Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр

Баш барак | Адабият | Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр

Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр

Сүйлөм тизмегинде грамматикалык жактан өздөрү сүйлөмгө мүчө боло албаган (ээ, баяндооч жана айкындоочтун милдетин аткара албаган) жана сүйлөм мүчөлөрү менен тикеден-тике же кыйыр түрдө байланыша албаган сөздөр учурайт. Аларды тил илиминде каратма, киринди жана сырдык сөздөр деп атайт.

Каратма сөз
Бирөөгө тике арналып, чакыруу иретинде айтылган сөздөр каратма сөз деп аталат. Мисалы: Дмитрий аке, мойну сынган орокторду кадатып жибериңизчи. Беккул, эмнең ооруйт? (М. Э.)

Каратма сөздүн тыныш белгилери
1.Каратма сөз сүйлөмдүн башына келсе, өзүнөн кийин үтүр коюлат: - Элебес, баягы ишиң бүттүбү? (М. Э.) Садагаң, сен бул орок оргонду кайдан үйрөндүң? (К. Б.)

2.Каратма сөз сүйлөмдүн ортосунда орун алса, анда анын эки жагына тең үтүр коюлат: Ооба, жылдызым, азыр барабыз. (А.Т.) - Айткандай, Наташа, сени кечээ бир киши сураган. (С.С.)

3.Каратма сөз сүйлөмдүн аягынан орун алса, анда анын өзүнөн мурун үтүр коюлат: Уктап алайынчы, апаке! (Н.Б.) - Жаман көрбө, Сергейжан. (Т. С.)

Киринди сөз
Айтылуучу ойдун ар түрдүү кырдаалын билдирген сөздөр, же сөз тизмеги киринди сөз деп аталат. Мисалы: Болгондо да, алыс кеткендей болушту. (М.Э.) Сиздин келишиңиз, биринчиден, бизди кубандырып, бактыга ээ кылып отурат. (Н.В.Гоголь)

[ushka=seredina]

Киринди сөздүн тыныш белгилери
1.Киринди сөз сүйлөмдүн башына келсе, өзүнөн кийин үтүр коюлат: Албетте, мындай ишти уланта берүү керек. (Т.С.) Ачыгын айтканда, Сиздин пикириңиз мага көптөн бери белгилүү болгон. (Л.Т.)

2.Киринди сөз сүйлөмдүн ортосунда орун алса, анда анын эки жагына тең үтүр коюлат: Алар, ошентип, бүгүн жете барышат тура. (М.Э.) Сен экөөбүз, эң оболу, окуу жөнүндө сүйлөшөлү.

3.Киринди сөз сүйлөмдүн аягынан орун алса, анда анын өзүнөн мурун үтүр коюлат: Ал туура айтып жаткандыр, балким. (Т. С.) Бара келсе болмок экен, жок дегенде. (К. Б.)

Сырдык сөздөр
Адамдын ички сезимин билдирүүчү же айбанатка карата айтылуучу сөздөр сырдык сөздөр деп аталат. Мисалы: бали, пай-пай, бах, баракелде, ой, ай-ий, атаганат, чиркин, өш-өш, чү-чү ж.б. Баракелде, алып эле арабага коё койду. (Р.Ш.) -Кош, жолдош Артыкалиев, сиз эмне демекчисиз? (К.М.) -Салоомалейкум, акелер! - Алекимасалам, жигит. (К.Ж.)

Сырдык сөздөрдүн түрлөрү
Сырдык сөздөр маанисине карата ички сезимди билдирүүчү сырдык сөздөр, айбанатка карата айтылуучу сырдык сөздөр болуп эки топко бөлүнөт.

Ички сезимди билдирүүчү сырдык сөздөр
Мындай сырдык сөздөр кубанганда, сүйүнгөндө, өкүнгөндө, таң калганда, корккондо, чоочуганда кайгырганда ж.б. колдонулат. Мисалы: бали, пай-пай, эх, ий, чиркин ай, төх, аттиң-ай ж.б.

Айбанатка карата айтылуучу сырдык сөздөр
Мындай сырдык сөздөр айбанаттарды жана канаттууларды айдоого, чакырууга карата айтылат. Мисалы: чү-чү, тү-тү, өш-өш, чойт-чойт ж.б.

Сырдык сөздүн тыныш белгилери
1.Сырдык сөз сүйлөмдүн башына келсе, өзүнөн кийин үтүр, айрым учурда илеп белгиси коюлат: Тейт, анык эмегенде, Өскөнбөй болмок белем. Бали, бали, оп бали! Черт черте түш деген үндөр (оозеки речтен).

2.Сырдык сөз сүйлөмдүн ортосунда орун алса, эки жагына үтүр коюлат: Кой, кокуй, ал эмнең? (Ч.А.) Колуктусу бар жигитке алданып, апий, бетим! (К.К.)

3.Сырдык сөз сүйлөмдүн аягынан орун алса, өзүнөн мурун үтүр коюлат: Мүйүзүң сынгыр, чиге (оозеки кептен) Жеримден кетип баратам, Жеңе-желпи, кайыр-кош. (Ч. А.)

4.Сырдык сөздөр күчтүү сезим менен айтылып, сүйлөмдүн тутумунан бөлүнсө, сырдык сөздөрдөн кийин илеп коюлат да, кийинки сүйлөм баш тамга менен жазылат. Мисалы: Бали! Черте түш, Ака! Бали! Салмактуу созулган эмгек ыры улам көтөрүлүүдө, улам калкып теребелди көшүлтүүдө ж.б.

5.Сырдык сөздөр кайталанып айтылса, арасына дефис коюлат. Мисалы: пай-пай, кыру-кыру ж.б.

Жайгаштыруу: 2019-07-05, Көрүүлөр: 173713, Өзгөртүлгөн: 2023-04-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо