Татаал суйлом деген эмне? анын турлору кандай? келгиле төкпөй-чачпай, жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүүгө аракет кылалы.
Татаал сүйлөм эки же андан көп жөнөкөй сүйлөмдөн түзүлөт. Анын тутумундагы сүйлөмдөр маанилик жактан да, грамматикалык жактан да өз ара байланыштуу болушуп, бүтүн бир ойду билдиришет.
Мисалы, төмөнкү сүйлөмдөргө көнүл буруп көрөлү:
Жаан жаайт, эгин өсөт, эл күн көрөт, мен да алар менен кошо жашайм.
Ч. Айтматов
Бул татаал сүйлөм төрт жөнөкөй сүйлөмдөн түзүлдү. Мындагы сүйлөмдөр бири-бири менен мезгилдик мааниси боюнча байланышып, болгон окуялар биринин артынан экинчиси көрсөтүлдү.
Ал эми маанилик жактан бири-бирине жакын болбогон жөнөкөй сүйлөмдөр татаал сүйлөмдү уюштура алышпайт. Мисалы, Сабак башталды жана Ысык-Кол тоңбойт деген жөнөкөй сүйлөмдөрдөн татаал сүйлөм түзүлбөйт, себеби бул сүйлөмдөр мааниси боюнча өз ара байланыштуу эмес.
Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр бири биринен грамматикалык түзүлүшү боюнча айырмаланышат. Атап айтканда, жөнөкөй сүйлөмдө бир эле грамматикалык негиз (баш мүчөлөр) болсо, ал эми татаал сүйлөмдө эки же андан көп грамматикалык негиз болот.
Салыштыргыла:
Татаал сүйлөмдүн өзүнө мүнөздүү грамматикалык түзүлүшү бар. Ал төмөнкүдөй жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлөт (кашаанын ичиндеги 2 деген сан - эки тутумдуу, 1 дегени - бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдү билдирүүчү шарттуу белгилер).
1.Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт. (Мак.) Эки тутумдуу жөнөкой сүйлөмдөр. (2+2) Эки сүйлөмдө тен баш мүчөлөр катышты.
2.Китепти сүйгүлө, ал силердин келечек турмушуңар үчүн керек болот. Биринчи бөлүгү - бир тутумдуу (ээ катышкан жок); экинчиси - эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөм. (1+2)
3.Кеңешме болот, ошого дейре уюштуруу иштериңди жолго кой. Биринчи болүгү - эки тутумдуу; экинчиси - бир тутумдуу (ээ катышкан жок) жөнөкөй сүйлөм. (2+1)
4.Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло. (Макал) Бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр; эки сүйлөмдө тен ээ катышкан жок. (1+1) Жазууда жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосуна үтүр коюлат.
Татаал сүйлөмдү түзгөн жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара тен укукта, тен мааниде колдонулушу мүмкүн.
Мисалы, Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүилөйт. (Мак.) Мында эки сүйлөм бар: 1.Көпкөн жигит көп сүйлөйт. 2.Чечен жигит эп сүйлөйт. Эки сүйлөмдүн бири экинчисине багынган жок, ар биринин баяндоочу тыянактуу айтылды.
Ошентип, тен укуктагы жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлсө, ал тен байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.
Кээде жөнөкөй сүйлөмдүн бирөө ойдун натыйжасын билдирет да, экинчиси мааниси боюнча ага багынып, анын ар кандай кырдаалын (ордун, мезгилин, шартын ж. б.) билдирет.
Мисалы, Касым жөнөп кеткенден кийин. Майсалбектен кат келди (Ч. Айтматов) Негизги сүйлөм - Майсалбектен кат келди. Качан? - Касым жөнөп кеткенден кийин - негизги сүйлөмдөгү ойдун мезгилин билдирди, ага мааниси боюнча багынды.
Эгерде ушул сүйлөмдү өзүнчө алып карасак, тыянактуу ойду билдире албайт, ошон үчүн Майсалбектен кат келди деген сүйлөм менен ажырагыс бирдикте колдонулат.
Ошентип, жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчисине багынып турса, ал багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.
Демек, татаал сүйлөмдү түзүп турган сүйлөмдөр өз ара тең укукта болушат, же болбосо, бири экинчисине багынат. Ушуга байланыштуу татаал сүйлөмдүн эки түрү бар: