Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текст деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Текст деген эмне

«Текст деген эмне» - текст жонундо тушунук кандай, негизги ой жана темасы менен бириккен сүйлөмдөр тобу текст деп аталат. Тексттеги сүйлөмдөр мааниси жана тил байланыштары менен байланган (кайталоо, ат атооч, синоним ж.б.)

Мазмуну

Кириш сөз

Тема - текстте айтыла турган ой, тексттин аталышы. Негизги ой - негизи кеп кылып жаткан нерсеге болгон автордун ою, ошондой эле илимий фактылар. Адабий текстте көбүнчө баалоо маанисине ээ болгон сүйлөмдөр колдонулат. Негизги маанини билдирүү менен автор кадам-артынан кадам шилтеп, бөлүмдөн бөлүмгө өтөт.

Жалпы теманын бөлүгүн подтема же микротема деп атайт. Анын айланасында тексттин бөлүгүн түзгөн сүйлөмдөр топтолот, булар абзац деп аталат. Абзацтын башталышы жана аягы болот. Стилистика, кептин стилин жана андагы тил каражаттарын колдонууну изилдөөчү илим.

Адабий кептин максаты - чындыктын сүрөттөлүш чагылыштыруусу жана окурмандын ойлоруна жана сезимдерине эмоционалдык таасир этүү. Жазуучу сүрөттөлүш менен ой жүгүртөт. Чындыкты анализдеп автор жашоо-тиричиликти сүрөттөлүштөр менен берет, адамдардын образдары, типтүүнү индивидуалдуулукта жана конкреттүүлүктө ачат.

Текст болуу үчүн төмөндөгүдөй мыйзам ченемдүү үч негизги белги эске алынат:

  1. Тексттеги сүйлөмдөрдүн туруктуу мүчөлөнүшү (тизмектелиши);
  2. Маанилик жактан бир бүтүндү түзүшү;
  3. Сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштуулугу.

Текст эки же андан ашык сүйлөмдөрдөн түзүлөт. Бирок ар кандай эле сүйлөмдөрдүн жыйындысы текст боло бербейт. Ал туруктуу мүчөлөнүшү керек.

1-мисал. Наркы өйүздө казактын боз адыр белесинде от жа-гылган тандырдын оозундай алоолонгон, билинер-билинбес мелт-калт ылдый чөккөн, жерге күүгүм чакырган, асмандагы борпоң булутчаларды кызыл-сур түскө боёгон, талыкпай албырган күндү Жамийла алаканын көзүнө калкалай, ошол жактан кандайдыр бир сонун көрк ачылып келе жаткандай муңайым, күлүмсүрөп ка-рап турду. (Ч. А.)

Бул сүйлөмдөр – бүткөн ойду билдирген кеп чыгармасы, сүйлөм, бирок текст эмес. Сүйлөмдөр тексттин эмес, татаал сүйлөмдөрдүн синтаксистик мыйзамдарына ылайык түзүлдү жана бирикти. Мында тексттин мүчөлөнүшү, тексттин маанилик бүтүндүгү, сүйлөмдөрдүн системалуу байланыштуулугу жок. Аларды өз алдынча сүйлөм катарында кароого да мүмкүн эмес. Ошондуктан текст эмес.

2-мисал. Данияр унчукпай келе берди. Мен обонду дагы улантса экен деп, чыдамсыздык менен күттүм. Данияр мурдагыдай эле обонун акырын баштады. Бирок бара-бара үнү күч алды. Капчыгай ичи жаңырды. Алыскы аскалар анын обонун эки-үч кайтара улантып жатты. (Ч. А.)

Бул – текст, себеби сүйлөмдөр туруктуу мүчөлөнүп, маанилик жактан бир бүтүндү түздү. Ар бир сүйлөм өз ара байланыштуу ай-тылды жана өз алдынча турган бир нече сүйлөмдөрдөн түзүлдү.

Тексттин бөлүктөрү

Тексттин бөлүктөрүнө төмөнкүлөр таандык:

Тексттин маанилик бүтүндүгү

Тексттин маанилик бүтүндүгү тексттин мүчөлөнүшүнүн экинчи мүнөздүү белгиси болуп саналат. Ал өзүнө төмөндөгүдөй белгилерди камтыйт:

Мисалы, Дүйшөн бизди адатынча мектепке ээрчитип чыкты. Бул жолу ал эч бир унчукпай, сүйлөбөй, сустайган каштарынын ас-тынан бүркөлө карап, кубакай жүзү карарган темир өңдөнүп келе жатты. Мугалимибиздин мындай болгонун эч көргөн эмес элек. Алда кандай жамандык болуп кеттиби дегендей ыйбаа менен биз дагы, де-мейде чурулдап ойноп кетчү балдар, сестейип калдык. Калың кар түшкөндө Дүйшөн дайым өзү жол баштап, анын артынан мен, анан башка кичирээк балдар чыйырга түшчү. (Ч. А.)

Башында айткандай текстте эмне жөнүндө сөз болуп жатса, бул анын темасы. Башкача айтканда тексттин мазмунуна коюлган ат, тексттин маанилүү өзөгү, тексттин жалпыланган мазмуну.

Текстте автордун берейин деген ою, идеясы - бул тексттин мазмуну.

Микротема - тексттин мазмунунун бир бөлүгүн билдирген деталы, курулуш материалы.

Текстке тема коюуунун түрлөрү

Тексттин байланыштуулугу

Тексттин байланыштуулугу тексттин мүчөлөнүшүнүн үчүнчү негизги мүнөздүү белгиси болуп саналат. Байланыштуулуктун негизин сүйлөмдүн коммуникативдик ырааттуулугу түзөт, тексттеги ар бир кийинки сүйлөм мурунку сүйлөмдөрдүн базасында түзүлөт. Мурунку сүйлөмдөгү негизги ойго кийинки сүйлөмдө жаңы маалымат кошулуу менен негизги ой өнүгүү абалында болот. Ойдун өнүгүүсүнө тексттеги ар бир сүйлөм өз салымын кошот. Ошондуктан сүйлөмдөгү сөздөр экиге бөлүнөт.

Сүйлөмдө мурун белгилүү болгон сөздөр же сөз тизмеги «тема» же «мурунку», кийинки сүйлөмдөрдөгү жаңы сөздөр же сөз тизмеги «рема» же «жаңы» деп аталат. «Тема» же «мурунку» «М» («Т»), «рема» же «жаңылар» «Ж» («Р») тамгалары менен белгиленет. «Ремада» же «Жаңыда» жаңы билдирүүлөр берилип, айтылган ойду өнүктүрөт же алга жылдырат.

Мисалы:

  1. Абыл шаарга келди (Абыл, шаарга «жаңы»).
  2. Абыл китеп дүкөнүнө барды (Абыл «мурунку»), китеп дүкөнүнө («жаңы»).
  3. Абыл окуу китептерин сатып алды (Абыл «мурунку»), окуу китептерин («жаңы»).

Тексттеги сүйлөмдөрдүн байланышуу жолдору

Тексттеги сүйлөмдөр өз ара ички маанилик жактан эки түрдүү: уланмалуу же чынжырлаш жана удаалаштык (жарыш) ыгы, жолу менен байланышат.

Тексттеги сүйлөмдөр мааниси жактан уланмалуу жол менен, башкача айтканда, чынжырлашып байланышканда экинчи сүйлөм биринчи, үчүнчү сүйлөм экинчи, төртүнчү сүйлөм үчүнчү сүйлөмдөгү ойду улайт. Сүйлөмдөрдүн мындай байланышы уланмалуу же чынжырлаш байланыш деп аталат. Уланмалуу байланышты төмөндөгүдөй схема менен көрсөтүүгө болот.

1 < 2 < 3 < 4

Мисалы, Чабалекей чырылдап, уясынан учту. Тышка чыкты. Кайра учуп кирди. Экинчи чабалекей да балдарына жем тиштеп келип калды, жыланды көрдү. Ал оозундагы жемин таштап жиберди, кайрат кылды. Балдарын жоодон сактамакчы болуп, канаты менен жыланды чаап өттү. Жылан аны тоготподу. Башын көтөрүп, уяны карай жыла берди. (К. Б.)

Тексттеги сүйлөмдөр кайталанып айтылган, же бир уңгулаш сөздөр, ат атоочтор, же тилдин башка каражаттары (синонимдер) ж. б. аркылуу да мааниси боюнча уланышып, чынжырлашып байланышат.

Мисалы, Жыйналышка Жутабай карыя төрагалык кылды. Жыйналышты ачып, Чүкөбайга сөз берди. Чүкөбай жаркылдап, оюн-күлкү аралаштыра сөзүн баштады. Ал жетишкен ийгиликтерин айтты. (К. Б.)

Кайталанган сөздөр аркылуу колдонулган уланмалуу (чынжырлаш) байланыш илимий жана иштиктүү кепте кеңири колдонулат. Аларды колдонуу кептин так болушун камсыз кылат.

Тексттеги сүйлөмдөр чынжырлаштырылган сөздөрсүз да байланышат. Мында да бардык сүйлөмдөр, экинчи сүйлөмдөн баштап, мааниси боюнча жана грамматикалык жактан биринчи сүйлөм менен байланышат. Бирок сүйлөмдөр түзүлүшү жагынан окшош болушат да, алдыңкы сүйлөмдө айтылган ойду улабайт. Андагы сүйлөм мүчөлөрүнүн орун тартиби биринчи сүйлөмдө кандай болсо, кийинки сүйлөмдөрдө да так ошондой тартипте кала берет.

Тексттеги сүйлөмдөрдүн мындай байланышы удаалаш (жарыш) байланыш деп аталат. Муну төмөндөгүдөй схема менен көрсөтүүгө болот.

Удаалаш байланыш

Мисалы: Ар бир адамга туулуп-өскөн жери өтө кымбат. Мекендин топурагы – алтын. Мекенге кызмат кылбаган киши – элдин душманы. Мекенди сүйүү жана ал үчүн кызмат кылуу – чексиз бакыт-таалай. Мекенде байлык болсо, сенде да байлык болот. Мекенден айрылганча, өмүрдөн айрылган жакшы.

Кээде текстте удаалаш (жарыш) байланыш менен уланмалуу (чынжырлаш) байланыш аралашып айтыла берет. Мисалы, Чүйгө келе жатабыз. Дагы алты-жети күн жол жүрөбүз. Камдаган азык-түлүк түгөндү. Чүй – жер соорусу. Чүй – эгин-тегинге бай. Чүй – биздин туулуп-өскөн жерибиз (удаалаш байланыш). Эртерээк жетсек дегенде эки көзүбүз төрт. Үйдү эңсеп келебиз (уланмалуу байланыш).

Тексттин татаал планын түзүү

Текстке эки түрдүү план түзүүгө болот. Анын биринчиси – жөнөкөй (кыска) план, экинчиси – татаал (кеңири) план.

Татаал планда тексттеги айтылган ой толук, майда окуяларына чейин камтылат. Пландын айрым пункттары (суроолору) тексттин маанилүү майда бөлүктөрүн же микротемаларын түзөт, б. а. пункттар тексттин майда бөлүкчөлөрүн бир бүтүн текстке бириктирет. Эң мурун тексттин татаал планы түзүлөт. Ал жалпылаштырылып, системага салынып, майда суроолору кыскартылып, негизги темалары гана калтырылып, жөнөкөй (кыска) план түзүлөт.

План тексттин мазмунундагы негизги учурларды чагылдырат. Пландын пункттары суроолуу, жайылма сүйлөм иретинде да болот же айрым суроолору тексттен алынат.

Стилистикалык өзгөчөлүктөр - образдуулук (сөздөрдүн, адабий образдын сүрөттөлүштөрү менен), эмоционалдуулук жана экспрессивдүүлүк (гипербола, метафора, элестетүү). Кептин түрлөрүнүн биригиши мындайча айтканда акталып, автордун ою менен жана негизги ойдун айтылышы менен белгилениши керек.

Мына достор «текст деген эмне» аттуу суроого жооп берүүгө кичине болсо да аракет кылдык. Текст жонундо маалымат керек болот деп макаланы жаздык. Ой-пикир, сын-пикирлер болсо тартынбаңыз.

Кошумча шилтемелер:

Адабияттар

Жайгаштыруу: 2018-04-03, Көрүүлөр: 124421, Өзгөртүлгөн: 2020-09-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу