Тилдин ички мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайык грамматикалык жактан уюмдашылып, кадыресе ойду билдирген кеп бирдиги сүйлөм деп аталат.
Мисалы: Көргөн жанды суктандырган Ысык-Көлүбүз бар. Эрдик күрөштө туулат.
Суйлом деген эмне - бул жөнөкөй тил менен айтканда сөздөрдүн чекитке чекинки жыйындысы десек да болот, бирок тигил же бул деп оюбуздан чыгарбай так маалыматты билип алалы.
Достор, сүйлөм деген кыргыз тилиндеги эң бир маанилүү жана чоң темалардын бири, ошого байланыштуу макаланы бир нече макалага бөлдүк, бардык сүйлөмгө түздөн-түз тиешеси бар темаларды шилтеме кылып макаланын эң астына жазып койдук. Ал эми бул теманы оңоюураак түшүнүү максатында төмөндөгү ыр саптарын сунуштайбыз.
Сүйлөм деген адамдын бүткөн оюн билдирет.
Маани жагын карасак,өзү төрткө бөлүнөт.
Жай, суроолуу, илептүү жана дагы буйрук бар,
Түзүлүшүн карасак, жөнөкөй бар, татаал бар.
Бул сүйлөмдө, бул сүйлөмдө ушулар.
Сүйлөм мүчө милдетин эки топ деп карасак,
Ээ, баяндооч сүйлөмдүн негизи деп санасак,
Айкындоочко бул кирет:
Аныктооч да толуктооч,
Жана дагы, жана дагы бышыктооч.
Ээнин астын бир сызып,
Баяндоочко экини.
Аныктоочту толкундап,
Үзүк-үзүк толуктооч,
Үзүк-чекит бышыктооч.
Мына шундай, мына шундай сызылат.
Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү
Айтылып жаткан кептин мазмунун, чындыкка карата болгон мамилесин билдирүү максатына жана баяндалып жаткан ойдун кырдаалына карай сүйлөмдөр жай, суроолуу, буйруктуу жана илептүү болуп төрткө бөлүнөт.
Жай сүйлөм
Жай сүйлөм сүйлөөчүнүн айлана-чөйрөдө, чындык турмушта болуп жаткан окуяларга, түшүнүккө, кубулушка жана башка ар кандай нерселерге карата болгон оюн жайынча гана баяндайт. Ошондуктан ал жай сүйлөм деп аталат. Мисалы: Жеңишбек менен Микола-Аскер Акиянын колунда. (Т.С.) Токтогулдун санаасы каптагы кумдай чууруду. (А.Т.)
Суроолуу сүйлөм
Маалымат, кабар алуу максатында айтылган сүйлөмдөр суроолуу сүйлөмдөр деп аталат. Мындай сүйлөмдөр угуучуга тике багыттала кайрыла айтылып, суроолуу жана жооп күтүү мүнөздө болот. Мисалы:
- Канча араба замбиректин огу бар?
-Алты.
-Командир кайда?
-Сол флангада. (Дм. Ф.)
Буйрук сүйлөм
Сүйлөп жаткан адамдын, айтуучунун эркин, тилегин, өтүнүчүн, буйругун билдирген сүйлөм буйрук сүйлөм деп аталат. Мисалы: Окугула! Азыр жооп бересиңер! Токтогула! Кайда бара жатасыңар? Укпайсыңарбы! Өз билгениңди кыл!
Буйрук сүйлөм жайынча гана айтылса, аягына чекит, буйрук иретинде айтылса, илеп белгиси коюлат. Мисалы: Укпайт деп, шыбаба, көрбөйт деп, пара алба. Тынчтангыла! Азыр сабак башталат! Кана эмесе, машинага олтургула!
Илептүү сүйлөм
Илептүү сүйлөм жашоо-тиричиликте болуп жаткан же болуп өткөн жана ошондой эле боло турган иштер менен окуялар, кубулуштар менен көрүнүштөр, түшүнүктөр менен нерселер жөнүндө адамдын чын көңүлүнөн жана ички-эрк сезиминен, ички эмоциясынан чыккан кабарды билдирүү максатында айтылган сүйлөмдөр илептүү сүйлөм деп аталат. Мисалы: Ой, бали, чертет экен да! (К.К.)
Кымбаттуу окурман, "суйлом деген эмне" аталган макала аягына чыга элек, төмөндөгү шилтемелерден кошумча макалалар менен таанышып алсаңыздар болот.