Орфоэпия деген эмне, анын негизги жазуу эрежелери кандай, бул макаладан билип, үйрөнүп алалы.
Адабий тилдеги сөздөрдү туура айтуу жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы. Орфоэпия адабий тилге жатпаган диалектилик өзгөчөлүктөрдү жоюп, адабий тилдин калыптанышын камсыз кылат.
Кыргыз орфоэпиясынын негизги эрежелери
1.Адабий тилде н тыбышы сөз башында туруктуу сакталып айтылат: нарк, начар, нечен, ным ж.б. Үнсүздөрдүн артка карай ээрчишүүсүнөн улам өзгөрүүгө учураган тыбыштар орфоэпиянын эрежесине ылайык айтылат, бирок аларды орфографиянын эрежесине боюнча жазабыз
Айтылышы | Жазылышы |
сөссүз | сөзсүз |
тамба | танба |
карыммай | карын май |
күштүү | күчтүү |
2.Жергиликтүү диалектилерде жумшак г тыбышы менен башталган бир нече сөздөр адабий тилде каткалаң к тыбышы менен берилет: кеп, килем, күнөө ж.б. Бирок гүл, газета, гектар, газ, гудок сыяктуу сөздөр г тыбышы менен берилет. Эки сөз ортосунда к, п тыбыштары жумшарып айтылат, бирок жазууда морфологиялык негиз сакталат.
Айтылышы | Жазылышы |
агулак | ак улак |
тагайт | так айт |
кебук | кеп ук |
таабал | таап ал |
3.Айрым диалектилерде жумшак б тыбышы менен башталып айтылган сөздөр орфоэпиянын нормасы боюнча п тыбышы менен жазылат: пайда, пахта, пейил, пикир. Айрым диалектиде каткалаң п тыбышы менен башталган сөздөр б менен жазылат. Мисалы: балбан, байпак, бучкак ж.б. Жанаша айтылган эки сөздүн муруңкусу үндүү менен аяктап, кийинкиси үндүү менен башталса ал үндүүлөрдүн бирөө түшүрүлүп айтылат.
Айтылышы | Жазылышы |
сарала | сары ала |
көрелек | көрө элек |
туралбайт | тура албайт |
4.Түштүк диалектиге мүнөздүү болгон э тыбышы адабий тилдин орфоэпиялык нормасына туура келбейт.
5.Кээ бир диалектилердеги этиш сөздөрдө колдонулган л тыбышынын түшүрүлүп айтылышы орфоэпиялык нормага жатпайт. Мисалы: кел — ке, болбойт - бовойт ж.б. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөрдүн аягындагы айрым жумшак үнсүз (б, в, г, д, ж, з) тыбыштар (п, ф, к, т, ш, с) каткалаңдашып айтылат: клуп (клуб), актиф (актив), склат (склад), тираш (тираж), эскис (эскиз).
Орфоэпия - сөздү айтуу, негиздөө жана орнотуу менен иш алып барган фонетиканын бир бөлүгү. Орфоэпия гректин orthos - "туура", epos - "сөз, сүйлөө" деген сөзүнөн чыккан.
Жөнөкөй тил менен айтканда "туура сүйлөө" дегенди билдирет. Орфоэпия өзүнө суперсегменттик фонетиканын сүйлөө жана сүйлөөнүн нормаларын камтыйт (басым, тон ж.б.)
Орфоэпия деген эмне суроолор болсо жазып койгула, макала кыска болгонуна байланыштуу толуктап турмакчыбыз.