Эне тил — учурда дисциплина аралык абалга ээ болгон, социолингвистиканын жана этнологиянын эң маанилүү түшүнүктөрүнүн бири.
Көптөгөн башка «табигый» түшүнүктөрдөй эле, «эне тил» жөнүндөгү түшүнүк прототипикалык «эне тилдин» белгиси алдыңкы планга чыкканына жараша илимде ар кандай формаланат.
Эне тилди аныктоочу критерийлердин арасында негизинен кийинкилерди айтышат:
Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Ар бир эл өзүнүн тили аркылуу гана ата-бабаларынын руху менен байланыша алат. Өз тилин жоготкон Эл ата-бабалардын руху менен болгон байланышын да жоготот. Ата-Бабалардын руху менен байланышын жоготкон эл тарыхын жоготот. Тарыхын жоготкон эл — тамырын жоготот. Тамырын жоготкон эл — анан өзү да акырындап куурап жок болот. Кыргыз тили — Улуу тил экендигинде шек жок. Анткени, улуу тил болбосо, ал «Манас» баштаган оозеки чыгармачылыктын 40 томдук үлгүлөрүн жаратканга күч-кубаты жетмек эмес жана көптөгөн дастандардын баарын поэзия тилине салып сүйлөтө алмак эмес. Андай бийик деңгээлге жетүү үчүн Тил миң жылдык жолдорду басуусу керек.
Кылычты кыя чапкан тил,
Кыргызым барктап баккан тил.
Кызыл жалын от кечип,
Кылымдап жолду баскан тил.
Кырааты менен сүйлөсө,
Кытайга дагы жаккан тил.
Эчен ашуу ашкан тил,
Элибиз барктап баккан тил.
Элдигин элим жоготпой,
Энедей барктап баккан тил.
Эр Төштүк, Жаңыл, Курманбек
Эпостун баары баткан тил.
Акындын багын ачкан тил,
Акылды элге чачкан тил.
Башынан сактап жат айткан,
Бабабыз Манас баткан тил.
Ааламда элге таанытып,
Айтматов багын ачкан тил.
Кыргыз эли Теңирден Сөз өнөрүн мурастап алган улуу Манастын урпактары аны белгилүү чыгыш таануучу-түрколог, этнограф «Манас» изилдөөчү В. В. Радловдун кыргыздын ошол замандагы сөз кудуретине таң калып мындай айткан сөзү бар экен:
«Кыргыздар өздөрүнүн түрк уруулаштарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүлөрдөгү сүйлөмдөрү уйкалышып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Сөз башталганда ага чейин кыжылдаган эл мемиреп үн катпай кулак төшөйт. Чечендиктен чексиз рахат алып, сөз күчүн бул жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүн табияты ушунда»
Ошондой эле кыргызча-орусча сөздүктүн автору белгилүү окумуштуу К. К. Юдахиндин: «Кыргыз тилин изилдеп, бүт жан дүйнөм арбалып чыга албай калдым, өзүнчө бир сырдуу касиети бар экен» – деп айтканы да бекеринен эмес.
Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал эл менен бирге эчен кылымдар ашып, турмуштун ар кандай шарттарын башынан өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин келди. Биздин ата-бабалар тилди өзүнүн «Манасы» баш болгон элдик оозеки чыгармалары менен бирге көздүн карегиндей сактап келген муундарга, бизге деп ыйык аманат катары жеткирди.
Кыргыз калкынын оозеки чыгармачылыгы – ооздон оозго, муундан муунга өтүп түбөлүктүү келе жаткан ардактуу жана сыймыктуу мурас. Андай чыгармалар кыргыз калкынын нечен кылымдан берки күрөштөрүн, үмүтүн, санаасын билдирип, көбүнчө эмгекчилердин мүдөөсүн көксөп келгендиктен, эл чыгармасы болуп эсептелет. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында калкыбыздын өткөндөгү турмуш-тиричилигин, үрп-адатын, каада-салтын көрсөткөн чыгармалар өтө көп. Аларга: керез, айтыш, арман, кошок, бешик ырлары, санат, эмгек ырлары, насыят, ырым-жырым ырлары, ак баталар жана улуу эпос Манас, ошондой эле «Эр төштүк», «Курманбек», «Эр табылды», «Кожожаш», «Жаныш-Байыш», «Жаныл мырза» сыяктуу кенже эпостор кирет. Биздин күнгө ушундай улуу мурастарды жеткирген касиеттүү эне тилибиз эмеспи. Кыргыз тил күнү 23-сентябрь күнү жыл сайын белгиленет. Ал эми эл аралык эне тил күнү 21-февралда майрамдалат.
Касиеттүү эне тил
Карылардын оозунда –
Шекер, шербет, бал болгон.
Эр жигиттин оозунда
Намыс менен ар болгон.
Касиеттүү эне тил,
Аруу, назик сезимдей.
Кылым бойлоп келесиң,
Кыргыз атын өчүрбөй.
Бой тумардай санайбыз,
Кадыр тутуп өзүңдү.
Көп колдонбос буюмдай,
Чаң баспасын сөзүңдү.
Ошентип эчен кылым карытып, эчен кыйынчылыктарга туш болуп, тарыхта өз ордун сактап келген кыргыз тили өткөн кылымдагы СССРдин учурунда дагы бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Кыйынчылык дегенибиз совет доорунда бардык мекемелердеги иш-кагаздары, жыйындар орус тилинде гана жүргүзүлгөн. Көптөгөн кыргыз мектептер жана бала-бакчалар жабылган. Ал эми өткөн кылымдын 40-50-жылдарында элибиз «Орусташууну» улантып, уул-кыздарынын ысымдарын орус элинин ысымдарына өткөрүшкөн учурлар да болгон.
Мурдагы СССРдин кайра куруу доорунда бир катар союздук республикалар мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алып, ошол республикада Мамлекеттик тил катары таанылган. 1989-жылы Кыргыз ССРинин Конституциясына ылайык Кыргыз ССР Жогорку Кенешинин сессиясында «Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Анда Кыргыз ССРинин аймагында кыргыз тили мамлекеттик тил катары колдонулуп, СССР элдеринин улуттар аралык баарлашуу тили болуп орус тили колдонулары белгиленген. Ал эми республиканын шаарларындагы, айылдарындагы, мекемелериндеги, ишканаларындагы, уюмдардагы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өтүү 1989-1998-жылдары ишке ашырылмак. Бирок, иш мыйзамдын жана андан кийинки жоболордун негизинде жүргүзүлбөстөн 2005-жылга чейин кагаз бетинде калган. Ал эми 2005-жылдан бери мамлекеттик тилге Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөт тарабынан көңүл бурулуп, көптөгөн алгылыктуу иштер жасалууда.
Ушундай бай тарыхы бар тилибиздин жазуусу бүгүнкү күнгө чейин кандай жолду басып өткөнүн билесиңерби?
Мүрзөнүн үстүнө коюлган таштарга, кээ бир буюмдарга жазылган кыргыз жазуулары Енисейдин жогору жагынан, Түштүк Батыш Монголиядан жана Түштүк Сибирден табылган. Эстеликтерде жазылган окуялардын жазууларынын көбү VII кылымдын аягына таандык экенин билсе болот. Бул Енисей-Орхон жазуулары илимде XVII кылымдын аягынан бери белгилүү болсо да, анын мааниси XIX кылымдын аягында гана чечмеленген. Академик В. Радлов анын баарын которуп, 1897-жылы кагаз бетине бастырып чыгарган.
Өзүнүн мазмунуна караганда, Енисей эстеликтеринин эң эскиси – Торопа Ичкеринин сыйына коюлган бегре жазуусу. Бул – кыргыз элинин эң байыркы адабий текстин, Бегре жазуусун, академик 648-жылга тиешелүү деп эсептейт. Енисей жазууларын кыргыз адабиятынын баштапкы булагы катары караса болот, анткени анда көркөм адабиятка тиешелүү каражаттар (метафора, гипербола, уйкаштык ж. б) орун алган. Орхон-Енисей жазуулары ислам дининин таркашы (X-XI к.) менен акырындап колдонулбай, унутулуп калган. Түрк тайпалары араб алфавитин колдонууга өткөн.
Араб тамгасында иш кагаздарын, тарыхый документтерин, адабий чыгармаларын ж. б. жазып калтырышкан.
20-кылымдын 1924-жылы кыргыз эли өзүнчө бөлүнүп, өз эне тилинде окуу китептери басыла баштады. Алгач улуттук жазуу реформаланган араб тамгалары аркылуу жүргүзүлгөн. Бирок, ал кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүнө туура келбегендиктен, 1928-жылдан тартып латын графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы алфавит колдонула баштаган.
Андан соң, 1941-жылдан ары, орус алфавитинин негизинде түзүлгөн жаңы жазууга өткөн. Азыркы кыргыз жазуусу фонетика-морфологиялык принципке негизделген. Анда орус алфавити (кирилица) толук пайдаланылып, «ң», «ү», «ө» тамгалары кошумча киргизилген.
Кыргыз тили кыргыз элинин өзүндөй эле байыркы, өтө көп кылымдарды башынан өткөргөн, байлыгы ашкан, ийкеми артып, кылдат ой-пикирлерди талапка ылайык толук бере алган, билим-илимге татыган, маданиятка кызмат кылган жана башка элдер менен болгон алаканы үзгүлтүксүз жүзөгө ашырган, өнүп-өсө берүүдөн улам бекем сакталуучу тил.
Кылымдарды карыткан ата-бабаларыбыздын тили жалан гана акын-жазуучуларга керек эмес, баарыдан мурда эл башкарган кыргыздын намысын сактай турган ар бир атуулга керек. Ошондуктан өткөн кылымдагы кыргыз тилинин касиети бүгүнкүгө салыштырмалуу кеп маданиятын сактап, өркүндөтүп, элибиздин атын дүйнөгө тааныткан эне тилибизге таза мамиле жасоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз болмокчу.
Баба тилим — бал тилим
Эне тилим эчен доор аттаган,
Эне Сайдан - Теңир Тоого аттанган.
Ырга жакын, ыргак тура деп айтып,
Ырадловдор, Бартольддор мактаган.
Бакай, Кошой, Манас өңдүү бабалар
"Байыркы элдин тили" дешип барктаган.
Бали, ырахмат Аталар,
Баба тилин барктаган.
Урмат сыйга жеткирип,
Урпактары сактаган!
Баба тилим - бал тилим деп кубанам,
Баарыңардан таза тут деп суранам.
Байыркыдан келе жаткан ыйык тил,
Барктабаган өнөө тилдер кулаган.
Кылым сайын кыйла улутка теңдешип
Кыргыз тилим дуулдаганы-дуулдаган.
Урматташып бул тилди,
Уул-кыздар улаганы-улаган.
Булбул кайрык ыргактарын,
Булак коштойт дайрадан!
Бул эки тушунук кыргыз эли үчүн ажырагыс, бир, ыйык түшүнүк. Тил ийилсе, тил ийилет, тил менен дил ийилген жерде улут жоголот. Кыргыздын кыргыз катары, улут катары жашап калышынын туу чокусу бул кыргыз тили. Тил кыргыз элине жараткандан берилген. Демек, ааламдаштыруунун улуу селинде улут катары кайра жаралуунун идеясы улуттук тилди көз карегиндей сактап калууда жатат. Улуттук өзгөчөлүгүбүздүн өзөгү да — тил. Улуттун уңгу олжосу — ой, сынганы сөз, нускоосу улуулардын салты, ураны — Манас, эл байлыгы тил!