Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суйломдун айкындооч мучолору

Баш барак | Адабият | Суйломдун айкындооч мучолору

Суйломдун айкындооч мучолору

Суйломдун айкындооч мучолору деген эмне, достор, суйлом мучолору аталган макалада сүйлөм мүчөлөрү өз ара баш жана айкындооч болуп экиге бөлүнөт деп жаздык эле, бул макалада мына ошол айкындооч мүчөлөр жөнүндө кеп болмокчу.

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн бирин жандап, ага аныктык, тактык киргизген сөздөр айкындооч деп аталат. Айкындооч мүчөлөр өзлөрүнүн сүйлөм тизмегинде аткарган милдетине карай: аныктооч, толуктооч, бышыктооч болуп, үч чоң топко бөлүнөт.

Аныктооч
Грамматикалык катнаш жагынан өзүнөн кийинки келген зат атооч, же заттык мааниде айтылган аныкталгыч сөздөргө багыныңкы абалда келип, алардын сапатын, белгисин, касиетин, сан-иретин, же бир жакка (кимдир бирөөгө) таандык экендигин билдирип турган айкындооч мүчөнү аныктооч дейбиз.

Түзүлүшү жагынан аныктооч сөздөр атооч жана илик жөндөмөсүндө турат да, сүйлөм тизмегинде кандай? кайсы? канча? нече? канчанчы? неченчи? кимдин? эмненин? деген суроолорго жооп болуп түшөт. Мисалы: Белдин өзүнөн Кең-Төрдүн дайын көрүнгөнү менен, Татаалдын ичи далдаада калар. Куш-Күңгөйдүн чокусуна чейин баргын да, эки төрдү чал. (Т. С.) Белгисиз жигит Токтогулдун башын сол колу менен бапестеп көтөрүп, оң колу менен кичинекей кара көнөчөктү оозуна алып барды. (А.Т.)

Жөнөкөй жана татаал аныктооч
Бир сөздөн турган аныктооч жөнөкөй аныктооч, эки же андан ашык сөздөн турган аныктооч татаал аныктооч деп аталат. Мисалы: Күлүк ой, узун сана, түпсүз кыял Ажарды кучагына алды. (К.Б.) Калдайган кара булут каалгып жылып барып, Ыйлаак-Тоо деген бийик чокунун башына конду. (Н.Б.) Бул - Кичи-Кеминдин оозундагы казак-орус кыштагы. (К.Б.)

Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөздөр
1.Сын атооч сөздөр аныктоочтун милдетин аткарат: Мына бул түтүгүнөн түтүн бураган чоң ак үйдүн өйдө жагындагы дөбөчөдө казанбактай чоң тебетейди желкесине баса кийип, жаңы трайке чепкенин желбегей жамынып, жаңы кыйылган ыргай таякка сүйөнгөн Мамбеткул түштүк багыттагы төш тарапты карап, кыдыңдаган карт көзүн жылтыратып, ууртунан күлүмсүрөйт. (Т.А.)

2.Зат атоочтор аныктоочтун милдетин аткарат: Тизмектелген Ала-Тоонун чокуларына күн нурун чачты. (К.Б.) Күндүн кышкы алсыз илеби Кочкордун кар түшкөн беттерине чачырап, ар бир жыбыттарды оттон жасалган изин ийне сыяктуу сайгылай баштады. (Н.Б.)

3.Сан атоочтор сүйлөм тизмегинде аныктоочтук милдетти аткарат: Кырмандын чет жакасын шыпырып, оодарып жаткан бир-эки киши көрүнгөнсүйт. (К.Б.) Туура саат беште күтөм. Андан беш минута өтсө, күтпөймүн, — деди Өмүрбек. (А.К.)

4.Ат атооч сөздөр аныктоочтук милдетти аткарат: Тиги өзөндүн боюндагы чатырдай аппак үйлүү калың айыл — ушул Каныбектин кожоюндарынын айылы. (К.Ж.) Эртеңден баштап бардык жаштар ишке киришмек болушту. (Н.Б.) Жамгыр алардын бетине чаба жаап турду. (Н.О.)

5.Атоочтуктар аныктоочтун милдетин аткарат: Бала кездерде ойноп жүргөн таштарга, серпишкен булактарга учурашкысы келет. (Т. С.)

6.Кыймыл атоочтор аныктоочтук милдетти аткарат: Мен ага Москвага баруунун жолун айттым.

7.Тууранды сөздөр аныктоочтун милдетин аткарат: Шылдыр суу анын кулагына жакшы угулду. (А.Т.) Ал кажы-кужу сөздү уккусу келген жок.

8.Заттык мааниге өтүп колдонулган сырдык сөздөр да аныктоочтук милдетти аткарат: Ал элес бир чиркиндин муңун чалса, бирөөнүн кетүүчүдөй черин жазып. (К.М.) Баракелденин бары жакшы, кокуйдун түбү жаман.

Суйломдун айкындооч мучолору

Толуктооч
Грамматикалык мамиле-катнаш жагынан баяндоочко башкарылып, кыймыл-аракет багытталган тике, же кыйыр объектини көрсөтүп турган айкындооч мүчөнү толуктооч дейбиз. Толуктооч сүйлөм тизмегинде кимди? кимге? эмнени? эмнеге? ким менен? эмне менен? ким тууралуу? эмне тууралуу? деген суроолорго жооп болуп түшөт. Мисалы: Кандайдыр тез-тез согулган темирчинин балкасы калайды какшатат. (Т. С.) Керимахун алдыртан Алымга, анан Анарханга карады. (К. Ж.) Касым да асма көпүрө менен басты. Бир зарыл иштер менен кечигип калдым. (К. Ж.)

Тике толуктооч
Заттын атын белгилөө менен кыймыл-аракет багытталган тике объектини көрсөткөн мүчөнү тике толуктооч дейбиз. Мисалы: Айтор, эмнеси болсо да, окуу башталганча мектепти оңдоп бүтөбүз. (К. Б.) Муслимахун сабизди туурап, күрүчтү жууду. (К.Ж.) Жамийла ошол күнү үйдөгүлөргө тамак даярдаган болучу. (Ч.А.)

Кыйыр толуктооч
Кыймыл-аракет кыйыр багытталган объектини көрсөткөн мүчө кыйыр толуктооч деп аталат. Кыйыр толуктооч барыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрдөн турат жана ал менен, жөнүндө, тууралуу, үчүн карай, карата, көздөй деген сыяктуу жандооч сөздөр аркылуу да келет. Мисалы: Ал Шамбеттен кат алган. (Т.С.) Жалкоого шылтоо көп. Өсөр малда өлүм жок. (элден). Жаны ачып, шолоктоп ыйлап олтургандардын бирөө сыздаган кемпирге кайрат айтты. (К.Б.) Данияр киши менен көп сүйлөшчү эмес. (Ч.А.)

Жөнөкөй жана таттаал толуктооч
Бир гана сөздөн турган толуктоочтор жөнөкөй толуктооч деп аталат. Мисалы: Анархан жакын арадагы коңшуларынын кирин жууп, эптеп бирдеме табуу менен алек. (К.Ж.) Акылдуу отту карайт, акмак казанды карайт.

Эки же андан көп сөздөн түзүлүп, бир гана суроого жооп болуп түшкөн толуктоочтор татаал толуктоочтор деп аталат. Мисалы: Директор сөздү адегенде план жөнүндө баштады. (С. С.) Бурулча да дирилдеген колу менен жүктөн ала кийизин сууруп чыгып, жерге салып, идиш-аягын жыйнаштырды. (К.Б.)

[ushka=seredina]

Толуктоочтун милдетин аткаруучу сөздөр
1.3ат атооч сөздөр: Каныбек Самсахунду көз алдына элестетти. (К.Ж.) Ызгаардуу муздак жел согуп, тоо-тоону туман чалыптыр.

2.3аттык мааниде колдонулган сын атооч сөздөр: Жибектин жашылын коюп, кызылын ал. Сарыдан кызылы жакшы.

3.Ат атооч сөздөр: Аны эч кимибиз тана албай турган болдук, чынбы, жолдоштор! (А.У.) Акылдуу ката кетирсе, өзүн жемелейт, акмак ката кетирсе, жолдошун жемелейт (макал).

4.Сан атооч сөздөр: Жетимиштен сексенге жетип калган башың бар. (Ж.Б.) Отуз бешке кыркты кошсо, жетимиш беш болот.

5.Заттык мааниде турган сырдык сөздөр: Тиги чиркинди бери чакырчы. Кокуйду коюп, ишке өтөлү.

6.Заттык мааниде келген атоочтуктар: Мамажунус отургандарды кыдырата бир карап алды. (К.Ж.) Келгендерден кеп угуп, атасы Манас деп угуп («Семетей» эпосунан).

7.Толуктоочтун милдетин кыймыл атоочтор да аткарат: Биздин колхоздун жаштар бригадасы жазгы эгин айдоону, себүүнү жана күзгү түшүм жыйноону өз убагында бүтүрүшкөндүктөн, район тарабынан баалуу сыйлыктарды алышты (оозеки кептен).

8.Бар, жок деген сөздөр заттык мааниде турса, толуктоочтун милдетин аткарат: Барды жоготуп коюш оңой, жоктон бар кылыш кыйын. (Н.Б.)

9.Менен, тууралуу, жөнүндө, көздөй, карай, аркылуу сыяктуу жандоочтор айкаша айтылган сөздөр толуктоочтун милдетин аткарат: Бурулча Андреев менен кол кармашып коштошту.(К. Б.) Колундагы чырпыкты бычагы менен жоно берди. (А.У.)

Бышыктооч
Бышыктоочтук милдетти аткарып турган ар кандай сөз менен грамматикалык жактан башкарыла байланышып, кыймыл-аракеттин жөнүн, мүнөзүн, ордун, багытын, мезгилин, себебин, максатын, сан-өлчөмүн жана белгинин сапатын көрсөтө бышыктап турган айкындооч мүчө бышыктооч деп аталат.

Бышыктооч сөздөр сүйлөм тизмегинде кандай? кантип? кайда? кайсы жерде? кайсы жерден? кайсы жакта? кайсы жактан? кайсы жакты карай? кандайлыктан? эмне себептүү? канча? канчанчы? деген сыяктуу суроолорго жооп болуп түшөт. Мисалы: Пишпек темир жол станциясы адатынча жаңырып турду. (С.С.) Аскалуу капчыгайдын жаңырыгы алда кайда кетип жатты. (К.Ж.) Эртеси күн чыкпай Данияр экөөбүз аттарды кырманга алып келдик. (Ч.А.)

Жөнөкөй жана татаал бышыктооч
Бир сөздөн турган бышыктооч жөнөкөй, ал эми эки же андан көп сөздөн турган бышыктооч татаал бышыктооч деп аталат. Мисалы: Ал жанын сабап Таабалдыга жармашты. (К.Бек.) Ал үйдө бизден башка Кавказдан, Орто Азиядан жана башка жактан келген кишилер көп экен. (К.Б.) Топ аккуу жарык асмандан узун ак сызык болуп араң гана көрүндү. (Лев Т.) Кең аянтта тракторду күрүлдөтүп, Люба жөнөдү. (Т.С.)

Бышыктоочтун түрлөрү
Азыркы кыргыз тилиндеги бышыктоочтор маанисине карай алтыга бөлүнөт. Алар төмөнкүлөр:

  1. Сын-сыпат бышыктооч
  2. Орун бышыктооч
  3. Мезгил бышыктооч
  4. Себеп бышыктооч
  5. Максат бышыктооч
  6. Сан өлчөм бышыктооч

Сын-сыпат бышыктооч
Сын-сыпат бышыктооч көбүнчө баяндооч менен катышта туруп, кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, жөнүн аткарылыш мүнөзүн билдирет. Сын-сыпат бышыктоочко кандай? кантип? кандайча? деген суроолор берилет. Сын-сыпат бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат.

1.Сын-сыпат тактоочтор: Күлжан акырын козголуп көрдү. (Н.Б.) Реактивдүү самолёттор үндөн тез учат. Атам ар дайым мени менен орусча сүйлөшөт.

2.Чакчылдар: Жолойдун бул сөздөрүнө Кадырбай чыдабай намыстанат. (К.Ж.) Баягыдан бетер кетмендерин батыра-батыра согушту. (Т.С.)

3.Атоочтуктар: Бул күчтөрү тең болбогон урушта жоокерлер чегинбестен кармашты. (Ж.Б.) Ал чогулушта биринчи чыгып, тайманбастан, калтаарыбастан сүйлөдү.

4.Сын атоочтор: Жолоочу тынымсыз илгерилей берди. (К. Бек.) Эшик ачылып, катуу жабылды. (Т. С.) Жеңишбектин үнү Сапарга эркелегендей чыкты. (С.Ө.)

5.Ажырагыс сөз айкаштары да сын-сыпат бышыктоочтун милдетин аткарышат: - Баарын да бүткөрөбүз - деп, ал мурутунан жылмайып күлүп койду. (К.Б.) Амантур кагынып-силкинген бойдон чыгып кетти. (А.У.) Жапарды ортого алып, уй мүйүз тартып отурушту. (К. Б.)

Орун бышыктооч
Кыймыл-аракеттин ордун, багытын көрсөтүп, кайда? кайдан? кайсы жерде? кайсы жерден? кайсы жактан? кайсы жакты карай? кайсы жакты көздөй? каякка? деген суроолорго жооп берип турган айкындооч мүчөнү орун бышыктооч дейбиз. Орун бышыктоочтун милдетин, негизинен, төмөнкү сөздөр аткарат.

1.Орун тактоочтор: Чаңдын баары Даниярга капталып, ал артта калды. (Ч. А.) Ал келип, алдыда бараткан камандын дөөсүнө урунат. Бирок ошол замат түндүк бою өйдө секирип, кайра чалкасынан кетет. (С.К.)

2.Орун бышыктоочтун милдетин орундук, мейкиндик маанисиндеги жатыш, барыш, чыгыш жөндөмөсүндө турган зат атоочтор аткарат. Бул учурда алар кайда? каякка? кайдан? деген сыяктуу мейкиндик маанисиндеги суроолорго жооп берет. Мисалы: Андай эркектер дүйнөдө жок чыгар. Бөлмөсүндө жалгыз Жамийла отурат. (К.Б.) Жылуу-Булактын башы Ат-Жайлоодон башталат.

3.Карай, көздөй, чейин, дейре деген жандоочтор барыш жана табыш жөндөмөлөрүндөгү атооч сөздөргө айкаша келип, орун бышыктоочтун милдетин аткарат. Бурулча колуна конвертти алып, Стамбектин үйүн көздөй кете берди. (К.Б.) Жаш кезимде оокаттын айынан мен да Пишпекке дейре темтеңдеп жөө баргам. (К. Бек.)

4.Орун бышыктоочтун милдетин ажырагыс сөз айкаштары да аткарат. Адатта, мындай сөз айкаштарынын биринчи компоненти көбүнчө шилтеме ат атоочтордон, айрымдары жактама ат атоочтордон, белгисиздик мааниде колдонулган бир, эки деген сан атоочтон, ары, бери, алды, арты деген тактоочтордон жана оң, сол, батыш, чыгыш, түштүк, түндүк сыяктуу сөздөрдөн турат. Ал эми анын экинчи компоненти барыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүнүн мүчөсү уланган багыт, мейкиндик маанисиндеги жак, тарап, жер деген өндүү сөздөрдөн болот да, мааниси жагынан орундук, багыттык түшүнүктү берет: Биз жакта мындай жалбырактар болбойт.(Ч.А.) Ал азыр сур кашканы алчактатып, тигил мекеме жактан бастырып келе жаткан. (Т. С.) Алды жакта Жамийла кетип бара жатат.(Ч.А.) Алексей ушул жерде төрөлгөн. (К.Бек.)

5.Багытты, мейкиндикти билдирүүчү сурама ат атоочтор да орун бышыктоочтун милдетин аткарат: Кетмен менен иштебей, нанды кайдан табасың (макал). - И, кана, жайыңды айтчы, кайдан келе жатасың? (К. Бек.) - эркектер каякка кетти? (К. Ж.)

Мезгил бышыктооч
Кыймыл-аракеттин болгон, болуп жаткан, же боло турган мезгилин көрсөтүп турган айкындооч мүчө мезгил бышыктооч деп аталат. Мезгил бышыктоочко качан? качантан бери? качанга чейин? качанга дейре? качантан тартып? кайсы убактан бери? деген суроолор берилет.

Мезгил бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат
1.Жөнөкөй жана татаал формадагы мезгил тактоочтор: Арыкбай жана тоодон кайткан эле, азыр мында келет.(К.Б.) Даниярдын буту жарадар экенин эмне үчүн мурда ойлободук экен. (Ч.А.) Сакадайдын кайнаткан чайы алда качан муздаган. (К.Ж.)

2.Ошол, ал деген шилтеме ат атоочторго жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү уланып уюшулган тактоочтор да мезгил бышыктоочтун милдетин аткарат: Жамийла ошондо менин алдымда кетип бара жаткан. (Ч.А.) Ал анда госпиталда жаткан. (Ч.А.)

3.Идиомалык жана туруктуу сөз айкаштарынан турган тактоочтор аткарат: Көз ачып жумганча көңүлүнө алда канча ойлор келип кетти. (К.Ж.) Ал экөө да эртеден кара кечке колхоздун жумушунда. (Ч.А.) Токмоктон таң куланөөк салганда сапар тартып чыгышты.(К. Бек.)

4.Мезгил бышыктоочтун милдетин ажырагыс сөз айкаштары аткарат. Мындай сөз айкаштары төмөнкү формада келет.

5.Жат, жүр, отур, тур жардамчы этиштери аркылуу уюшулган татаал этиштер атоочтукту уюштуруучу -ган мүчө жана жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү уланып келүү менен мезгил бышыктоочту пайда кылат: Кулу жүдөп баратканда айылдагылардан акыл сурады. (К.О.) Анткени бара жатканда, келе жатканда Данияр аттарды тындырбай айдап жүрүп отурду. (Ч.А.)

6.Мезгил бышыктоочтун милдетин чакчылдын ар түрдүү формаларын кабыл алган сөздөр аткарат: Сатылгандын үйү жайлоого келгени бүгүнкүдөй адамга толгон эмес. (А.Т.) Мен жолдошторумдун артынан жетмейинче тынбайм. (Т.С.)

7.Кийин, соң, чейин, дейре, сайын деген жандоочтор чыгыш жөндөмөсү улана жана мезгилдик маанидеги сөздөр менен айкаша айтылып, мезгил бышыктоочтун милдетин аткарат: Сабактан кийин Бөдөнө - Уяга баралы, балдар. (С.Ө.) Үч күндөн кийин Карып Ажардын үчүлүгүн берди. (К.Ж.) - Түшкө чейин базарлайм, түштөн кийин кетемин, - деди Егор. (К. Бек.) Мыктыбектер Ошко жума сайын келип турат.

Себеп бышыктооч
Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин себебин билдирүүчү айкындооч мүчө себеп бышыктооч деп аталат. Себеп бышыктоочтор сүйлөм тизмегинде эмнеликтен? неге? эмне үчүн? эмне себептен? деген суроолорго жооп болот.

Себеп бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат
1.Чыгыш жөндөмөсүндө турган -ган формасындагы атоочтуктар себеп бышыктоочтун милдетин аткарат. Аны көргөндө, бача кубанганынан көз жашын кылгартып ыйламсырады. (К. Бек.) Шашканымдан сүрөтүмдү беките албай да калдым. (Ч.А.) Кээ бир атоочтуктар -дык+тан формасында келип да, себеп бышыктоочтун милдетин аткарат: Корккондуктан ар кимисинен жан тери чыгып, өпкөлөрү көөдөнүнө батпай демигет.(К.О.) Дүйшөнбүнүн түнүндө төрөлгөндүктөн, аты Дүйшөнкул болсун деди. (Ж.Б.)

2.Үчүн деген жардамчы сөз атооч сөздөр жана атоочтуктар, кыймыл атоочтфдон кийин келип, себеп бышыктоочту уюштурат: Тамак үчүн асмандагы куш торго түшүптүр (макал). Жактыргандыгы үчүн чайханачы күндө суу ташытып алат. (К.Бек.)

3.Ачкалык, кедейлик, жокчулук, тартипсиздик, жалкоолук деген сыяктуу абстрактуу маанидеги зат атоочторго чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү уланып келип, себеп бышыктоочтук милдет аткарат: Ачкалыктан жөөлүп жатпасын? (К. Ж.) Жокчулуктун айынан ат жалын тартып мине элегинде жөнөп кетип бара жатасың. (К.Бек.)

4.Себеп тактоочтор аткарат: Арыкбай атынын башын амалсыздан бурду. (К.Бек.) Апенди айласыздан кайра келди (Апендинин жоруктарынан).

Максат бышыктооч
Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин максатын билдирүүчү айкындооч мүчө максат бышыктооч деп аталат. Максат бышыктоочко эмнеге? эмне үчүн? эмне кылууга? эмне максат менен? деген суроолор берилет. Максат бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарышат.

1.-оо, -уу, -ыш, -мак мүчөлөрү уланган кыймыл атоочтордон, -сын мүчөсү уланган буйрук ыңгайдан кийин үчүн жандоочунун байланышып келиши менен түзүлгөн сөз айкаштары аткарат: Ал казандагы жаңы бышырган сүттү айран уютуу үчүн сапырып жатыптыр.(КО.) Мен сиздин көңүлүңүздү алагды кылбоо үчүн кайыктын жанында калайын. (К.Ж.)

2.Барыш жөндөмөсүндөгү кыймыл атооч кыймыл этиштер менен байланышып, максат бышыктоочтук милдетти аткарат: Азыр ошолордун ишин көрүүгө бара жатам. (К. Ж.) Эмне болгонун билмекке өзүн эске түшүрөт. (К.О.)

3.Каалоо жана буйрук ыңгай этиштерден кийин деп жардамчы этишинин келиши менен уюшулган сөз айкаштары аткарат: Даниярга жардамдашайын деп умтулдум. (Ч.А.) Сизди район жакта бир жумушка барып келсин деп чакырттым эле.(А. У.)

4.Максат тактоочтор аткарат: Конкаргаев ошол күнү атайын келген болчу. (Т.С.) Алыстан келүүчүлөргө атайын кырк үй көтөрүлдү. (К.О.)

5.-ганы формасындагы чакчылдар аткарат: Абдрасул бетин жууганы арыктын жээгине отурду. (С.С.) Алар чөп чапканы кетишкен.

6.Кээ бир кыймыл атоочтор ниет менен, максат менен деген сөздөргө айкашып айтылат да, максат бышыктооч түзүлөт: Жаштар билимдерин өркүндөтүү максаты менен Москва, Ленинград шаарларында окуп жатышат.

Сан-өлчөм бышыктооч
Кыймыл-аракетти, же абалдын иретин, сандык, деңгээл-даражалык, салмактык жана нарктык, кээде мезгилдик, мейкиндик (орундук) өлчөмүн билдирип, канча? нече? канчанчы? неченчи? канча жолу? нече жолу? деген суроолорго жооп берип турган айкындооч мүчө сан-өлчөм бышыктооч деп аталат. Сан-өлчөм бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат.

1.Сан атооч сөздөр: Кымыз ичип, үйгө киргенче, жалгыз күүсүн карыя он чакты кайтарып чертти. (А. Т.) Атам мени эки-үч муштап жиберди. (К. Ж.) Кыргыз жерине бул алтоо биринчи учушкан, - деп аэроклубдун началъниги түшүндүрө баштады. (А. Т.)

2.Сан-өлчөм тактооч сөздөр: Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт (макал).

3.Сын атооч сөздөр кээ бир зат атооч сөздөр менен ажырагыс айкашта айтылып, сан-өлчөм бышыктоочту түзөт: Ысман ал арада Өмүрбектен он беш жолу кат алды. (А. Т.) Бир мертебе ийнеси оймоктон тайып кетип, бир-эки ирет учугу чачышты. (Т. С.)

4.Айрым зат атоочтор -ганча формасындагы чакчылдар менен ажырагыс айкашта туруп, сан-өлчөм бышыктоочтун милдетин аткарат: Бир убакта комсомолец маңдайы жарылганча кубанып кетти.(Т.С.) Таабалдынын суроосуна ал боору катканча кубанып күлдү. (К. Бек.)

5.-ча (-ынчы) мүчөсү уланып турган сөздөр кээ бир зат атооч сөздөр менен ажырыгыс бирдикте айтылып, сан өлчөм бышыктоочтук милдетти аткарат: Жамийла-а-а! - деп, күчүмдүн бардыгынча кыйкырдым. (Ч.А.)- Колдон келишинче тырышып жатам. (К. Бек.)

6.Сан атооч менен салмактык, же нарктык маанидеги кээ бир зат атоочтор айкаша айтылып, сан-өлчөм бышыктоочту түзөт: Алар өздөрү үрөндү бир пуддан, эки пуддан топтошту. (К. Б.) Этке төгүлгөн ар бир ириктин салмагы жетимиш беш килограммдан болду.

7.Кээ бир сан-өлчөм бышыктоочторду орун, же мейкиндик аралыкты билдирүүчү сөз айкаштары да пайда кылат: Күн уясынан аркан бою көтөрүлүп калды. (К.Б.) Ал беш кадам басты. Күн батарга көтөрмө бою калды. Биздин айылга дагы бир ат чабым калды.

Суйломдун айкындооч мучолору тууралуу ойлор же суроолор болсо сурагыла, биз жооп беребиз.

Жайгаштыруу: 2019-07-05, Көрүүлөр: 367624, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-14, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу