Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Зат атооч деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Зат атооч деген эмне

Салам достор, бул макалада зат атооч деген эмне, энчилуу жана жалпы аттар кандай, алардын жазылышы, жекелик жана көптүк саны, жакталышы, жасалышы, жөндөмөлөрү жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

Заттын атын же заттык түшүнүктү билдирүүчү сөздөр зат атооч деп аталат. Зат атооч ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолорго жооп берет. Зат атооч энчилүү жана жалпы ат болуп экиге бөлүнөт.

Энчилүү аттар
Энчилүү ат жеке бир затка энчиленип коюлат. Аларга кишилердин, шаардын, тоолордун, океандардын, деңиздердин, көлдөрдүн, газета-журналдардын, мекеменин, окуянын, айбандардын ж. б. аттары кирет. Алар дайыма баш тамга менен жазылат. Мисалы: Кара-Буура, Бакай-Ата, Тянь-Шань тоолору, Аккула, "Темир" романы, Бишкек шаары, "Талас" газетасы ж.б.

Энчилүү аттар
Жалпы ат бир түрдүү заттардын жалпы жонунан берилет. Мисалы: токой, тоо, таш, суу, мектеп, шаар, адам, мал, эл ж. б.

Энчилүү аттардын жазылышы. Энчилүү аттар төмөндөгүдөй жазылат.

1.Адамдардын аттары, атасынын аты, фамилиясы бир сөздөн же сөз айкашынан тургандыгына карабастан, ар бири баш тамга менен жазылат. Мисалы: Эркинай, Эрлан, Дүйшеев Жекшен Сапарович, Калмурзаева Күнтунук Максатовна.

2.Өз атынан тышкары коюлган аттар, жашыруун аттар (псевдонимдер) баш тамга менен башталып жазылат. Эгерде мындай энчилүү аттар эки сөздөн турса, арасына эч белги коюлбастан бөлөк-бөлөк жазылат да, экөө тең баш тамга менен башталат. Мисалы: Балка, Тоголок Молдо, Туке

3.Жаныбарларга коюлган энчилүү аттар бир сөздөн же сөз айкашынан тургандыгына карабастан, баш тамга менен башталып жазылат. Кыргыздарда мындай аттар көбүнчө жылкыга жана иттерге карата колдонулат. Мисалы: Карагер, Кумайык, Рэкс, Тайманбас ж.б.

4.Географиялык аттар (жер-суунун, аска-зоолордун, эл жайгашкан аймактардын, суулардын, деңиздердин ж. б. аттары) баш тамга менен жазылат. Мисалы: Турук, Шаты, Каркыра, Ош, Баткен ж. б.

5.Кыргызстандын аймагындагы эки же андан ашык сөздөн куралган татаал географиялык аттардын бардыгынын ортосуна дефис (сызыкча) коюлуп, ар бири баш тамга менен башталып жазылат. Мисалы: Ысык-Көл, Сары-Ой, Ала-Тоо ж. б.

6.Кыргызстан аймагынан тышкары төмөнкү географиялык аттардын кыргызча айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя ж.б.

7.Астрономиялык аттар баш тамга менен жазылат: Юпитер, Меркурий, Сатурн, Уран ж.б.

8.Жер-суу атынан алынган колхоз-совхоздун аттары тырмакчага алынып жазылат: "Шамшы" колхозу, "Алга" совхозу ж. б. Эгер колхоз-совхоздун, мектептин аттары адамдын атынан коюлса, тырмакчага алынбай жазылат: Карымшаков атындагы колхоз, Капашов атындагы орто мектеп ж. б.

9.Китептердин, газета-журналдардын ж. б. аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен, эгер эки сөз тең энчилүү ат болсо, экөө тең баш тамга менен жазылат: "Каныбек" романы, "Кыргыз Туусу" газетасы, "Ала-Тоо" журналы ж. б.

10.Энчиленип айтылган тарыхый окуялардын аттарынын биринчи, экинчи сөздөрү баш тамга менен жазылат: Улуу Октябръ социалисттик революциясы ж. б.

11.Белгилүү даталардын, майрамдардын аттарынын биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: Аялдардын эл аралык майрамы, Жеңиш күнү, Жаңы жыл, Эгемендүүлүк күнү.

12.Эгерде татаал энчилүү аттардын биринчи сөзү иреттик сан атоочтордон болуп, цифра менен жазылса, экинчи сөзү баш тамга менен жазылат: 5-Май, 31-Август, 7-Ноябръ, 31-Декабрь ж. б.

13.Министерстволордун, партиялык жана коомдук уюмдардын, түрдүү мекемелердин, окуу жайларынын биринчи сөзү жана анын курамындагы кошо айтылган энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз мамлекеттик университети ж.б.

[ushka=seredina]

Зат атоочтордун жекелик жана көптүк саны
Зат атоочтор жекелик жана көптүк санда айтылат. Көптүк маанини -лар мүчөсү жасайт. Мисалы: алма - алмалар, өзөн -өзөндөр, китеп - китептер д.у.с. Кээ бир сөздөр -лар мүчөсүнүн жардамысыз эле көптүк маанини билдирип турат. Чөп чабылды. Эгин орулду. Мал жайлоого чыгарылды ж.б.

Зат атоочтордун жакталышы
Зат атоочтун үч жактын бирин билдирип жак боюнча өзгөрүшүн зат атоочтун жакталышы дейбиз. Жак уландылар жакты билдирүү менен бирге көптүк, жекелик санды да билдирет.

Жекелик санда
1-жак - мен -мын, -мин, -мун, -мүн
2-жак - сен (жөнөкөй түрү) -сың, -сиң, -суң, -сүң
2-жак - сиз (сылык түрү) -сыз, -сиз, -суз, -сүз
3-жак - ал

Көптүк санда
1-жак - биз -быз, -биз, -буз, -бүз
2-жак - силер (жөнөкөй түрү) -пыз, -пиз, -пуз, -пүз
2-жак - сиздер (сылык түрү) -сыңар, -сиңер, -суңар, -сүңөр
3-жак - алар -сыздар, -сиздер, -суздар, -сүздөр

Жакталып турган зат атоочтор жөндөлбөйт.

Заттардын таандык болуп айтылышы
Зат атооч сөздөргө уланган кээ бир мүчөлөр таандыкты билдирет. Мындай таандык мүчөлөр эки топко бөлүнөт:

1.жак таандык мүчө -ым, -ың, -ы (-сы), -ыбыз, -ыңыз, -ыңар.

2.жалпы таандык -ныкы. Үндүүлөрдөн кийин -ныкы, -ники, -нуку, -нүкү, жумшак үндүүлөрдөн кийин -дыкы, -дики, -дуку, -дүкү, каткалаң үнсүздөрдөн кийин -тыкы, -тики, -туку, -түкү.

Зат атоочтордун жасалышы
Зат атоочтор морфологиялык жана синтаксистик жол менен жасалат.

Зат атоочтордун морфологиялык жол менен жасалышы
Зат атоочтор морфологиялык жол менен, башкача айтканда, сөз жасоочу мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат.

1.Атооч сөздөрдөн зат атоочту жасоочу мүчөлөр:

2.Этиштен зат атоочту жасоочу мүчөлөр:

Зат атоочтун синтаксистик жол менен жасалышы
Эки же андан көп сөздөрдүн айкалышынан түзүлгөн зат атоочтор сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалат: темир жол, ат кулак, боз үй, сары май, чек ара, ата-эне, ага-ини ж. б.

Жөндөмөлөр жөнүндө түшүнүк
Жондомо деген эмне. Сүйлөм ичинде сөздөрдүн байланышын, жөнүн, катышын көрсөтүп турган -нын, -га, -ны, -да, -дан мүчөлөрү жөндөмө мүчөлөр деп аталат. Ушул мүчөлөрдүн грамматикалык маанисин белгилөө үчүн алынган сөз жөндөмө деп аталат. Зат атооч деген эмне - аттуу макалабыз жөндөмөлөргө тиешеси болгондуктан алар жонундо кыскача айта кетели.

Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөр төмөнкүлөр:

  1. Атооч - ким? эмне?
  2. Илик - кимдин? эмненин?
  3. Барыш - кимге? эмнеге?
  4. Табыш - кимди? эмнени?
  5. Жатыш - кимде? эмнеде?
  6. Чыгыш - кимден? эмнеден?

Атооч жөндөмө
Заттын атын көрсөтүп турган сөз атооч жөндөмө деп аталат. Атооч жөндөмөнүн тиешелүү жөндөмө мүчөсү жок. Атооч жөндөмөдөгү сөздөр ким? эмне? каер? деген суроолорго жооп берип, башка жөндөмө мүчөлөрдүн уланышына негиз болот.

Сүйлөм ичиндеги атооч жөндөмөдөгү сөздөр ээлик, баяндоочтук, аныктоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Ала-Тоо бүгүн кулпунду. (Ж.Т.) (Ээси - Ала-Тоо). Сөз атасы - кулак, суу атасы - булак (баяндооч - кулак, булак). Бул жумуштун кызыгына батып алган соң, жумушка эрте бардым (аныктоочу-бул).

Илик жөндөмө
Заттын кимге же эмнеге таандык экендигин, кандайдыр бир катышы, тиешеси бар экендигин көсөтүүчү жөндөмө - илик жөндөмө деп аталат. Илик жөндөмөнүн негизги мүчөсү -нын, ал кимдин? эмненин? каердин? деген суроолорго жооп берип, 16 вариантта өзгөрөт. Илик жөндөмөсүндөгү сөздөр көбүнчө аныктоочтук милдет аткарат. Мисалы: Эликтин көркү төр менен, эгиндин көркү жер менен (аныктоочу - эликтин, эгиндин).

Барыш жөндөмө
Кыймыл-аракеттин кимге, эмнеге же кандайдыр башка максатка багытталгандыгын, жумшалгандыгын жана ордун, ченемин белгилөөчү жөндөмө барыш жөндөмө деп аталат. Барыш жөндөмөнүн негизги уландысы -га. Барыш жөндөмөдө турган сөздөр кимге? эмнеге? кайда? каяка? деген суроолорго жооп берет жана 16 вариантта өзгөрөт. Барыш жөндөмөдөгү сөздөр толуктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Адамга адамча мамиле кылууну үйрөн (толуктооч - адамга). Эң кичине уулумду шаарга жөнөттүм (бышыктоочу - шаарга) ж.б.

Табыш жөндөмө
Кыймыл-аракет түздөн-түз багытталган затты билдирүүчү жөндөмө - табыш жөндөмө деп аталат. Табыш жөндөмөнүн негизги мүчөсү -ны. Табыш жөндөмөсүндө турган сөздөр кимди? эмнени? каерди? деген суроолорго жооп берет. Табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү 17 вариантта өзгөрөт. Табыш жөндөмөдө турган сөздөр көбүнчө толуктоочтук милдет аткарат. Мисалы: Ала-Тоону күндө көрсөң, күндө кызык. Уясында эмнени көрсө, учканда ошону алат (толуктоочтор - Ала-Тоону, эмнени, ошону).

Жатыш жөндөмө
Орунду, бир нерсенин кайда, эмнеде экендигин же белгилүү бир мезгилди көрсөтүүчү жөндөмө - жатыш жөндөмө деп аталат. Жатыш жөндөмөнүн негизги мүчөсү -да. Жатыш жөндөмөдө турган сөздөр кимде? эмнеде? кайда? каерде? деген суроолорго жооп берип, 12 вариантта өзгөрөт. Жатыш жөндөмөдөгү сөздөр сүйлөм ичинде толуктоочтун, бышыктоочтун милдетин аткарат. Мисалы: Бул китепти Бактыгулдан алдым (китепти - толуктооч). Жүргүнчүлөр Бишкектен келе жатышкан (Бишкектен -бышыктооч).

Чыгыш жөндөмө
Кыймыл-аракеттин кайдан башталышын, чыгыш тегин, ордун жана жалпы эле кимден, эмнеден экендигин көрсөтүүчү жөндөмө - чыгыш жөндөмө деп аталат. Чыгыш жөндөмөдө турган зат атооч сөздөр кимден? эмнеден? кайдан? каерден? деген суроого жооп берип, мүчөсү (-дан) 15 вариантта өзгөрөт. Мисалы: Бүгүн шаардан чыктык. Бул үй кирпичтен жасалган.

Зат атооч сөздөрдүн жөндөлүшү
Зат атоочтордун жөндөлүшү 3 топко бөлүнөт.

1.Аягы үндүү жана үнсүздөр менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү. Мисалы:

А. балакорооталбор
И. баланынкороонунталдынбордун
Б. балагакорооготалгаборго
Т. баланыкороонуталдыборду
Ж. баладакородоталдабордо
Ч. баладанкородонталданбордон

2.Аягы -ск, -нк, -фть, -кт, -нг, -нд, -мн менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү.

А. Минсктанкнефьакт
И. Минскининтанкыныннефтининактынын
Б. Минскигетанкыганефтигеактыга
Т. Минскинитанкынынефтиниактыны
Ж. Минскидетанкыданефтидеактыда
Ч. Минскидентанкыданнефтиденактыдан

3.Таандык уландылар уланып турган сөздөрдүн жөндөлүшү.

А. саатымсаатыңсааты
И. саатымдынсаатыңдынсаатынын
Б. саатымасаатыңасаатына
Т. саатымдысаатыңдысаатын
Ж. саатымдасаатыңдасаатында
Ч. саатымдансаатыңдансаатынан

Зат атоочтун сүйлөмдөгү аткарган милдети
Зат атоочтор сүйлөм ичинде ээлик, баяндоочтук, аныктоочтук, толуктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Сергей барсканды бийик көтөрдү (Сергей - ээ, барсканды - толуктооч). Райондо жыйналыш болду (райондо - бышыктооч, жыйналыш - ээ) Атактуу жайлоолордун бир - Суусамыр (сусамыр - баяндооч). Балдар, силер жакшы окугула (балдар - каратма сөз). Кыш. Суук күчөп турган убак (кыш - атама сүйлөм).

Достор, зат атооч деген эмне аттуу макалабыз ушундай, пикирлерди тартынбай жазгыла, жооп беребиз.

Жайгаштыруу: 2019-06-24, Көрүүлөр: 108395, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-06-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо