Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суйлом мучолору

Баш барак | Адабият | Суйлом мучолору

Суйлом мучолору

Суйлом мучолору деген эмне, алар өз ара кандай болуп бөлүнөт, мучолор эмнелерден турат, жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп берүүгө аракет кылабыз.

Сүйлөмдүн тутумунда туруп, кандайдыр бир суроого жооп болуп түшкөн сөздөр сүйлөм мүчөлөрү деп аталат. Мисалы: Эмгектин көркүн жер берет. (А.Т.) Бул сүйлөмдүн тутумундагы жер деген сөз эмне? деген суроого, берет деген сөз эмне кылат? деген суроого, көркүн деген сөз эмнесин? деген суроого, эмгектин деген сөз эмненин? деген суроого жооп болуп түштү.

Сүйлөм мүчөлөрү өз ара баш жана айкындооч мүчөлөр болуп, экиге бөлүнөт. Дароо айтып коелу, айкындооч мучолорду тексттин көлөмү чоң болгондуктан өзүнчө макалага жайгаштырдык, шилтемеси ылдый жакка берилет.

Баш мучолор
Башка сүйлөм мүчөлөрүнө көз каранды болбой, сүйлөмдүн негизин түзгөн мүчөлөр баш мүчөлөр деп аталат. Мисалы: Окуучулар ырдашты. Жумушчулар келишти. Асан келди.

Суйломдун баш мучолору

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү ээ менен баяндоочтон турат.

Ээ
Айтылып жаткан сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнө грамматикалык жактан багынбай, баяндоочту сан, жак боюнча өзүнө баш ийдирип, атооч жөндөмөсүндө турган баш мүчө ээ деп аталат. Ага ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолор коюлат. Мисалы: Курч быдырлуу үч кыр өгөө шадылуу колдо ойноду. (Н.Б.) Жапар күндүн кандай өткөнүн сезбеди.

Жөнөкөй ээ
Бир гана сөздөн туруп, ким? эмне? деген суроого жооп болуп түшкөн мүчө жөнөкөй ээ деп аталат. Мисалы: Балдар Анатолий Александровичтин аңгемесин аябай кызыгып угушту. (В. О.) Токтогул далайга козголбой турду. (А. Т.)

Жөнөкөй ээнин милдетин аткаруучу сөздөр
Сүйлөм тизмегиндеги жөнөкөй ээнин милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:

  1. Зат атооч сөздөр: Токтогулдун жаш жүрөгү уядан талпынган балапандын канатындай дирилдеди. (А. Т.) Аттар арткы эки буту менен тура калат.(С. К.)
  2. Ат атооч сөздөр: Бүгүн келериңди ким билиптир. (Т. С.) Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар (макал).
  3. Сын атооч сөздөр: Жаман өз камын ойлойт, жакшы эл камын ойлойт (макал).
  4. Сан атооч сөздөр: Алтымыш алтыга калдыксыз бөлүнөт. Он отузга берди, отуз жалмага берди, жалма жата калып, жардан алыс ыргытып жиберди (табышмак).
  5. Затташкан атоочтук сөздөр: Көрбөс тоону да көрбөйт. Жандоочу кийик аттырат (макал).
  6. Кыймыл атоочтор: Окуу оңой эмес. Алган милдеттенмени орундоо — ардактуу жана сыймыктуу иш.

Татаал ээ
Экиден кем эмес сөздөн туруп, бир гана суроого жооп болуп түшкөн сүйлөмдүн ээси татаал ээ деп аталат. Мисалы: Үч-Терек Какшаал тараптагы жайлоолордун атактуусу болуп саналат. (К. Ж.)
Ысык-Көлүм
параходун терметет.
Бүгүн түшүп,
аны менен эл кетет. (Ж. Т.)

Татаал ээнин милдетин аткаруучу сөздөр
Төмөнкүдөй түзүлүштөгү синтаксистик ажырагыс бирдиктер татаал ээнин милдетин аткарат:

  1. Аныктоочтук айкаштар: темир күрөк, калай кашык, темир жол. Бишкектен Ысык-Көлдүн жээгине чейин темир жол салынды.
  2. Адамдын атын, атасынын атын, айбанаттардын, канаттуу куштардын аттарын билдирүүчү кошмок сөздөр: Биринчи Май - эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү. Чыңгыз Айтматов - көрүнүктүү жазуучу ж.б.
  3. Кыскартылган сөздөр: ТалМУ 1997-жылы ачылган. ЖК - эң жогорку бийлик органы, мыйзам чыгаруучу орган.
  4. Зат атоочтук жана заттанган кош сөздөрдүн бардык түрлөрү татаал ээлик милдетти аткарат: Кобур-собур басылып, тамак-аш ичилип бүттү. Опур-топур көбөйгөндөн көбөйдү. (Т. С.)
  5. -мак формасындагы атоочтуктар заттык мааниде туруп, татаал ээ боло алышат: Кылып ичмек - кыйын аш, кыдырып ичмек - оңой аш (макал). Найза саймак - эрдиктен, ат жоорутмак - тердиктен (макал).

Баяндооч
Суйлом мучолору макалабыздагы баяндооч, грамматикалык жагынан ээге багынып, анын ар кандай абалын туюнткан мүчө баяндооч деп аталат. Баяндооч эмне кылды? эмне болду? кантти? эмне кылат? эмне кылып жатат? ким? эмне? кайда? кандай? деген суроолорго жооп берет. Ал, адатта, сүйлөмдүн аягынан орун алат. Мисалы: Аскерче кийинген киши жерден чымчып топурак алды да, алаканына салып жыттады. (К.Б.) Ысман бөбөктөрүн кучактаган бойдон атасын карай салды.(А.Т.) Эң кенжебиз Бекдайыр. (М.Э.)

Жөнөкөй баяндооч
Бир гана сөздөн турган баяндооч жөнөкөй баяндооч деп аталат. Мисалы: Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот. Алым чуркаган бойдон дарбазага жүгүрдү. (К.Ж.)

Татаал баяндооч
Эки же андан ашык сөздөн туруп, бир гана суроого жооп берген баяндооч татаал баяндооч деп аталат. Мисалы: Чылбыр колго илингенче, мылтык атылып кетти. Кыштын кычыраган чилдеси өкүм сүрүп, өзүнүн ызгаарын төгүп турат. (С.К.)

Этиштик жана атоочтук баяндооч
Этиш сөздөн болгон баяндооч этиштик, ал эми атооч сөздөрдөн болгон баяндооч атоочтук баяндооч деп аталат. Мисалы: Ички бөлмө Самтырдын көңүлүн көтөрүп койду. (Т.С.) Бардыгын тең анан өзүнө төкпөй-чачпай айтып беремин. (Н. А.) Ак калпак, кызыл чепкен кийип, кула жоргону минип, теңселип келе жаткан - Түлкүбек. (К.Ж.) Көмкөрөсүнөн түшүп, корулдап уктап жаткан - Балакурман. (М.Э.)

Баяндоочтун милдетин аткаруучу сөздөр
1.Этиш сөздөрдүн бардык түрү баяндоочтук милдетти аткара берет: Акыйкат үчүн болгон күрөштө кичинекей кишилердин күчү тоо көтөрүп кетет(А.Т.). Алар электростанциясын курушкан. (Т.С.)

2.Зат атооч сөздөр: Акыл — тозбоочу тон, илим түгөнбөгөн кен (макал).

3.Ат атооч сөздөр: Кемпир-чалдын ортосундагы жалгыз эрмеги - ошол. (Т.С.) Чүй боору - ушул.

4.Сын атооч сөздөр: Акылдуунун сөзү кыска, айта салса - нуска (макал). Таасындап айткан сөз жакшы, табына келген куш жакшы (элден).

5.Сан атооч сөздөр: Тигилер үчөө, биз экөө. Келе жаткандар - төртөө.

6.Атоочтуктар жана кыймыл атоочтор: Бербестин ашы бышпас (макал). Сыйлоо - алмак-салмак, чакыруу - келмек-кетмек (элден).

7.Атооч сөз маанисиндеги бар, жок деген сөздөр: Жокко суу да жок (макал). Эрдигиң бар, эсиң жок, эчтеме менен ишиң жок.

Булардан тышкары, баяндоочтук милдетти этиштин -ла мүчөсүн кабыл алып турган сырдык сөздөр (мисалы, балиле, кокуйла ж.б.) менен тууранды сөздөр да (мисалы, сороңдо, күлүңдө ж.б.) аткара берет.

Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкчанын коюлушу
1.Сүйлөмдүн баяндоочу атооч жөндөмөдө турган зат, эсептик, жамдама сан атоочтордон болсо, ээден кийин сызыкча коюлат. Макал атасы - сөз, мата атасы бөз (макал). Тигил көрүнгөн - Тоң району. Бир жүз элүүнүн жарымы - жетимиш беш. Социалистик мелдештен жеңип чыккандар - жетөө.

2.Жактама, шилтеме, аныктама ат атоочтор баяндооч болсо, ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча коюлат: Окуп жаткан - ал. Сүйлөгөн - сен. Үйдүн ээси - ошол. Келе жаткан - ушул. Айтып жаткан - өзу ж.б.

3.Баяндоочтук милдетти иреттик сан атоочтор аткарса, ээден кийин сызыкча келет. Ал - биринчи. Көрүнгөн - төртүнчү ж. б.

4.Заттык мааниде колдонулган сын атооч сөздөр баяндоочтук милдетти аткарса, баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкча коюлат: Жүрөк - коркок, кол - баатыр (макал). Гүл жакшысы - кызыл, эр жакшысы - жоомарт ж.б.

Достор, Суйлом мучолору макалабыздагы айкындооч мучолорун көп болгонуна байланыштуу экинчи макала бөлүп жаздык, аны төмөнкү шилтемелерден таба аласыздар.

Жайгаштыруу: 2019-07-05, Көрүүлөр: 272629, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо