Абзац (немисче Absatz «бөлүм, текст бөлүгү») — бир же бир нече сүйлөмдөн турган жазма сөздүн үзүндүсү. Көбүнчө типографиялык жана айрым учурлардагы кол жазмадаларда (мисалы: жат жазууда) сүйлөмдүн башында кемтик коюлуп, бүткөн жеринде экинчи абзацтын башталышын белгилөө үчүн бир бош сап калат (төмөндө абзац иллюстрациясын караңыз).
Сүйлөп жаткан адам өзүнүн оюн башкаларга толук, жеткиликтүү түшүндүрүү үчүн бир ойдон экинчи жаңы ойго өтүп турат. Ал ойлор жалпы бир темага бириктирилет. Ошол жалпы теманын майда бөлүктөрү микротема деп аталат. Микротема бир нече сүйлөмдөр аркылуу туюндурулат. Ошол микротемага бириккен тексттин бөлүктөрү абзац деп аталат. Ал эми тема бир нече микротемадан турса, текст эреже катарында бир нече абзацтан турат.
Абзац – тексттин башындагы кемтик же башталган бир ой менен экинчи ойдун ортосундагы текст, тактап айтканда, тексттеги жаңы ойдун башталышы. Бул сөз немец тилинен алынып, бизче «чегинүү» дегенди билдирет. Абзацты Z белгиси менен белгилейбиз.
Мисалы, Көп убакыт өттү. Таң агарып, ата баштады. Ажар Турпандын четине өтүп, кургакка чыкты.
Какшаалдын чегине келди. Какшаал – суусуз чөл, ээн жер боло турган. Бириндеп, ар кайсы жерине чыккан алтыгана, табылгы, жылгындары гана болбосо, башка жерлери – чөпсүз, кумдуу, мейкин талаа. (К. Б.)
Текст сыяктуу эле абзацтын да башталышы, өнүгүшү жана бүтүшү болот. Мисалы, Зууракан ордунан турду (абзацтагы окуянын башталышы). Илгери басты. Баскан сайын төрагага жакындай берди. Жүрөгү алып-учуп, дикилдеди. Бүткөн бою коргошундай балкыды (абзацтагы окуянын өнүгүшү). Төрага ага орден тапшырды (абзацтагы окуянын бүтүшү).
Абзац өзүнө бир нече сүйлөмдөрдү камтыйт. Кээде бир сүйлөм менен да түзүлүшү мүмкүн.
Мисалы,
1.Бугу-Эне адамдардын арамдыгына нааразы болот. Ит агытып, ок аткан адамдардын колунан тукуму бүт кырылып кетер болуп, саналуу гана маралы калганда, Бугу-Эне аларды касиетине калкалай качат. Ала-Тоонун аскасынан Теңир-Тоонун чокусуна бир аттап чыгат да, кылчайып Ысык-Көл менен коштошот. Ошо бойдон калган тукумун сактап, кулак укпаган, көз көрбөгөн бир жерлерге кетип калган экен.
Бугу-Эне алигидей болуп, коштошуп турганда, көзүнөн жаш төгүп, арамдыкты каргап, адалдыкты зарлап кеткен экен дешет. (Ч. А.)
2.Жүгөндү ийинине арта салып, Танабай тоону беттеп баратты... Көзү жаштуу, көкүрөгү дарттуу Танабай агарып келаткан таңды, тоо бөксөлөй учуп келаткан жалгыз казды карап баратты. Жалгыз каз тобун издеп, кууп баратты.
– Уч, жаныбар, уча бер! – деди Танабай.
– Канатың тала электе катарыңды кууп жет!
Анан үшкүрүп алып, артына бир кылчайды: – Кош, жаныбарым, Гүлсары! (Ч. А.)