Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тушундурмо мучо

Баш барак | Адабият | Тушундурмо мучо

Тушундурмо мучо

Тушундурмо мучо деген эмне, түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай канчага бөлүнөт, анда бул макала ушул жаатта болмокчу.

Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, анын маанисин аныктап, ар түрдүү кырдаалдагы абалын толуктап, тактап түшүндүрүп турса, түшүндүрмө мүчө дейбиз.

Түшүндүрмө мүчө түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай: жандамалуу түшүндүрмө мүчө, түгөйлүү түшүндүрмө мүчө жана обочолонгон түшүндүрмө мүчө болуп, үчкө бөлүнөт.

Жандамалуу түшүндүрмө мүчө
Аныкталгычтан кийин жанаша айтылып, анын кесибин, туугандык байланышын, жаш өзгөчөлүгүн, сапатын ж.б. белгилерин көрсөтүп турса, жандамалуу түшүндүрмө мүчө дейбиз.

Жандамалуу түшүндүрмө мүчөдө аныкталуучу сөз, көбүнчө адам аттарынан болот да, аны аныктай турган түшүндүрмө мүчө: карыя, байбиче, жеңе, эже, аке, ата, эне, агай, келин, сулуу, баатыр, тентек, аксакал, жылкычы, уста, бригадир, мугалим, өтүкчү, чалмачы ж.б.у.с сөздөрдөн болот. Мисалы: Сапар агай мектепте көптөн бери иштейт. Акмат кары нускалуу сөздөрдү көп айтат (оозеки кептен). Бир аздан кийин Чаргын байкем, Акия жеңемдер келишет. (Т. С.)

Түгөйлүү түшүндүрмө мүчө
Аныкталуучу затка экинчи бир зат атооч кошо айтылып, анын кесибин жана ар кандай белгисин билдирип турса, түгөйлүү түшүндүрмө мүчө деп аталат. Мисалы: инженер-электрик, инженер-механик, телефон-автомат, механик-айдоочу, учкуч-истребитель, инженер-технолог, жоокер-пулемётчик, мектеп-интернат, инженер-новатор.

[ushka=seredina]

Обочолонгон түшүндүрмө мүчө
Сүйлөмдүн баш же айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, алардын маанисин аныктап, тактап жана чечмелеп турса, обочолонгон тушундурмо мучо деп аталат. Мисалы: Биз, бишкектиктер, Бишкекти жылдын бардык мезгилинде сүйөбүз. Биз, студенттер, көп окуп билишибиз керек. Бүгүнкү чогулушта Мусаевдин, оорукананын бөлүм башчысынын, отчёту болот. Бизге, окуучуларга, эмгектен качууга болбойт.

Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдө коюлуучу тыныш белгилер
Оозеки кепте обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдүн башталышында жана аякталышында кыска тыным болуп, анын өзү көтөрүңкү айтылат. Жазуу кепте алар эки жагынан тыныш белгилери менен ажыратылып жазылат.

1.Обочолонгон түшүндүрмө мүчө бир сөздөн, же бир айкашынан болсо, эки жагынан үтүр менен ажыратылат. Мисалы: Көк-Арт өрөөнүндөгү Октябръ айлында, элдик баатыр Тукубай Тайгараев туулуп өскөн кыштакта, бийик пъедесталда, пилоткачан жоокердин бюсту турат. («ЖЛ») Биз, студенттер, өзүбүздүн университетибизди чексиз сүйөбүз.

2.Обочолонгон түшүндүрмө мүчө же аныкталып турган мүчө бир өңчөй мүчөлөрдөн болсо, түшүндүрмө мүчөнүн алдына сызыкча, кийин үтүр коюлат. Мисалы: Советтик окумуштууларга, инженерлерге, техниктерге - космос кораблин түзгөндөргө, урмат жана даңк! («СК»)

3.Эгерде обочолонгон түшүндүрмө мүчөдөн кийин ага улай бир өңчөй мүчөлөр катар айтылса, түшүндүрмө мүчөнү өзүнөн кийинки бир өңчөй мүчөлөрдөн даана ажыратып туруу үчүн обочолонгон түшүндүрмө мүчөдөн кийин сызыкча, мурун үтүр коюлат. Мисалы: Биз, дыйкандар - дан, сүт, эт камдасак, жумушчулар биз үчүн кездеме, соко, темир тырмоо, шайман ар түрдүү толгон нерселерди камдайт. (Т. С.)

4.Обочолонгон түшүндүрмө мүчө сүйлөмдүн баяндоочун аныктап турса, түшүндүрмө мүчөдөн мурун үтүр коюлат. Мисалы: Сурьманын көп чыга турган жери бизде, Кыргызстанда.

5.Чакырык маанисинде айтылып жаткан сүйлөмдүн аягына келген ээни түшүндүрмө мүчө аныктап келсе, экөөнүн ортосуна сызыкча коюлат.

Тушундурмо мучо боюнча кандай суроолорунар бар? эгер болсо комментарий калтырып койгула. Темага тиешелүү шилтемелер төмөндө.

Жайгаштыруу: 2019-07-05, Көрүүлөр: 57492, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу