Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ат атооч деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ат атооч деген эмне

Салам достор, ат атооч деген эмне, анын кандай турлору бар, жондолушу кандай жана башка ушул суроолорго жооп берууга аракет кылалы.

Ат атооч бул - зат, сын, сан атоочтордун ордуна колдонулуучу жана алардын белгилерин атабай, жалпылап көрсөтүүчү сөздөр ат атооч деп аталат.

Ат атооч сөздөргө төмөнкүлөр кирет: мен, сен, ал, биз, силер, бул, тигил, ким?, эмне? эч ким, эч нерсе, бары, бүткүл, ар ким, ар бир, өз ж.б.

Ат атоочтордун бөлүнүшү
Ат атооч сөздөр берген маанилерине карата төмөндөгүдөй бөлүнөт:

  1. Жактама ат атооч
  2. Шилтеме ат атооч
  3. Сурама ат атооч
  4. Таңгыч ат атооч
  5. Аныктама ат атооч
  6. Белгисиз ат атооч

Ат атоочтун турлору

Жактама ат атооч
Затты үч жактын бирине таандык кылып көрсөткөн ат атооч жактама ат атооч деп аталат. Жактама ат атоочторго: мен, сен, сиз, ал, биз, силер, алар деген сөздөр кирет да, ким? кимдер? деген суроолорго жооп берет.

Жактама ат атоочтор жекелик түрдө да, көптүк түрдө да айтылат. Мисалы:

Жекелик түрү
1-жак - мен
2-жак - сен, сиз
3-жак - ал

Көптүк түрү
1-жак - биз
2-жак - силер, сиздер
3-жак - алар

Шилтеме ат атооч
Бир затка карата көрсөтүлө, жаңсоо иретинде айтылган ат атоочтор шилтеме ат атооч деп аталат. Шилтеме ат атоочторго кайсы? деген суроо берилип: бу (бул), тиги (тигил), ошо (ошол), ушу (ушул), тетиги (темына бул, мына ушу деген ж.б. сөздөр кирет.

Сурама ат атооч
Заттын санын, катар тартибин, сапатын, ордун, аты жөнүн, мезгилин аныктап билүү үчүн суроо иретинде колдонулуучу сөздөр сурама ат атооч деп аталат. Сурама ат атооч ар дайым суроо иретинде айтылат да аларга: ким? эмне? кайсы? качан? кайда? канча? нече? кайдан? кандай? кана? деген ж.б. сөздөр кирет.

Тангыч ат атоочтор
Жалпыланган заттык, сын-сыпатгык, сан өлчөмдүк маанини тануу же жокко чыгаруу иретинде айтылган ат атооч тангыч ат атооч деп аталат. Тангыч ат атоочторго: эч ким, эч нерсе, эч бир, эч качан, эч кандай, эч канча, эч теме, эч кайсы, эч убакта, эч кайда деген ж.б. сөздөр кирет.

Аныктама ат атооч
Заттын сандык жалпылыгын же жекелигин аныктап тактап көрсөтүүчү ат атоочтор аныктама ат атоочтор деп аталат. Аныктама ат атоочторго: бүткүл, бардык, баары, бүтүн, ар ким, ар бир,ар кандай, ар качан, ар кайсы, өз деген сөздөр кирет.

Белгисиз ат атооч
Заттарды, кубулуштарды жана алардын ордун, мезгилин ж.б. так көрсөтпөстөн, болжолдоп, бүдөмүк көрсөтүүчү ат атоочтор белгисиз ат атооч деп аталат. Белгисиз ат атоочторго: кайсы кимдир бирөө, алда кандай, алда эмне, алда ким,кандайдыр бир, бир нерсе, кай бир, кээ бир деген ж.б. сөздөр кирет.

[ushka=seredina]

Ат атоочтордун жөндөлүшү
Зат, сын, сан атооч сөздөр сыяктуу эле ат атооч сөздөр да жөндөмөлөр менен жөндөлөт. Бирок ат атоочтордун жөндөлүш өзгөчөлүгү башка.

Жактама ат атоочтун жөндөлүшү
Мен, сен, ал деген ат атоочтор жөндөлгөндө барыш жөндөмөдө мага, сага, ага болуп, уңгусу өзгөрүп кетет да, иликте -ин, табышта -н болуп, кыскарган формада жөндөлөт.

Жөндөмөлөр1-жак мен2-жак сен3-жак ал
Атоочменсенал
Иликмен+ нын = менинсен + нын = сенинал + нын = анын
Барышмен + га = магасен + га = сагаал + га = ага
Табышмен + ны = менисен + ны = сениал + ны = аны
Жатышмен + да = мендесен + да = сендеал + да = анда
Чыгышмен + нан = менденсен + нан = сенденал + нан= андан

Ат атооч деген эмне - макалабызды уланталы.

Шилтеме ат атоочтун жөндөлүшү
Шилтеме ат атоочтор жөндөлгөндө жекелик санда туруучу жактама ат атоочтор сыяктуу жөндөлөт. Бирок бу (л) деген шилтеме ат атоочгун башкы үнсүз тыбышы атооч менен барыштан башка жөндөмөлөрдө м тыбышына өтөт. Ал эми жатыш, чыгыш жөндөмөлөрдө ат атоочтун акыркы л тыбышы н тыбышына, үндүүсү ы тыбышына өтүп айтылат. Мисалы:

Атоочбу(л)ошолтиги
Иликмунуношонунтигинин
Барышбугаошоготигиге
Табышмунуошонутигини
Жатышмындаошондотигинде
Чыгышмынданошондонтигинден ж.б.

Сурама ат атоочтун жөндөлүшү Кыргыз тилиндеги сурама ат атоочтордун (ким? эмне? кайсы? канча? нече?) жөндөлүшү бир топ өзгөчөлүктөргө ээ.

Жөндөмөлөрзат атоочтун жөндөлүшүсурама ат атоочтун жөндөлүшү
Атоочэнекимэмне
Иликэненинкимдинэмненин
Барышэнегекимгеэмнеге
Табышэненикимдиэмнени
Жатышэнедекимдеэмнеде
Чыгышэнеденкимденэмнеден
ЖөндөмөлөрCын атоочтун жөндөлүшүCурама ат атоочтун жөндөлүшү
Атоочсарыкайсы
Иликсарынынкайсынын
Барышсарыгакайсыга
Табышсарыныкайсыны
Жатышсарыдакайсыда
Чыгышсарыданкайсыдан
ЖөндөмөлөрЗат атоочтун жөндөлүшүсурама ат атоочтун жөндөлүшү
Атоочбаласыкимдикикайсыныкы
Иликбаласынынкимдикининкайсыныкынын
Барышбаласынакимдикинекайсыныкына
Табышбаласынкимдикинкайсыныкын
Жатышбаласындакимдикиндекайсыныкында
Чыгышбаласынанкимдикиненкайсыныкынан

Тангыч ат атоочтун жөндөлүшү 1.Тангыч ат атоочтор сурама ат атоочтор сыяктуу эле жөндөлөт. Мисалы:

Атоочэч кимэчтеме
Иликэч кимдинэчтеменин
Барышэч кимгеэчтемеге
Табышэч кимдиэчтемени
Жатышэч кимдеэчтемеде
Чыгышэч кимденэчтемеден

2.Эч качан, эч кандай, эч кайда, эч бир деген тангыч ат атоочтор жөндөлбөйт.

Аныктама ат атоочгун жөндөлүшү
Аныктама ат атоочтордун көпчүлүгү жөндөлүп, айрымдары гана жөндөлбөйт.
1.Ар ким, ар нерсе, ар кайсы деген ат атоочтор төмөнкүчө жөндөлөт.

Атоочар кимар нерсеар кайсы
Иликар кимдинар нерсенинар кайсынын
Барышар кимгеар нерсегеар кайсыга
Табышар кимдиар нерсениар кайсыны
Жатышар кимдеар нерседеар кайсыда
Чыгышар кимденар нерседенар кайсыдан

2.Баары, бардыгы, өзү, ар бири деген жактама ат атоочтор III жактын таандык мүчөсү жалганган зат атоочтор сыяктуу эле жөндөлөт.

Атоочбаарыбардыгыөзү
Иликбаарынынбардыгынынөзүнүн
Барышбаарынабардыгынаөзүнө
Табышбаарынбардыгынөзүн
Жатышбаарындабардыгындаөзүндө
Чыгышбаарынанбардыгынанөзүнөн

Белгисиз ат атоочтун жөндөлүшү
Ат атооч сөздөрдүн башка түрлөрү сыяктуу эле белгисиз ат атоочтор да жөндөмө мүчөлөр менен жөндөлөт.

Атоочкимдир бирөөбир нерсебир канча
Иликкимдир бирөөнүнбир нерсенинбир канчанын
Барышкимдир бирөөнөбир нерсегебир канчага
Табышкимдир бирөөнүбир нерсенибир канчаны
Жатышкимдир бирөөндөбир нерседебир канчада
Чыгышкимдир бирөөдөнбир нерседенбир канчадан

Эскертүү: "Кимдир бирөө" деген белгисиз ат атооч барыш жөндөмөсүндө "кимдирбирөөгө" да болуп жөндөлө берет.

Ат атоочтордун синтаксистик кызматы

Достор ат атооч деген эмне - аттуу макалабыз ушундай болду, суроолор, кошумчалар, пикирлер болсо тартынбагыла, уялбагыла дегендей.

Жайгаштыруу: 2019-06-19, Көрүүлөр: 180570, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-06-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо