TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Кыргыз тили жөнүндө: тарыхы, өнүгүүсү жана келечеги макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Кыргыз тили — түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна таандык кыргыз элинин улуттук жана Кыргызстандын мамлекеттик тили. Кыргыз эли түрдүү жазуу системаларын пайдаланды жана учурда кириллица жазуусун колдонууда. Кыргыз тили башка тилдерден айырмаланып, сөздөрдү жыныстык жактарга таандык кылып бөлбөйт (орусчасы: средний род, женский род, мужской род дегендер). Кыргыз тили Кыргыз тилинин жайылуу ареалы Официалдуу абалКыргызстанда ошондой эле Эл аралык уюмдарда: Түрк кеңеши, Евразия экономикалык биримдиги (ЭАБ) Көзөмөлдөөчү уюмКР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Сүйлөөчүлөрдүн жалпы саны4 568 480 адам. (2009) Абалыкоопсуздукта Мамлекеттик тил макамы1989-жыл, 23-сентябрь Кыргыз тил күнүжыл сайын 23-сентябрда Классификация Алтай тилдери > Түрк бутагы > Кыпчак тобу > Кыргыз-кыпчак топчосу Жазуукириллица (мурда: латын, араб) Тил коддору ГОСТ 7.75–97: кир/кыр 305 ISO 639-1: ky ISO 639-2: kir ISO 639-3: kir WALS: kgz Ethnologue: kir IETF: ky Glottolog: kirg1245 Кыргыз тили жөнүндө маалымат. Илимпоздор арасында кыргыз тили илимге татыктуу эмес деп айткандар дагы чыгып келет. Тарыхый жактан карганда бул туура эмес ой-толго экенин илимпоздор ырасташат, себеби кыргыз тили байыркы тилдерге таандык экени да илимпоздор тарабынан ырасталган. Кыргыз тили — кыргыз калкынын эң кымбат асыл мурасы. Кыргыз тили — кыргыздын ошондой эле, Кыргыз Мамлекетинин улут жана мамлекет катары көз карандысыздыгын ырастайт. Заманбап кыргыз тилинин өнүгүүсүнө чоң салым кошкондордун арасында Кусейн Карасаев, Касым Тыныстанов, Чыңгыз Айтматовдорду айтса болот. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары кабыл алды. Жана жыл сайын 23-сентябрь «Кыргыз тили күнү» катары кыргыз эли тарабынан белгиленет. Бирок, кабыл алынган күнү деп айтуу туура эмес. Бул болгону кыргыз тилине мамлекеттик макамды берүү процессин түшүндүрөт. Ал эми, кыргыз тилин кабыл алгандай, кыргыздар мурда башка тилде сүйлөшкөн эмес, ошондуктан кыргыз тилин кабыл алуу деп чаташтырбаш керек. Кыргыз тили эзелтен эле кыргыз элинде болгон. Демек, анда, кыргыз тили качан пайда болгон деген суроо жаралат. Кыргыз тили кыргыз эли пайда болгондо эле жаралган. Ал эми кыргыз тилинин өнүгүүсү, өзгөрүүсү жөнүндө төмөн жактагы кыргыз тилинин тарыхы бөлүмүн окуп, таанышасыз. Кыргыз тили деген эмне? Кыргыз тили алтай тилдеринин, түрк бутагына тийиштүү, кыпчак тобунун, кыргыз-кыпчак топчосуна таандык экендигин түрк тилдеринин изилдөөчүлөрү белгилешет. Жалпылап айтканда, кыргыз тили түрк тилдеринин тобуна таандык деп айтсак болот. Кыргыздар үчүн эне тилдин ролунда кыргыз тили кызмат кылат. Башка улуттар үчүн кыргыз тили эне тил боло албайт. Ошондой эле, Кыргыздындын жарандары үчүн, улуту башка болсо да, кыргыз тили мамлекеттик тилдин ролун аткарат. Мындан тышкары тил дагы өзүнчө түшүнүк. Жана бул түшүнүтөр ар башка мааниге ээ. Кыргыз тили сөздөргө бай келип, акын-жазуучуларыбыз, көркөм, таамай, чымчыма, жаман менен жакшыны айырмалаган сөздөрдү мыкты айкалышта колдонуп, кыргыз тилинде сонун чыгармаларды жараткан жана жаратып келишет. Кылым каарыткан «кыргыз тили» мамлекетти, кыргыз улутун жоголуудан сактайт. Кыргыз тили өнүккөн жана жоголуп кетүүдөн коопсуздукта турган тилдерге кирет. Кыргыз тили негизинен Кыргызстанда жайылган, бирок, кыргыз диаспоралары бар аймактарда дагы колдонулат. Мисалы, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Афганистанда да сүйлөшөт. Кыргыз тилинин негизи мүнөздөлөрү: Тилдик топ: Алтай тилдери, Түрк бутыгы (бүлөсү), кыргыз-кыпчак топчосу. Жазуу: Учурда кириллица колдонулат, бирок, тарыхый мезгилдерде араб жана латын арибтерин колдончу. Грамматика: Агглютинативдик, сөздөрдүн маанисин өзгөртүү үчүн суффикстерди колдонуу менен Үндөр: Үндүү жана үнсүздөр системасы бай, үндүүлөр гармониялуу Диалект: негизгилери Түндүк жана Түштүк Байыркы түрк урууларынын доорунда кыргыздар кыргыз тилинин эрте формаларын колдонушкан. Орто кылымдарда жана учурдагы мезгилде дагы кыргыз тили казак жана татар тилдерине жакын. XX кылымда кыргыз тили орус тилинин таасирине кабылып, өзгөчө лексикасы жана грамматикасы өзгөргөн. Кыргыз тилиндеги көптөгөн сөздөр көчмөн жашоо образы менен байланыштуу. Мисалы, жол, жылкы ж. б. Кыргыз тилиндеги тамгалардын саны 36, ө, ң, ү тамгалары кошкондо. Жалпы түрк тилдеринин башатын изилдеген Кашкарлык Махмуттун «Түрк тилдери жыйнагы» деген китебиндеги көп сөздөр азыр да кыргыз тилинин курамында колдонулуп келет. Окумуштуулар Орхон-Энесай жазууларын талдаганда, учурда колдонулуп жүргөн сөздөрдү табышкан. Биз ЮНЕСКОнун мурасына кирген «Манас эпосу» дагы накта кыргыз тилинде экенин эстен чыгарбашыбыз керек. ЮНЕСКО уюму кыргыздын, жана буга ылайык кыргыз тилининде ырдаган төкмө акындардын айтыш өнөрүн абройлуу кайталангыс өнөр катары баалаган. Төкмө акындарыбыз ойлонбостон, жаттабастан, турган жеринен чыгармаларды жаратышып, мунун бардыгы кыргыз тилинин сөздөргө байлыгы жана эчен кылымдар бою такталып-такшалгандыгын көрсөтөт. Той-топурларда комузчу-ырчыларыбыз кыргыз тилинде ырларын ырдаганда, эл алардын айланасында тегерете чогулуп, тойдун үстүнө той болуп, түн ортосуна чейин улангандыгын тарыхта көптөгөн далилдер тастыктайт. Кыргыз тили эмнени үйрөтөт? Албетте, кыргыз тили биринчи кезекте кыргызча сүйлөгөнгө үрөтөт. Кыргызча чыгармаларды жаратууга, баарлашууга, мамиле түзүүгө үйрөтөт. Ошондой эле, кыргыз элинин маданияты, тарыхы менен таанышууга үйрөтөт. Кыргыз тили кыргызча туура жазууну, сүйлөөнү окутат. Кыргыз тили канча болумдон турат? Кыргыз тили башка тилдер сыяктуу эле бөлүмдөргө бөлүнбөйт, бирок, анын түзүмүн жана өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн бир нече аспктилерди белгилөөгө болот: диалекттер, фонетика, грамматика, лексика, жазуу. Кыргыз тилинин түрк тилдеринен алган орду Кыргыз тили дүйнөдөгү эң көп жайылган тил бүлөлөрүнүн бири түрк тилдеринин арасында маанилүү орунга ээ. Кыргыз тилинин бул бүлөдөгү ордун мүнөздөгөн кийинкидей аспектилер бар: Классификация: Кыргыз тили түрк тилдеринин кыпчак тобуна таандык, ал болсо өзүнө казак, кара калпак, ногой жана башка тилдерди камтыйт. Кыпчак тобу түрк тилдеринин башка топторунан айырмалаган бир катар фонеткалык, грамматикалык жана лексикалык өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлөт. Башка тилдерге жакындыгы: Кыргыз тилине эң жакыны — бул казак тили. Бул эки тилдердин грамматикасында, лексикасында жана фонетикасында окшоштуктар көп. А бул алардын кайсы бир деңгээлде өз ара түшүнүктүү кылат. Бирок, убакыттын өтүшү менен көбөйгөн айырмачылыктар дагы бар. Кыргыз адабий тили Кыргыз адабий тили жөнүндө түшүнүк бере кетсек — бул официалдуу иш-кагаздарда, адабиятта, массалык маалымат каражаттарында колдонулуучу нормаланган жана кодификацияланган кыргыз тилинин формасы. Ал сүйлөмө диалекттерде негизделип, кээде грамматикалык жана орфографиялык эрежелерге баш ийбейт. Кыргыз адабий тилинин өзгөчөлүктөрү: Фонетика жана морфологиясы. Түндүк диалектиде негизделген, кийинчерээк түштүк диалектке караганда коңшу тилдердин таасирине кабылган. Сөз жаратуунун аффикстик системасына бай. Башка түрк тилдери сыяктуу үндүүлөрдүн гармониясы мүнөздүү. Колдонуу чөйрөсү. Мамлекеттик тил, билим берүүдө, мамлекеттик башкарууда, маалымат каражаттарында, көркөм жана илимий адабиятта колдонулат. Тарыхы Кыскача тарыхы Кыргыз тилинин тарыхы абдан узак убакытты камтып, кыргыз тили эзелки замандан бери эле болуп келген. Мында анын тарыхын кыскача берели, андан кийин деталдуу, маанилүү жактарына токтололу. Кыргыз эли байыркы тарыхка ээ, демек, кыргыз тили дагы байыркы замандын тереңинен башталат. Кыргыз тили кантип пайда болгону жөнүндө кыска жооп менен айтуу кыйын жана ал тууралуу ушул кыргыз тилинин тарыхы жөнүндөгү бөлүмдөн жооп беребиз. Кыргыз улуту жөнүндөгү биринчи эскерүүлөр кытай булактары тарабынан болжолдуу биздин заманга чейинки II миң жылдык менен белгиленет. Демек, кыргыз тил дагы дал ошол мезгилден башталат. Албетте, байыркы замандагы кыргыз тили менен азыркы замандын тили айырмаланган болсо керек, бирок, андай айырмачылыктар боюнча маалымат жок. Бирок, кыргыз тили качан пайда болгон деген суроого ишенимдүү түрдө, кыргыз тили кыргыздар пайда болгондо эле жаралган деп айтууга болот, башкача айтканда, болжолдуу биздин заманга чейинки II миңинчи жылы (3000 миңдей жыл мурун). Ушул маалыматтарга таянуу менен кыргыз тилинин тарыхы болжолдуу 3000 миң жылдык мезгилди камтыган байыркы тил экенине ынансо болот. Кыргыз тилинин келип чыгышы дагы кыргыздын пайда болушу менен байланыштуу, ошого карабастан, кыргыз тилинин калыптануусу кыргыз эли жана Борбордук Азиядагы түрк элдеринин тилдеринин өнүгүүсү менен байланыштуу. Кыргыз тилинин калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн негизги баскычтары: Байыркы түрк мезгили (VI–X кылымдар). Бул мезгилде кыргыздар түрдүү түрк мамлекеттердин курамына кирген, анын ичинде Түрк жана Уйгур каганаттары. Ал мезгилдеги кыргыз тили башка байыркы түрк тилдерине жакын болуп, орхон жана енисей рун жазуусун колдонгон. Орто түрк мезгили (XI–XV кылымдар). Кыргыздардын Энесайдан Тянь-Шанга көчүп келүүсүндө кыргыз тили кыпчак жана карлык тилдеринин таасири алдында өнүгө баштаган. Мында кыргыз тили түрк тилдеринен айырмалануучу мүнөзгө ээ боло баштаган. Орто кеч кылымдык мезгил (XVI–XIX кылымдар). Кыргыз тили көчмөн уруулардын чөйрөсүндө өнүгүүсүн улантып, өзбек, казак жана татар тилдеринин таасирине кабылат. Ал кезде адабий норма жок болчу, тил болсо көбүнчө оозеки түрдө сакталган (мисалы, Манас эпосу). Заманбап кыргыз тили (XX кылым жана учур чак). XX кылымдын башында кыргыз тилинин кодификациясы башталып, жазуу жаралат (алгач араб, андан соң латын жана акыркысы кириллица негизинде). Совет мезгилинде кыргыз тили официалдуу макамга ээ болуп, билим алууда, адабиятта жана илимде колдонула баштаган. Заманбап кыргыз тилинин өнүгүү тарыхы Кыргыз акындары 1917-жылга чейин ыр түрүндөгү чыгармаларды жазышып, лексикалык, фонетакалык жана грамматикалык белгилери жактан алар ар башка диалект, говорлорго тиешелүү болгон. Мындан тышкары, чагатайлашкан кыргыз тилинде бирин-эки китеп да басылып чыккан жана жекече официалдуу каттар жазылган. Келип чыгышы боюнча кыргыз тили түрк тилдерине таандык. Анткени, ал лексикалык курамы, синтаксистик түзүлүшү жана морфологиялык каражаттары жагынан түрк тилдерине (казак, өзбек, татар ж. б.) жакын турат. Кыргыз тилинин жазуусунун тарыхынан Кыргыз тилинин жазуусунун тарыхы — бул кыргыз элинин бай маданиятын жана тарыхын чагылдырган татаал жана узак жол десек болот. Башында айткандай эле, кытай булактарына ылайык кыргыздар б.з.ч 2 кылымдарда эле болгон. Бирок, кыргыз тилинин биринчи жазуу эстеликтерин кечирээк мезгилдерде колдонушкан. Байыркы түрк жазуусу. Кыргыздар колдонгон жазуунун алгачкылары байыркы түрк рун жазуулары болгон. Бул 38 тамгадан турган алфавит Борбордук Азияда VI-X кылымдарда колдонулган. Араб жазуусу. X-XI кылымдардагы кыргыздар араб жазуусун негизги жазуу катары колдонушкан. Ал диний тексттерди жазуу, жана адабий чыгармаларды түзүү үчүн пайдаланылган. Кириллица. 1928-жылы СССРде латындаштыруу процессин башташкан, жана мында кыргыз тили үчүн латын алфавитин иштеп чыгышкан. Бирок, 1940-жылдары кыргыз тилин кириллицага өткөрүүнү чечишкен, учурдагы жазуу ушул арибде жүргүзүлөт. Орхон-Енисей жазуулары Ал эми Орхон-Энесай жазуусундагы байыркы таштардын бетиндеги жазуулар болсо Түштүк-Батыш Монголиядан, Энесайдын өйдөңкү аймагынан, Түштүк Сибирден табылган. Окумуштуулар, тарыхый эстеликтердеги жазууларды изилдеп, алардын көпчүлүгү VII кылымдын аягына тиешелүү экенин ырасташат. Бул Орхон-Енисей жазуулары илимде XVII кылымдын аягынан бери белгилүү кылынган болсо да, анын мааниси XIX кылымдын аягында гана чечмеленип берилген. Академик В. Радлов 1897-жылы алардын бардыгын которгон. Мазмунуна караганда, адамдар Торопа Ичкеринин урматына бегре жазуусун коюшкан. Радлов кыргыздын эзелки жазуусун, ошондой эле Бегре жазуусун 648-жылга тиешелүү деп айткан. Орхон-Енисей жазуулары ислам дининин таралышы (X—XI к.) менен акырындап колдонулбай, адамдар тарабынан унутулуп калган. Түрк топтору араб арибин колдонгон. Кыргыздар араб арабинде түрдүү тарыхый жазууларды, чыгармаларды, иштиктүү кагаздарды жана башкаларды жазышкан. XX кылымда, тагыраагы 1924-жылы Кыргыз эли өзүнчө бөлүнүп, өз эне тилинде окуу китептерин жаза баштаган. Алгач улуттук жазуу, реформаланган араб алфавитинде жүргүзүлгөн. Мисалы, «Кысса-и Зилзала» (жер титирөө же зилзала) аттуу биринчи кыргыз тилиндеги чыгарма араб арибинде жазылган. Бирок, буга чейин эле кыргыз тили араб арибинде жазылып келген. Мисалы, 1913-жылы жарыяланган «Мухтасар Тарих-и Кыргызийа» («Кыргыздардын кыскача тарыхы») китеби, ошондой эле, 1914-жылкы — «Тарих-и Кыргыз Шадманийа» («Шабданга арналган Кыргыздардын тарыхы») китеби араб тилинде жазылган. Араб ариби кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүнө ылайык келбегендиктен, 1928-жылдан баштап латын графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы алфавит колдонула баштайт. Андан кийин кыргыз алфавити 1941-жылдан (айрым маалыматтар боюнча 1940-жыл) тартып, орус графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы жазууга (кирилицага) өткөн. Азыркы кыргыз жазуусу фонетика-морфологиялык принципке негизделген. Кыргыз жазуусунда орус алфавити толук пайдаланылып, Ң, Ү, Ө тамгалары кошумча киргизилген. Кыргыз тилинин алып жүрүүчүлөрүнө кыргыздардан тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кытай, Россия, Афганистан жана башка айрым өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар да кирет. Кыргыз адабий тилинин өнүгүшү Кыргыз адабий тилинин өнүгүшү өзүнө байыркы түрк мезгилинен башат алат. Кыргыз адабий тили араб жазуусун, адабий тилдин калыптануусун, СССР жана Россия империясынын курамындагы, ошондой эле, эгемендүү Кыргызстан мезгилдериндеги өнүгүүсүн камтыйт. Енисей жазууларын окумуштуулар кыргыз адабиятынын башталгыч булагы катары карашат, анткени, анда көркөм адабиятка таандык каражаттар (уйкаштык, метафора, гипербола ж. б.) орун алган. Демек, бул Енисейдеги кыргыздардын жазуусу Борбордук Азиядагы (Араб ариби) кыргыздардын жазуусу менен айырмаланган десе да болот. Байыркы түрк мезгилиндеги адабий кыргыз тили. Бул мезгилдеги адабий кыргыз тилин, адабий тил деп айтуу албетте, кыйын, анткени, мында биринчи жазуу эстеликтер менен гана чектелет (VI-X кылымдар, байыркы түрк рун жазуусу). Араб жазуусундагы адабий тил. X-XI кылымдардагы ислам динин тарашы менен араб жазуусу диний тексттерди, адабий чыгармаларды жаратууда колдонулган. Бул жөнүндө макаланын башында айтып өткөнбүз. Адабий тилдин калыптануусу. XV-XVIII кылымдарда кыргыздар Тянь-Шанга көчүп келгенде кыргыз элинде заманбап кыргыз адабий тили калыптана баштаган. Мында кыргыз тили казак жана өзбек тилдери сыяктуу түрк тилдеринен таасир алган. Жана буга жараша, адамдар түрдүү адабий чыгармаларды ушундай тилдердин аралашуусу менен жаратышкан. Адабий тил СССР жана Россия империясынын курамында адамдар тарабынан өнүккөн. XIX кылымда Кыргызстан Россия империясынын курамына кирип, ал орус тилин кыргыз тилине таасирин күчөткөн. 1928-жылы СССРде латындаштыруу башталып, кыргыз тили үчүн латын алфавитин киргизишкен, андан соң 1940-жылы кириллицанын негизинде жаңы алфавит кабыл алынган. Бардык адабий чыгармалар, ырлар, айтыштар, дастандар адамдар тарабынан дал ушул тилде жазыла баштап, учурда дагы кириллица арибинде адабий тил өнүктүрүлүп келет. СССР мезгилдериндеги тарыхынан Аны менен жарыш СССР өлкөлөрүндө латиницага өтүү процесстери жүргүзүлүп жаткан. 1927-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитети (БАК) латындаштырылган алфавитти араб алфавити менен теңдеш мамлекеттик деп тааныган, ал эми 30-жылдары араб алфавити официалдуу колдонуу чөйрөсүнөн биротоло четтеткен. 30-жылдардын аягында окумуштуулар жана билимдүүлөр, ошондой эле, чиновниктер кирилицага өтүү маселесин көтөрүшкөн, ал эми 40-жылдары латиница четтетилген. 1940-жылдары окумуштуулар жана лингвисттер кирилицада негизделген кыргыз алфавитин иштеп чыгышкан. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин президиуму 1941-жылдын 12-сентябрында алфавитти бекиткен. 1940-жылы Кыргыз тилинин жана педагогика илимий-изилдөө институту 33 тамгадан турган орус алфавитине алты тамга (Ғ ғ, Җ җ, Қ қ, Ң ң, Ө ө, Ү ү) кошулган вариантын иштеп чыгышкан. Кийинчерээк илимий-изилдөө адистери бул вариантты өзгөртүп, алты тамганын ордуна үч тамга (Ң ң, Ө ө, Ү ү) гана кошушкан. Окумуштуулар кыргыз тилинде эки негизги диалектти белгилешкен: түндүк жана түштүк. Биринчиси адабий тилдин негизи болуп калган, ал эми экинчисинде адамдар көбүнчө эски сөздөрдү сакташкан. Бул диалекттер жашаган аймактарга жараша говорлорго бөлүнөт. Кыргыз тилинде өздөштүрүүлөр абдан аз, лексиканын 84-86% кыргыз сөздөрдөн түзүлөт. Жаңы заман 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тили мамлекеттик статуска ээ болуп, кыргыздар жыл сайын 23-сентябрь күнү Кыргыз тил күнүн белгилеп келет. Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзам, ошондой эле Кыргызстандын Конституциясы жана башка мыйзамдар менен токтомдор кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө мамлекеттик камкордук көрүп, аны түбөлүккө сактап калууга кызмат кылат. 2006-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын тил боюнча комиссиясы кыргыз тилине арналган «Кыргыз тил гимнин» кабыл алган. Заман өзгөрүп интернет пайда болгондо, Кыргызстан жарандары кыргыз тилиндеги сайттарды жаратып, кыргыз тилинин өнүгүүсүн улантууда. 2011-жылы Руслан Чодоев аттуу жаран https://tamgasoft.kg/program?dl_page=3 сайтында компьютердик офистик программа үчүн кыргыз тилинин орфографиясын текшерүүчү алгачкы модулун иштеп чыккан. Мындан тышкары ошол эле сайтта Руслан Чодоев ө, ү, ң тамгаларын камтыган компьютердик шрифтти жана кыргыз тилинин онлайн сөздүгүн чыгарган. 2015-жылдын июнь айында Яндекс компаниясынын кызматкерлери Кыргыз тилин «Яндекс Переводчик» кызматына кошушкан. 2012-жылы кыргыз активисттери Google Translate сайтына Кыргыз тилин киргизүү маселесин кабыргасынан коюп, бирок, белгисиз себептерден улам ишти токтотушкан. 2014-жылдын октябрь айында активисттер демилгени кайрадан көтөрүп, ага 700дөй ыктыярчы катышып, баш-аягы 1 млн ашык фраза, 4 миллионго жакын сөз которушкан. Ошентип, Google Translate сайтына Кыргыз тилин 2016-жылдын 17-февралында активисттер киргизишкен. Кийинчерээк, «Сорос-Кыргызстан» фондусу https://tili.kg (учурда иштебейт) кыргызча онлайн сөздүк (жылы белгисиз) жана башка сайттарды жаратып, ишке киргизген. Учурда кыргыз тилиндеги түрдүү түрдүү тиркемелер, сайттар, социалдык баракчалар абдан көп болуп, адамдар кыргыз тилин өнүктүрүүгө өз салымдарын кошуп келүүдө. Учурда (2025) программисттер активдүү түрдө жасалма интеллект маалымат базасына киргизип, түрдүү роботторду кыргыз тилинде сүйлөтүү аракеттерин катуу күч алдырууда. Кыргыз тилинин келечеги, чакырыктар жана сактоо жолдору Кыргыз тили коопсуздукта болсо дагы, күн сайын тилди башка жолго салуучу кокунучтарга кабылып турат мисалы, экономикалык кыйынчылыктар, массалык миграция, модага айланган чет өлкөлүк жаңы сөздөрдүн же слэнгдердин аралашуусу ж. б. Глобалдаштыруунун фонунда жана англис, орус тилдеринин түрдүү чөйрөлөрдө доминанттык кылуусу эне тилдин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Медия жана билим берүү тилди сактоодо кыйла ролго ээ экенин белгип коюуу маанилүү. Бирок, массалык маалыкмат каражаттарында чет өлкөлүк терминдердин басымдуулугу кыргыз тилинин өнүгүүсүнө да кандайдыр бир тосколдукту жаратышы мүмкүн. Мындан тышкары экономикалык миграция да кыргыз тилинин колдонулушуна таасир этет. Адамдар башка өлкөлөргө иш издеп баруу менен ошол өлкөлөрдүн тилдирине адаптацияланууга мажбур, ал бул кыргыз тилинин алып жүрүүчүлөрүнүн санынын төмөндөшүнө алып келет. Тилди сактоо үчүн өлкөнүн социалдык жана маданий жашоосундагы ролун жогорулатууга, официалдуу мекемелердеги кыргыз тилинин колдонулушун колдоого, билим берүүдөгү программаларда өнүктүрүүгө көбүрөөк аракеттерди жумшоо зарыл. Улуттук иденттүүлүктү сактоодогу кыргыз тилинин ролу Кыргыз тили кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүнүн түпкүрүн түзүп, Кыргызстан маданиятынын ажырагыс бөлүгүн. Ал түрк тилдер бүлөсүнө таандык, а бул анын байыркылыгын күбөлөндүрөт. Көптөгөн жүз жылдыктарда, ал түгүл миң жылдыктарда тил бир нече өнүгүү баскычынан өткөн: оозеки салттан жазуусунун калыптануусуна чейин. Кыргыз тилинин өнүгүүсүндөгү өзгөчө маанилүү баскыч совет мезгилиндеги кириллица арибин кабыл алуусу болуп, бул жазуунун жайылышына өбөлгө түзгөн. Заманбап кыргыз тили бүгүнкү күнү да элдик маданияттын жана адабияттын маанилүү элементтерин сактап, эволюциясын улантууда. Бүгүнкү кыргыз тили билим берүү тармагында, мамлекеттик түзүмдөрдө жана медиа чөйрөдө активдүү түрдө колдонулат. Бул анын глобалдаштыруу жана тышкы таасирлердин шартында сакталышына гана эмес, өнүгүшүнө да өбөлгө түзөт. Тил улуттук иденттүүлүктү сактоодо негизги ролду ойнойт. Белгилеп коюуу керек, эне тилди билүү ата-бабаларыбыздын тарыхы, салттары жана маданияты менен болгон байланышты бекемдейт. А бул ата-тек менен болгон байланышту сактоого умтулган жаштар үчүн өзгөчө маанилүү. Ошондой эле, кыргыз тили жарандык коомдун калыптануу процессиндеги маанилүү байланыштыруучу чынжыр катары кызмат кылат, анткени, ал улутубуздун ой-толгоосун, дүйнөгө болгон көз карашын жана жашоо образынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырат. Мындан тышкары, тилди изилдөө жана аны өнүктүрүү жалпысынан билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын өнүгүүсүнүн маанилүү аспектиси. Мунун баары, кыргыз тилин улуттук дөөлөт, кенч катары колдоонун жана сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт. А бул өз кезегинде бир гана билимди бербестен, жалпы өлкөбүздүн жана коомубуздун түпкүрү катары кызмат кылат. Кыргыз тили боюнча пайдалуу ресурстар жана малакалар Бул бөлүмдө кыргыз тили боюнча билимди тереңдетүүгө жардам берүүчү пайдалуу макалалар жана ресурстар чогултулган. Мында, Сизге тилди түшүнүүгө жана жакшы изилдөөгө, үйрөнүүгө көмөктөшүүчү макалаларды, изилдөөлөрдү жана башка материалдарды таба аласыздар. Айрым материалдарга болгон шилтемелер, макаланын төмөндөгү бөлүмдөрүндө берилген. Текст деген эмне Кептин түрлөрү Көркөм стил деген эмне Публицистикалык стиль Цитата деген эмне Сүйлөм деген эмне Сүйлөм мүчөлөрү Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү Жөнөкөй сүйлөмдүн түрлөрү Түшүндүрмө мүчө Сүйлөм мүчөлөрүнүн орун тартиби Жөнөкөй сүйлөмдүн түрлөрү Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр Татаал сүйлөм жана анын түрлөрү Орфогафия Орфоэпия деген эмне Илимий стиль Абзац деген эмне Эл аралык эне тил күнү Жазуу Негизги макала: Жазуу Заманбап кыргыз тили кириллица негизиндеги жазууну колдонуп, ө, ү, ң тамгалары менен кошо 36 тамгага ээ болуп, төмөнкүдөй тамгаларды камтыйт: ТамгаларЭл аралык фонетикалык алфавит боюнча А aa Б бb В вv Г гg~ɣ Д дd Е еe, je Ё ёjo Ж жdʒ З зz И иi Й йj К кk~q Л лl М мm Н нn Ң ңŋ О оo Ө өø П пp Р рr С сs Т тt У уu Ү үy Ф фf Х хx Ц цʦ Ч чʧ Ш шʃ Щ щʃ Ъ ъ Ы ыɯ Ь ь Э эe Ю юju Я яja Фонетика Негизги макала: Фонетика Кыргыз алфавити өзүнө 39 тыбышты камтып, буларды 22 тамга менен белгилейт: 14 — үндүү (а, аа, о, оо, у, уу, ү, үү, ө, өө, ы, и, э, ээ), булардын ичинен 8 — кыска үндүү, 6 — созулма үндүү, 25 үнсүз тыбыш (б, в, г, г[и], д, ж, ж[и], з, й, к, к[и], л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ). Өзгөчө тыбыштар — г[и], ж[и], к[и]. Ичкертүү (ь) жана ажыратуу (ъ) белгилеринин тыбышты билдирбегенин көрсөтөт. Йоддошкон тамгалар — я, ю, ё, е. Үнсүз тыбыштар үн менен шыбыштын катышына карай каткалаң (к, к[и], п, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ), жумшак (б, в, г, г[и], д, ж, ж[и], з) жана уяң үнсүздөр (й, л, м, н, ң, р) деп бөлүнөт. Лексика Кыргыз тили жакшы өнүккөн мал-чарбалык, ат-спорттук, кол өнөрчүлүк лексикага ээ болгон. 1984-жылдагы кыргыз тилиндеги ат-спорттук лексикасынын изилдөөсү жылкылардын ондон ашык жаш-курактык аныктамаларын көрсөттү. Тууганчылык терминдер системасын бифуркативдүү-коллатералдык деп атасак, башкача айтканда, атасы жана энеси тарабынан ар башка: атасы жагынан — чоң ата, энеси жагынан — тай ата. Ошондой эле, улуулугуна жараша айырмачылыктарды кыргыз тили кийинкидей көрсөтөт: кичи биртуган — ини, улуу биртуган — байке. Улуу биртугандын (же жөн гана тугандын) аялы — жеңе, кичи биртугандын аялы — келин. Улуу эженин же биртугандын күйөөсү — жезде, күчүүнүкү — күйөө бала. Кыргыз тилинин лексикасы бир катар араб, перс, монгол, орус тилинен сөздөрдү өздөштүргөн. Буга карабастан кыргыз тили — көз карандысыз түрк тилдүү өлкөлөрдөгү, титулдук түрк тилдеринин арасынан араб-перс таасирин азыраак кабыл алган. Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн айрымдары: араб тилинен: маданият, акыйкат, китеп, аскер, дин, жумуруят, калк, береке, сабыр жана дагы 1100 сөз айланасында; перс тилинен: апта, шаар, дос, жан, байге; орус тилинен: чиркөө, бөтөлкө, картөшкө, керебет ж. б.; монгол тилинен: жыргал, шибер жана башка дагы 400дөй сөз айланасында. Учурда, глобалдашуунун таасиринен улам башка өлкөлөрдүн тилдери сыяктуу эле, адамдар кыргыз тилине улам жаңы заманбап терминдерди өздөштүрүп, киргизүүдө. Грамматика Атоочтор Кыргыз тилиндеги атоочторго кийинкилер кирет: зат атооч, сан атооч, ат атооч, сын атооч. Көптүк сан 12 фонетикалык вариантка (-лар, -лер, -лор, -лөр, -дар, -дер, -дор, -дөр, -тар, -тер, -тор, -төр) ээ болгон суффикстер менен калыптанат. Суффиксти тандоону үндүүлөрдүн үндөштүк мыйзамы аныктайт (караңыз: үндөштүк мыйзамы, сингармонизм), ошондой эле, акыркы үн негизинен көз каранды келет: дос — достор; китеп — китептер; гүл — гүлдөр; шаар — шаарлар. Эгер зат атооч сан атооч менен коштолсо, анда ал жекелик санда колдонулат: эки күн, беш үй. Жөндөмөлөр Кыргыз тилинде 6 жөндөмө бар экенин белгилеп өтүүгө болот: Атооч жөндөмө — негизги жөндөмө, ээнин жөндөмөсү деп дагы аталат, ал атайын көрсөткүчү жок. Ким?, Эмне? деген суроолорго жооп берет: Бул телефон; Жеңем бүрсүгүнү келет. Илик жөндөмө — көрсөтмөлөрү менен (-нын, -нин, -нун, -нүн, -дын, -дин, -дун, -дүн, -тын, -тин, -тун, -түн) бир нерсенин жана бирөөнүн экинчисине таандыктыгын көрсөтөт. Кимдин?, Эмненин? деген суроолорго жооп берет: эшиктин туткасы, Каныбектин досу. Барыш жөндөмө — көрсөтмөлөрү менен (-га, -ге, -го, -гө, -ка, -ке, -ко, -кө, -а, -е, -о, -ө, -на, -не) адамга же нерсеге болгон иш-аракеттин багытын көрсөтөт. Кимге?, Кайда? деген суроолорго жооп берет: Айылга барабыз; Ал жездесине жазып жатат. Табыш жөндөмө — көрсөткүчтөрү менен (-ны, -ни, -ну, -нү, -ды, -ди, -ду, -дү, -ты, -ти, -ту, -тү) түз толуктоо жөндөмөсүн көрсөтөт. Кимди?, Эмнени? деген суроолорго жооп берет: Айчүрөк эшикти ачты, Аары балды ташыды. Жатыш жөндөмө — Кайда?, Кимде? деген суроолорго жооп берип, -да, -де, -до, -дө, -та, -те, -то, -тө көрсөткүчтөрүнө ээ: Бишкекте, мекемеде, машинеде. Чыгыш жөндөмө — кыймыл аракетти алгачкы пунктуна көрсөтүп, -дан, -ден, -дон, -дөн, -тан, -тен, -тон, -төн көрсөткүчтөрүн көрсөтөт. Кайдан?, Кимден? деген суроолорго жооп берет: талаадан, Нарындан. Кыргыз тилинде агглютинативдик түзүм басымдуулук кылат. Бул, аффикстердин кошулуусу менен тилдеги сөздөрдүн калыптанышын билдирет. Мындай түзүм грамматиканы ачык жана ийкемдүү кылат. "Кыргыз тилинде, таандык ат атоочтон тышкары, түрк тилдерине мүнөздүү айтылган аффикстер дагы бар, жана мындай учурда таандык ат атоочтор көп учурда калып калат. (анын) машинеси, (биздин) өлкөбүз. Атоочтордун жакталышы Зат атоочтор жакталышы мүмкүн, башкача айтканда жеке этиштик мүчөлөргө ээ болуп, этиш сыяктуу өзгөрүп, өзүнүн маңызы боюнча роман жана герман тилдеринде кеңири колдонулуучу «болуу» этишинин аналогун түзөт. Ошону менен бирге жеке ат атоочтор калып кетиши мүмкүн. Мисалы, (сен) мыктысың, (биз) айдоочубуз ж. б. Башка түрк тилдер менен байланышы Тилдер арасындагы лексикалык айырмачылыктардын пайыздык деңгээлин орнотуу үчүн жүз сөздүк Сводеш тизмесин колдонушат. Бул тизмеге дүйнө тилдеринин тарыхый өзгөрүүлөргө туруктуу келген айтылуу базалык лексикага таандык сөздөр кирет. Эгер тилдердин дал келген (же окшош) сөздөрүнүн пайызы канчалык жогору болсо, тектештик деңгээли жагынан ошончолук жакын болот. Кыргыз тилинин башка түрк тилдер менен болгон тектештигин лексика-статистикалык анализдин негизинде 215 сөздүк Сводеш тизмеси колдонуп аныкташат. казак — 91 %, татар — 79 %, уйгур — 77 %, өзбек — 76 %, алтай — 73 %, хакасс — 69 %. 85% жогорку болгон лексикалык окшоштук эки салыштыруучу тилдин бири-бирине таандыгын билдирип, болжолдуу бир тилдин диалектиси менен байланыштуу деп айтылат. Кыргызстанда, буга ылайык, кыргыз тилинде дагы бир нече диалекттер бар. Булар өз ара айырмаланып, бирок жалпысынан бири-бирине түшүнүктүү болушат. Диалекттердин болушу кыргыз тилинин, ошондой эле кыргыз маданиятынын көп кырдуулугун чагылдырат. Кыргыз тили жөнүндө дилбаян Кыргыз тили — бул кыргыз элинин улуттук байлыгы, тарыхы тереңге кеткен маданий мурасы. Тил — элдин жүрөгү, рухий дүйнөсүн чагылдырган асыл курал. Кыргыз элинин тили кылымдар бою элибиздин тарыхын, каада-салтын, маданиятын сактап келген. Ошондуктан, кыргыз тилин билүү жана аны өркүндөтүү ар бир жарандын ыйык милдети. Кыргыз тили — түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Анын түп тамыры байыркы доорлорго барып такалат. VI-VII кылымдарда эле Орхон-Енисей жазуулары аркылуу кыргыз тилинин байыркы формалары кездешчү. Бул жазуулар биздин ата-бабаларыбыздын ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын чагылдырган баалуу тарыхый булак болуп саналат. X кылымдан баштап кыргыз тили калыптанып, эл ичинде кеңири колдонула батшаган. Айрыкча, муну Манас эпосунан байкоого болот, эпос болсо — кыргыз тилинин жана адабиятынын теңдешсиз эстелиги. Бул улуу эпос кыргыз тилинин сөз байлыгын, поэтикалык күчүн, элдин оозеки чыгармаларга болгон чеберчилигин айкын көрсөтөт. Кыргыз тилинин фонетикалык, морфологиялык жана синтаксистик түзүлүшү өзгөчө. Ал үндүү жана үндөшүү мыйзамдарына негизделген. Сүйлөм түзүмү жөнөкөй, бирок мааниси терең. Кыргыз тилиндеги сөздөр көп маанилүү болуп, бир эле сөз ар кандай контекстте ар башка маанини бере алат. Бул болсо тилдин ийкемдүүлүгүн жана көркөмдүгүн арттырат. Кыргыз тилинде байыркыдан бери сакталып келе жаткан сөздөр менен катар, заманбап терминдер да өнүгүп келет. Тилдин өнүгүүсү — бул элдин өсүшү, маданият менен илимдин алдыга жылышын билдирет. Кыргызстанда мамлекеттик тил катары кыргыз тилин колдонуу — өлкөнүн көз карандысыздыгынын жана улуттук биримдиктин символу. Кыргыз тили билим берүү, мамлекеттик башкаруу, маданият жана маалымат каражаттарында кеңири колдонулат. Мектептерде, жогорку окуу жайларында кыргыз тилин үйрөнүү жана өнүктүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Ага карабастан, тилди сактап калуу жана өнүктүрүү багытында дагы көп аракеттер талап кылынат. Айрыкча, жаш муундар арасында кыргыз тилине болгон кызыгууну арттыруу, адабий чыгармаларды окуу маданиятын калыптандыруу маанилүү. Ошондой эле, интернет жана социалдык тармактарда кыргыз тилин активдүү колдонуу да тилдин заманбап өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Кыргыз тилинин келечеги — биздин колубузда. Ар бир кыргыз жараны өз тилине сый-урмат менен мамиле жасап, аны сүйүп, күнүмдүк турмушта колдонсо, тил эч качан жоголбойт. Тилди сактоо үчүн үй-бүлөдөн баштап, коомдук деңгээлде да иш алып баруу абзел. Ошондой эле, кыргыз тилин эл аралык аренага алып чыгуу, адабий чыгармаларды чет тилдерге которуу, дүйнө жүзүнө таанытуу да абдан маанилүү. Бул максатта мамлекет, жазуучулар, илимпоздор жана коомдук активисттер биргелешип иштеши керек. Кыргыз тили — бул элибиздин жан-дүйнөсү, рухий дөөлөтү. Аны сактоо, өнүктүрүү жана муундан муунга өткөрүп берүү — ар бир кыргыз жаранынын парызы. Эгерде ар бирибиз өз тилибизди сүйүп, аны урматтап, даңазаласак, кыргыз тили түбөлүк жашайт. Кыргыз тилинин түбөлүктүүлүгү — кыргыз элинин түбөлүктүүлүгү. Ушундай улуу тилге ээ болгонума мен сыймыктанам жана аны келечек муундарга аманат кылып өткөрүп берүүгө бардык күч аракетимди жумшайм! Дагы караңыз Тил жөнүндө ырлар Эл аралык эне тил күнү Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы бизди канаатандырабы