Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Фонетика деген эмне

Фонетика деген эмне, аспектилери, суйлоо органдары жана башкаларды кармакчыбыз, келгиле биргеликтер таанышып алалы.

Фонетика бул - тил илиминин тилдеги тыбыштардын жасалышы, тыбыштык системасы, тыбыштын өзгөрүүлөрү жөнүндөгү бир тармагы. Гректин "phone" - "үн" деген сөзүнөн алынган.

Фонетиканын аспектилери
Кептеги тыбыштар - өтө татаал кубулуш, анткени кебибиздеги ар бир (кубулуш) тыбыш бир эле мезгилде акустикалык (физикалык), анатомия-физиологиялык жана тилдик факт болуп эсептелет. Ошондуктан тыбыштар акустикалык, анатомия-физиологиялык жана линвистикалык аспектиде изилденет.

Фонетиканын акустикалык (физикалык) аспектиси
Акустика гректин "akustikos" - "угуу" деген сөзүнөн алынган. Акустикалык жактан алганда, үн - кандайдыр бир чөйрөдө, кайсы бир кыймылдагы нерсенин таасиринин күчү аркылуу заттан чыккан толкундун кулак аркылуу кабыл алууга мүмкүн болгон термелүүсү. Термелген зат аба толкунун пайда кылат, андан үн жаралат. Абасыз мейкиндикте үн пайда болбойт. Тыбыштар акустикалык жактан бийиктиги, күчү, созулушу жана тембри боюнча мүнөздөлөт. Үндүн бийиктиги термелүүнүн жыштыгына байланыштуу, убакыт бирдигинде термелүү канчалык жыш болсо, үн ошончолук бийик чыгат, термелүү канчалык пас болсо, үн ошончолук пас чыгат.

Тыбыштын бийиктиги - герц (гц) менен ченелет. Адамдын кулагы 16 дан 20000 гц чейинки үндү уга алат. Үндүн күчү термелүүнүн амплитудасына (лат. "amplitudo" - “кеңдик”, “мейкиндик”) байланыштуу, башкача айтканда, үндүн термелүүсүнүн жогору көтөрүлүшү жана төмөн түшүү чекити. Термелүүнүн амплитудасы чоң болсо үн күчтүү, термелүүнүн амплитудасы кичине болсо үн алсыз болот.

Фонетиканын анатомия-физиологиялык аспектиси
Адамдарда жалаң гана тыбыштарды жасоо процессин жүзөгө ашырган атайын органдар жок. Ал эми сүйлөө органдары деп аталган тил, тиш, өпкө ж.б. адамдын жашоосунда тийиштүү биологиялык кызмат аткарат. Ошол эле учурда бул органдар кошумча тыбыш жасоо кызматын да аткарат. Ошондуктан сүйлөө органдарынын түзүлүшүн, тыбыш жасоодо аткарган кызматын анатомия-физиология менен тыгыз байланышта изилдөө милдети коюлат. Бул маселелер фонетиканын анатомия-физиологиялык аспектисинде каралат.

Фонетиканын лингвистикалык аспектиси
Бул аспектиде тыбыштардын тилдик бирдик катары кызматы, башка бирдиктер менен карым-катышы, адамдар ортосундагы коммуникация процессинде аткарган ролу текшерилет. Ошондуктан лингвистикалык аспектини функционалдык аспекти деп атоого болот.

Сүйлөө органдары
Тыбыштарды жасоого катышкан органдарыбыз сүйлөө органдары деп аталат. Сүйлөө органдарына: дем алуу органдары, үн түйүндөрү, алкым, ооз жана мурун көңдөйү, борбордук нерв системасы кирет.

Алфавит жана фонетика
Жазууда, сүйлөөдө баарыбыз сөздөрдү колдонобуз, сөздөр өзүңөр билгендей тамгалардан куралат эмеспи. Ал эми белгилүү бир тартип боюнча кабыл алынган тамгалардын жыйындысы алфавит - аталат. Кыргыз алфавити орус алфавитинин негизинде түзүлүп, үч тамга (ө, ү, ң) кошулган. Орус алфавитине 1941-жылдан баштап өткөнбүз.

Тыбыш жана тамга
Сөздөгү айрым-айрым угулган үндөр тыбыш деп аталат. Тыбыштарды белгилөө үчүн алынган шарттуу белги тамга деп аталат, кыргыз тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар.

Үндүү тыбыштар
Жалаң гана үн катышып айтылган тыбыштар үндүү тыбыштар деп аталат. Аларга: а, о, ө, э, и, ы, у, ү, аа, оо, өө, ээ, уу,үү кирет - 14.

Үндүү тыбыштардын бөлүнүшү
Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштар тилдин, эриндин катышына, жаактын ачылышына жана созулуп айтылышына карай төрткө бөлүнөт, демек, жалпысы сегиз болуп кетет.

  1. Жоон үндүүлөр (түпчүлдөр)
    Жоон үндүүлөрдү айтканда тилдин учу астыңкы тишке тийбей, артка карай тартылып, тилдин түбү бир аз өйдө көтөрүлөт. Жоон үндүүлөргө: а, о, ы, у кирет.
  2. Ичке үндүүлөр (уччулдар)
    Ичке үндүүлөрдү айтканда тилдин учу алга карай бир аз жүткүнүп, тилдин ортосу таңдайды көздөй көтөрүлөт да, өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ичке чыгат. Ичке үндүүлөргө: э, и, ө, ү кирет.
  3. Эрин үндүүлөр
    Кыргыз тилиндеги айрым үндүүлөрдү айтканда эки эрин чормоюп, алга жүткүнчүктөйт. Демек, эриндин жардамы менен айтылган тыбыштар эрин үндүүлөр деп аталат. Аларга ю, ө, у, ү кирет.
  4. Эринсиз үндүүлөр
    Айрым үндүүлөрдү айтканда эрин артка жыйрылып, аба эркин чыгат, башкача айтканда, эрин катышпайт. Аларга: а, ы, э, и кирет.
  5. Кең үндүүлөр
    Жаактын кең ачылышы менен жасалган үндүүлөр кең үндүүлөр - аталат. Алар: а (аа), э (ээ), о (оо), ө (өө).
  6. Кууш үндүүлөр
    Жаактын кууш ачылышы менен, тилдин өйдө көтөрүлүшү аркылуу жасалган үндүүлөр. Алар: ы, и, у, ү, уу, үү.
  7. Созулма үндүүлөр
    Кыска үндүүлөргө караганда созулуп айтылган, өз алдынча фонемалык касиетке ээ болгон үндүүлөр созулма үндүүлөр болот: аа, оо, уу, үү, ээ, өө.
  8. Кыска үндүүлөр
    Созулуп айтылбастан, кыска айтылган үндүүлөр. Алар: а, э, о, ө, у, ү, ы, и.

Э, е тамгаларынын жазылышы
1.Кыргыздын төл сөздөрүндө э тыбышы сөздүн башында келсе э менен, үнсүз тыбыштардан кийин жана сөз аягында келсе е менен жазылат. Мисалы: эл, эне, желек ж.б.

2.Эгер й менен е тыбыштары катар келсе, е менен жазылат. Мисалы: кийет - киет, чийет - чиет ж.б.

3.Орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө э, е тыбыштары кандай жазылса, кыргыз тилинде да так ошондой жазылат. Экзамен, аэропорт, Енисей, газета ж.б.

Я, Ю, Е, Ё тамгаларынын жазылышы
Жазууда а, о, у, э үндүү тыбыштары й тыбыштарынан кийин келсе, я, ю, е, ё тамгалары менен жазылат. Мисалы: туяк, кием, коён. Созулма оо, уу үндүүлөрү й тыбышынан кийин келсе, ёо, юу түрүндө жазылат: боёо, коюу. Орус тили аркылуу кабыл алынган сөздөрдө я, ю, е, ё тамгалары орус тилиндегидей жазылат: октябрь, костюм, шофёр, варенье ж.б.

Достор, Фонетика деген эмне аталган макалабызда түрдүү терминдердин түшүндүрмөсүн жазып, мунун фонетика кандай тиешеси бар деген суроолор жаралышы мүмкүн, бирок булардын чындыгында тиешеси бар. Толук окуп чыксаңар жалпы түшүнүк пайда болот. Ошондуктан фонетика тиешелүү терминдерди кошо жазып кетүүнү туура көрдүк.

Сингармония
Сөздөгү үндүү тыбыштардын тилге жана эринге карата үндөшүп айтылышын сингармония дейбиз. Мисалы: көпөлөк + лар + га = көпөлөктөргө, мектеп + лар + ды мектептерди. ж.б.

Дисгармония
Үндөшүүнүн бузулушу, үндөшпөөчүлүк, башкача айтканда, сингармониянын каршысы дисгармония болот. Кыргыз тилинде сингармонияга туура келбеген сөздөр көп, алар негизинен чет тилдерден кабыл алынган сөздөр. Мисалы: музыка, совет, гулзар, дидар, лирика, шакирт, дасторкон ж.б.

Фонема
1.Составдык бөлүктөргө ажырабай турган, сөздөрдүн, морфемалардын (уңгу, мүчө) маанисин айырмалоочу каражат катары каралган тилдик элемент - тыбыш.

2.Сөздөрдүн маанисин өзгөртүүчү, алардын маанисин ажыратуучу эң кичине бирдик: бал - бел - бөл - бол; бак -так — жак - жек; сат - саат; ток — тоок; эр - ээр;

Фонология
Тилдин фонемалык түзүлүшүн жана анын өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү тил илиминин бөлүгү. "Фон" -"үн" жана "логос" - "окуу", "илим" деген сөздөрдөн алынган, б.а., тилдеги фонемалардын табиятын үндөрүн үйрөтүүчү илим, фонетикага жакын.

Үнсүз тыбыштар
Айтылганда ооз көңдөйүндө жолтоолукка учурап, көбүнчө шыбыштын жардамы менен жасалган тыбыштар үнсүз тыбыштар деп аталат. Кыргыз тилинде үнсүз тыбыштар — 25. Алар:б, в, г(и), г(ы), д, ж(и), ж(ы), з, й, к(и), к(ы), л , м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.

[ushka=seredina]

Үнсүздөрдүн бөлүнүшү
Кыргыз тилиндеги үнсүз тыбыштар жасалуу оордуна, жасалуу ыгына, үн менен шыбыштын катышына карата үч топко бөлүнөт.

1-топ. Үнсүздөрдүн жасалуу ордуна карай бөлүнүшү

  1. Кош эринчил үнсүздөр
    Бул тыбыштар астыңкы эриндин үстүңкү эринге тийишкен абалынан жасалат. Алар - б, п, м.
  2. Тиш эринчил үнсүздөр
    Бул үнсүздөрдү айтканыбызда астыңкы эринибиз үстүңкү тиштерге тийишип айтылат. Булар - в, ф.
  3. Уччул үнсүздөр
    Уччул үнсүздөрдүн айрымдары тилдин учу тиштерге же таңдайдын алды жак бөлүгүнө тийишкен учурда жасалса, айрымдары ушул органдардын бири-бирине анча тийишпей, жакындашкан абалында жасалат. Алар - т, д, з, с, ч, ш, ж, н, л, р, ц, щ.
  4. Орточул үнсүздөр
    Бул тыбыштар тилдин орто бөлүгү таңдайга жакындап көтөрүлгөн абалда жасалат. Алар - й, к (и), г (и).
  5. Түпчүл үнсүздөр
    Тилдин түпкү бөлүгү жумшак таңдайга тийишкенде же жакындап көтөрүлгөндө жасалат. Буларга к (ы), г (ы), ң, х тыбыштары кирет.

2-топ. Үнсүздөрдүн жасалуу ыгына карай бөлүнүшү
Үнсүздөр жасалуу ыгына карай жарылмалар, жылчыкчылдар, мурунчулдар, капталчыл, дирилдеме, бириккен үнсүздөр болуп бөлүнөт.

  1. Жарылма үнсүздөр
    Бул тыбыштарды айтканыбызда аба бири-бирине кептелип, бириккен органдардын арасын жарып чыгат да, бири-бирине кептелип турган органдар (эрин, тил менен таңдай же тил менен тиштер) тез ажырап кетет. Алар - б, п, т, д, г, к.
  2. Жылчыкчыл үнсүздөр Жылчыкчыл үнсүздөр сүйлөө органдарыбыздын (тил менен таңдай же тил менен тиш) бири-бирине тиер-тийбес болуп жакындашынан өтө кууш жылчыкча түзүлөт. Аба ошол жылчыкча аркылуу сүрүлүп өтүшүнөн жылчыкчыл үнсүздөр жасалат. Булар - з, с, ж, ш, й, г, в, ф, х.
  3. Мурунчул үнсүздөр
    Кыргыз тилинде м, н, ң тыбыштары аба мурун көңдөй аркылуу өткөндө жасалат.
  4. Капталчыл үнсүздөр
    Капталчыл үнсүздөргө л тыбышы кирет. Бул үнсүздү айтканда тилдин учу үстүңкү тиштерге такалып, аба тилдин эки капталындагы ачыктар менен өткөндө жасалат.
  5. Дирилдеме үнсүздөр
    Р тыбышы дирилдеме үнсүз деп аталат, себеби бул үнсүздү айтканыбызда тилдин учу дирилдеген абалда болот.
  6. Бириккен үнсүздөр
    Бириккен үнсүздөр - ч, ж, ц. Бул тыбыштарды айтканыбызда жарылмалар менен жылчыкчылдардын жасалыш белгилери өз ара айкалышып турат.

3-топ. Үнсүздөрдүн үн менен шыбыштын катышына карай бөлүнүшү
Үнсүздөрдүн үн менен шыбыштын катышына карата уяң үнсүздөр, шуулдама үнсүздөр, каткалаң, жумшак, түгөйлүү жана түгөйсүз болуп бөлүнөт.

  1. Уяң үнсүздөр
    Уяң үнсүздөргө: й, л, м, н, ң, р тыбыштары кирет. Бул үнсүздөр шыбышка караганда үндүн көбүрөөк катышып айтылышы менен жасалат.
  2. Каткалаң үнсүздөр
    Үн катышпай, жалаң гана шыбыш аркылуу жасалган үнсүздөр каткалаң үнсүздөр деп аталат. Алар - к, п, с, т, ф, х, ц, ч, щ, ш.
  3. Жумшак үнсүздөр
    Шыбыш менен үндүн кошулушу аркылуу жасалган үнсүздөр жумшак үнсүздөр деп аталат. Аларга: б, в, г, д, ж, з, й, л, м, н, р, л кирет.
  4. Түгөйлүү үнсүздөр
    Кыргыз тилиндеги түгөйлүү үнсүздөр - б-п, в-ф, д-т, ж-ш, з-с. Булардын айтылышы бири-бирине жакын болгондуктан, түгөйлүү үнсүздөр деп аталат.
  5. Түгөйсүз үнсүздөр
    Түгөйсүз үнсүздөр - л, м, н, ң, й, р, х, ц, ч, щ.

Муун
Сөздөгү бир ыргак менен айтылган бир же бир нече тыбыш муун деп аталат. Сөз бир же бир нече муундан турат. Сөздө канча үндүү болсо, ошончо муун болот. Мисалы: нан, эт, сөз, бир ж.б.

Сөздөгү я, ю, е, ё, ёо, юу тамгалары жана созулма үндүүлөрү гана муунду түзөт: сы-я, бо-ёк, чо-юн, тоо, суу ж.б. Муун ачык, жабык, туюк болуп үчкө бөлүнөт.

Сөздөрдү муунга ажыратуу
1.Бир муундуу сөздөр муунга ажырабайт. Мисалы: суу, топ, жар, склад, взнос.

2.Эки үндүүнүн ортосуна келген бир үнсүз тыбыш экинчи үндүүгө кошулуп, муунга ажырайт. Мисалы: те-мир,то-гуз, ба-ла, ре-зи-на.

3.Эки үндүүнүн ортосуна эки үнсүз тыбыш келсе, эки жакка бөлүнүп ташылат. Мисалы: пар-та, кур-даш-тар, иш-мер.

4.Эки үндүүнүн ортосуна үч үнсүз катар келсе, башкы эки үнсүз биринчи үндүүгө, кийинки үнсүз тыбыш экинчи үндүүгө кошулуп, муунга ажырайт. Орус тили аркылуу керген сөздөрдө үч үнсүз катар келсе, муунга бөлүүнүн бул эрежелерине баш ийбейт. Мисалы: гал-стук, ком-плект, ком-му-нист-тик, пункт-тун.

Ташымал. Сөздөрдү ташымалдоо төмөнкү тартипте болот:
1.Бир муундуу сөздөр ташылбайт. Мисалы: даңк, төрт, өрт, журт, склад, спорт, взнос.

2.Бир тамгадан турган муундарды жол аягына калтырып же жаңы жолго ташууга болбойт. Мисалы: сы-я, ө-мүр, а-раба, а-кын, аа-лам.

3.Сөздөгү созулма үндүүлөрдү эки бөлүп ташууга болбойт. Мисалы: бу-удай эмес, буу-дай, то-олуу эмес, тоо-луу.

4.Башкы тамгаларынан алынып кыскартылган сөздөрдү ташууга болбойт. Мисалы: КП-СС, Т-МУ, Б-ГУ, А-КБ, М-ГУ ж.б. деп жазууга болбойт. Эскертүү: кыскартылган сөздөргө айкашкан мүчөлөр жаңы жолго ташыла берет. Мисалы: ТМУ-нин, БГУ-нун, МГУ-га ж.б.

5.Адамдын аты, атасынын аты кыскартылып берилсе, аларды фамилиядан ажыратып ташууга болбойт. Мисалы: Ч. Айтматов, А. Токомбаев, А. Осмонов ж. б.

6.Цифрадан кийин турган кыскартылган сөздөр ташылбайт. Мисалы: 50-см эмес, 50 см, 10-км, эмес, 10 км.

7.Ажыратуу (ъ) жана ичкертүү (ь) белгилерин анын алдындагы тыбыштан бөлүп ташууга болбойт. Мисалы: паль-то, разъ-езд, аль-бом, Иль-ич.

8.Орус тили аркылуу кирип, 3-4 үнсүз катар келген сөздөрдү муунга бөлүп ташымалдоо эркин болот. Мисалы: порт-рет, же пор-трет, крос-сворд, же кросс-ворд, искусст-во, же искус-ство ж.б.

Басым
Сөздүн курамындагы бир үндүү тыбыштын башка үндүү тыбыштарга караганда күч менен көтөрүңкү айтылышы басым деп аталат. Кыргыз тилинде басым, негизинен, төл сөздөрдүн эң аяккы муунуна түшөт. Мисалы: жолдош-жолдоштор-жолдоштун, оку - окуду, курулуш - курулушчуларыбызга. Басым түшүп айтылган муундар басымдуу муун, басым түшпөй айтылган муундар басымсыз муун аталат. Орус тилинен кирген сөздөрдөгү басым орус орфографиясы боюнча сакталат. Мисалы: автор, биржа, телефон, тема. Кыргыз тилиндеги күчөтмө сөздөрдөгү басым сөз башында кездешет. Мисалы: кыпкызыл, көпкөк, капкара, бопбоз.

Ассимиляция (окшошуу)
Катар келген эки сөздүн арасындагы же бир сөз ичиндеги тыбыштардын таасири менен экинчи бир тыбыштын ага бүт бойдон же жарым жартылай окшошуп өзгөрүшү ассимиляция (окшошуу) деп аталат. Мисалы: "туз" деген сөзгө -сыз мүчөсү уланганда мүчөнүн башындагы каткалаң с тыбышынын таасири менен уңгунун аягындагы жумшак з тыбышы с тыбышына өтүп, "туссуз" болуп айтылды. Бирок жазууда "тузсуз" болуп жазылат.

Прогрессивдүү ассимиляция (алга окшошуу)
Алдыңкы сөздөгү, же муундагы белгилүү бир тыбыштын таасири менен кийинки сөздөгү же экинчи муундагы тыбыштардын алга окшошуп өзгөрүүлөрү прогрессивдүү ассимиляция (алга окшошуу) деп аталат. Мисалы: ат+нын = аттын, мектеп+нын = мектептин, от+нын = оттун, чөп+нын = чөптүн; айтканда жазгелди, жазууда жаз келди, айтканда койгелди, жазууда кой келди ж.б.

Регрессивдүү ассимиляция (артка окшошуу)
Арткы муундагы же экинчи сөздөгү тыбыштын таасири менен алдыңкы муундагы, же сөздөгү тыбыштын ага окшошуп өзгөрүүлөрү регрессивдүү ассимиляция (артка окшошуу) деп аталат. Мисалы: ак иш - агиш, тузсуз - туссуз.

Диссимиляция (окшошпоо)
Сөздүн же уңгу менен мүчөнүн курамындагы эки окшош үнсүз тыбыштардын бири-бирине окшошпой, башка тыбышка өтүп айтылышы. Мисалы: нан + нын = нандын, көл + нын = көлдүн, айыл + лар = айылдар, кан + ны = канды ж.б.

Прогрессивдүү диссимиляция
Окшош эки тыбыштын алгачкысынын таасири менен андан кийинкисинин окшоштук касиетинен ажырашы. Мисалы: жан + ны = жанды, дан + ны = данды ж.б.

Регрессивдүү диссимиляция
Окшош эки тыбыштын өз ара таасири менен мурункусунун окшоштук касиетинен ажырашы. Мисалы: жыгач + чы = жыгашчы, ач + чы = ашчы, кач + чы = кашчы, ич + чи = ишчи, чач + чы = чашчы, күч + луу = күштүү ж.б.

Фонетикалык талдоо
  1. Сөздө канча муун, канча тыбыш, канча тамга бар экендигин аныктоо. Мисылы: Ойно - төрт тамга, төрт тыбыш. Үндүү тыбыштар: о, о. Үнсүз тыбыштар: й, н.
  2. Үндүү тыбышка мүнөздөмө берүү (жоон же ичке, кең же же кууш, эриндүү же эринсиз, кыска же созулма). Мисалы: ы - жоон, кууш, эринсиз үндүү тыбыш.
  3. Үнсүз тыбышка мүнөздөмө берүү (жумшак же каткалаң түгөйлүү же түгөйсүз). Мисалы: к - каткалаң жана түгөйлүү үнсүз тыбыш.
  4. Үнсүз тыбыштарды жасалуу орду боюнча талдоо. Мисал: ж - орточул үнсүз тыбыш.
  5. Үнсүз тыбыштарды жасалуу ыгы боюнча талдоо. М.: к - жарылма үнсүз тыбыш.
  6. Бардык тыбыштарды камтыган фонетикалык талдоо жүргүзүү. М.: Аргымак - 7 тамга, жети тыбыш. А - жоон, кең, эринсиз жана кыска үндүү. Калган тамгаларга ушул сыяктуу талдоо жүргүзөбүз.
Сөздүн курамы боюнча талдоонун тартиби
  1. Сөздүн уңгусун жана мүчөсүн аныктоо.
  2. Мүчөнүн түрлөрүн атоо (сөз жасоочу же өзгрөтүүчү).
  3. Сөз жасоочу жана сөз өзгөртүүчү мүчөлөрдүн түрлөрүн аныктоо.
Сөз жасоо боюнча талдоонун тартиби
  1. Кайсы сөздөн кийин кандай маанидеги сөздүн жасалганын аныктоо (заттан этиш; этиштен зат; заттан сын атооч ж. б.).
  2. Сөз кайсы мүчөнүн жардамы менен жасалгандыгын белгилөө.
  3. Сөз жасоонун жолун атап көрсөтүү.

Мынакей достор, фонетика деген эмне деп силерден бирөө сураса, ушуларды айтып берсеңер болот. Айтылгандын бардыгы фонетикага кирет. Кошумча-алымча ойлоруңар болсо тартынбагыла.

Жайгаштыруу: 2019-06-26, Көрүүлөр: 151778, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-06-26
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо