Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сын атооч деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сын атооч деген эмне

Сын атооч деген эмне, анын атоочтук даражалары, жасалыштары кандай, заттык мааниде колдонулушу, синтаксисттик кызматы жана башкалар жөнүндө баарлашалы.

Мазмуну

Жалпы түшүнүк

Заттын түсүн, сынын, сыпатын, даамын, формасын жана башкаларды билдирип, кандай? кайсы? аттуу суроолорго жооп кайтарган сөздөр сын атооч деп аталат. Мисалы: жашыл, көк, дурус, даамдуу, кычкыл, сүйрү, катуу ж.б.

Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска (кыска - баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы - бышыктооч).

Сын атоочтор грамматикалык түзүлүшүнө карата экиге бөлүнөт: жөнөкөй жана татаал сын атоочтор болуп. Жөнөкөй сын атоочтор «кандай» деген суроого жооп берип, бир сөздөн турат, мисалы:
СөздөрСүйлөмдөр
ТентекМаксат тентек бала
АмалдууГүлбурак амалдуу кыз
АлгырАктөш алгыр ит
СүткөрАл сүткор адам
ӨнөрлүүӨнөрлүү өлбөйт
КызыктууБиз кызыктуу ойнодук
ӨткүрБейшенбек өткүр адам
ЖагымдууНазик эже жагымдуу адам
ЖылдыздууМаксат жылдыздуу жигит
Татаал сын атоочтор эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлүп, лексикалык жактан бир эле түшүнүктү билдирет, мисалы:
CөздөрүСүлөмдөр
Кызыл-тазылМирбек кызыл-тазыл баштык көтөрүп алыптыр
Алдуу-күчтүүКожомкул алдуу-күчтүү балбан болгон
Ак жүздүүКытайлык кыздар ак жүздүү келет
Кара-торуАбдыманап кара-тору болгон кийимчен келди

Сапаттык жана катыштык сын

Заттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат. Мисалы: кууш, көркөм, кара, кочкул, ачык, кычкыл, туздуу, сүйрү, жалпак, дурус, начар.

Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат. Мисалы: илимий мекеме, демократиялык коом, саздуу аймак, аскадай чеп, болоттой тартип, кургакчыл ай, таттуу аш.

Сын атоочтун даражалары

Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража.

Жай даража

Заттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат. Мисалы: кызыл, сары, ак, кара, ачуу, кең, сүйүү ж.б.

Салыштырма даража

Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Мис: Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичирээк.

Күчөтмө даража

Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкүдөй жолдор менен жасалат

  1. Эң, өтө, абдан, чымкый, деген ж. б. күчөткүчтөрдүн жардамы менен жасалат. Мисал: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл.
  2. Сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат. Мисал: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик-бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр.
  3. Затташкан сын атоочтор күчөтмө даражаны уюштурат. Мисал: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуусу ж.б.

Басаңдатма даража

Заттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

Сын атоочтун жасалышы

Сын атоочтор кийинкидей мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

  1. Зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр:
    • -луу - токойлуу жер, суулуу өзөн
    • -дай - тоодой толкун, алтындай сары
    • -сыз - ботосуз төө, суусуз жер
    • -гы - жазгы суу, кышкы тоо, жайкы ысык
    • -чул - суучул киши, жаанчыл ай
    • -лык - шаардык адам, айылдык жер
    • -чан - атчан адам
    • -мер - ишмер кызматчы, сөзмөр чал
    • -дак - кумдак жер, таштак өрөөн, саздак жер
    • -кор - малкор адам, чайкор кемпир
    • -ий - илимий иш, тарыхый окуя, диний көз караш
  2. Этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр:
    • -гыр - алгыр куш, өткүр бычак
    • -гыч - аткыч киши, илгич мышык
    • -гак - соргок кузгун, тайгак жол
    • -аак - ыйлаак бала, тердээк ат
    • -ык - жыртык кемсел, кетик тиш, сасык жыт
    • -чаак - таарынчаак бала, унутчаак киши, уялчаак кыз
    • -анаак - кабанаак ит, сүзөнөөк уй, качанаак ат
    • -калаң - шашкалаң киши, каткалаң тыбыш
  3. Сын атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр:
    • -гылт - кызгылт, саргылт
    • -гылтым - кызгылтым, көгүлтүм
    • -гыч - саргыч
    • -ыш - агыш, көгүш
    • -ылжым, (-ылжын) - каралжым (каралжын), көгүлжүм (көгүлжүн)
    • -омук, (-омтук) -бозомук (бозомтук)
    • -ча -акчажүздүү
    • -ыраак - кызылыраак, агыраак, жакшыраак, чоңураак.

Синтаксистик жол менен жасалышы

Сын атоочтор сөз менен сөздүн айкалышы аркылуу синтаксистик жол менен жасалат. Мисалы: улуу-кичүү, узун-кыска, ачуу-таттуу, майда-чүйдө, ак саргыл ж.б.

Заттык мааниде колдонулушу

Сын атооч менен бире айтылуучу аныкталгыч сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат: Жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт.

Синтаксистик кызматы

Затташып ээлик милдетти аткарат: Кызылы тандалып алынды. Жакшыны жакшы билер.

Жайгаштыруу: 2019-06-20, Көрүүлөр: 83628, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-03-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо