Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суйлом мучолорунун орун тартиби

Баш барак | Адабият | Суйлом мучолорунун орун тартиби

Кезектеги макалада суйлом мучолорунун орун тартиби тууралуу кеп кылмакчыбыз, педагогдор жана окуучулар үчүн пайдалуу маалымат.

Сүйлөм мүчөлөрүнүн сүйлөм ичинде белгилүү бир ирет менен жайгашышы алардын орун тартиби деп аталат.

Ээнин сүйлөмдөгү орду
Сүйлөмдүн ээси дайыма баяндоочту башкарып тургандыктан, ал көбүнчө баяндоочтон мурда айтылат. Бирок төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуубуз керек.

1.Ээ менен баяндоочтон түзүлгөн жалаң сүйлөмдөрдө ээ биринчи орунду ээлейт: Кыш түшүп калган. (М.Э.) Силер баргыла. (Т.С.) Орокчулар жыйналып калышты. (К.Б.)

2.Жайылма сүйлөмдөрдө ээ мурун айтылып, андан кийин баяндооч келет: Мен Табылдынын колунда калдым. (К.Б.) Жолдун тоому көрүндү. (Н.Б.) Жайылма сүйлөмдөрдө ээ кээде баяндооч менен катар турса, кээде бири-биринен алыс туруп калат. Ал төмөнкү учурларда болот:

а)Айкындооч мүчөлөр ээге гана таандык болуп, баяндоочко тиешелүү айкындооч мүчө болбосо, ээ менен баяндооч катар келет: Алардын назик үндөрү кубулжуду. (К.Ж.) Айтылбаган сөз калган жок. (Т.С.)

б)Айкындооч мүчөлөр баяндоочко гана таандык болсо, ээ сүйлөмдүн башында келет: Мен Кеңеш өкмөтүнүн кызматчысымын. (Т.С.) Батма Көбөгөн менен жөнөдү. (К.Б.)

в)Ээнин да, бяндоочтун да өзүлөрүнө таандык айкындоочтору болсо, ээ баяндоочко тиешелүү айкындоочтордун ортосунан орун алат: Ажырашаар дос ээрдин кашын сурайт (макал). Эмгек үстүндө жүргөн кишилер ушундайча сүйлөйт. (Т.С.)

г)Эгерде баяндооч логикалык басым менен айтылса, ээ баяндоочтон кийин орун алат: Бузукусуң, сен! (Ч.А.) Мына, биздин Сухуми. (К.Б.) суйлом мучолорунун орун тартиби

Баяндоочтун сүйлөмдөгү орду
1.Сүйлөмдүн баяндоочу грамматикалык жактан ээге баш ийип турат, ошол себептүү ал көпчүлүк учурда ээден кийин келип, сүйлөмдүн аягынан орун алат: Дүйнөгө тиричилик кирди. (К. Б.) Арадан көп күн өттү. (М.Э.)

2.Баяндоочко логикалык басым түшүрүлүп айтылса, ал ээден мурун келет: Жазга жетпей чирийт, аның! (Ч.А.) Жашасын тынчтык эли! Жоголсун согуш!

3.Ырларда стилдик максатта, же уйкаштыкты сакташ үчүн баяндооч ээден мурун айтыла берет:
Таңда туруп карачы,
Таасирленет агын суу. (Э.Т.)

Тереңде бир жалын тутанып,
Дегдетет, эңсетет кусалык. (Э.Т.)

4.Төл сөз тике сөздүн ортосунда, же аягында келгенде, төл сөздүн баяндоочу ээден мурун айтылат: «Ким иштебесе, - деген Ленин, - ал тиштебейт». - Жапар ага, - деди Кожобек, - районго мен барсам кантет? (К.Б.)

[ushka=seredina]

Аныктооч менен аныкталгычтын сүйлөмдөгү орду
1.Аныктооч аныкталгыч менен ыкташуу жолу аркылуу байланышса, ал түздөн-түз аныкталгычтын алдынан орун алат: Анархан Камилжандын жаман үйүндө турган. (К.Ж.) Орузбай ячейкенин мингени - сопол куйрук күрөң. (Т. С.)

2.Илик жөндөмөсүндө турган аныктооч, көбүнчө дал аныкталгычтын алдынан орун алат: Кечинде чындап эле колхоздун мекемесине чакырып калды. (Ч.А.) Жапар өзүнүн ишинде. (К.Б.)

3.Аныкталгычтын жанына иликтеги аныктоочтон башка дагы айкындооч мүчө турса, анда илик жөндөмөсүндөгү аныктооч өзүнүн аныкталгычынан бөлүнүп, андан оолак жайгашып калат: Ошол жылы күзүндө МТСте трактористердин үч айлык курсу ачылды.(К.Б.) Асандын армиядан келген уулу Москвага окууга кетти.

4.Аныктооч сөз өзгөчө белгиленип, басым менен айтылганда, же ырларда уйкаштыкты сактоо керек болгондо, иликте турган аныктооч өзүнүн аныкталгычынан кийин орун алат:
Ал кезде жашым менин отузда. (К.Б.)

Кабагы мекенимдин болсо ачык,
Кабагым менин дагы күлүп турат. (К.А.)

Толуктооч жана аны башкарган сөздүн сүйлөмдөгү орду
1.Аягындагы табыш жөндөмөнүн мүчөсү түшүп калып айтылган тике толуктоочтор дайыма өзүн башкарып турган сөздүн алдынан орун алат: Үмөтаалы жазда аштык айдап, жайда чөп чапты. (К.О.) Атам тоодон жылкы айдап келет.

2.Табыш жөндөмөнүн мүчөсү түшүп калып, көмүскөдө калып айтылбай, уланып айтылган тике жана кыйыр толуктоочтор, көбүнчө, түздөн-түз башкарып турган сөздүн алдына жайгашат: Түш ченеде чоң кыштакты аралап кирдик. (М.Э.) Уулуу сөздөрүн айтып, сай сөөгүмдү сыздатышат. (К.Б.)

3.Баяндоочтун жанында аны менен тыгыз байланышкан башка айкындооч мүчө болсо, анда толуктооч ошол айкындооч мүчөнүн алдынан орун алат: Сугатчылар бедени үч-төрт жолу сугарышты. Айткулу төшөгүнөн шашып турду. (К.Б.)

4.Эгерде бир эле баяндооч менен тике толуктооч да, кыйыр толуктооч да байланышып келсе, алар сүйлөм ичинде төмөнкүдөй тартипте жайгашат.

а)Көпчүлүк учурда тике толуктооч кыйыр толуктоочтон кийин келет: Азыр да ал Таабалдыга акыл-насаатын айтып отурат. (К.Б.) Чөнтөгүнөн чакчасын сууруп алып, наспай чекти. (К.Б.)

б)Кээде стилдик максатка карай мурун тике толуктооч, кийин кыйыр толуктооч айтылып калат: Мен бир күнү ушул кепти Алиманга айттым. (Ч.А.) Ал эмне үчүн Алымды мага жибербейт. (К.Ж.)

5.Толуктоочтук милдетти аткарып турган сөз өзгөчө белгиленип айтылганда жана ырларда толуктооч баяндоочтон кийин келип калат: Садагаң кетейин Койчуке, кала көрбө менден. (К.Б.)

Аралайсын таза аба,
Аймап коюн-колтукту. (Э.Т.)

Бышыктооч жана аны багындыруучу сөздүн сүйлөмдөгү орду
Жалпы алганда, сүйлөм тизмегиндеги бышыктооч сөздөр көбүнчө өзүн башкарып турган этиштик баяндоочтун алдында келүүгө тийиш. Бирок ошондой болсо да анын төмөнкүдөй бөтөнчөлүктөрү бар.

1.Сын-сыпат, сан-өлчөм бышыктоочтор сүйлөмдө, негизинен, этиштик баяндоочтун алдында келет: Чоң энем тымызын жүрчү. (Т.С.) Зууракан кызылчаны үч ирет түптөдү. (К.Б.)

2.Мезгил бышыктооч сүйлөм тизмегинде ар кандай мүчөнүн (этиштик баяндооч, айкындооч жана ээнин) алдында келе берет. Ошондуктан мезгил бышыктоочтун сүйлөмдө алган ордуна карабай, маани жагынан этиштик баяндоочко баш иет: Алардын үчөө азыр жолго чыгышат. (К. Ж.) Бүгүн биз шаарга бара албай калдык.

3.Кээ бир сүйлөмдө бир эле этиштик баяндоочко баш ийген бир нече бышыктооч да кезигет. Мындай учурда этиштик баяндоочко маани жагынан өтө жакын болгону гана ошол этиштик баяндоочтун алдында келип, калгандары өздөрүнүн грамматикалык маани-катышы жагынан болгон жакындыгына карай өз ара ылайыкташа тизмектешип келе берет: Эртеси үйдөн апийимге кеттик. (М.Э.) Ал азыр эле конторадан үйүнө карай кеткен. (Н.Б.)

4.Бышыктооч бир өңчөй мүчө аркылуу келсе, акыркысы гана этиштик баяндоочтун алдынан орун алат да, калгандары өздөрүнүн ырааты менен тизмектешет: Кабар тез эле батальондорго, полкторго жана дивизияларга жетти. (Т.С.)

5.Суроолуу илептүү сүйлөмдөрдүн кээ биринде этиштик баяндооч менен орун бышыктоочтун орун алмашып калган учурлары байкалат: Чыкпайсыңбы үйдөн? (М.Э.) Биз болгонбуз ал жерде. (А.Т.)

Cуйлом мучолорунун орун тартиби маалыматка кошумча пикирлерди күтөбүз. Бирге өнүгөлү кымбаттуу окурмандар.

Жайгаштыруу: 2019-07-05, Көрүүлөр: 22173, Өзгөртүлгөн: 2019-07-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу