Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жазуу жонундо тушунук

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жазуу жонундо тушунук

Жазуу деген эмне, жазуу жонундо тушунук кандай, анда адаттагы макала Сиздер үчүн, кымбаттуу окурман.

Жазуу бул - адамдын оюнун жана сөздөрдүн кагаз бетине түшүрүлгөн белгилери жазуу деп аталат.

Жазуу адамдардын оюн же пикирин алыста турган адамдарга билдирүү зарылдыгынын негизинде келип чыккан. Жазуу коомдук турмушта тилдин, б.а., пикир алышуунун кошумча же экинчи куралы катарында кызмат кылат.

Тил аркылуу берилип жаткан ой-пикир белгилүү бир учур үчүн гана кызмат кылса, жазуу аркылуу берилген ой-пикир узак убакыт бою сакталат.

Айрым окумуштуулар тил пайда болгонго чейин эле жазуу пайда болгон деп эсептешкен. Албетте, мындай пикир туура эмес. Тилсиз адам баласы жашабаган сыяктуу, жазуусуз адам баласы жашаган эмес. Демек, жазуу адам жашаган алгачкы коомдо эле турмуштук зарылдыктын натыйжасында пайда болгон.

Жазуунун түрлөрү

Жазуунун үч түрү бар:

Пиктографиялык жазуу
Адамдын ой-пикиринин жаратылыштагы нерселердин сүрөтү аркылуу берилиши. Бул жазуу кээде сүрөттүк жазуу деп да аталат.

Идеографиялык же иероглифтик жазуу
Тамгалардын ордуна сүрөт түрүндөгү шарттуу белгилердин негизинде түзүлгөн жазуу. Буга кытай жазуусу кирет.

Фонетикалык жазуу
Тыбыштардын жардамы менен жазуу же тыбыштык жазуу.

Кыргыз эли колдонгон жазуулар
Кыргыз эли 5-8-кылымдарда Орхон-Енисей жазуусун, Улуу Октябрь социалистик революциясынан кийин жазуунун ар кандай түрлөрүн: араб, латын жана орус алфавиттерин пайдаланып келишти.

Орхон-Енисей жазуусу
Башка түрк элдери сыяктуу эле кыргыздар да 5-8-кылымдарда Орхон-Енисей жазуусунан пайдаланып келишкен. Орхон-Енисей таш эстеликтери туурасында алгач кабар 1962-жылы амстердамдык (Голландия) юрист, бургомистр (шаар башчысы) Николас Витзенге, андан кийин Сибирь атласын түзгөн этнограф С. У. Ремезовго таандык. Бул окумуштуу 1696-1697-жылдары ташка чегилип жазылган белгисиз жазуулар жөнүндө кабарлайт.

Кийинчерээк бул эстеликти тагыраак белгилеп, алгачкы ачылыш жасоо Пётр 1нин убагындагы согушта туткунга түшүп, Сибирге айдалган швед офицери Филипп Иоганн Страленбергдин үлүшүнө туура келет. Страленберг 1713-1722-жылга чейин Сибирдеги Тоболь шаарында жашап, жергиликтүү элдин тарыхына, тилине кызыгып, көптөгөн материалдарды жыйнайт. Сүргүндөн кайткандан кийин 1730-жылы эмгектерин жазып, жарыкка чыгарат.

[ushka=seredina]

Страленберг менен бир мезгилде Сибирде 7 жыл жүргөн немец окумуштуусу Миссершмидт да бул жазуу жөнүндө кабарлайт. Орус окумуштуусу Григорий Спасский өзүнүн макаласын 1818-жылы "Сибирский вестник" журналына басып чыгарат. Бирок бул эстелик көп жылдарга чейин окулбай келет. 1893-жылы Даниянын Копенгаген университетинин профессору В. Томсен Орхон-Енисей жазуусунан тамгаларын окуганын кабарлайт. Ошол эле жылдары академик В. В. Радлов 1894-жылы 19-январда Кул-Тегин эстелигинин текстин окуп, анын котормосун сунуш кылат. Ошентип, Орхон-Енисей эстелиги табылып жана окулат. Жазуу түрк элдерине таандык экендиги аныкталат. Енисей эстелигинде 39 тамга (бешөө үндүү), Орхон жазууларында 38 тамга (төртөө үндүү) болгон.

Реформаланган араб алфавити
Араб алфавитин кыргыздар 1924-1928-жылдардын аралыгында колдонушкан. 1924-жылы Орто Азиядагы элдердин улуттук чек арасы бөлүнүп, Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөн. Ушул жылдарда араб алфавитине өзгөртүүлөр киргизилип, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык алфавиттин составына айрым тамгалар (э, ү) кошумчаланган, кээ бир артыкбаш тамгалар чыгарылган. Бирок араб алфавитинин күн санап өсүшүн канааттандыра алган эмес. Анын төмөндөгүдөй кемчиликтери болгон:

  1. Араб алфавитинин составында үндүү тыбыштарды белгилеген, ичке үндүүлөр жетишсиз болгон.
  2. Бир эле тамга сөз башында, сөз ортосунда, сөз аягында ар түрдүү жазылган.
  3. Араб алфавитинин оңдон солго карай жазылышы жазууну кыйындаткан.
  4. Алфавиттин составында 24 тамга кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн толук тейлей алган эмес ж.б.

Латын алфавити
Кыргыздар латын алфавитин 1928-1940-жылдардын аралыгында колдонушкан. Араб алфавити сыяктуу эле латын алфавитинин курамындагы айрым тамгалардын жетишсиздигинен 1928-жылы кыбачы белгиси чыгарылып, ө, ү, н, х, в, ф тамгалары киргизилген. 1930-жылы баш тамгалар, 1938-жылы орус тилинен кирген сөздөрдү туура жазуу үчүн Z (ж) тамгасы кабыл алынган. Латын алфавитинин төмөндөгүдөй кемчиликтери болгон:

  1. Латын алфавити орус тилинен өздөштүрүлгөн жаңы сөздөрдү, саясий-коомдук терминдердин туура жазылышын камсыз кыла алган эмес.
  2. Бир эле сөз орус тилинде да, кыргыз тилинде да ар башка жазылган: sovet - совет, sovxoz - совхоз ж.б.
  3. Бир эле республикада эки алфавиттин (латын, орус) колдонулушу басма сөз иштерине кыйынчылык келтирген ж.б.

Орус алфавити
Орус алфавитин 1941-жылдан бери колдонуп келе жатабыз. 1940-жылдын декабрында эмгекчилердин каалоолорун толук эске алып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясы латын алфавитинен орус графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы алфавитке өтүүнү чечти. Жаңы кыргыз алфавити төмөндөгүдөй түзүлгөн:

  1. Орус алфавитиндеги бардык тамгалар кабыл алынып, анын тамгаларынын окулушундагы жалпы эрежелери сакталган.
  2. Кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө ылайык кыргыз алфавитинин составына ө, ү, ң тамгалары кошумчаланган.
  3. Орус жана кыргыз тилдериндеги сөздөрдү бирдей жазуу максатында Қ, Ғ, Ж тамгаларына орун берилген эмес ж.б.

Графика
Жазууга тиешеси бар жана ариптерди, тамгаларды жазуу, жалпы эле адам коомунун узак созулган тарыхый өсүш процесинин натыйжасында пайда болгон ар түрдүү жазуулар графика аталган. Мисалы: пиктография, идеография, фотография ж.б.

Жайгаштыруу: 2019-06-26, Көрүүлөр: 18802, Өзгөртүлгөн: 2019-06-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо