Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тил

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тил

Тил деген эмне? бул - жасалма жана табигый шартта түзүлгөн татаал белгилер системасы. Макалада Сиз тилдин функциялары, пайда болушу жана өнүгүүсү, тилдер классификациясы жана башкалар жөнүндө билесиз.

Мазмуну

Жалпы маалымат

Кеңири мааниде түшүнүүчү «тил» термини ар кандай белгилер системасына байланышы мүмкүн, бирок ал көбүнчө белгилер системасындагы тар классттарда көп колдонулат. Төмөнкүдөй белгилер системасы бар:

Тилдерди лингвистика илими изилдейт (тил илими). Белгилер системасы - семиотиканын (белги системаларынын илими) изилдөө предмети. Тилдин түзүмүнүн адам ойлоруна, кылык жоруктарына тийгизген таасири психолингвистика илими изилдейт.

Тилди түшүнүү

Психолог, коммуникация жана кооперация тармагынын адиси М. Томаселлонун айтымында тилди түшүнүү бул башкалардын баарлашуу учурундагы ниетин түшүнүү мүмкүндүгү. Мисал катары англис тилин үйрөнүп жаткан адамды айтсак болот, ал англисче сүйлөп жаткан адамды түшүнүүгө аракет кылат, жана анча мынча сөздөрүн билбесе дагы түшүнөт, түрдүү жаңсоолор, окшош сөздөр аркылуу. Ал эми эгер адам түшүнүүнү каалабаса, бир кулагына кирип, экинчисинен чыгып кете берет эмеспи.

Тилдин функциясы

«Функция» сөзү мында «багыштоо», «ролу», «иши» маанисинде айтылат. Тил - көп функционалдуу көрүнүш. Тилдин бардык функциялары коммуникацияда билинет. Тилдин негизги үч функциясы төмөнкүдөй:

20-кылымдын ири лингвисти, адабиятчы Роман Осипович Якобсон коммуникативдик акт теориясы жагынан төмөнкүдөй тилдин функцияларын белгилейт:

Француз лингвисти Андре Мартине тилдин үч функциясын белгилеген:

Тилдин келип чыгышы жана өнүгүшү

Тилдин пайда болуусу жонундо көптөгөн гипотезалар бар, бирок алардын бири дагы тилдин жаралуусундагы кылымдардын узак болгондугуна байланыштуу тастыктоочу фактыларга ээ боло элек. Гипотеза боюнча калууда, анткени тилдин пайда болуу процессин эксперимент түрүндө байкоого да, кайталап көрсөтүүгө да мүмкүн болбой турган чагы. 21-кылымдын башында адам тилинин пайда болушун окумуштуулар 7-хромосомадагы FOXP2 генинин мутациясы менен байланыштырышкан.

Ошондой болсо да тилдин пайда болуу теориясы бир нече топко бөлүнөт. Алардын бир нече бөлүгү тилдин татаал көрүнүш болгонуна байланыштуу жөн жерден эле пайда болбостон, адамдын байыркы баарлашуу тилдеринен келип чыккан деген теорияда негизделген. Башка теория болсо адам тили уникалдуу болуп, бир дагы жаныбардын тили менен салыштырууга болбойт, жана ал байыркы адамдан биринчи заманбап адамга өтүү учурунда жаралган деген ойлор бар. Мында бир теория тил адамдын генетикалык функциясы катары каралса, экинчиси тилди социалдык интеракция аркылуу берилүүчү маданий деңгээлдеги көрүнүш катары эсептейт.

Бүгүнкү күндө тилдин капыстан пайда болгондугунун белгилүү адепти (адепт - кайсы бир окуунун жактоочусу) америкалык лингвист Ноам Хомски. Ал «кадимки приматтын мээсинде кандайдыр бир мутация болуп, сүйлөө органы жаралган» деген божомолун айткан. Сүйлөөнүн эволюциясы сыяктуу «жомокторго» караганда менин айтканым чындыкка жакыныраак деп оюн билдирген.

Ал эми тилдин акырындык менен өнүгүү теориясын бүгүнкү күндө көптөгөн изилдөөчүлөр колдошот, бирок ал теориялар берилген өнүгүү механизмдеринен айырмаланып турат. Мисалы, психолог Стивен Пинкер тилдин өнүгүүсүн ички процесс катары санап, анын негизин жаныбарлардын интеллекти катары кароо керек деген ойдо. Ал эми психолог жана тилчи Майкл Томассело тилди баарлашуу учурундагы аспап жана анын негизин жандыктардын коммуникациясы же жестикуляциясы болот деп эсептейт. Чарльз Дарвин, Жан-Жак Руссо, Стивен Миттен дегендер тилдин музыкадан өнүккөнүн постулаттайт (постулат - далили жок кабыл алуу, божомол деген мааниде).

Тилдин жаралуусу адамзаттын тарыхый дооруна чейин болгондуктан, ал жөнүндө эч кандай маалыматтар сакталып калган эмес, бүгүнкү күндө болсо мындай процесстер (тил жаралуу процесси) байкалбай келүүдө. Ушуга байланыштуу изилдөөчүлөр тилдин акырындык менен өнүгүү теориясын карманып, жаныбарлардын (мисалы, приматтардын) коммуникация аналогиясы менен салыштырууга аргасыз. Изилдөөнүн альтернативдик ыкмасы, тилдин сүйлөөгө болгон адаптация издерин байыркы адамдардын калдыктарынан издөө, ошондой эле тил дооруна чейин символдорду колдонуу теориясын изилдөө.

Австралопитектердин коммуникация системасы принципиалдуу түрдө адам сымал маймылдардан айырмаланган эмес деген дээрлик жалпы кабыл алынган ой бар. Орточо 2,5 миллион жыл мурда пайда болгон Homo тукумунун (адам жөнүндө маалымат) ушул коммуникация системасынын андан аркы өнүгүүсү менен байланышы бар деген да ойлор бар. Кээ бир изилдөөчүлөр примитивдүү прототилдин (байыркы тил) 2,3 миллион жыл мурда Homo habilis тукумунда пайда болгондугун постулатташат, башкалары болсо бул чек 1,8 миллион жыл мурда Homo erectus же ал гана эмес 600 миң жыл муруңку Homo heidelbergensis тукумунда болгон дешет. Заманбап формадагы тил болсо жогорку палеолит доорунда (100 миң жылдан аз же жетпеген жылда) калыптанган.

Жер шарында көптөгөн тилдерин кантип пайда болгондугу адамзатты бүгүнкү күнгө чейин кызыктырып келет. Кээ бир окумуштуулар тилдер түпкү тилдин дивергенция (жайылуу, тароо) чынжырынын натыйжасында пайда болгон жалпы бир тамырга ээ дешет (моногенез концепциясы). Экинчилери болсо алгач тилдин пайда болуусунун бир нече көз карандысыз уялары болгон дешет (полигенез концепциясы).

Тилдерди изилдөө

Тил илиминин, лингвистиканын калыптанышы биздин доордун башталышына чейин, байыркы доордо башталган. Лингвистиканын өнүгүү процесси узак, кээде карама-каршылыктуу болуп, ар кандай этникалык маданияттардын өкүлдөрү тарабынан ишке ашырылган. 19-20-кылымдарда заманбап лингвистика түптөлүп, анда теориялык жана практикалык планда адам тилинин жана сүйлөөсүнүн бардык аспектилери изилденген.

Лингвистика бөлүмдөрү

Тилдин академиялык изилдөнүүсү теориялык позициялар жактан көптөгөн илим тармактары үчүн кызыкчылыктарды жаратат. Мисалы, дескриптивдүү лингвистика конкреттүү тилдин грамматикасын изилдеп, ал эми теориялык лингвистика концептуалдаштыруу жана тилдин табиятын аныктоо теорияларын көптөгөн тилдерге таянып чыгарат. Социолингвистика социалдаштыруу максаттарында тил кандай колдоноорун, нейролингвистика адам мээсиндеги тил маалыматтарын иштетүү менен байланышкан процесстерди, тарыхый лингвистика тилдин тегин, тектештигин жана тилдердин генетикалык классификациясын, прагматика сүйлөөчүлөр менен тилдик белгилердин колдонуу шарттарынын жыйындысын изилдейт.

Лингвистика тарыхы

Тилди изилдөөнүн формалдуу тарыхы биздин заманга чейин 5-кылымда башталган деп эсептелинет. Бул мезгилде индия грамматиги Панини санскрит тилинин 3959 морфология эрежесин калыптандырган. Ушуну менен бирге, кээ бир маалыматтар боюнча биздин заманга чейин 19-кылымда шумер жазуучулары шумер жана аккад тилдеринин грамматикалык айырмачылыктарын изилдеген. Натыйжада, жазууну ойлоп чыгарган ар бир байыркы маданият жеке грамматикалык салттарга келген.

17-кылымда Пор-Роялдын француз грамматиктери «тил грамматикасы - акыл тартып ойлонуунун негиздерин чагылдырат ошондуктан, грамматика универсалдуу болушу керек» деген идеяны иштеп чыккан. 18-кылымда филолог Уильям Джонс санскрит жана латындын жалпы келип чыгуусунун салыштырма анализинин негизинде божомолдоо менен салыштырмалуу-тарыхый тил илиминин негизин түптөгөн. Вильгельм фон Гумбольд тилдин академиялык изилдөөсүн бир гана индо-европалык тилдер тобунун чегинен тышкары чыгарган. 20-кылымдын башында Фердинент де Соссюр бири-бири аркылуу аныкталуучу, статистикалык байланышы бар тилдин бирдик системасынын идеясын иштеп чыккан. Соссюрдун негизги жетишкендиктери катары диахроникалык (тарыхый жана салыштырмалуу) жана синхроникалык (дескриптивдүү) лингвистиканын айырмалоосун айтсак болот. Соссюрдун ою боюнча «лингвистикалык изилдөө тилдин диахроникалык жана синхроникалык аспектилерин эске алганда гана өзүнүн предметине адекваттуу болот» - дейт. Андан тышкары Соссюрга тил системасынын элементтери ортосундагы эки түрлүү мамилелер жана айырмачылыктар аныктамасы таандык: синтагматикалык жана ассоциативдик мамилелер. Синтагматикалык мамилелер - бул биринин артынан бири ээрчиген сүйлөө агымынын ортосундагы мамилелер, башкача айтканда убакыттагы тил бирдиктеринин катарлар ичиндеги мамилелери (мындай тил бирдиктеринин айкалышы синтагма аталат). Синтагматикалык мамилелерден айырмаланып ассоциативдик мамилелер сүйлөө речинен жана убакыттан тышкары жашайт.

Тил система катары

Тил деңгээлдеринин негизгилери катары төмөнкүлөр эсептелинет:

Тилдин ар кайсы аймагында жана баскычында системдемдүүлүк бирдей эмес. Мисалы, фонологияда бир элементтин олуттуу өзгөрүүсү башка элементтерге же жалпы системага таасирин тийгизүүчү кайра калыптандырууга алып келет, жана бул лексикага караганда алда-канча жогору. Андан тышкары тил системасында жана анын өзүнчө майда системаларында борбору жана перифериясы белгиленет.

Дүйнө тилдери

Дүйнөдө 7 миңден ашык тил бар, аларды анча көп эмес тилдердин бүлөлөрү менен бириктерсе болот. Бул тууралуу эл аралык эне тил күнү макаласынан окуңуз.

Тилдердин классификациясы

Тилдерди классификациялоонун (иреттөө) бир нече ыкмасы бар:

Дүйнөдөгү тил динамикасы

Айтылгандай эле дүйнөдө 7 миңден ашык тил бар. Коммуникациянын өнүгүүсү менен жандуу (тирүү) тилдердин саны орточо жумасына 1 тил ылдамдыгында азаюууда.

Көп кездешүүчү 40 тилде жер шарынын 2/3 бөлүгү сүйлөйт. Эне тилинде сүйлөгөн тилдердин алдыңкыларына кытай, хинди, англис, испан, араб, португал, орус тилдери кирет. Бирок заманбап жашоодогу тилдин маанилүү көрсөткүчү катары эне тил эмес, тигил же бул тилдин күнүмдүк тиричиликтеги, билим алуудагы, ММКдагы, көңүл ачуудагы, интернеттеги жана башка кырдаалдардагы реалдуу колдонуусу жана дүйнөдөгү тил үйрөнүүнүн көрсөткүчү болууда. Мындай көрсөткүчтөр менен кароодо албетте англис тили биринчи орунда, андан кийинкилери француз, испан, путунхуа жана араб тилдери. Көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештиги аймагында болсо (анын ичинде Кыргызстанда) биринчи орунда орус тили турат.

Эки же андан ашык тилде сүйлөгөн адамдардын саны да өсүүдө. Мисалы, АКШнын кайсы бир штатында изилдөөлөгө ылайык, мектепте окуган индиялык окуучулар англис тилин эне тилинен да жакшы билишет экен.

Учурда жок болуп бараткан тилдердин саны 400дөн ашык. Тил - аны алып жүрүүчү акыркы адам менен кошо жок болот. Андыктан жазууну колдонбогон улуттарга биринчи деңгээлдеги коркунуч жаралат.

Тилдердин жоголуусунун бир себеби - алып жүрүүчүлөрдүн санына жараша тең эмес бөлүштүрүлүшү. Мисалы, планета калкынын 80 пайызына 80 тил, 3500 тилге болсо жердин 0,2% калкы туура келет. Тилдердин жок болуу процессинин негизги себеби катары глобалдаштыруу жана миграция саналат. Адамдар айылдардан шаарларга кетип өз элинин тилдерин жоготууда.

Учурда бардык тилдердин жарымы 21-кылымдын ортосунда эле колдонуудан чыгат деген божомолдор бар. Көптөгөн тилдер алардын алып жүрүүчүлөрү күчтүү тил чөйрөсү менен байланышканына себептүү жоголууда, ошондуктан мындай коркунуч алдында биринчи орунда мамлекеттиги жок элдердин тилдери турат. Эгер тилди 70% аз балдар үйрөнсө бул тил жоголуп бараткан тилдердин катарына кирет. ЮНЕСКОнун «Жоголуу коркунучу алдында турган дүйнө тилдеринин Атласы» маалыматына таянсак, учурда Европада андай тилдердин саны 50дөй.

Эң эле алсыз абалдагы тилдерге Австралиянын, Индокытайдын, Американын, Африканын аборигендеринин тилдери кирет. Бул тизмени континенттерден обочолонгон аралдардагы жашаган элдер да толуктайт. Мындай аралдарда майда калктар көп болуп, чоңураактары тарабынан тилдери акырындык менен четтелүүдө. Алда-канча туруктуу тилдерге Европанын тилдери кирет. Европа өлкөлөрү жакшы өнүгүп, көптөгөн жашоочулары бар, ошондуктан тил алып жүрүүчүлөрдүн бир нече миңдегенинен арылып калса да, алар үчүн тилге таасирин тийгизбейт. Бир гана латын тили оор абалда, бул тил Ватинкандын официалдуу тилдеринин бири, жана тилди алып жүрүүчүлөр эбак жоголгон, демек бул тилди тирүү эмес десек да болот. Кызыгы, ошого карабастан бул тил жашап келүүдө.

Тилдин мүнөздөмөсү

Тилдер сакталуу деңгээли жана функционалдык чектелиши менен мүнөздөлөт.

Сакталуу деңгээли

Сакталуу деңгээли боюнча (levels of endangerment) тилдер алты көрсөткүч менен мүнөздөлөт. Ал ЮНЕСКОнун «тилдердин кызыл китебинде» тигил же бул тилге коркунуч жарата турган көрсөткүчтү так аныктоо максатында сунушталган:

Функционалдык чектелиши

Функционалдык чектелген деп тилдин жетишээрлик дегээлде же таптакыр төмөкү ресурстарга жоктугу айтылат, алар:

Айтылган ресурстардын бардыгы жок болсо сөзсүз эле функционалдуу чектелген деп айтуу туура эмес. Тил жазууга ээ болуп, мектептерде окулуп, ошону менен бирге тил ресурстарына жарды болушу мүмкүн.

Функцоналдык чектелген деп жок болуу коркунучу бар, жана ал тилдин алып жүрүүчүлөрү анча чоң эмес болгондо туура болот.

Функционалдык чектелген тилдерге төмөнкүлөр кирет:

Тилдин ар түрдүүлүгү

Ар бир тилдин ичиндеги негизги ар түрдүүлүктөр иерархиялык ырааттуулукта каралат:

Көп учурда ошондой эле «нейтралдуу» термин да колдонулат:

Диалектилердин, ошондой эле карапайым сөздүн жыйындысына өнүккөн тилдерде адабий тил каршылык кылат - сөзсүз жазуу формасы бар, нормалдаштырылган жана толук функционалдуу улуттук тилдин түрү. Адабий тилдин чегинде ар кандай функционалдык тилдер белгиленет, мисалы, көркөм, илимий, официалдуу иштиктүү, публицистикалык. Булар коомдук ар тараптуу коммуникациялык муктаждыктарына кызмат кылат.

Эки бири-бирине жакын идиома диалект болобу же ар башка тилби? - деген суроого жооп көп учурда бир жаксыз. Тил менен диалекттин айырмасы тил системасынын маанилүү көйгөйлөрүнүн бири, ал эми анын маанилүүлүгү лингвистиканын чегинен да чыгып кетет.

Тил байланыштары

Түрдүү тилдердин алып жүрүүчүлөрү ортосунда байланыш болгондо, жок дегенде индивидуалдык деңгээлде бири-бирине таасир этет. Тил контакты кеңири мааниде тил чегинде болуп, миграциянын натыйжасында тил алып жүрүүчү экинчи тилди алат же анын тилин экинчилери алышат.

Тил байланыштарынын жүрүшүндө ар кандай феномендер болушу мүмкүн, анын ичинде тилдердин конвергенциясы (жакындашуу, кошулуу), өздөштүрүү, калька (башка сөздөрдү, фразаларды сөзмө сөз которуу менен өздөштүрүү) жана релексификация. Интенсивдүү тил байланыштарынын натыйжасы катары пиджиндер (жөнөкөйлөтүлгөн тил), креолизация (башка маданияттын баалуулуктарын сиңирүү), коддордун алмашуусу жана аралаш тилдер болот.

Адабияттар

Жайгаштыруу: 2020-09-08, Көрүүлөр: 19578, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-09-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу