Кусеин Карасаев (Хусеин, Кусеин Карасай уулу, 1901-жыл, 5-январь, Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Түп району, Токтоян [Кең-Суу эмес] айылы) — тилчи, лексикограф жана лексиколог, агартуучу, адабият таануу боюнча окумуштуу, фольклор таануу боюнча изилдөөчү. Филология илимдеринин кандидаты (1944), профессор (1966), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер. Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. «Касым Тыныстанов» атындагы сыйлыктын лауреаты.
Кусеин Карасаев | |
---|---|
Туулган датасы | 1901-жыл, 5-январь |
Туулган жери | Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Түп району, Токтоян айылы |
Ишмердүүлүгү | Тилчи, лексикограф, лексиколог |
Өлгөн датасы | 1998-жыл (97 жаш) |
Академиялык наамы | Профессор |
Жубайы | Айша Карасаева |
Кусеиндин басып өткөн, өмүр жолу ары өрнөктүү, ары өнөрлүү, даңазалуу жол. Бул бакубат, нускалуу, чечен, сөзмөр, кыргыз сөзүнүн кылдат билерманы, тарыхты таасын билген, тилди ийне жибине чейин иликтеген, устукандап, жиликтеген, кыраакы, көптү көргөн көсөм, илимдин артынан сая түшкөн өжөр илимпоз адам болгон. Кайран өмүр, текке кеткен жок тура. Бул киши менен дидарлашуу кызыктуу, көрөңгөлүү, уюткулуу эле.
Кеп сыйкыры менен бир заматта өзүнө тартып алаар эле. Кээде жайдары күлүп, кандай сөз уга турганын алдын ала сезип, ошого жараша сөз учугун улап, бура тарткан чоң психолог болчу. Хусеиндин өмүр жолу өтө татаал мезгилге туш келди. Жокчулукту, ачкачылыкты, кордукту да башынан кечирди.
Ошонун баарын сыр сандыгына салып бүтүп баа жеткис илимий эмгектерин, китептерин, кийинки муунга таштап кетти. Ал эмгектерди барктап, бапестеп кийинки муунга калтырып кетүү биздин милдет. Эмесе улуу журтум, элим Хусейин Атаңардын басып өткөн жолуна, бала чагынан көз чаптырсак:
Хусеин Карасаев 1901-жылы (кээ бир маалыматтар боюнча 1902-жыл) Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылында төрөлгөн. 7 жашка чейин чоң атасы Калыбек ажынын колунда өсүп, кийин өз ата-энесинин колуна келген. 10 жашында үйдөгүлөрү айылдагы молдого берип кат–сабаты ачылат. 1914—1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинде окуйт, Пушкиндин ырларын жаттайт. Орус илим булагынан билимин жогорулатат (кайсы?). 1916-жылдагы алаамат үркүндө, эл менен бирге ата-энеси болуп Кытайга, текеске качат.
Кыргыздар кыямат күнгө туш болот. Ал мүшкүл күндөр Хусеиндин жүрөгүндө да кеткис дарт болуп, улут трагедиясы болгон. Жаш Хусеин жан сактоонун айынан калмак балдары менен кой багып, текес ороонун бийлеген Кытай чек арасындагы тилмечи-сакчынын, жергиликтүү элдин балдарын окутуп жанын баккан. Чыгыш Түркстан адамдарынын сабатын ачууга анча-мынча үлүшүн кошкон. Жаратылышынан тилдик туюму, сөз татымы күчтүү, зээндүү жаш өспүрүм бат эле казак, уйгур, калмак тилдерин үйрөнүп алган. 1921-жылы Ысык-Көлгө кайтып келип 1923—1924-жылдары Токтоян айылына Селревком болуп иштейт. Эл оозуна алынып, коомго аралашат.
Ал эми 1925-жылы Ташкентке барып Кыргыз-Казак таалим-тарбия же агартуу институтунда окуйт. Кусеин Ташкентте жүргөндө Ж. Абдрахманов, И. Арабаев, Касым Тыныстановдор менен таанышып, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов менен биргеликте 1924-жылы биринчи Кыргыз гезити «Эркин-Тоону» чыгарууга катышат. 1924—1925-жылдары Орто-Азия мамлекеттик университетине жумушчулар факультетинде сабак берген.
1926-жылы Ишеналы Арабаев экөө «Жаңылык» китебин жазышат. Ал китеп кыргыз элинин 60% сабатсыздыгын жоюга жардамчы болгон. 1927-жылы Азербайжан мамлекетинин Баку шаарында ѳткѳрүлгөн жаңы түрк алфавитинин борбордук комитетинин пленумуна катышкан. Терең билим алуу максатында Ташкенттеги окуусун таштап, 1928-жылы Ленинград шаарындагы чыгыш институтунда Түркологиялык семинариясына кирет (араб фарзы). Институттун өзүндө лексикадан сабак берчу. Константин Юдахин экөө кыргызча-орусча сөздүктү түзүшүп, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө чоң салым кылган. Кийин Юдахин байбичеси менен Токтоянга келип материал топтоп кыргызча үйрөнүп кетишкен деп өзүнүн айткан кеби бар.
Бул эки окумуштуу кыргыз лексикасынын казанында бирге кайнашкан. 1931-жылы Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш институтун ийгиликтүү аяктап Фрунзеге келип адабият институтуна ага кызматкер болуп ишке орношот. Фольклорду жыйного кату киришип Тоголок Молдону (Байымбет Абдырахмановду) Нарындан чакыртып келип анын чыгармаларын алтын фондуга алат.
1931-жылы Адабият жыйноо инструкциясын жазып, басмадан чыгарып, эл арасынан манасчы издеп айтылуу Саякбай Каралаевди алып келип, үйүнө этнографиялык кече уюштуруп Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Ыбрай Тойчиев, Турсун ата жана башкаларды чакырып сындан өткөрөт. Алар бир ооздон Саякбайдын вариантын жазууну жактырышат. Ошентип, Саякбай Каралаевдин айтуусунда Манас эпосун жазып алууну уюштурган. «Манас» сөзүн манастаанууга биринчилерден киргизген. Кусеин Карасаевди Моквага чакырып «Манас» эпосун жазууга консультация өтөт.
Иши оңоло баштаганда 1941-жылы согуш башталып аскерге барбай турган буйрук беришет. 1944-жылы кондидаттык дисертациясын жактап, чыгармачылыкка катуу киришип, бир нече китеп жазат. 1946-жылы КПСС мүчөсү болот.
1949-жылы кылдан кыйкым таап, кыргыздын мыкты жигиттери Самангин, Бектенов, Байжиев жана башкалар камакка алынат, Хусейинге болсо Москва шаарындагы Ломоносов атындагы унверситетке лекция окууга чакырык келип, каргашалуу 1937-жылдын укуругу Кусейинге жетпей калат. Бирок, ошентсе да, бир сыйра камалып чыгат.
1950-жылдардан 1970-жылдардын ортосуна чейин жаштарга билимин берип, Кыргыз Мамлекеттик Университетинде мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгат. 1990-жылдарда жашы 90дон ашса да, карылыгына карабай чыгармачылык устаканасында белин бек бууп эмгектенген.
Карасаевдин изилдөөлөрүнүн аркасынан Кыргыз элдик календарындагы айлардын кыргызча аталышы Европалык календар менен туураланып, такталган.
Карасаев 1998-жылы каза болуп, сөөгү өз жерине коюлган. Айша апанын (жубайы) айтуусунда Карасаев көп иштеп, көп жазганына байланыштуу беш машинканы иштен чыгарган дейт.
Алигидей жала, куугунтук болбогондо бул киши кап-качан доктор, академик болмок. Кайсы бир жылы Чыңгыз Айтматов өзүнүн айдоочусун жөнөтүп «Аксакал Сиз чарпылбаныз, жаза бериниз, архивке бериниз кийин, эл өзү, Сиздин чыгармаларынызды окушат» деп айткан экен.
Азыр К. Карасаевдин эстелиги, мемориалдык комплекси Ысык-көл жээгине орнотулган. Бул кишинин залкар эмгектери түбөлүккө кыргыз элинде сакталып, мурас болуп кала берет. илимпоз, окумуштуу, Кызыл-Туу, «Манас» орденин, эл аралык «Даанышман» сыйлыгынын ээси, «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер» мамлекттик сыйлыктын ээси. Ушундай инсанды тарбиялап өстүргөн ата-энесине, Түп элине таазим кылабыз. Артында жазып калтырган, алтындан кымбат эмгектери калды.
«Карасай сөздүктү» көз жүгүртүп окуп чыгуунун өзү канчалык кызык, канчалык үзүрлүү. Эне тилибиздин өзүнчө бир тарыхы болгон бул кол жазманы кызыгуу менен окуп чыктым жана башкаларга да көпчүлүккө таанышыш үчүн ушундай мүмкүнчүлүктөр болсо деген тилекте калдым.Чыңгыз Айтматов
Кол жазмадан накыл сөздөрдүн түпкү чыгышын, алардын түз жана өтмө маанилерин, туюнтмаларын дагы бир сыйра таптап, даана туюнуп алганыма кубандым. Ошол кубануу менен бирге ушул жашка келгичекти эне тилди мыкты билген жазуучу атанып туруп, бир кыйла сөздөрдүн туюнтмасын жеткире билбегендигиме, кай бирин үстүртөн, калпыз түшүнүп жүргөндүгүмө өзүм уялдым.Түгөлбай Сыдыкбеков
Адам баласы билим берүү тармагында төрт революцияны башынан өткөргөн. Ошол төрт революцияны адам баласы көптөгөн кылымдарда ишке ашырган. Кыргыз эли болсо ал революцияны үч муундун алкагында ишке ашырдык. Ошонун бардык революцияларында Кусеин Карасаев башкы каарман болгон. Далилдеп берейин: Биринчиси — ата-энелер өзүнүн балдарын, кесипкөй, профессионалдуу, тарбиячылардын колуна өткөрүп берүүсү. Экинчиси — билим берүүнүн мазмуну оозеки формадан жазуу формасына өтүүсү. Үчүнчүсү — биринчи окуу китебин алгач гезиттер болгон, дал ушул биринчи гезиттен (Эркин-Тоо) окуу куралына чейинки процесс үчүнчүсү болгон, ага Карасаев активдүү катышкан катышкан.Назаркул Ишекеев - педагогика илимдеринин доктору, профессор
«Кусеин Карасаевдин бул сөздүгү (Накыл сөздөр) бир гана тектеш тилдердин маанилерин гана эмес, ошондой эле кыргыз адабиятынын оозеки чыгармачылыгынын алгачкы эпикалык ддорундагы эне тилибиздин көөнөргөн (архаикалык) сөздөрдү түшүнүүнүн ачкычы болот. Ал дагы деле азыркы көркөм адабиятта көрөңгө катары өмүр сүрүүдө.»Профессор Абдулхай Алдашев