Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз тил күнү 23-сентябрь

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыз тил күнү 23-сентябрь

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын улуттук тил күнү, официалдуу аталышы 23-сентябрь мамдекеттик тил күнү. Тилибиз - Биринчи Белгибиз Азыркы күндөрдө эне тилибиз - кыргыз тилин өнүктүрүү, көрнөк-жарнактарды так, сабаттуу кыргызчалаштыруу, иш кагаздарын өз тилибизде жүргүзүү жөнүндө массалык маалымат каражаттарында көп айтылып, жазылып жатат.

Кабыл алынышы23-сентябрь 1989-жыл
Ким тарабынанКыргыз ССРинин Жогорку кеңеши
Мыйзам аталышыКыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө

Бул, албетте, биз үчүн зарыл, келечек ээлери жаш муундарыбызга эң эле керектүү жана мааниси зор маселе. Ошондой болсо да тиешелүү уюмдар менен мекемелер, тилчилер менен мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, ММК-лар ж. б. жүргүзүп жаткан активдүү аракеттер менен иш чараларга карабастан күн тартибине коюлуп отурган масаледе али көп кемчиликтер, бут тосуулар болуп, айрыкча айрым басылмаларда, теңирден тескери, ал гана тургай ачыктан ачык зыяндуу үгүттөөлөр пайда боло калып жаткандыгы туурасында айтылууда.

Эмне демекчибиз: ар бир жаны, келечектүү башталыштар алгачкы жолунда ар кандай тоскоолдуктарга дуушар боло тургандыгы турулуу көрүнүш эмеспи. Мына ушуга байланыштуу Тарбияда танапис жок деген сынары бир мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлде бала бакчалардан тартып жогорку окуу жайларына чейин үгүт-насыятыбызды да, практикалык ишаракеттерибизди да ургаалдаштырууга, акыры бара-жүрө берип, максатыбызды ишке ашырууга милдеттүүбүз.

Ал үчүн жогорку жоопкерчилик, чыдамдуулук, принципке бекем туруу, улуттук ар-намысыбызды жерге түшүрбөй бийик тутуубуз талап кылынат. Бул олуттуу иште «Корксон баштаба, баштасан коркпо!» - деген макалды жетекчиликке алуу маанилүү. Мына ушундай бытылдакка тайманбай барып, өз эне тилдеринде окуп, жазып, сүйлөп, иш жүргүзүүгө жетишкен мамлекеттер же республикалар жок эмес.

«Манастан Чубак кем бекен!» - деп айтылып келе жаткандай биздин ошондой мамлекеттерден эмнебиз кем экен?! Элибиздин тарыхта калган баатырдыгын эсибизге алсак, дүйнөдө жок океанга салыштырылган эпосторубузду айтсак, элибиздин айкөлдүгү менен гумандуулугун, андан чыккан олуярыбыздын көсөмдүгү менен корогочтугун, бериде Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле эне тили үчүн күрөшкөн, алгачкы алиппени түзгөндөр чыга келгендигин мисалга тартсак, азыркы илим-техникабыз, адабият, маданиятыбыз, искусствобуз өскөн шартта кимден тартынып, кимден коркуп-үркүп, кимден жардам, кимден ырайым күтүп отурмакпыз?!

Эгер минтсек - бул биздин бечаралыгыбыз, алсыздыгыбыз, өз күчүбүз менен жөндөмүбүздү баалабагандыгыбыз жана ошондой эле өзүбүздү өзүбүз көтөрмөлөп сыйлай албагандыгыбыз болмокчу. Ошентип эне тилибизге асыл баа, ак дилибизге жаныча жүз берүү башталды. Өзүбүздүн кыргыз тилибиз - бул биздин улуттук биринчи белгибиз. Тилибиз чыккан күндөрдөн тартып эле ата, эне, аба, эже, нан, туз ж. б. ушул сыяктуу сөздөрдү кыргызча айтып, улам чоңое, жетилип калыптана, айлана-чөйрөнү, реалдуу дүйнөнү кыргыз тили - эне тилибиз аркылуу кыргызча түшүнүп тааныганбыз. Илим менен техниканы, өнөр-билимди, адабият менен маданиятты, искусствону орус тилинен оодарылган болсо да кыргызча өздөштүргөнбүз.

Демек тилибиз кыргыз атыбызды башка улуттар менен элдерге таанышкан эң алгачкы белгибиз экени талашсыз жана бул бардыгыбызга белгилүү. Кыргыз тилин андан ары өнүктүрүүдө биринчи ролду ата-энелер, андан соң бала-бакча, тарбиячылары, башталгыч жана жогорку класстардын тилчи, адабиятчы жана жалпы эле мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, улуттук комиссия жана терминком кызматкерлери ойноого тийиш. Эне тилибизди өнүктүрүүдө кемчиликтер да бар.

Анткени республикабызда чыгып жаткан гезиттерди (баары тең деп айтууга болбос) окуп көрсөк, туура эмес түзүлгөн сүйлөмдөр, туура эмес келтирилген сөз айкаштары, макал-лакаптар, учкул сөздөр, пункттуацыялык жана орфографиялык каталар жетиштүү жолугат. Кыргыз тили өнүктүрүүдөгү дагы бир нерсе: биздин азыркы жаш муун каалаган тили үйрөнүүгө артыкчылык алып жатат же алар англис, немец, француз, кытай, япон тилдерин үйрөнүшүүдө. Шаарда жашаган улан-кыздарыбыз болсо орус тилинде ою боюнча сүйлөшөт. Мейли, каалаган тилин үйрөнө беришсин. Канча тил билсе, ошончо дил билет. Бирок эне тилин билүү ар бир Кыргызстандык жарандын парызы. Бул өз ара мамиле, өз ара алака түзүүгө, достошуп кызматташууга, мамлекетибиздин келечекте дүйнөлүк интеграцияга киришине шарт түзөт.

Бирок, ушул эле жерде урпактарыбыз эне тилин таза билүүнү, сөз маданиятын сабаттуу үйрөнүүнү, бул аркылуу өз тилин, дилин, өз салттары менен үрп-адаттарын, улуттук рухий-дөөлөттөрүн урматтап баалоону, алар менен сыймыктанууну, өздөрүн сыйлап, өздөрүн өздөрү колдоп-көтөрүүнү биринчи орунга коюуну атуулдук парз, өз эли, өз өлкөсү же өз Ата Мекени алдындагы жоопкерчилиги жана дайым аркалаган милдети катары ишке ашырууга тийиш. Эне тилибиз эне сүтүбүздөй таза, ширин болуп, чечендин таңдайын сайратып, баатырдын маңдайын жаркытсын, өсүп-өнүгүп, өмүрү узун, өрүшү жайык болсун, биздин ар бирибиздин биринчи улуттук белгибиз катары көөнөрбөй көкөлөп, кылымдарды бойлой берсин!

Кыргыз тили жөнүндө
Кыргыз тилим, менин дилим сүрөөнүм,
Алмаштырбайм тилдерине бирөөнүн.
Кыргыз тилим дагы өсүп өркүндө,
Ошол менин сага болгон тилегим.

Кыргыз эли эне тилди сактайлы,
Колдон келсе болушунча барктайлы.
Бөтөнчөлөп көп улуттун тилинен,
Бүт дүйнөгө кыргыз тилин даңктайлы.
(Автору ким?)

Тилден түбөлүктүү, тилден артык өнөр жок. Ар бир элдин тили өзүнө улуу (Ч. Айтматов)

Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.

Эне менен тилди бирдей эсептеп,
Илгертеден барктап, баалап келишкен.
Сүйлөшкөндө сөздөн калса жанылып,
Керек болсо аттан түшүп беришкен.

Сөз маанисин билип баары сактаган,
Бири-бирине сөздү айтчу эмес жакпаган.
Сөз маанисин билгендерди чечмелеп,
Урмат кылып көкөлөтүп мактаган.

Кыргыз тили куюлушуп өзүнчө,
Кимге болсун эң жагымдуу угулат.
Эзелтеден сөз кезегин беришкен,
Эң бирин жашка карап улуулап.

Кыргыз тилим - сыймыгым
Кыргыз тилим балдай тату шириним
Кыргыз тилим балдай ширин таттуусун,
Көңүл кушун көкөлөтүп шаттуусун.
Мезгил басып, кылымдарды карытып.
Дүйнөдөгү чоң тилдердей барктуусун.

Чакан элди улуу элдерге теңелтип,
Көңүл ачып, көл-дайрадан кеңелттин.
Кат-сабатсыз болсо дагы рухун,
Манас сындуу дастан менен ченелттиң.

Башта мынча ким билиптир кыргызды,
Сен дүйнөгө бердин Түкө, Чынгызды.
Алар кайра атагынды көтөрүп,
Алкагыңды айга чейин жылгызды.
(Авторлорун тапкыла)

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 15856, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-09-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо