Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музыка

Баш барак | Музыка | Музыка

Музыка (μουσική [musiki] байыркы грек сөзүнөн, musike грек сөзүнө өтүшүп, музалар өнөрү дегенди билдирет) — белгилүү бир ыкмада уюшулган үндөр форма, гармония, обон, ритм же башка таасирдүү мазмун айкалыштарын түзүү үчүн колдонулган искусствонун түрү.

Жаплы маалымат

Жөнөкөй сөз менен айтканда, музыка бул — обон жаратуу үчүн, үндөрдү тандай билүүдөн турган искусствонун түрү.

Музыка менен ырдын айырмасы:

Музыка аныктамасы тигил же бул маданиятка жараша айырмаланып турат, бирок ал бардык адамзат жамааттарынын аспектиси — маданиятык универсалиясы (жалпы түшүнүгү) катары саналат. Музыка бир нече конкреттүү элементтер (бийиктик, тембр, созулгандык, форма ж. б.) менен аныкталат деп изилдөөчүлөр айтышат, бирок алардын аныктамаларына бирдиктүү ой жок. Музыка жаратуу негизинен музыкалык композиция, импровизация жана аткарууга бөлүнөт, ал эми музыкалык искусствонун ар кандай аспектилери академиялык дисциплиналардын (мисалы, музыка таануу жана музыка теориясынын), сын пикирдин, философиянын жана психологиянын чегинде каралат. Музыканын аткарылышы жана импровизациясы кеңири спектрдагы музыкалык аспаптардын, анын ичинде адам үнүнүн колдонушу менен ишке ашышы мүмкүн.

Музыкага байланышы бар Г. Айтиев жана Ж. Кожахметовдордун, Акындар сүрөтү
Музыкага байланышы бар Г. Айтиев жана Ж. Кожахметовдордун, «Акындар» сүрөтү

Кээ бир музыкалык багыттарда музыканы аткаруу же жаратуу, тигил же бул деңгээлде импровизацияланган болушу мүмкүн. Мисалы, кыргыздын айтышында, акын шартка ылайык жарым-жартылай аныкталган түзүмдү ээрчүү менен ага мүнөздүү мотивдерди колдонуп, спонтандык түрдө аткарат (Кыргыз эл музыкасы макаласын караңыз). Ушул эле нерсе, хиндустан классикалык музыкасында байкалат. Модалдык джазда аткаруучулар өзгөрмө ноталардын топтомун колдонуу менен кезектешип башчылык кылып жана жооп дагы бере алат. Эркин джазда (free jazz) кандайдыр бир түзүм болбошу мүмкүн, ошону менен бирге ар бир аткаруучу өз оюнча иш-аракет кылат. Музыка аткарылбагандай болуп атайын жазылышы дагы мүмкүн, же электрондук каражаттар аркылуу, түрдүү аспаптык партиялар менен чогултулушу ыктымал. Музыка коомдук жайларда жана жеке аймактарда аткарылат, фестивал, рок-концерттер жана оркестрлар предмети саналат, музыкалык коштоонун, кино тасманын, телешоудун, операнын же видео оюн саундтрегинин ролун аткарышы мүмкүн. Музыканы ойнотуу — гаджеттердеги, смартфондордогу аудиоплеердин негизги функциясы, радионун универсалдуу мүнөзү.

Коомдук иш-чараларда, диний ырым-жырымдарда, майрамдарда жана маданий иш-чараларда музыка көбүнчө негизги ролду ээлейт. Музыкалык индустрия өзүнө ырлардын авторлорун, аткаруучуларды, үн режиссёрлорду, продюсерлерди, турне уюштуруучуларын, музыкалык аспаптардын, акссесуарлардын жана партитуралардын дистрибьюторлорун камтыйт. Композицияларды, аткарууларды жана музыкалык жазууларды музыкалык сынчылар, журналисттер, музыка таануучулар жана сүйүүчүлөр баалайт жана анализдешет.

Термин жөнүндө

Гректердин μουσική сөзү сын атооч катары саналат. Кийинчерээк μουσική сын атоочу субстанцияланып, Байыркы Римде musica сөзү сын атооч жана зат атооч функциясында (музыка) дагы белгиленет.

Музыка терминин түшүнүүгө түшүнүк кошкон, сөзү Ж. Молдалиевдин, обону И. Кебековдун «Музыка» аттуу чыгармасы жакшы мисал:

Мукам-мукам күүлөрдү төгүлтөсүң,
Муютасын кыялга чөмүлтөсүң.
Качанкыны заматта калпып келип,
Кайрыктардын ичинен көрүнтөсүң.

Ыр сулуусун кучактап көктө сызып,
Тап бересин, жүрөккө чоктон ысык.
Сен зат болсон эгерде колго кармаар,
Өтөөр элем боорума кысып-кысып.

Жүрөк десем же көзгө көрүнбөйсүң,
Мүрөк десем мөлтүлдөп төгүлбөйсүң.
Тыншап туруп мукам үн музыканы,
Баа жетпеген бактылуу өмүр дейсиң.

Тарыхы

Негизги макала: Музыка тарыхы

Адамзаттын өнүгүүсүнүн эрте баскычтарында музыка дээрлик прикладдык нерсе болгон. Мындан, музыкалык стилдин «каноникалуулугу», андагы жеке автордук башаттын азыраак белгилүүлүгү келип чыгат. Бышып жетилген музыкалык маданияттардын профессионалдуу чыгармачылыгында, музыка түздөн-түз сөз, бий, ырым-жырымдык көз карандылыктан акырындык менен арыла баштаган. Кеч орто кылымдан баштап (XV кылым), өзгөчө Кайра жаралуу доорунда Европада айтылуу автономдук музыканын биринчи формалары өнүгүп (Г. Бесселер боюнча «тартуулама», башкача айтканда, угуу үчүн гана арналган), композитордук өз алдынча ой калыптанып, композитор кесиби өзгөчөлөнө баштаган. Жаңы мезгилде (барокко доорунан баштап) «прикладдык» түзүүчүсү айтылуу программалык музыка түрүндө жашоосун уланткан, бирок аны менен удаалаш музыканын имманенттик негиз идеялары пайда болгон, XIX кылымдагы атактуусу — абсолюттук музыка идеясы. XX кылымдагы авангардисттердин чыгармачылыгында музыка тарыхынын вектору кезектеги туу чокусуна жеткен — композиторлор өзүлөрүнүн жазгандарына кандайдыр бир кадимки жанрлар жана формалар менен болгон ассоциацияларды жокко чыгарган аталыштарды бере баштаган (мисалы, Веберндин «Оркестр үчүн беш пьесасы», Булездун «Түзүмү», Уствольскийдин «№2 композициясы»), же жазууларга берилген аталыштар шарттуу мүнөзгө ээ болгон.

Тарыхка чейинки доор

Заманбап адамдын жаралышы 160 миң жыл мурун Африкада болгон деп жоромолдонот. Болжолдуу 50 миң жыл мурун адамдар бардык жашоого мүмкүн болгон континенттерге отурукташкан. Дүйнө адамдары, анын ичинде көбүрөөк обочолонгон уруулук топтор музыканын кээ бир формаларына ээ болгондуктан, тарыхчылар Африкадагы биринчи адамдарда дагы, алардын планетага жайылганга чейин музыкасы болушу керек болчу деген тыянакка келген. Ошентип, музыканын 50 миң жыл мурун Африкада жаралганынан кийин, акырындык менен бүткүл планета боюнча адам жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү болуп калган деп жоромолдонот.

Тарыхка чейинки же примитивдүү деп, оозеки музыкалык салтты белгилешет. Буга америкалык же австралиялык аборигендердин музыкасы мисал боло алат. Музыкадагы тарыхка чейинки заман, музыкалык чыгармаларды жазууга өтүшү менен аяктайт. Чопо такталарга (орусча клинопись) жазылган жана Ниппур казууларында табылган, эң байыркы белгилүү музыкалык чыгармалардын бири, болжолдуу биздин заманга чейинки 1900—1600-жылдар менен даталанган. Тактадагы жазуунун дешифрлениши 1986-жылы Берклидеги Калифорния университетинин профессору Энн Драффкорн Килмер тарабынын жарыяланган. Изилдөөчүнүн маалыматына ылайык, тактада үчүнчүлүктөр гармониясындагы музыканы аткаруу жана жазуу боюнча бөлүк-бөлүктөрү менен көрсөтмөлөр камтылып, ал диатоникалык гамманын колдонуусу менен жазылган.

Окумуштуулар тарабынан эң байыркы деп аныкталган музыкалык аспаптардын бири — флейта. Тактап айтканда, жашы биздин заманга чейинки 35-40 миң жыл деп саналган скульптуралардын жанынан табылган флейта экземпляры.

Байыркы Египет музыкасы

Негизги макала: Байыркы Египет музыкасы

Пирамидалардын дубалдарында, байыркы папирустарда, «Пирамида тексттери» жана «Өлгөндөр китеби» жыйнактарында диний гимндердин саптары болгон. «Ашыктыктар» жана «мистериялар» дагы кездешет. Популярдуу сюжет катары Осиристин «ашыктыктары» саналган, мында ал жыл сайын өлүп кайра тирилип турган имиш, ошондой эле өлгөн Осириске арналган аялдардын ыр ыйлары (кошоктору) белгилүү. Ырларды аткаруу драмалык көрүнүштөр менен коштолушу мүмкүн болгон делет.

Байыркы египеттиктердин жашоосунда музыка чоң ролду ойногон. Анда музыканын маанилүүлүгүн байыркы египет храмдарындагы дубал рельефтери жана көрүстөндөрүндөгү музыканттардын сүрөттөлүшү баяндайт. Египеттиктердин эң байыркы музыкалык аспаптары арфа жана флейта болгон. Жаңы падышачылык мезгилинде египеттиктер Азиядан импорттолуучу коңгуроолордо, даптарда, доолдордо жана лираларда ойногон. Бай адамдар профессионалдык музыканттарды чакыруу (жалдоо) менен конок тосууларды уюштурган.

Байыркы Греция музыкасы

Негизги макала: Байыркы Греция музыкасы

Мында музыкалык сабаттуулук адам жан дүйнөсүнүн өнүүгүсү үчүн маанилүү деп саналган. Музыканттар жана ырчылар грек театрында маанилүү ролду ээлеген. Дал ушул Байыркы Грецияда, Байыркы дүйнө маданиятынын музыкасы эң жогорку өнүгүүсүнө жеткен деп саналат. «Музыка» сөзүнүн теги дагы байыркы гректерден келген. Байыркы Грецияда алгачкы жолу үндүн бийиктиги менен сандын мыйзамченемдүү байланышын белгилешкен, жана мунун ачылышын салттуу түрдө Пифагорго таандык дешет. Музыка, сабаттуулук жана тарбиянын предмети, ошондой эле коомдук жашоонун түзүүчүсү катары гректерге, жана жалпысынан кеч европалык цивилизацияга чоң мааниге ээ болгон.

Байыркы грек мифологиясында музыканттардын колдоочусу Эвтерпа музасы саналган. Салт боюнча, анын колуна сиринганы (флейтанын түрү) карматып сүрөттөшкөн. Музыканттар бардык искусствонун, ошондой эле медицинанын колдоочусу деп саналган Апполон (Феба) кудайына да сыйынышкан.

Музыка теориясы

Негизги макала: Музыка теориясы

Музыканын теориялык аспектилерин музыка таануу илими изилдейт. Музыка теориясы, музыканы туура аткарууну, ошондой эле аны түшүнүү үчүн, ал кандай эрежелерге баш ийет, негизинде эмне жатат, жана эмнени үйрөнүү керек деген суроолорго жооп издейт. Музыканы кабылдоодо, аны рационалдуу анализдөөдө каалаган музыкага мүнөздүү болгон гармония, ритм жана форма өңдүү универсалдуу категориялар белгиленет. Ритм жана форма искусствонун башка түрлөрүнө да таандык болушу мүмкүн, ал эми үндүн бийиктиктик түзүмү (гармония), уникалдуу келип, музыкага гана таандык. Обон (мелодия) жана полифония, гармония, ритм жана форма сыяктуу универсалдуу болбосо дагы, бир катар конкреттүү музыкалык түзүлүштө чоң мааниге ээ болот.

Прикладдык теория, изилдөө материалына таянуу менен аткаруучулук тажрыйбага ээ болууга, музыканы кабылдоону машыктырууга мүмкүндүк берген окууну түзүү жана жакшыртууну максат кылат. Базалык негиз катары сольфеджио саналат, мында адамдар музыканы кагаз бетинен окууну, ноталарды угууга болгон анализине жана жазуусуна, партитуралардын, оркестровкалардын, импровизация искусствосун, композиция түрлөрүн окууга үйрөнөт.

Музыкалык үн

Негизги макала: Музыкалык үн

Музыка, музыкалык үндөрдөн куралат. Үндөр белгилүү бир үн бийиктиктерине ээ, негизги тондун бийиктиги негизинен «до» субконтроктавасынан бешинчи октавадагы «до — реге» чейин (16дан 4000—5000 Герцке чейин). Музыкалык үндүн тембри обертондордун болушу менен аныкталып, үндүн булагынан көз каранды. Музыкалык үндүн катуулугу ооруксунтуу чегинен ашпайт. Музыкалык үн белгилүү бир узактыкка ээ. Анын өзгөчөлүгү, үндөгү басым, убакыттын мезгилдик фукциясы болот.

Музыкалык үндөр музыкалык системага уюшулат. Музыканы куруунун негизин үн катарлар түзөт. Динамикалык кошумча сапаттар, абсолюттук мааниси жок катуулук (орусча громкость) шкаласына баш ийет. Көбүрөөк колдонулуучу узактыктар шкаласында коңшу үндөр 1:2 катыштыгында турат (сегизинчилер төрттүктөргө, төрттүктөр анын жарымына ж. б. у. с., мисалы, ритмдик бөлүү).

Музыкалык түзүм

Негизги макала: Музыкалык түзүм

Музыкалык түзүм же катар деп тигил же бул аспаптын үнүн тууралоодогу тажрыйбасында кабыл алынган үндөрдүн бийиктиги боюнча катыштыгын айтышат, жана ал ноталардын үнүнүн чыгуу жыштыгын берүү менен мүнөздөлөт. Музыкалык түзүмдөрдүн көптөгөн түрлөрү бар, мисалы пифагордук же орто тондук. Түзүмү бекилген заманбап музыкалык аспаптарда негизинен бирдей же түз темперацияланган түзүм колдонулат.

Аспапты ар кандай ноталар менен тууралоодо үндүн түрдүү жыштыктары берилет. Ошону менен бирге жыштыктарды берүүнү ар кандай ыкмада жүргүзүүгө болот. Мисалы, таза түзүм негизги тоналдуулуктун биринчи баскычында, квинтанын абсолюттук таза чыгуусу менен мүнөздөлөт, бирок ошону менен бирге башка квинталар анча таза чыкпай калат, ал эми кээ бирөөлөр — такыр эле жасалма угулат (карышкыр квинта). Эгер ноталардын үнүнүн чыгуусунун жыштыгын кичине өзгөртсөк, интервалдар угулуусунун жакшыруусуна жетүүгө болот, кээ бирлери идеалдуу таза болбосо да, угулушу алгылыктуу деген деңгээлге жетет (мисалы, түз темперацияланган фортепианодогудай).

Гармония

Негизги макала: Гармония

Заманбап музыкалык багыттардын көпчүлүгү үндөш деп аталган тондордун бир убакта чыгуусун кеңири колдонушат. Эки үндүн үндөштүгүн музыкалык интервал дейбиз, ал эми үч же андан ашык үндөр — аккорд болот. Техника-композициялык мааниде гармония деп үндөрдүн үндөштүккө биригүүсү жана алардын мыйзамченемдүү ыраатын айтабыз. Гармония деп, айтылган мыйзам ченемдүүлүктөрдү изилдеген, музыка таануунун тармагы дагы аталат.

Акустикалык сапаты жана психологиялык кабылдоо боюнча, консонанстар жана диссонанстар деген түшүнүктөр айырмаланат: биринчиси уккулуктуу, башкача айтканда, консонанс үндөрү угуу үчүн, бирдиктүү көп үндүү комлекске биригет, экинчилери — чукул жана чыңалгандай угулат, диссонанттык үндөштүктөрдүн үнү, угууда бирдиктүү болбойт. Диссонанстарды жана консонанстарды карама-каршы коюуу, консонанстарда диссонанстарга мүмкүндүк берүү — барокко, классика жана романтика мезгилдеринин музыкалык гармониясынын негизги өзгөчөлүгү. Бир катар авангарддык музыкалык багыттарда, консонанстардын жана диссонанстардын карама-каршы коюлушу алынып салынат.

Жазуу менен белгилөө

Негизги макала: Музыкалык ноталоо

Көптөгөн музыкалык маданияттар музыканы жазуу белгилери менен белгилөөнүн жеке системаларын иштеп чыгышкан. Европалык музыкада жети баскычтуу диатоникалык айкалыштардын (ладдардын) басымдуулук кылуусу, эволюциянын натыйжасында жети нотанын белгиленишинин себеби болгон, булардын аталыштары ыйык Ионнанын латын гимнинен чыккан — до, ре, ми, фа, соль, ля, си. Бул ноталар жети баскычтуу диатоникалык үн катарын калыптандырат, мындай үндөр квинталар боюнча жайгаша алат, ал эми коңшу баскычтар арасындагы интервал чоң же кичи секунданы түзөт. Ноталардын аталыштары үн катардын бардык октаваларына жайылат.

Музыкалык белгилер

12 баскычтуу катардын калган 5 үнү квинталык айлампанын улануусу менен же башка нотадан аналогиялуу 7 баскычтуу үн катарды түзүү менен алынат. Бул үндөрдү белгилөө үчүн альтерация белгилерин колдонушат — диез жана бемоль, булар нотанын бийиктигин кичине музыкалык интервалга өзгөртөт, башкача айтканда жарым тонго.

Музыкалык чыгармалардын классификациясы

Музыкалык форма

Негизги макала: Музыкалык форма

Түзүмү боюнча музыкалык чыгармаларды түрдүү музыкалык формаларга таандык кылышат (мисалы, сонаталык, вариациялык форма ж. б.).

Белгилүү бир негиздерге ылайык, бир бүтүн болуп бүткөрүлүп түзүлгөн каалаган музыкалык материал, музыкалык формага ээ болот. Музыкалык чыгармалардын формаларынын көптөгөн классификациялары бар. Эң жалпы учурунда бөлүмдөштүрүү (категориялаштыруу) үчүн музыкалык жазуу техникасын колдонушат: чыгарманы анализдөөдө тигил же бул техниканын басымдуулук кылуусу, аны тигил же бул формага таандык кылууга мүмкүмдүк берет. Монодикалык (аккомпанементсиз обондор), полифониялык (көп үндүү контрапунктуу обондор), гомофондук (гармониялык) формаларды белгилешет. Формаларга бөлүштүрүү жана алардын пайда болуусунун булактарындагы айырмачылыктарда байланышы байкалат. Мисалы, монодикалык формалардын булактары тигил же бул тексттерди ырдоо катары саналса, гомофондук формалардын өнүгүү негизинде, аспаптык музыканын өнүгүүсү жаткан. Гомофондук формалар үчүн көбүнчө эрте формалардан келген аталыштар сакталып калган, мисалы, рондо, соната.

Музыканы жогорураак кабылдоо деңгээлинде, форма, чыгарманын техникалык гана мүнөздөмөсүн алып жүрүүчүсү болбой калат. Белгилүү бир ой-максат менен музыка түзүп жаткан композитордун же музыкалык талаанын кеңдигин кучагына алып, аны анализдей алган теоретиктин көз карашы боюнча, форма өзүнө эстетикалык мүнөздөмөлөрдү кошууга мүмкүндүк ала алат. Мындай көз карашта «музыка формасын» жана «музыкадагы форманы» бөлүү көрсөтмөлүү.

Жанрлар, багыттар, стилдер

Негизги макала: Музыкалык жанрлар, багыттар, стилдер

Музыкалык чыгармаларды шарттуу түрдө жанрларга, багыттарга жана стилдерге бөлүүгө болот. Мындай бөлүштүрүүнүн ченөлчөмдөрү катары ритм, колдонулуучу аспаптар, ыкмалар жана башка көрсөткүчтөр кызмат кыла алат.

Стиль, музыканын мүнөзү менен тыгыз байланышта, башкача айтканда, угуучу тарабынан кандай кабыл алынат, угуучуда кандай таасирлер пайда болот, жана башка ушул сыяктуу. Буга байланыштуу стилге таандыгы, музыкалык чыгарманы толугу менен карап чыгууну талап кылат. Ошондой эле, чыгарманын материалы дагы бааланат — гармониялык, обондук, полифониялык, ритмдик. Материалдын кандай формага ишке ашырылгандыгы (айландырылгандыгы) дагы бааланат. Ошондой эле, стиль түшүнүгүнө аспаптоо (инструментовка) дагы кошулат, башкача айтканда, музыканы аткаруу үчүн музыкалык аспаптардын түздөн-түз бааланышы, баамдалышы кирет, анткени тигил же бул аспаптарды тандоо, музыканы кабылдоого катуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

Стилдерге бөлүүнүн жайылгандарынын бири — композиторлор жана доорлор боюнча бөлүү саналат. Мисалы, Бахга тиешелүү гармониялуу, обондуу, полифониялык, ритмдик материал «Бах стилин» белгилөөгө мүмкүндүк берет, анткени анын башка композиторлордун материалынан шексиз айырмалангандыгын белгилөөгө мүмкүндүк бар. Аналогиялуу түрдө тигил же бул мезгилдин музыкада өзгөчө белгиге ээ болуу менен, стиль жөнүндөгү түшүнүктү киргизүүгө мүмкүндүк берет (мималы, XVII кылымдын музыкалык стили ж. б.). Стилди аныктоо үчүн музыкалык жазуунун мүнөзү кыйла мааниге ээ.

Музыкалык аспаптар

Негизги макала: Музыкалык аспаптар

Үндү алуунун ыкмалары боюнча аспаптар кылдуу, үйлөмө, клавишалуу, урма, электрондук деп бөлүнөт. XX кылымдын башында иштелип чыккан Хорнбостель — Закс классификациялоо системасына ылайык аспаптар эки негизги белги боюнча бөлүнөт: үн булагы (чел кабык [мембрана], кыл, аба мамычасы ж. б.) жана үндү алуунун ыкмасы (жаалуу, чертме, тилчелүү ж. б.).

Музыкалык аспаптын үн чыгаруучу физикалык негизи (санарип электр түзүлүштөрүн эске албаганда) — резонатор аталат. Резонатордун ролунда аспаптын кылы, кайсы бир көлөмдөгү аба мамычасы, термелүүчү контур, же термелүү түрүндө келтирилген энергияны сактай алган башка объект болушу мүмкүн. Резонатордун резонанстык жыштыгы, чыгарылуучу үндүн негизги тонун (биринчи обертонду) аныктайт. Аспапта канча резонатор орнотулган болсо, бир убакта ошончо үндү чыгара алат. Резонаторго энергия киргизгенден баштап үн чыгат. Кээ бир аспаптардын резонаторлорунун резонанстык жыштыктарын акырындык менен же дискреттүү түрдө, аспапта ойноо учурунда өзгөртүүгө болот. Үндү мажбурлоо түрүндө токтотуу үчүн демпфирлөөнү колдонууга мүмкүн.

Музыканын тирүү жандыктарга таасири

Кошумча макала: Музыканын таасири, организге жана нервге

Норвегиялык окумуштуулар Аре Бреан жана Гейра Скейенин ойлору боюнча, музыканын маанилүү ролу, адамдын бүтүн нерсенин бир бөлүгү катары таанып билүүсүндө. Бул функция Homo Sapiens эволюциясынын жүрүшүндө өнүккөн жана генетикалык деңгээлде берилет.

Адамда музыканы угуу баш мээнин сызыктуу денече аймагындагы дофаминдин бөлүнүп чыгуусу чакырган эйфория менен коштолушу мүмкүн.

Адамдарда, коёндордо, мышыктарда, деңиз чочкосунда жана иттерде, музыканын таасири алдында кан басымы, жүрөктүн жыйрылуу жыштыгы, ошондой эле дем алуу кыймылдарынын ритми жана тереңдиги, толук токтоп калууга чейин өзгөрүшү мүмкүн экени аныкталган. Пинчер порода топторундагы иттерде, бул өзгөрүүлөр башка иттерге караганда күчтүүрөөк (кан басым 70 мм сымап мамычасына чейин өзгөрөт).

Түрдүү изилдөөлөргө ылайык, адамдардын белгилүү бир классикалык ырлардын композициясын угуу, кыска мөөнөттүү (10 мүнөттөй) мейкиндик-убакыттык кабылдоосунун жакшыруусуна алып келиши мүмкүн, кээде муну Моцарт эффектиси дешет.

Экстремалдуу музыка агрессивдүүлүктүн жогорулашына алып келет, а бул угуу учурундагы жүрөк ритминин жогорулашы менен коштолот. Бирок, аргессивдүүлүгү жогору болгон адамдарга оор музыка айтылгандай тассир бербей, тескерисинче оң таасирдеги эмоцияларды алып келет, а бул жинденүүнү чыгаруунун жакшы ыкмасы.

Бир түркүмдөгү жаныбарлар арасында дагы айырмачылыктар болот: белгилүү бир бөлүгү музыкага көңүл кош мамиледе болсо, башкалары активдүү музыкалык чыгармачылыкка ыктуу келет мисалы, кээ бир иттердин музыканы укканда кошо уулушу. Амузиядан жапа тарткан адамдар музыканы билбейт жана аны аткара албайт.

Музыкалык мазмун

Искусствонун башка түрлөрүндөй эле, музыка көрүнүктү материалдык баалуулугу жок, анткени анын материалдык эмес натыйжалары биринчилерден болуп адамдын жана коомдун рухий жашоосунда пайда болот. Адамдардын ички дүйнөсүнө таасир этүү менен, искусство белгилүү бир мазмунга ээ болуу менен, рухий-нравалык баалуулуктарды түзүп же өзгөртө алат. Музыканын таасири кеңири фронт менен ишке ашырылып, эмоциялар жана сезимдер, психика жана дене моторикасына гана таасир этпестен, сезип-туюуу (интуиция), оюн, фантазияга дагы тийгизет. Ушундан улам музыканын мазмунун, искусствонун сакралдык түрү катары карашат. Музыканын адамга түздөн-түз таасир этүү мүмкүндүгү жана кайсы мазмун таасир эткенин так айтууга мүмкүн эместиги, музыка адамга эмнени «айтып» жатат, анда кандай кайрылуу жатат деген суроолордун түркүн-түстүү жоопторуна алып келген. Искусство таануучулар, ойчулдар жана композиторлор тарабынан кийинкидей жооптордун варианттары берилген:

Бул ойлордун ортосунда, аларды байланыштырууга аркет кылган ортомчу ойлор дагы бар мисалы, «музыка — бул чындыктын адам эмоцияларында жана идеяларында чагылышы» ошондой эле, музыканы үндөргө гана таандык кылган айтымдардын тобу белгиленет мисалы «угулгандын же ыргактуу чыккан үндүн баары — музыка» ж. б.

Ошону менен бирге, түшүнүү негизине музыканын таасири алдында пайда болуучу жана музыкалык мазмунга калыптанган көркөм элестетүү системасы дагы, жөнөкөй сөз менен айтканда батат. Адам баласынын психикасынын ишмердүүлүгүнүн татаал өндүрүмү болуу менен, бул элестетүүлөр өзүнүн предметтик жагы менен, адамдын айлана-чөйрөгө жана түздөн-түз музыкага болгон чырмалышкан, өз ара кириптер түшүнүктөрүнө ээ. Музыканын милдети же тапшырмасы, ушундай элестетүүлөрдү жаратуу, аларды музыкалык ыкмалардын, каражаттардын жардамы менен өз ара уюштуруу. Мында базалык аспап катары интонация кызмат кылат, ал элестетүүлөрдү туура иретте жана каныккандыкта тизүү менен башкарууга мүмкүндүк берет. Музыкалык материалды туура колдонууда, элестетүүлөрдөн түрдүү деңгээлдеги жалпылоолорду түзүүгө болот — музыкалык образдардан көркөм-музыкалык тема, идеяларга чейин. Ошондой эле, музыканын маанилүү өзгөлүгү, ал жараткан элестетүүлөр системасынын үзгүлтүксүз кайра уюшулуусу, а бул образдардын мол болуусунан тышкары динамикалык кызыгууну, угуп жатканды өзүнө тартып алууну берет.

Композитор жараткан чыгарма, анын ички дүйнөсүнүн бир бөлүгүнүн ишке ашуусу. Рефлексияланып, автор жаңы образдарды түзүү менен, өзүндө болгон материалды кайрадан ойлонот. Композитор колдонуучу материал кеңири, кээ бир учурларда ал эркин жаратууга тоскоолдук жаратып, жаратуучудан ашып түшөт. Бирок, автор вакуумда жашай албайт, анткени ал башынан эле музыкалык маданияттардын алып жүрүүчүсү болуп, иштелип чыккан музыкалык формалардын, стилдердин, үн бийиктигинин системаларында, жанрларда, техникаларда, музыкалык аспаптардын символикаларында, тоналдуулуктардын маанилик амплуасынын талаасында жашайт. Эгер, ага чейинкилердин тажрыйбасы колдонулбаса, чыгарманын музыкалык мазмуну, ошол эле маданий атмосферада жашаган угуучуга түшүнүксүз болуп калуу мүмкүндүгү бар. Ошентип, белгилүү материал угуучу менен байланыш түзүүгө жардам берип, мазмундун авторуна, анын көркөм идеяларына керектүүнү «жеткирүүнүн каражат» кызматын аткарышы мүмкүн.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2296, Өзгөртүлгөн: 2024-04-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу