Диалект


Силер кандай деп ойлойсунар? Кыргыздардын бардыгы эле кыргызча бирдей сүйлөшөт деп айтууга болобу? Жок, антип айтууга болбойт. Анткени, кыргыз тилинде сүйлөөчүлөрдүн баарына түшүнүктүү болгон жалпы элдик кыргыз тили менен катар белгилүү бир аймакта жашаган кыргыздарга гана түшүнүктүү болгон диалектилик, тилдик өзгөчөлүктөр да бар. Мындай өзгөчөлүктөр көбүнчө мааниси бир, бирок ар башка сөздөрдөн байкалат. Адабий тилдеги кээ бир сөздөр айрым жерлерде башка сөздөр менен айтылат. Мисалы, Кыргызстандын түндүгүндө айтылуучу чака деген сөз түштүктө челек же пакыр деп айтылат. Ошондой эле адабий тилдеги чоң чыныны Ысык көлдө бадыбот же бадабод, жүгөрүнү конок десе, түштүк райондорунда кэсэ, мэкэ дешет. Чүй, Талас, Жергетал өрөөнүндө жашаган кыргыздар комузду чертмек дешет. Ош областынын райондорунда алмурутту - нак, балды - асал, башты - калла, сүлгүнү - иранде, этти - гөш, уй дегенди сыйыр деп айтышат. Эми кээ бир сөздөрдүн тыбыштык жагынан болгон өзгөчөлүктөрүн карап көрөлү.

Кыргызстандын түштүгүндө көпчүлүк сөздөр да э, ээ тыбыштары менен айтылат. Мисалы, кесел - кэсэл, мугалим - мээлим, мындан башка болот - полот, бакене - пэкэнэ, тоо - тов, суу - сув, сыз - чыз, кээ бир жерлерде сыя - зыя, сөз - сое болуп келет. Бнын ордуна - п, с нын ордуна - з, ч, тескерисинче знын ордуна с тыбыштары айтылат. Сөздөрдүн маанисинде да айырмачылыктар болот. Мисалы, кээ бир жерлерде торпок деген сөз алты айдан өткөн музоого карата айтылса, ал эми түштүктө торпок деп музоону айта берет.

Талкандан жасалып ачытылган тамакты Чүй өрөөнүндө максым десе, Ысык көлдө жарма дейт, ал эми жарма - Чүйдө ачыбаган көжө, максым - Ысык көлдө бозо маанисинде колдонулат. Тыбыт - адабий тилде эчкинин уяң жүнүнө айтылат, ал эми Таласта, Чаткалда чөбөгө деген маанини берет. Бул сыяктуу жергиликтүү өзгөчөлүктөр кыргыз тилинин бирдиктүү улуттук тили калыптанганга чейин таралган диалектилердин издери. Ошентип жергиликтүү бир аймакта гана колдонулуп же адабий тилдеги сөздөрдөн мааниси, тыбыштык, морфологиялык түзүлүшү боюнча айырмаланган сөздөр диалектилик сөздөр же диалект деп аталат. Диалектилерди, жергиликтүү тил өзгөчөлүктөрүн изилдеп үйрөнүү өтө зарыл. Анткени аларды үйрөнбөй туруп улуттук адабий тилибиздин өнүгүү, калыптануу тарыхын биле албайбыз.

Улуттук адабий жазма жана оозеки тилибиз пайда болуп калыптангандан кийин деле диалектилик сөздөр бир далайга чейин жашап, жазма адабий тилдин нормалары оозеки сүйлөө тилине айланганда гана акырындап жоюлат. Диалектилик сөздөрдү дайыма аралаштырып сүйлөөгө көнүп калган чоң ата, чоң энелерди шылдыңдап кемсинтүүгө да болбойт. Анткени ошол жашы улгайган адамдар колдонгон диалектилик сөз адабий тилде жок не бир сонун таамай айтылган сөз, сөз айкашы болуп калуусу ыктымал. Аларды кээ бир көрүнүктүү жазуучулар өз чыгармаларында иргеп, колдонуп келүүдө. Диалект деген ушундай болот экен.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 42156, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22

Айка
Рахмат мен ушул нерселерди избеп жаткам таап алдым
Айдана
"Yч мээрап" деген эмне? Айтып коюнуздарчы
Эмир
Ии, чоң рахмат ушул макалаңызга. Өзүм Ошто туулганмын. Кичи убагымда Бишкекке көчүп кеткенбиз. Азыр окуп жатып, унутулган сөздөр башыма келе башташты. Таза чындык жазганыңыз. Англис, немис, жана башка тилдеринде да көп диалекттери бар. Диалекттер тилдин байлыгын, түрдүүлүгүн көрсөтөт. Ошону кыргызым түшүнбөй, кимисики туура, кимисики жалган деп талашып жатат.
Элида Умутбекова
Менин оюмча Жалпы элдик тилдин белгилуу бир болугу территорияга [аймакка] тараган озгочолуктору бар создор диалекти деп аталат.