1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы тарабынан жарыяланган 21-февраль Эл аралык эне тил күнү (International Mother Language Day) жыл сайын 2000-жылдан бери тил жана маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет. Бул майрамды «Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү» деп дагы айтышат.
Эл аралык эне тил күнү | |
---|---|
Белгиленүүчү күн | 21-февраль |
Кабыл алынышы | 17-ноябрь, 1999-жыл |
Белгиленип башталышы | 2000-жылдан тарта |
Максаты | Тилдик жана маданий ар түрдүүлүктү коргоо |
Ал эми ООНдун Генералдык Ассамблеясы өзүнүн резолюциясында 2008-жыл Эл аралык тил жылы деп жарыялаган (International Year of Languages), 2010-жыл болсо Эл аралык маданияттарды жакындатуунун наамына деп жарыяланган (International Year for the Rapprochement of Cultures).
Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет. ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 минге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда турат.
Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышуу өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чындайт.
2003-жылдын 21-февралында ЮНЕСКОнун генералдык директору К. Мацуура Эл аралык эне тил күнүнө мындай деп айткан экен: "Эмнеге эне тилге ушунча көңүл бөлүнүп жатат? Анткени, тилдер адам баласынын ар түрдүү чыгармачылыгынын кайталангыс сүрөттөлүшүн түзөт. Баарлашуу, кабыл алуу жана ойлонуу аспабы катары тил дагы биз дүйнөнү кантип көрүп жана кечээки, бүгүнкү, эртенки менен болгон байланышты сүрөттөп турат. Тилдер кокус кезигишүүлөрдүн изин, ар кандай булактардан байыган ар бир өзүнүн тарыхына таандык маалыматты алып жүрөт..." (Цитата орус тилинен которулуп, тексти кыскартылган).
1952-жылы ушул күнү Бангладеш өлкөсүнүн борборунда жаштар эне тилинин мамлекеттик тил статусун алуусун аталап кылып, митинге чыгышып, күч органдарынын огунан көптөгөн студенттер өлүмгө учураган. Бул окуяны эскерүү максатында, эне тил ар улуттун байылыгы экенин унутпоо үчүн ЮНЕСКО бул күндү белгилеген. Дүйнөдө канча улут болсо, ошончо тил болот эмеспи, ал эми көп түрдүүлүк, көп маданияттуулук өлкөнүн, дүйнөнүн байлыгы.
Көптөгөн адамдарды сандык көрсөткүчтөр кызыктырат, бирок канча улут бар экенин эсептесе, тизме чексиз болуп кетиши мүмкүн. Анын үстүнө, улам жаңылары пайда болуп, кээ бирлери таптакыр жок болуп кетүүдө. Ушуга байланыштуу божомолдуу сандарды гана берүү мүмкүн.
Улуттар - 2000ден - 4000ге чейин
Бул сандар ортосундагы чачырандуулук өтө чоң, макулсузбу? Эмне үчүн? Анткени "улут" терминине так аныктама берүү татаал, ар бир адам муну өзү билгендей түшүнөт. Мисалы, бир тилде сүйлөгөн мамлекеттин адамдары, чын-чынында башка улут болушу мүмкүн, жана ушул эле кырдаал тескерисинче. Тил жагында дагы бул маселе ушундай.
Тилдер - 3000ден - 6000ге чейин.
Кандай гана болбосун, ар бир адам үчүн өз эне тили ыйык эмеспи. Илимий жактан бүлөөлүк тилдер бир нече топко бөлүнөт.
Кыргыз Республикасынын баш мыйзамына ылайык өлкөдө жашаган ар бир этнос өзүнүн тилин сактап жана өнүктүрүүгө укуктуу (Тагыраак баш мыйзамдан караңыз). Учурда КРда 100 ашык этностор бар (2017). 2019-жылдын статистикасына ылайык Кыргызстанда кыргыздар - 4695646, өзбектер - 940628, орустар - 348935, дунгандар - 72240, уйгурлар - 58168, тажиктер - 56219, түрктөр - 44112, казактар - 36022, татарлар - 26992, азербайжандар - 20771, корейлер - 17105, украиндер - 10600, немистер - 8201, түркмөндөр - 2142, чечендер - 1701, белорустар - 916, армяндар - 793, грузиндер - 569, еврейлер - 447, молдовандар - 369, литовдуктар - 148, эстондор - 96, латыштар - 74, башка улуттар - 46706.