Пианино (итальянча pianino, сөзмө-сөз: кичинекей фортепиано) — атайын үй бөлмөдө аткаруу үчүн жасалган клавишалуу кылдуу музыкалык аспап.
Пианино | |
---|---|
Классификациясы | Клавишалуу, кылдуу музыкалык аспап. Фортепиано |
Тектеш аспаптар | рояль, клавесин, клавикорд |
Пианино — фортепиано аспабынын түрү, музыкалык аспаптарды классификациялоонун Хорнбостель — Закс системасы боюнча клавишалуу музыкалык аспаптар жана кылдуу музыкалык аспаптарга таандык, үн алуу ыкмасы боюнча — урма музыкалык аспаптарга кирет (балкачалары аркылуу). Пианино өлчөмү боюнча кичирейтилген фортепианону элестетет. Мында кылдары, декасы (резонатордук капкагы) жана механикалык бөлүгү горизонталдуу эмес вертикалдуу жайгашат, натыйжада роялга караганда кыйла аз орунду ээлейт.
Фортепиано, пианино жана роялдын айырмачылыгы — фортепиано эки аспаптын жалпы аталышы, тек атасы десе дагы болот. Рояль горизонталдуу, пианино вертикалдуу жайгашат.
Фортепианонун теги клавесиндер, жана андан кечирээк ойлоп табылган клавикорддор болгон. Алардын негизги кемчилиги — үнүнүн тез басылуусу, же үндү созо албастыгында эле, а бул легатону ойноого тоскоолдук жараткан. Андан тышкары үндүн катуулугу бир деңгээлден ашчу эмес, бул болсо музыканын эң маанилүү каражаты — динамиканы жокко чыгарган (үндүн катуулугунун өзгөрмөлүүлүгү).
Заманбап фортепианонун механикасы италиялык чебер Бартоломео Кристофори ди Франческо тарабынан 1709-жылдын айланасында ойлоп табылган. Мунун конструкциясында балкачалар кылдардын үстүндө турган. Конструкция «gravicembalo col piano e forte» аталып, фортепианонун аталышы ушундан тараган. Ушуга окшош системалар Францияда Жан Мариус (1716-жыл) жана Германияда Кристоф Шрётер тарабынан (1717—1721-жылдары) иштелип чыккан. Себастьян Эрар кош репетициялуу механиканы ойлоп таап, ал мехнаника клавишаны тез жана кайталап басууда үн алууга мүмкүндүк берген. Мурдагы версияларында балкача кылдан жай алынып, мындай нерсени жасоо мүмкүн эмес эле.
Биринчи пианино америкалык уста Дж. Хокинс тарабынан 1800-жылдын декабрында ойлоп табылган; ага карабастан 1801-жылдын январында австриялык уста М. Мюллер дагы пианино жасап чыккан. Аспаптын өнүгүүсүндө ага бут баскычтар кошулган.
Заманбап формасына пианино XIX кылымдын жарымында жеткен (чоюн рама, кийинчерээк — кайчылаш кылдар, демпферлердин төмөнкү жана өйдөңкү жайгашуусу).
Бүгүнкү күндө фортепиано өндүрүүчүлөрүндө анча-мынча айырмаланган өзүлөрүнүн фортепиано механизмдерине ээ. XX кылымда негиздик жагынан жаңы аспаптар пайда болот — электрондук пианинолор жана синтезаторлор, ошондой эле «даярдалган фортепиано» аталган үн алуунун өзгөчө формасы.
Кеңири жайылган кабинеттик пианинолор клавиатурасы боюнча корпусунун жазылыгы 1450—1500 мм түзөт, бийиктиги — 1250—1500 мм айланасында; диапазону 7 октава. Пианинодо түпкүрдүк төшөлмөсү бар — бул тосмолук конструкциянын түйүнү, ал пианиноун корпусу менен ылдый жагынан байланышып, бут баскычтар механизмин бекитүүгө зарыл. Пианинонун устуну жана буту менен кошулган вертикалдык түркүк консоль аталат.
Атайын фортепиано үчүн жазылган биринчи музыкалык чыгарма 1732-жылы пайда болгон (Лодовик Джустини сонатасы). Бирок, массалык түрдө фортепианого композиторлор 40-50 жылдан кийин көңүл бура башташкан, Гайдн, Моцарт мезгилдеринде. Пианино музыкантчысы болуу үчүн музыка менен эрте жашта үйрөнүп баштоо маанилүү, болжолдуу 3—4 жашта. Бул мезгилде алакандын «жазы» формасы калыптанып, кийин виртуоздуу ойноого жардам берет. Фортепианолук музыканын өнүгүү дооруна жараша, пианиночуларга кээде карама-каршы талаптар чыгарылчу. Андан тышкары музыкант кесиби барыбир композитор кесиби менен кездешет. Көпчүлүк пианиночулар өзүлөрү музыкалык чыгармаларды иштеп чыгып, сейрек виртуоздор гана башка бирөөнүн күүлөрүн аткаруу менен атакка жетчү. Кандай гана болбосун, каалаган музыкантчыга, анын ичинде пианиночуга да чынчыл жана эмоционалдуу болуу, аткарып жаткан музыкасына баш оту менен кирүү маанилүү. Белгилүү музыкалык сынчы Гарольд Шонбергдин сөзү боюнча, фортепиано — бул жөн гана аспап эмес, жашоо образы; демек, пианиночунун жашоо мааниси — жөн гана музыка эмес, фортепиано үчүн музыка.
Ушундай достор, пианино, рояль жана фортепиано негиздик жагынан бир эле аспап, болгону жайгашуусу жана өлчөмдөрү ар башка. Жакшы түшүнүү максатында ушул үч аспап жөнүндө макаларды окуп чыгууну сунуштайбыз.