Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Виолончель

Виолончель (итальянча violoncello, violone эркелетме сөзүнөн — «кичинекей контрабас») — төрт кылы бар жаалуу музыкалык аспап, Cб Gб Dм Aм квинталарына туураланган. Үн бийиктиги боюнча жогорку альт менен төмөнкү контрабастын ортосунда турат.

Виолончель
Виолончель
КлассификацияКылдуу музыкалык аспаптар, жаалуу музыкалык аспаптар, кыл кыяктар бүлөсү
Квинталык түзүмCGDA
Тектеш аспаптарклассикалык кыл кыяк, альт, контрабас, октобас, виола

Мүнөздөмөлөр

Кээде бул аспапты чоң кыл кыяк деп аташат. Чарасынын узундугу: 750-760 мм, бийиктиги: 111 мм, моюнунун (гриф) узундугу: 255 мм, мензура узундугу: 690 мм. Бул жалпы мүнөздөмөлөр, ал эми адамдын физикалык мүнөздөмөлөрүнө жараша кийинкидей өлчөмдөрдө болот:

Колдун узундугу Бою Жашы Аспап чарасынын узундугу Виолончель өлчөмү
420-445 мм 1,10-1,30 м 4 – 6 өйдө 510-515 мм 1/8
445-510 мм 1,20-1,35 м 6 – 8 өйдө 580-585 мм 1/4
500-570 мм 1,20-1,45 м 8 – 9 өйдө 650-655 мм 1/2
560-600 мм 1,35-1,50 м 10 – 11 өйдө 690-695 мм 3/4
600 мм өйдө 1,50 м өйдө 11 өйдө 750-760 мм 4/4

Тарыхы

Виолончелдин пайда болуусу XVI кылымдын башына таандык. Алгач ыр коштоо үчүн бас аспабы катары колдонулган (же жогоркураак регистрдагы аспапта аткаруу үчүн). Виолончелинин бири-биринен кылынын саны, өлчөмдөрү, үн түзүмү (заманбап виолончелден бир тонго төмөнүрөөк тууралоо көбүрөөк кездешкен) менен айырмаланган көптөгөн түрлөрү болгон.

XVII—XVIII кылымдарда италиялык мектептердин атактуу музыкалык усталарынын (Николо Амати, Джузеппе Гварнери, Антонио Страдивари, Карло Бергонци, Доменико Монтаньяна) аракеттери менен чарасынын өлчөмү турукташып калган классикалык виолончель жасалат.XVII кылымдын аягында виолончелли үчүн биринчи соло чыгармалар пайда болот — Доменико Габриеллинин сонаталары жана ричеркаралары. XVIII кылымдын ортосунда виолончель концерттик аспап катары колдонула баштап, ачык, толук үнүнүн аркасынан жана аткаруу техникасынын жакшырып баратканына байланыштуу ошол кездеги виола да гамбаны толугу менен музыкалык тажрыйбадан сүрүп чыгарган. Виолончель симфоникалык оркестрдин жана камералык ансамбльдардын курамына дагы кирет. Виолончелдин музыкадагы негизги аспаптардын бири катары бекилиши XX кылымда белгилүү музыкант Пабло Казальсанын аракеттери менен ишке ашкан. Бул аспапта ойноо мектептеринин өнүгүүсү, соло концерттери менен тез-тез чыгып турган көп сандаган виртуоз виолончеличилердин пайда болуусуна алып келген.

Вионлончелдин репертуары дагы кеңири жана өзүнө көп сандаган концерттерди, сонаталарды, коштоосуз чыгармаларды камтыйт.

Ойноо техникасы

Виолончелде ойноонун негиздери жана штрихтери — классикалык кыл кыяктыкына окшош, бирок көлөмүнүн чоңдугу жана аткаруучунун ойноо абалы башка болгондуктан, виолончелде ойноо техникасы татаалдаштырылган. Флажолеттер, пиццикато, бармакты коюуу жана башка ойноо ыкмалары колдонулат. Үнү уккулуктуу жана чыңалыңкы, төмөнкү кылдардын жогорку регистрында кичине басаңдатылган.

Виолончелдеги кылдардын түзүмү: C, G, d, a («до», чоң октавадагы «соль», «ре», кичи октавадагы «ля»), башкача айтканда альт аспабынан бир октавага төмөн. Виолончель диапазону «a» кылынын жакшы иштетилген ойноо техникасына ылайык абдан кеңири — Cдан (чоң октавадагы «до») a4 (төртүнчү октавадагы «ля») чейин жана андан дагы жогору. Ноталар үндүн чыныгы чыгышына карата бастык, тенордук жана кыл кыяктык ачкычта жазылат.

XIX кылымдын аягына чейин аткаруучулар виолончелди буттардын балтырына такап алып ойношкон. Бирок, XIX кылымдын аягында франциялык виолончеличи П. Тортелье аспапка жантайма абалды берген ийри шишти ойлоп табат. Аткаруу учурунда аткаруучу виолончелдин шишин төшөлмөгө такайт, бул ойноону кичине жеңилдетет.

Виолончель соло аспап катары кеңири жайылган, вионлончелдер тобу кылдуу жана симфоникалык оркестрларда колдонулат, кылдуу квартетте сөзсүз катышуучу аспап, мында ал эң төмөнкү үн чыгаруучу болот (кээде колдонулуучу контрабастан тышкары), ошондой эле башка камералык курамдарда дагы катышат. Оркестр партитурасында виолончель партиясы альттар жана контрабастар партияларынын арасында жазылат.

Жайгаштыруу: 2023-08-22, Көрүүлөр: 299, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо