкалык жанрлар), мында ал Р. Вагнердин лирикалуулугун улантып, үндү басаңдатуучу сурдина, букет сыяктуу шаймандарды колдонуу менен андан дагы күчөгөн. Бирок, джазда тромбондун башка амплуалары дагы бар. Заманбап музыкада тромбон мүнөзү боюнча ар түрдүү келген аспаптардын бири. Джаздан алынган кулисалык вибрато ыкмасы анын тембрин байыткан.
Тромбондун кеңири таралышына бүткүл Европада жана Түндүк Америкада эл алдына чыгып турган үйлөмө аспаптардын көп сандаган кыдырма ансамбльдары жана оркестрлары өбөлгө түзгөн.
Романтизм доорунда композиторлор тромбондун ачык үнүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө көңүлүн бурушкан. Берлиоз, аспап асыл жана улуу үнгө ээ деп жазган, жана бул аспапка Траурдук-триумфалдык симфониянын экинчи бөлүгүндө чоң солону берген. XIX кылымдын экинчи жарымында тромбондо соло аткаруучулук активдүү өнүгөт: ал убактын тромбончу солисттеринин арасында немистер Фридрих Бельке, Карл Квайсер жана Мориц Набих, француз Антуан Дьепо, италиялык Фелиппе Чиоффи болгон. Тромбондун репертуары Давид Фердинанттын, Ф. А. Куммер, Ю. Новаковскийдин чыгармалары менен толукталат.
1839-жылы лейпцигдик музыкалык чебер Кристиан Затлер тромбондун үнүн квартага төмөндөтүүчү квартбуроону ойлоп табат, муну менен айтылуу «жансыз аймактагы» (тромбондун конструкциялык өзгөчөлүгүнөн улам жеткиликсиз болгон үн катар кесиндиси) үндөрдү алуу мүмкүн болгон. Тромбонго түтүк жана валторна аспабындагыдай буроолор (баскычтар) системасын киргизүү аракеттери дагы болгон, бирок, бул жаңы киргизүүлөр техникалык жактан кыймылдуу болсо да, үнүнүн чыгышы начарлап калгандыктан (тембри чукул жана кайгылуу түтүк тембрине жакындап калган) кеңири жайылууга ээ болбой калган.
XIX кылымдын экинчи жарымында өткөн кылым менен салыштырмалуу аспаптарды өндүрүүнүн кубаттуу мануфактуралары калыптанат, мисалы, АКШда — Bach, Holton, Conn, King, Европада — Heckel, Zimmerman, Besson, Courtois. Кээ бир тромбондор тажрыйбадан чыгат, мисалы, альттык жана контрабастык.
XX кылымда аткаруучулук мектептердин өнүгүүсүнөн жана аспаптарды чыгаруунун технологиясы жакшыртылгандыктан, тромбон кыйла белгилүү аспап болуп калган. Композиторлор аспапка көп сандаган концерттик адабияттарды түзүп, тромбон аспабы джазда жана ага тектеш жанрларда (джаз-рок ж. б.) маанилүү орунду ээлейт. Тромбондун алгачкы солисттеринин арасынан Джек Тигарден жана Дж. Джонсонду белгилөөгө болот.
1980-жылдардын аягынан эски (сакбуттарга) жана колдонуудан чыккан тромбондорго кызыгуу кайра жаралат. Бирок, симфониялык оркестрда жаңы түрүнүн үч түркүмү колдонулчу: тенордук (биринчиси альттык ачкычта жазылып, мында тромбончу кичирээк мундштукту бийик ноталар үчүн колдонот, мындай жалган альттык тромбон джаздык оркестрлардын партиялары үчүн кадыресе көрүнүш), кварт буроосу (баскычы) бар тенор-бастык (колдонуудан чыккан бастык тромбонду алмаштырат, бирок, мунун си контрактавасындагы үнү жок) жана кош кварт буроосу бар тенор-контрабастык тромбон (Р. Вагнер киргизген, бирок, колдонуудан чыккан контрабастык тромбонду алмаштырат, жана ми-фа контроктавадан баштап, анын бардык үн катарына ээлик кылат). Бастык жана контрабастык тромбондордун тембри тенордукка караганда каардуу келет, бирок, тромбондордун триосу жана квартеттеринин (квинтетиники андан бетер) үнү бирдей же кошулгандай угулат (түтүктөрдө мындай нерсе ар бир түрүнүн үнү чукул индивидуалдуу, өзгөчө альттык жана бастык түтүктөр, бул тромбондордун түтүктөрдөн дагы бир айырмачылыгы). Оркестр үчүн тромбондордун туба менен триосу (2 тенор + 1 бас) жана контрабас тромбон менен квартети (туба аспабы, валторна жана вагнердик аспаптар үчүн басты ойноо максатында бошотулат) кадыресе көрүнүш.
Түзүүчү бөлүктөр:
Башка жез үйлөмө аспаптардай эле, тромбондо гармониялуу үндөштүктөрдү алуунун негизги ыкмасы эриндин абалдарын алмаштыруу жана аба түркүгүнүн узундугун өзгөртүү менен ишке ашырылат, а бул нерсе кулисаны жылдыруу аркылуу жөндөлөт.
Ойноп жатканда кулиса оң кол менен жылдырылып, аспап сол кол менен кармалат.
Аспапта жети абал (кулисанын абалы) бар, алардын ар бири аспаптын түзүмүн жарым тоналдуулукка төмөндөтөт. Буроолору (баскычтары) бар тромбондордо ар бир абал буроолордун белгилүү бир комбинациясына туура келет. Биринчи абалда кулиса жылбайт, өзүнүн баштапкы же биринчи абалында болот, жетинчи абалында — максималдуу мүмкүн болгон аралыкка жылдырылат (чыгарылат). Төмөнкү таблицада тромбондун абалдары жана башка жез аспаптардагы буроолорду колдонуунун туураланышы берилген.
Абал | Туура келүүчү буроолор же баскычтар | Тромбондун негиз тоналдуулугу |
---|---|---|
I | - | Bb (си-бемоль) |
II | 2 | A (ля) |
III | 1 | Ab (ля-бемоль) |
IV | 1+2 или 3 | G (соль) |
V | 2+3 | F# (фа-диез) |
VI | 1+3 | F (фа) |
VII | 1+2+3 | E (ми) |
Негизги тоналдуулук — аспаптагы толук аба түркүгүнүн термелүүсүнөн пайда болгон үн. Баскыч же бут баскыч үн аталган негизги тоналдуулукту бардык жети абалда алууга болот, бул аткаруучунун чебердигинен, жана аспаптын үнүнүн катуу чыгуусунан көз каранды. Мындай үндөр биринчи үч—төрт абалда жакшы алынат.
Кээ бир тромбондор аспаптын бүткүл үн катарын квартага төмөндөтүүчү узартмага (уч же орусча крона) ээ. Бул узартма атайын кварт буроо аталган рычаг менен кошулат, ал атайын чынжырдын, жиптин же рычагдын тартылуусу менен бармак аркылуу басылат. Кварт буроолуу, мензурасы кең жана оозу (раструб) чоң тромбон негизинен тенордук жана бас тромбондордун комбинациясы болуп саналат, кээде тенор-бастык тромбон деп аталат.
Кварт буроону кошкондо тромбон алты абалды гана берет, анткени, кулисаны ар бир кийинки абалга жылдыруу тромбон түтүгүнүн узарышынан улам көбүрөөк мейкиндикти талап кылат.
Глиссандо — аспаптын кулисасы бир абалдан кийинкисине жай-салмактуу өткөн ыкма, ошону менен бирге музыкачы үндү үзгүлтүккө учуратпайт. Өзгөчө үн эффектилери үчүн колдонулат.