Орфография — адабий тилдеги сөздөрдү туура жазуу үчүн иштелип чыккан эрежелердин системасы, гректин orthos (туура), grapho (жазуу) деген сөздөрүнөн алынган.
Ар кандай тилдин орфографиясы белгилүү бир негизге багынат жана ал негиз кылынып алынат.
Кыргыз тилинде орфографиянын төмөндөгүдөй негиздери бар.
Сөздөр оозеки кепте кандай айтылса, кандай угулса, ошондой жазууну талап кылган негизге. Тактап айтканда, сөздөгү тыбыштар кулакка кандай угулса, ошондой жазууну талап кылган принцип. Буга кыргыз тилиндеги мүчөлөрдүн жазылышын мисал кылып көрсөтүүгө болот. Уңгудагы тыбыштарга ылайык мүчөлөр бир нече вариантта өзгөрөт. Мисалы, ата + лар = аталар, бала + лар = балдар, ат + лар = аттар, белет (билет), деректир (директор), китеби, ойно, сүйлө, алтоо, агыш, көгүш.
Сөздөрдүн ар кандай тыбыштык өзгөрүүлөргө учурап айтылышы эсепке алынбай, алардын уңгу түрүндөгү баштапкы формасын өзгөртпөй жазууну талап кылган негиз. Мисалы, түңкү эмес, түнкү; кашты эмес, качты; ушту эмес, учту; өкөө эмес, экөө; бүгүңкү эмес, бүгүнкү; меммин эмес, менмин; наңга эмес, нанга; тумма эмес, тунма.
Сөздөгү фонемалардын өзгөрүлүп айтылышына карабастан, бардык учурда бирдей жазуу негизи, башкача айтканда, сөзгө катышкан фонемаларды угулушундай жазбастан, фонемалык өзгөчөлүгүнө ылайык жазуу. Мисалы, ава эмес, аба (аба ырайы); таапер эмес, таап бер; сөссүз эмес, сөзсүз; наңга эмес, нанга; сугар, семир, ойно, укта, жумша, сүйлө, кызар, орно, балдар ж. б.
Кыргыз орфографиясы өзүнчө фонетикалык же өзүнчө морфологиялык негизге багынбайт. Ал кошмо негизге, б. а. морфологиялык-фонетикалык негизге багынат. Демек, кыргыз тилиндеги сөздүн уңгусу морфологиялык, ага улануучу мүчөлөр фонетикалык негизде негизделип жазылат. Мисалы, мектеп + те + ги + лер + дин, кызмат + ка, окуу + чу + лар + ды.
Бул негиз кээде айырмалоочу же символикалык негиз деп да аталат. Буга энчилүү ат менен жалпы атты айырмалап жазуу кирет. Мисалы, бакыт — Бакыт, зарыл — Зарыл, ырыс — Ырыс, жума — Жума, жолдош — Жолдош, алтын — Алтын, күмүш — Күмүш, болот — Болот, жыргал — Жыргал, сонун — Сонун, кочкор — Кочкор, кул — Кул, эркин — Эркин.
Кыргыз орфографиясынын төмөндөгүдөй негизги эрежелери бар:
Сөздөрдүн өзгөрүшү, сөз жасоо жана сүйлөмдөгү сөздөрдүн айкалышы, түзүлүшү жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы. Грамматика морфология жана синтаксис деген эки бөлүмдөн турат.
Грамматика гректин grammatike, gramma (тамга), морфология morphe (форма, түр), logos (окуу), синтаксис suntaxis (куруу, түзүү) деген сөздөрүнөн алынган.