Жонокой суйлом деген эмне
Жонокой суйлом - ким, эмне деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Менин телефонум. Биздин үй чоң. Досумдун кымбат айфону бар.
Ал эми, турмуштагы окуяларга, көрүнүштөргө жана башка нерселерге байланыштуу айтылып жаткан ойдон кабар берүү максатында колдонулган ар кыл түзүлүштөгү тыянактуу сүйлөмдөр жонокой суйлом түрлөрүн түзөт.
Жонокой суйломдун болунушу
Азыркы кыргыз тилинде жөнөкөй сүйлөмдүн: жалаң сүйлөм, жайылма сүйлөм, толук сүйлөм, кемтик сүйлөм, атама сүйлөм, белгилүү жактуу сүйлөм, жаксыз сүйлөм, белгисиз жактуу сүйлөм деп бөлүнөт же ушундай түрлөрү бар.
Жалаң сүйлөм
Баш мүчөлөр (ээ, баяндооч) гана аркылуу түзүлгөн сүйлөм жалаң сүйлөм деп аталат. Мисалы: Чаргын келди. (Т.С.) Жол алыс. (М.Э.) Алар келишет. Студенттер окуп жатышат.
Жайылма сүйлөм
Баш жана айкындооч мүчөлөрдүн катышуусу аркылуу түзүлгөн сүйлөм жайылма сүйлөм деп аталат. Жайылма сүйлөм үч түрлүү түзүлөт.
а)Ээ, баяндооч жана айкындооч мүчөнүн катышуусу аркылуу: Осмонбек комузун колуна алды.(К.Б.) Дубалга сааттын чынжыры токсон катар тартылды.
б)Ээ көмүскөдө калып, айкындооч мүчө менен баяндоочтун катышуусу аркылуу түзүлөт: Кызуу иштеп жаткан элек. (М.Э.) Бир далай бастык.
в)Илик жөндөмөсүндө турган айкындооч мүчө көмүскөдө калып, ээ менен баяндоочтун катышуусунун натыйжасында: Жолдошу келди. Мунуңар жарабайт.
Толук сүйлөм
Айтылып жаткан ойдон кабар берүүгө тиешеси болгон мүчөлөрүнүн бүт катышуусу аркылуу түзүлсө, толук сүйлөм деп аталат. Мисалы: Ал бүгүн райондон кайткан. (К. Б.) Сен мени күттүрбө. (А.Т.)
Кемтик сүйлөм
Мурда айтылган сүйлөмгө карата бир же бир нече мүчөсү кемип калып айтылган сүйлөм кемтик сүйлөм деп аталат. Мисалы:
Жонокой суйломдун турлору бир тутумдуу сүйлөмдөр менен дагы туюнтулат. Бул эмнени түшүндүрөт? төмөндөн окуйлу.
Бир тутумдуу сүйлөмдөр
Бир тутумдуу сүйлөм деп баш мүчөлөрдүн бирөө эле (же ээ, же баяндооч) катышат. 1. Жер шаары. 2. Учуп бара жатабыз. Биринчи сүйлөмдө баш мүчөлөрдөн ээ, экинчисинде баяндооч гана катышты. Бир тутумдуу сүйлөмдүн төмөнкүдөй түрлөрү бар: атама, белгилүү жактуу, белгисиз жактуу жана жаксыз сүйлөмдөр.
Ээ аркылуу түзүлгөн бир тутумдуу сүйлөм
Атама сүйлөм
Буюмдар жана заттар, мезгил жана жаратылыштагы ар түркүн кубулуштар жөнүндө айтылган айрым сөздөр же сөздөрдүн айкашы атама сүйлөм деп аталат. Мисалы: Эрте жаз. Чак түш. Тынчтык! Жыргал заман.
Баяндооч аркылуу уюшулган бир тутумдуу сүйлөмдөр
Белгилүү жактуу сүйлөм
Белгилүү жактуу сүйлөмдө баш мүчөлөрдөн баяндооч гана катышат. Баяндооч I же II жактагы этиштин баяндагыч, буйрук, шарттуу, каалоо-ниет ыңгайларынан болот: 1. Сүрөт тартыш үчүн айылга эки-үч күн мурунураак бардым. 2.- Жүгүр! Артынан сүйөп жибер! (Ч.А.)
Белгисиз жактуу сүйлөм
Белгисиз жактуу сүйлөмдө да баш мүчөлөрдөн баяндооч гана катышат. Баяндооч III жактагы этиш сөздөрдөн болот: 1.Адамды ишинен тааныйт. 2.Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт. (Мак.) Мындай сүйлөмдө кыймыл-аракеттин өзү негизги мааниге ээ болгондуктан, ээси белгисиз болот.
Жаксыз сүйлөм
Баяндоочтон гана түзүлгөн сүйлөм жаксыз сүйлөм деп аталат. Мисалы: 1.Кыргызстанда азыр салкын. 2.Бул ишти бир күндө бүтүрүүгө мүмкүн эмес. Сүйлөмдүн мындай түрү ээни талап кылбайт, баяндооч да жаксыз формадагы этиштерден же башка сөз түркүмдөрүнөн болот.
Урматтуу окурман! жонокой суйломдун турлору жонундо толуктай турган маалыматтар болсо комментарий тартынбай жазгыла.