"Публицистикалык стиль" газета-журналдарда, радио уктуруу, теле көрсөтүүлөрдө, өкмөт, мекеме жетекчилеринин докладдарында, макала, очерк, мемуардык чыгармаларда жана башка учурларда колдонулат.
Публицистикалык стилдин милдети — коомдук турмушта, саясий чөйрөдө, эмгек процессинде же чет элде болуп жаткан алдыңкы идеялар, алга жылуулар, өзгөрүүлөр, жаңыруулар тууралуу маалыматтарды өз убагында элге тез, таасирдүү, жеткиликтүү баяндоо, ал окуяларга карата коомчулуктун пикирин пайда кылуу, агитациялык, пропагандалык ролду аткаруу болуп саналат.
Публицистикалык стилде коомдук-саясий сөздөр (парламент, сессия, депутат, Жогорку Кеңеш, демократия, спикер ж. б.), үгүттөө маанисиндеги сүйлөмдөр (Жеке менчикти колдойлу. Алдыңкы мамлекеттерге теңелели. Жердешчиликке жол бербейли. Таланттууларды тандайлы ж. б.) жана эмоционалдуу маанидеги сөздөр да кездешет.
Лексикалык, морфологиялык, синтаксистик тил каражаттары колдонулат. Маалыматтар ачык-айкын, так, фактыга таянуу менен далилдүү жана аргументтүү болуп, географиялык, тарыхый аталыштар, коомдук-саясий терминдер, уюм, мекемелердин наамдары аталат. Айрым учурда көркөм, илимий, расмий-иштиктүү стилдин элементтери да орун алат.
"Публицистикалык стиль" ичинде абстракттуу чакырык маанисиндеги сөздөр, синонимдер, неологизмдер, сырдык сөздөр, жөнөкөй, татаал сүйлөмдөр, каратма сөз, киринди сөз, төл жана бөтөн сөздөр пайдаланылат.
[ushka=seredina]Кыргыздын айрым акын-жазуучулары публицистикалык жанрда да калемин сынашат: Ч. Айтматов (Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат), Т. Сыдыкбеков (Табылга), К. Жусупов (Ыр сабындагы өмүр), С. Байгазиев (Иниме кат) ж. б.
Ысык-Көл орусча аталганда жылуу көл - дегенди билдирет. Туз-Көл деген да аты болгон. Ысык-Көл тартылып баратат. Эгер аны мурда жүздөгөн суулар толтуруп турса, бүгүн алардын баары бүт бойдон сугатка жумшалат. Көлдөн суу агып чыкпайт. Көлдүн жээги жыл сайын 7—10 смге ылдыйлап жатат. Көл жээгинин 500—1000 метрге тартылып, такырайып калышы, суунун жылуулугун төмөндөтүп коёт. Ысык-Көлдү сактап калуу — бул мекендин бир укум жерин сактап калуу дегендик. Көлдүн тагдыры үчүн биздин ар бирибиздин жоопкерчилигибизди азыр мына ушундайча түшүнүп, баалоо керек. Эгер сен өзүңө жамаатташ турган токойду, суу алган бото көз булакты, берешен жерди сүйсөң, тек гана суктанып эмес, ишкер дем, эң негизгиси эртеңки күн жөнүндө ойлонуп, жаратмандык менен сүйсөң, анда сенин чыныгы кожоюн боло алганың. Анда сенин патриот боло алганың. Ал биздин керемет көлүбүз — Ысык-Көл сындуу баа жеткис жерлерин сактап калуунун өбөлгөсү ушунда болот. ( Ч. Айтматпов )
Келкел романы — Токтогулга арналган бирден-бир прозалык чоң чыгарма. Токтогулдун жигиттик доорунан тартып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баяндалган бул чыгармада улуу акындын күрөшчүл, көңтөрүшчүл, ойчул жетик образы чагылдырылган, түзүлгөн. Токтогулдун өмүрү, образы романдын бүт өзөгүн түзүп, ошол замандын үмүтүн, күрөшүн, жеңишин, философиясын айкын көрсөтүп турат. Бул роман жеке автордун гана жеткилең ийгилиги болбостон, жалпы кыргыз адабиятынын чоң ийгилиги болоруна шек жок. (Т. Сыдыкбеков)
"Публицистикалык стиль" боюнча маалымат кичине азыраак болгонуна байланыштуу мугалимдерден кошумча пикирлер болсо жазып коюууну суранат элек.
Кошумча шилтемелер: