Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Флейта

Баш барак | Музыка | Флейта

Флейта (латынча flauta, аталыш flatus сөзүнөн — жел ыргагы, желдөө) — лабиалдуу (аба аспаптын башындагы атайын туураснын кеткен, айрыкча жалпак көзөнөк аркылуу үйлөнөт) үйлөмө музыкалык аспап. Мында термелүүлөрдүн алгачкы булагы, лабиум (латынча labium — эрин) аталган тосмого урулуп бөлүнүүчү (жайылуучу) аба агымы болот.

Флейта
Классикалык флейта сопрано
КлассификацияХорнбостель — Закс системасы боюнча лабиалдуу жыгач үйлөмө музыкалык аспап

Термелүүлөрдүн булагы флейтанын ичиндеги абаны кыймылга келтирип, белгилүү бир бийиктиктеги үн калыптанат. Эң байыркы музыкалык аспаптардын бири. Жыгач үйлөмө аспаптар тобуна таандык.

Флейтаны кармоо ыкмасы боюнча узатасынан, каптал жана жарым капталдуу (диагоналдуу) болуп бөлүнөт. Узатасынан кармап ойноочу флейталар ышкыргыч түзүлүшү (ышкырык, мүштөк) бар же анысы жок (ачык) болушу мүмкүн.

Учу жабык флейталар учу ачык флейталарга караганда үнү бир октавага төмөн чыгат. Буга жараша флейта ачык же жабык деп дагы аталат.

Флейтада ойногон музыкачыны — флейтачы дейбиз.

Тарыхы

Флейтанын байыркы формасы катары ышкырык саналат. Бара-бара ышкырыктуу түтүктөрдө сөөмөй менен ачып-жабуучу көзөнөктөр көзөлүп, жөнөкөй ышкырык флейтага айланып кеткен, мындай аспапта музыкалык чыгармаларды ойноого мүмкүндүк жаралган. Флейтанын биринчи археологиялык табылгалары биздин заманга чейинки 35—40 миң жылдар менен даталанат, буга ылайык флейта эң байыркы музыкалык аспаптардын катарына кирет.

Узатасынан ойноочу флейта Египетте 5 миң жыл мурун эле бар болчу жана ал бүткүл Жакынкы Чыгышта негизги үйлөмө аспап бойдон калууда (2024). Европада XV—XVII кылымдарда кеңири жайылган. 5-6 көзөнөгү бар узатасынан ойнолуучу жана октавалык ашыкча үйлөөгө мүмкүндүгү бар флейта толук музыкалык үн катарды камсыздай алат, булардын ичиндеги өзүнчө интервалдар ар кандай ладдарды айры сымал аппликатуралар аркылуу калыптандыруу, көзөнөктөрдү жарым-жартылай жабуу, ошондой эле үйлөөнүн багытын жана кубатын өзгөртүү менен өзгөрө алат. Учурда эски музыканы аткарууда гана сейрек колдонулат.

Капталынан ойноочу 5-6 көзөнөктүү флейта Кытайда болжолдуу 3 миң жыл мурун белгилүү болчу, ал эми Индия жана Японияда — 2 миң жыл мурун. Европада Орто кылымдар мезгилинде негизинен ышкырыктуу түрдөгү жөнөкөй аспаптар көп болчу (блок-флейта жана флажолеттин алгачкылары), ошондой эле, капталынан ойноочу флейталар, булар Борбордук Европага Чыгыштан Балкандар аркылуу келген, жана ал жерде мындай аспаптар дагы деле кеңири жайылган элдик аспап катары саналат.

XVII кылымдын аягында флейталар француз усталары тарабынан жакшыртылып, алардын ичинен Оттетер өзгөчө белгиленет, негизинен мунун алты көзөнөктүү флейтасына толук хроматика үн катарды аткаруу үчүн клапандар кошулган. Капталынан кармап ойноочу флейта экспрессивдүү үнү жана жогорку техникалык мүмкүндүктөргө ээ болуп, узатасынан ойноочу флейтаны (блок-флейта) сүрүп чыгарып, XVIII кылымдын аягында симфониялык оркестрда жана аспаптык ансамбльдарда туруктуу орун алган.

1832- жана 1847-жылдар аралыгында Теобальд Бём аспапты жакшыртып, андан кийин салыштырмалуу аз өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Ал кийинкидей маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизген:

  1. манжалык чоң көзөнөктөрдү ыңгайлуулукка эмес, акустикалык негиздерге ылайык жайгаштырган;
  2. аспапты клапандар жана шакекчелер системасы менен жабдыган, мындай жабдуу 9 манжа менен 15-17 көзөнөктү же андан дагы көбүрөөгүн жабууга жардам берген (албетте бир убакта эмес), башкача айтканда опцияларга жана аспаптын системасына жараша (Бёмдун оригиналдуу системасы саналган немец флейтасы, же франциялык, Бём системасынын гибриди жана эски француздук деп саналганы);
  3. түтүктүн бөлүнүшүнүн (кесилишинин) конус-параболалык башы менен (1847-жылга чейинки тескери конустуктун ордуна) цилиндрлик каналын колдонгон, мындай жаңылоолор интонацияны жакшыртып, ар кандай регистрлардагы музыкалык үндүн чыгышын түзөлткөн;
  4. аспапты жасоо үчүн металлды колдонууга өткөн, жыгач флейтага салыштырмалуу үндүн шаңдуулугун жогорулаткан.

Мурда көбүнчө жыгач флейталар колдонулчу, сейрек — айнектен жана пилдин сөөгүнөн. Бёмдун ар кандай материалдар менен сыноолорду жүргүзүүнүн натыйжасында, үндүн эң таза чыгуусуна күмүш материалы өбөлгө түзөт деген тыянакка келген, ошондуктан биздин күндө бул материал арзан үйрөнчүктөр үчүн флейта даярдоодо куймалардын курамына кирет, ал эми кымбат баалуу, профессионалдуу флейталарда алтын жана платина металлдарына аралаштырылат.

Бирок, Бёмдун флейтанын жакшыртылышына кошкон эң чоң салымы — анын калпандык механизди ойлоп табуусу. Мунун аркасынан флейтада хроматикалык гамманы жана чыгармаларды бардык тоналдуулуктарда ойноого мүмкүн жаралган.

Заманбап оркестрларда айрыкча жөнөкөй флейта (мунун тембри көп түрдүү, бирок, бир аз салкыныраак, үнүнүн чыгышы азыраак), чукул үндүү кичи флейта (бир октавага жогору) колдонулат, сейрек учурда — Соль түзүмүндөгү альттык флейта (тембри кичине жылуураак), өтө сейрек учурда — бас флейта (бир октавага төмөн).

Узатасынан ойнолуучу флейталар

Ачык түтүктүү

Түтүгүнүн учу туюк эмес ачык болгон флейталар — ачык флейта делет — буларда калыптанган аба агымы эриндер менен амбушюру (үйлөөчү оозу) аркылуу курч учка багытталган ышкырыктык түзүлүшү болбойт.

Кена (кечуача qina, испанча quena) — Латын Американын Анд аймагындагы музыкада колдонулуучу узатасынан ойноочу флейта. Негизинен камыштан (орусча тростник) жасалат. Манжалар үчүн өйдө жагында 6, төмөн жагында 1 көзөнөк бар. Айрыкча G түзүмүндө даярдалат. Кеначо флейтасы (кечуача qinachu, испанча quenacho) үнү төмөн, D түзүмүндөгү кена флейтасынын варианты.

1960чы ошнодой эле, 1970-жылдары nueva canción багытынын алкагында иштеген кээ бир музыканттар тарабынан активдүү колдонулчу. Көп учурда аспап конкреттүү ыр композицияларында пайдаланчу, бирок, өзүнчө топтор, мисалы, Illapu сыяктуулар, анын мүмкүндүктөрүн дайыма колдонуп турушчу. Натыйжада, 1980—1990-жылдары кена рок топтор тарабынан дагы колдонулчу — мисалы, Soda Stereo же Enanitos Verdes. Аспап этникалык музыкада да кездешет.

Ышкырыктуу флейталар

Ышкырыктуу флейта — ышкырыктуу түзүлүшү бар флейталар, мында аба агымы атайын канал аркылуу аспаптын мүштөктүк бөлүгүндө жайгашкан учу курч чекке багытталат.

Ышкырыктуу флейта кесилишинде
Ышкырыктуу флейта кесилишинде

Блокфлейта — узатасынан ойноочу флейтанын түрү. Бул үйлөмө жыгач музыкалык аспабы ышкырыктуу флейталар түркүмүнө таандык. Баш бөлүгүндөгү контрукциясына кошулма (блок) кошулат. Тектеш аспаптар: вистл. Блокфлейта башка ушул сыяктуу аспаптардан бетинде 7 көзөнөгү жана төмөнкү жагында 1 көзөнөгүнүн болгону менен айырмаланат — айтылуу октавалык клапан. Көп учурда эки төмөнкү (ылдый эмес, төмөнкү үн деген мааниде) көзөнөктөр кош көзөнөктүү кылып жасашат. Ойноо учурунда көзөнөктөрдү жабуу үчүн 8 манжа иштетилет. Ноталарды алуу үчүн көп учурда айтылуу айры аппликатуралар пайдаланылат (көзөнөктөр кезеги менен эмес, белгилүү бир комбинацияда жабылат).

Узатасынан ойноочу флейта түрлөрүнүн арасында блокфлейта эң маанилүү деп аныкталат. Европа өлкөлөрүндө блокфлейта XI кылымдан тарта жайыла баштаган; убакыттын өтүшү менен аспаптын атагы өсө берген, натыйжада XVI кылымдан тарта XVIII кылымга чейин блокфлейта эң көп колдонулган жана көп кездешүүчү флейта түрүнө айланган. Аспапка жумшак, жылуу, кантилендүү (башкача айтканда ырга ылайыктуу) тембр мүнөздүү, бирок, ошол эле учурда ал, динамика жагынан чектелген мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланат. Блокфлейта И. С. Бах, А. Вивальди, Г. Ф. Гендель ж. б. у. с. композиторлордун чыгармаларында көп пайдаланылат. Блокфлейтанын үнү жетишээрлик деңгээлде алсыз болгондуктан, анын атагы капталынан ойногон флейтанын жайылышына байланыштуу төмөндөгөн. Ошого карабастан, учурда флейтанын бул түрү айрым себептерден улам кызыгууларды жаратып келет, мисалы: эски музыканы кайра жандандыруу, окуу куралы катары колдонуу ж. б. (аспапта ойноо техникасы салыштырмалуу оңой).

Вистл (tin whistle англис сөзүнөн, сөзмө-сөз которгондо — «калай ышкырык, чоор») — Ирландрия, Шотландия, Англия жана кээ бир башка өлкөлөрдүн элдик музыкасында колдонулуучу узатасынан ойноочу элдик флейта.

Эң белгилүүсү D тоналдуулугундагы кичи вистлдар. Булар башка үйлөмө аспаптардан бир октавага жогору туураланган (мисалы, волынь же кадимки флейтага караганда) жана буга ылайык ноталары бир октавага төмөн жазылат. Бул аспап менен кошо айтылуу лоу-вистл аспабынын белгилүүлүгү өсөт — аспаптын узунураак түрү, үнү болжолдуу жөнөкөй флейтанын диапазонундагыдай. Башка тоналдуулуктагы вистлдар дагы бар; алар транспондоочулар (башкача айтканда бардык вистлдар D тоналдуулугундагы аспаптар боло алат, чындыгы үнү жогору же төмөн болсо дагы) деп аныкталат.

Свирель — орустардын элдик музыкалык аспабы, узатасынан ойноочу флейтанын түрү.

Капталынан ойноочу флейталар

Заманбап флейта

Заманбап оркестрлык флейта (көп учурда жөн гана «флейта», итальянча flauto, өз кезегинде flatus сөзүнөн келип, «шамал, жел» дегенди билдирет; французча flûte, англисче flute, немисче flöte) — сопрано регистрындагы жыгач үйлөмө музыкалык аспап (жыгач делгени менен металлдан, себеби башында флейталар жыгачтан болуучу). Флейтадагы үн бийиктиги ашыкча үйлөө (эриндер менен гармониялык үндөштүктөрдү алуу), ошондой эле, көзөнөктөр клапандарын ачып/жабуу менен өзгөрөт. Заманбап флейталар негизинен металлдан жасалат (никель, күмүш, алтын, платина), сейрек — жыгачтан, кээде — айнектен, пластиктен жана башка композит материалдардан.

Аталышы (капталынан ойноо дегени) чыгарма аткаруу процессинде музыкачы аспапты вертикалдуу эмес, горизонталдуу абалда кармайт; мүштөгү буга байланыштуу капталында жайгашат. Мындай конструкциядагы флейталар жетишээрлик түрдө мурда эле пайда болгон, кеч антика мезгилинде жана Байкыркы Кытайда (б. з. ч. IX кылым). Флейтанын заманбап өнүгүү баскычы 1832-жылдан башталган, мында макаланын башында айткандай немец уста Т. Бём аны жакшырткан; убакыттын өтүшү менен флейтанын бул түрү ошол кездеги атактуу узатасынан ойноочу флейтаны сүрүп чыккан. Заманбап флейта үчүн биринчиден төртүнчүгө чейинки октавалар диапазону мүнөздүү; төмөнкү регистр жумшак жана күңүртүрөөк, бийигирээк үндөр тескерисинче өткүр жана ышкырыктуу, ал эми орто үндөр жана жарым-жартылай жогорку регистр назик жана уккулукттуу тембрга ээ.

Флейта-пикколо (көп учурда жөн гана пикколо же кичи флейта делет; итальянча flauto piccolo же ottavino, французча petite flûte, немисче kleine Flöte) — жыгач үйлөмө музыкалык аспап, заманбап флейтанын түрү, үйлөмө аспаптардын арасынан үнүнүн чыгышы боюнча эң бийик. Мыкты тембрге ээ, фортедеги тембри — өткүр жана ышкырыктуу. Кичи флейта кадимки флейтадан эки эсе кыска жана үнү бир октавага жогору чыгат, ошону менен бирге, бир катар төмөнкү үндөрдү мында алууга мүмкүн эмес. Пикколонун диапазону — d2ден с5 (экинчи октавадагы ре, бешинчи октавага чейин), c2 жана cis2 диапазондорун алууга мүмкүндүгү бар аспаптар дагы кездешет. Окууга оңой болуусу үчүн ноталар бир октавага төмөн жазылат.

Механикалык жактан кичи флейта жөнөкөй флейтага теңме-тең түзүлүштө («ре-бемоль» жана биринчи октавадагы «до» диапазонун эске албаганда) жана ушуга байланыштуу жалпысынан ошол эле аткаруучулук өзгөчөлүктөрү менен мүнөздөлөт. Башында оркестрдын алкагында (XVIII кылымдын экинчи жарымынан тарта) флейта-пикколо чоң флейтанын четки октавасынын жогоркусун күчөтүүгө жана созууга багытталган, жана аны колдонууну симфониялык чыгармаларга караганда айрыкча операда же балетте сунушталчу. Бул анын эрте өнүгүү баскычындагы жетишээрлик жашыртылбагандыгы менен байланыштуу болуп, жетишээрилк чукул жана ороюраак үнү менен мүнөздөлгөн, ошойдой эле ийкемдүүлүгүнүн аздыгынан улам. Флейтанын бул түрү шыңгыраган урма музыкалык аспаптар жана доолдор менен жакшы айкалышат; андан тышкары, флейта-пикколо гобой октавасы менен айкалышып, бул дагы ачык үндү жаратат.

Ирландия флейтасы

Ирландия флейтасы (англисче Irish flute) — ирландия (ошондой эле, шотландия, бретон ж. б.) элдик музыкасын аткарууда колдонулуучу капталынан ойноочу флейта. Айтылуу жөнөкөй системадагы капталынан ойноочу же аткаруучу флейтаны билдирет — негизги 6 көзөнөктөрү клапандар менен жабылган эмес, түздөн-түз аткаруучунун манжалары менен жабылат. Ирландиялык флейта клапандары бар (бирден онго чейин) жана жок варианттарында кездешет.

Аталышына карабастан ирландиялык флейта келип чыгышы боюнча түздөн-түз Ирландия менен байланышы жок. Негизинен ал капталынан ойноочу англис жыгач флейтасынын версиясын элестетет, а бул флейта өз кезегинде узак мөөнөт бою «немис флейтасы» катары белгилүү болгон; англичандар ага белгилүү бир өзгөртүүлөрдү жасап, алардын эң олуттуусу англис ойлоп табуучусу Ч. Николсон-кенже тарабынан жасалган. Бул флейтанын көптөгөн классикалык жана кээ бир заманбап вариациялары өзүнө металл клапандарды (жапкычтарды) жана кошумча тоналдуулук көзөнөктөрүн камтып, жарым-жартылай же толук хроматикалык үн катарга жетүүгө мүмкүндүк берет.

Ди

Ди (эски кытайча хэнчуй, хэнди — каптал флейта) — 6 көзөнөктүү кытайлардын капталынан ойноочу эски үйлөмө аспабы. Көпчүлүк учурда ди аспабынын сөңгөгү бамбук же камыштан жасалат, бирок, жыгачтын башка түрлөрүнөн, ал гана эмес таштан, нефриттен жасалгандары кездешет.

Ди Кытайдагы эң көп жайылган үйлөмө аспаптардын бири. Аспаптын бул түрү Кытайга биздин заманга чейинки II—I кылымдарда Орто Азиядан келген деп саналат. Абаны үйлөөчү көзөнөк жабык, учуна жакын орун алган (манжалар менен кармалбаган учу); ал эми учунун жанында жука камыш плёнка менен жабылуучу дагы бир көзөнөк бар (плёнкасы жок варианты «мэньди» аталат). Тууралоо үчүн сөңгөгүнүн ачык учунда жайгашкан калган төрт көзөнөк пайдаланылат. Аспапта ойноо капталынан ойноочу аспаптай эле аткарылат. Колдонулушуна жараша, белгилүү бир жанрлардагы чыгармаларда эки түрү белгиленет: цюйди жана байди.

Сыбызгы

Негизги макала: Сыбызгы

Кыргыздын үйлөмө жыгач музыкалык аспабы. Капталынан ойноочу флейталар түрүнө таандык. Көзөнөктөрү манжалар менен ачылып/жабылып клапандык системасы жок. Узатасынан ачык флейтанын түрү, башкача айтканда бир учу жабык, экинчи учу ачык.

Жарым-жартылай капталынан ойноочу флейта

Лабиумдун (лабиалдык аспаптарда үйлөөчү көзөнөк) жайгашуусунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жарым капталдап ойноочу флейта, б. а. аткарууда капталга кыйгачыраак кармашат. Мисалы: Чоор, Флуер, Кавал аспаптары.

Көп түтүктүү

Көп түтүктүү флейталар бири-бири менен бириккен же бирикпеген бир нече ар кандай узундуктагы түтүктөрдөн турат, ар бири, бир негизги тоналдуулукту берет. Түтүктөрдүн өйдөңкү учтары бир деңгээлде жайгашат. Төмөнкү бөлүгү жапкыч же тыгын менен жабык же ачык болот. Түтүктөрдү вертикалдуу абалда кармап, өйдөңкү бөлүгүнө үйлөйт.

Сиринга

Сиринга (грекче σῦριγξ) — байыркы грек музыкалык аспабы, узатасынан кармап ойноочу флейталардын түрү. Термин биринчи жолу Гомердин «Илиадасында» кездешет (X,13). Бир (σῦριγξ μονοκάλαμος) жана көп (σῦριγξ πολυκάλαμος) түтүктүү сиринга болуп айырмаланат; акыркысы көбүнчө Пан флейтасы деп аталат. Бул аспаптын грекче аталыш сөзү чымчыктын үн органынын анатомиялык аталышынан чыккан (сиринкс).

Сиринга антика доорундагы койчулардын (малчылардын) жана дыйкандардын салттуу үйлөмө аспабы катары белгилүү. Флейтанын бул түрү байыркы греция поэзиясында көп кездешет; ошондой эле, сахналык көргөзмөлөрдү музыкалык коштоодо колдонулган, анын ичинде — Байыркы Римде дагы. Кийинчирээк аспап эң кеч европа элдик музыкасына кирген.

Пан флейтасы

Пан флейтасы — жыгач үйлөмө музыкалык аспаптардын классы, бир нече (2 же андан ашык), ар кандай узундуктагы көңдөй түтүктөрдөн турган көп түтүктүү флейта. Түтүктөрдүн төмөнкү бөлүгү жабык, өйдөңкүлөрү — ачык.

Пан флейтасы

Аталышы антика доорунда мифологиялык жактан токойлор жана талаалар кудайы Панга (ойлоп тапкан делет) таандыгы менен байланыштуу. Ойноо учурунда музыкачы аба агымын түтүктүн бир учунан экинчисине үйлөйт, натыйжада аба агымдары термелип, белгилүү бир бийиктиктеги ышкырык үндөр чыгат; ар бир түтүк бир базалык үндү чыгарат, жана акустикалык мүнөздөмөлөрү түтүктүн узундугуна жана диаметрина жараша болот. Буга ылайык, түтүктөрдүн саны жана жоондугу панфлейтанын диапазонун аныктайт. Аспаптын түтүгүн бүтөөчү тыгыны же жапкычы жылдырылма болушу мүмкүн; буга жараша аны тууралоонун ар кандай түрлөрү колдонулат.

Идиш сымалдуу флейталар

Флейталардын көпчүлүгүнөн өзүнүн формасы менен өзгөчөлөнөт. Эреже катары ышкырыктуу түзүлүшү менен. Кыргызстанда мындай салтту флейта катары чопо чоорду айтууга болот. Мындай аспаптар арасында эң чоң музыкалык диапазонго европалыктардын жана англичандардын окарина флейтасы ээ.

Чопо чоор
Жайгаштыруу: 2024-04-18, Көрүүлөр: 345, Өзгөртүлгөн: 2024-04-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо