Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тил жонундо ырлар

"Тил жонундо ырлар" боюнча белгилүү кыргыз инсандарынын жазган кичинекей жыйнагын чогулттук. Арасына тил жонундо макалдарды, учкул создорду кошуп койдук. Кыргыз тили жонундо ырлар кандай гана сонун, кандай гана уккулукттуу. Тил ар бир маданияттын мурасы, эне тил болсо ар элдин байлыгы.

Мазмуну
Тил жонундо ырлар

Тил жөнүндө ыр-саптар

Эне тилим
Эл туруп эне тилин унуткан бар,
«Эл безер» атка конуп куруткан бар.
Эненин сүтүн эмип, тилин билбей
Эненин сай-сөөгүн сыздаткан бар.

Элинин элдигине башын ийбей
Эненин тилин билбей, дилин билбей,
Эргулдар көбөйдү го көктөн түшкөн
Эли үчүн, энеси үчүн жаны күйбөй.

Элинин теги-жайын сүрүштүрбөй
Элинин каада-салтын көзүнө илбей.
Ээлигип күмбөз көрсө, мечит көрсө
«Атеист» аталды бейм арсыз түркөй.

Энчисин талашкансып Бабур баба
Эмне эле өчөгүштү анча буга.
Уратып тынышты го Бабур үйүн
Арбакка шек келтирип эл алдында.

Жагынып «эл достугун» бетке кармап
Жанкечти түптүү элди жүрдү алдап.
Жазасын алды акыры кет-кет келип,
Жанын жеп, жан соогалап кайда бармак.

Камчы чаап абийириме айтпайм жалган
Кыргыз бар кыргыз тилин билбей калган.
Кайгы жок каран калгыр мындан өткөн
Билгенге мындан оор болбойт арман!

Элимдин билип алып момундугун
Ээлешкен жакшы кызмат орундугун.
Эчен бир эл бузарлар тагдыр чечти
Тукуруп бир бирине оңу, солун.

Не тапты кайраштырып, эгештирип
Чынарга чырпык талды теңештирип
Чыркырап чындыкты айткан күйүп кетти,
Түбүнө көздөй көргөн досу жетти.

«Тил тилге сиңет» дешти ооз толо,
(жазылды ар кай жерге кооздоло)
Билсе да иштин жайын бүшүркөштү
Саксынып бир биринен кооптоно.

Баш калаада бала бакча ачылбай,
Аны ачууга бел байлабай, батынбай.
Башын жерге салып жүрөт кээ бир чоң
Бригадирдин арып бүткөн атындай.

Өз тилинде окутууга баланы
Ата-эне кабарганча таманы.
Орун таппай ындыны өчтү акыры
Жөө кыдырып чыгышса да калааны.

Шарт-жагдайды көрүп туруп оңдогус
Кара күчкө байкамаксан болобуз.
Көлөкөдөн корко берсек корунуп
Билбейм деги кантип, качан оңобуз?!

Бетке кармап теңдемечил жобону
Башын ийип, таазим этип «жогору».
Баласына сүйлөбөстөн кыргызча
Барк албаган эне тилиң оңобу?!

Актоо керек эне сүтүн оболу
Мына ушул соболдун да соболу.
Каргышына кала көрбө эненин,
Белгилүү го арты кандай болору.

Эне тилдин тагдырына жаны ачып.
Эне тилдин тазалыгын талашып.
Тилдин тилге тийбестигин залалы
Чыңгыз агай түшүндүрдү жаны ачып.

Буга болбой коргошундуу камчы алып
«Улутчул» - деп бүт Союзга жар салып.
Улут безер сүр көрсөттү дембе-дем
Жети атадан калган өчү барчалык.

Өз жеримде өз тилимде сүйлөнбөсө,
Дос дегендер тилимди үйрөнбөсө.
Өзөгүңдү өрттөйт экен анан да,
Өөн таап, керооздор кесирленсе.

Таарыйт экен таарыныч жүрөгүңдү
Ишенгениң күмөн санап шектенсе.
Кандай гана жакшы болор эле го
Кайраштырган ичи ала мертинсе.

Өгөө болуп өгөй берет дайыма
Күндүр-түндүр тынчтык бербей жаныма.
Эки дүйнө унутууга акым жок,
Эне тилди сиңген каны-жаныма!

Эне тилим эчен кылым карытты,
Күбө тартам күжүлдөгөн Тарыхты.
Кыргыз эли эчен кыйын кезеңде
Кыл чайнашып, кылыч сууруп чабышты.

Эне тилим эчен кылым карыткан
Эч ким аны өчүрө албайт Тарыхтан!
Эне тилим эстелигим урабас
Келбес жайга кеткенимде Жарыктан.
(Тынчтыкбек Нурманбетов)

Кыргыз тили
-Айткылачы, досторум,
Кыргыз тили кимге керек?
Улут тилин билели - деп,
Айткан сөзгө эмне себеп?

Кыргыз тили жашап турса,
Биз чыныгы улутпуз.
«Ата», «Апа» деген сөздөр,
Бар үчүн биз улукпуз!

Дуйнөдөгү бардык элдин,
Ыйык көргөн тили бар.
Ошол тилди сыйлаш үчүн,
Опол тоодой дили бар.

Кыргыз тили - бизге керек,
Биз кыргыздын уулубуз.
Эне тилин сактай билген.
Жаңы доордун муунубуз!
(Жолдошбай Кененбаев)

Кыргыз жараны, эне тилиң болгон кыргыз тилин барктай бил, кыргыз тилинде эң жакшы сүйлөгөндү жана жазганды үйрөн! "Тил жонундо ырлар" макаласы дал ушул максатта жазылган. Тилин баалап, барктап, сыйлай билген адам эч качан эч нерседен кем болбойт.

Кыргыз тилин көтөрүү

Тил деген үйүбүздүн ачкычы го,
Бирде жаап, бирде эшигин ачып салган.
Үйүңдү ачкыч менен ачып туруп,
Билесиң ким экенин ээлеп алган.
(Саади)

Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм,
Бүт тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

Зор "Манас" көлөмүнө жетпес ченем,
Чарчабай үч ай айтса түгөнбөгөн.
Кыргызда дагы толгон көп укмуштар,
Чынында баары сенин күчүң белем.
(Алыкул Осмонов)

Орус тили жылдызда,
Биздин улуу заманда.
Бирок кыргыз кыргызча
Сүйлөбөсө жаман да!

Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.

Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу,
Өйдө, ылдый деп айта албайбыз эч бирин!
(Байдылда Сарногоев)

Кыргыз тилим бар болсун
Ар адамдын көркү эне тил менен,
Адам эмес, эне тилин билбеген.
Эне тилин ыйык тутуп кадырлап,
Эчендеген инсан кеткен дүйнөдөн.

Эзелтеден мөлдөй тунук тил менен,
Эне-атабыз алгачкы ирет сүйлөгөн.
Кылымдардан кылымдарга сырдаш тил,
Кымбаттыгын айтчы кимдер билбеген.

Кадырыңды ар убакта даңктайлы,
Ар бир сөзүн көз каректей сактайлы.
Бактыбыздын туу чокусу кыргыз тил,
Сыймыгыңды түбөлүккө барктайлы.
(Алмаз Карабаев)

Кыргыз тилим
Кыргыз тилим - кыргыз үчүн жаралган,
Кымбат баасын улутунан алалган.
Биринчи эле "Апа" деген сөз чыгып,
Билесиңби эне тил деп саналган.

Эне тилде эне сүтү ширелген,
Балдарына эне атайлап жибергең.
Бириктирип ой-максатын, тилегин,
Бир улутту ошол тилге имерген.

Кыргыз тили кыргыз элин сыйлаган,
Калк кубанса кубанып, капаланса ыйлаган.
"Манас" менен "Эр Төштүктү" таштабай,
Кылымдарды сактап келди кыйладан.
(Расулберди Маметов)

Улут болсом — тилим менен улутмун
Эй жарандар,
Эскертерим силерге:
Чындап кызмат кылам десе ким элге,
Сүйсүн тилин
Сүйгөн жарын сүйгөндөй,
Күйсүн тилге
Перзентине күйгөндөй.
Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,
Кекиликтер койсун мени кечирип.
Эне тилин билбей туруп,
Эне тилге күйбөй туруп,
Эли-журтун
Сүйөмүн деш чекилик.
Ысыгыңа алар күйүп,
Суугуңа тоңалбайт
Эне тилин түшүнбөгөн,
Кур кыйкырып күпүлдөгөн,
Эч убакта Атажурттун
Анык уулу боло албайт!

Бул чындыкты
Тилин танган
Тилазарлар,
Динин танган
Диназарлар угушсун.
Мейли алардын куйкалары
Курмушудай курушсун.
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Тил деген бул —
Метрикасы улуттун!
(Эсенгул Ибраев)

Сүйлөш үчүн тил керек,
Ырдаш үчүн үн керек
Сөздү сөзгө кынай бил,
Маш зергердей чегелеп.
Ырчы болсоң - төкмө бол,
Ак жаандай себелеп.
(Барпы)

Мен ыр жазам
Мен ыр жазам,
Сөздүн айтып тереңин.
Мен ырдасам,
Кызыл тилим безегин.
Мен ырдайын,
Жаңы обондор улансын!
Мен жазайын
Тилектештер кубансын!
Мунарыктап
Көздүн учу жетпеген
Көркөм сөздүн
Мунарасы куралсын!
(Түгөлбай Сыдыкбеков)

Кыргыз тили
Манас» айтса,
Өзөн суудай көбүк чачкан күрпүлдөп.
Махабатты баяндаса,
Сайрап жаткан булак көзү күлүңдөп

Эчен түрлүү
Тил үйрөнсөм, чоң бактыдай сезилет.
Октябрдын заманында
Кыргыз тилим ырлар болуп,
Кыргыз тилим күүлөр болуп чертилет.
(Аалы Токомбаев)

Кыргыз тили
Орусча да монголчо да, сүйлөй бил,
Жер жүзүндө жок бир дагы өгөй тил
Ошондо да ширетейин дилиңе:
Шек келтирбе менин эне тилиме!

Кыргыз тили - кубат күчүм, жөлөгүм,
Ата болуп, үйрөткөн жашоо өнөрүн.
Жаным бирдей, каным бирдей көрөмүн
Ал өлгөңдө, мен да кошо өлөмүн.
(Темиркул Умөталиев)

Транспарант тил

Эне тили
Тил үйрөнүү,
Жакшы көрмөк, сүймөктөн
Энем тилин жакшы көрүп үйрөткөн.
Ойротто жок, оңой тил бейм биздин тил,
Бир жашымда
Ата, апа,
Ат, эт дегенди сүйлөткөн.

Тил кадырлоо
Чын күңөлдөн сүймөктөн,
Атам тилин сүйгөндүктөн сүйлөткөн.
Эрдик, өнөр, билим менен сүйлөшүп,
Бир жүрсүн деп, бир жашымда үйрөткөн...

Бирге жүрөм, эне тилим кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,
Эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
(Алыкул Осмонов)

Эне тилим
Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим.
Кылымдан азиз энем күткөм тилим.
Төрөлүп, бул дүйнөгө көз ачканда,
Жаралып, жаным менен бүткөн тилим.

Тилиңе кулдук кылам, энем, атам!
Кечиргин, мен тараптан болсо катам,
Сен сүйгөн, сен сүйлөгөн ушул тилде
Кубултуп, безеп ырдап келе жатам.

Бул тилдин кылдат, кымбат сырын ачам,
Канымды сыя кылып, китеп жазам.
"Таң эрте тил өмүрү бүтөт" - десе,
Күн менен уккан кечте кошо батам.
(Абдрасул Токтомушев)

Албетте, нукура кыргыз эч убакта мындай патриоттук ырлардан тажабаса керек, кулагыңа жайдын жылуу желиндей жагымдуу болот эмеспи.

Мен сүйөм өзүбүздүн кыргыз тилин,
Тил гана бере алат кишинин ой-пикирин.
Тил там эмес бир күндө жаралуучу,
Ал санап өткөргөн элдердин өмүрүн, күнүн.

Бир-бирине карап отуруп нечендер өлгөн:
«Бери келсең» - деп, бир-бирин чакыруу үчүн.
Миңдеген жылдары эл эмгектенди,
Тил көп талап кылат элдин күчүн!

Мисалы, ошол кезде керек эле кетмен,
(Жокту кайдан тапмак элем мен)
Сөзү үчүн кетменди ойлогон эмес,
Баарын адам табат жашоого керектиктен.
(Райкан Шүкүрбеков)

Жаркырай берет түбөлүк
Кыргында далай беттешип,
Кыргыздар нени көргөн жок.
Кырылып көбү өлсө да,
Кыргыздын тили өлгөн жок.

Кыпкызыл канды кечишип,
Кыргызды кимдер жеңген жок.
Кыргызды кырып жеңсе да,
Кыргыздын тилин жеңген жок.

Кылычын кайрап от чачып,
Кызыгып кимдер келген жок.
Кыргында жанын берсе да,
Кыргызым тилин берген жок.

Жомогу кумдай куюлган
Жоголбойт тили кыргыздын.
Жаркырай берет түбөлүк
Нурундай Чолпон жылдыздын!..
(Насирдин Байтемиров)

Эне тил
Эне тилди энем мага үйрөткөн,
Эне тилде энем менен сүйлөткөн.
Эне тилде өз атымды билгенмин,
Эне тилим сырын ачты дүйнөнүн.

Эне тилим башка тилди үйрөттү,
Эне тилсиз дилим аны сүймөкпү?
Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок,
Эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок.

Эне тилсиз тааныр белем жеримди.
Эне тилсиз тааныр белем элимди.
Эне тилсиз укмак белем «Манасты»
Эне тилсиз укмак белем санатты.
(Түмөнбай Байзаков)

Тилдер жана энелер
Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу
Өйдө-ылдый деп, айта албайбыз эч бирин.

Уккун мени, уул-кызым жаштарым!
Ушул сөзүм жадыбалдай жаттагын.
Тилди тилге, эне менен энени
Чаташтырбай өз-өзүнчө барктагын,
Төртөөнүн тең тазалыгын сактагын!
(Байдылда Сарногоев)

Сөз кадырын биле албайт,
Өзүнөн акыл чыкпаган.
Кеп маанисин биле албайт,
Башына акыл жукпаган.

Ааламдын көркү күндө бар,
Адамдын көркү тилде бар.
Акындын көркү үндө бар,
Ашыктын жайы дилде бар.

Бакпай багың жетилбейт,
Эстүү адам эсирбейт.
Чечендиктин белгиси,
Кезектүү сөздү кетирбейт.
(Жеңижок)

Сөздүн ыгын билбесе,
Сөөдүрөп топто сүйлөсө
Тантыктыктын белгиси
Көңүл сүйгөн жер болсо
Айткан сөзүң эм болсо,
Акындын келет келгиси,
Бермет сөздү тергиси.
Орду менен сүйлөсө,
Кызыл тилин бүлөсө,
Таасындыктын белгиси
Кадырлуу болсо журтуна,
Сүйлөгөн сөзү тек кетпей,
Кары жаш укса, умсунса,
Акылдуунун белгиси.
(Арстанбек Буйлаш уулу)

Сөз маанисин билгендер
Сөздүн пири булбулдай
Сөз маанисин билбесе,
Согум чалыш дүмбүлдөй.
(Молдо Нияз)

Жакшы чыккан азамат
Элин билет.
Элин билген ал адам
Билим билет.
Окуп-карап ойлонуп,
Илим билет.
Эчен түрдүү адамдын
Тилин билет.
(Калыгул)

Илим менен билимге көпүрө - тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

Тил адамды бакытка бөлөп салат,
Тил адамды шорлотот башын алат.

Тил арстан босогоңдо комдогон
Бошоп кетсе, өзүңдү да жеп койгон.

Миң сан калкты Теңир өзү жаратты,
Тилдүү сүйлөп, тилсиз үнсүз карашты.

Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири - тили, бири - дили ак көңүл.

Сөздү, дилди жаратты адилет деп,
Жалганчылар жалынга күйгөнү эп.

Туура сөздөн чексиз пайда табарсың,
Жалган сөздөн каргыш-сөгүш аларсың.
(Жусуп Баласагын)

Ыр деген тоодон аккан тунук булак.
Мөлтүрөп, бермет болуп тунуп турат.
Ууну же балды жүрөк катып алат,
Аны тил чыдамсиздан айтып салат.
(Жами)

Сөздүн оту да бар, музу да бар,
Сөздүн балы да бар, тузу да бар.
Балдай сөз учурунда супсак келип,
Болуп калат бир татым тузга да зар.
(Абу Шукур)

Ар бир тилдин кудурети ошончо,
Өз ээсине дабалыгы алардын.
Эртең тилим жоголору чын болсо,
Анда жакшы бүгүн өлүп калганым.

Эне тилим - кенч, байлыгым түгөнбөс,
Жарды тил дээр, балким, да бир оозу шок
Ассамблейде сүйлөнбөсө, сүйлөнбөс,
Бирок мага андан өткөн улуу жок.

Жүрөк болк деп, кулак тостум мен үнгө,
Ошол үндөр денеме жан кийирди.
Врач, бакшы шыпаа болбой өлүмгө,
Өлгөн денем эне тилден тирилди.
(Расул Гамзатов)

Эне тилим эне сүтүм, таалайым.
Ачып турган ак калпагым маанайым.
Кылымдардын кылымдарга кыялбай.
Сен өркүндөп өсүшүндү каалаймын.

Узун тартып өмүр көчтүү кербениң
Канча кылым карытканын билбедим.
Жашоосунда тынчтык болуп элимдин.
Токтобостон чубай берсин кербениң.

Тоого тоолор курамалап курашып,
Узун тартып уламалап улашып.
Алда кайдан кебез тартып келаткан.
Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.

Улуу куштун уясы тоо боорунда,
Деген нуска көңүлүмдү көтөрөт.
Асабаңды көтөр Кыргыз өйдөгө,
Тоо бүркүтү сен эмеспи көкөлөп.
(Автору ким?)

Сүйүктүү, татынакай сулуу тилим,
Мээримдүү жүрөгүмө жылуу тилим.
Ширелген жакут менен көркү чексиз,
Тамшанткан, такылдаткан, балдан ширин.

Бардык тилде касиет бар ойлонсо,
Өз тилимде бирок обон салармын.
Эртең тилим жок болоору чын болсо.
Анда бүгүн жок болууга даярмын.

Энө тилге жаным курман баштатан,
Жарды тил деп айтса мейли, арданбайм.
Ассамблейде сүйлөнбөстүр эч качан,
Бирок мага улуу экенин тана албайм.

Алмашып күндөр күнгө,
Өтсө билинбей,
Дүйнөдө көркөм барбы,
Кыргыз тилиндей?

Сөз
Биздин элде баалайт сөздү башынан,
Бир сөз үчүн түшүп берген атынан.
Бир сөз үчүн бири-бирин чабышкан,
Бир сөз үчүн бир туугандай табышкан.

Кан майданда Мекен деген сөз үчүн,
Кайран кыргыз кардай үрөп өз күчүн,
Аткармакка тууган элдин тилегин,
Тайманбастан окко тосту жүрөгүн.
(А. Кадыров)

Эне тилим
Отко салсаң, чокко салсаң күйбөгөн,
Жоголгон жок, кеткени жок дүйнөдөн.
Эне тилим нечен кылым карыткан,
Ушул тилде бабам Манас сүйлөгөн.

Турган чакта жергебизде аш толуп,
Эне тилим жадырасын жаз болуп.
Эгерде ким эне тилин жерисе,
Катып калсын, кыймылдабай таш болуп.
(Д. Юсупов)

Эне тилим – канатым
Тилиң барбы – журтсуң, элсиң, пендесиң,
Тагдырыңды, тарыхыңды жиктеген.
Бул жарыкта тилсиз болсоң, айла жок,
Бир макулуксуң жан ачыта тиктеген.

Менин тилим – күч канатым, кут тилим,
Манас бабам жар чакыра сүйлөгөн.
Бул жашоонун бүтпөс ыры сыяктуу,
Бүт өмүрдө төл тилимди үйрөнөм!
(Т. Жороев)

Эне тилим түрк тилдердин ичинен,
Эң байыркы, эң байыркы бабасы.
Ушул тилде бүт дүйнөнү таңдантып,
Айтылууда күнү-түнү «Манасы».

Жакшы сөз сүйкүм угулат,
Жакшы сөз күндөн жылуураак,
Жакшы адам сөзгө түшүнөт,
Жакшы адам сөзгө жыгылат.

Тилимди билген келсин - деп,
Тилимди эгер билбесе,
Тилмечи жообун берсин - деп,
Манастын айткан сөзү бар.

Эне-тилим энем мага үйрөткөн,
Эне-тилим атам мага сүйлөткөн.
Кыргыз тилде ата-бабам сүйлөгөн,
Ата-бабам эч унутпай күн көргөн.

Кыргыз-тили кыргыз ооздон жаралган,
Кыргыз-тилди кыргыз гана сүйлөгөн.
Мен кыргызмын кыргыз тилде сүйлөгөн,
Мен кыргызмын кыргыз тилин үйрөтөм,
Мен кыргызмын кыргыз тил деп күн көргөн.
(Миржан уулу Айтбек, 2003)

Белгисиз авторлордон ырлар

Мамлекеттик тил деп согот дилибиз,
Мамлекеттик тилде жүрөт ишибиз.
Сен жашагын Кыргызстан түбөлүк,
Сен бар үчүн биз адамбыз, кишибиз.

Эне тилим — Ала-Тоом, Мекеним,
Тил болбосо айткылачы мен киммин?
Тик чокуда ханыша айым болсоң да,
Өз тилиңди унутпастан жат билгин.

Эне тилим туурум менин, эл журтум,
Мүрөк суудай дары мага бир жутум.
Өз тилиңди барктап баркын билбесең,
Сана айтарым кыргыздыгың унуткун!

Асмандан балбыл жанган жалгыз тилим,
Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.
Арыбай кылымдарды карыта бер,
Ардагым, ата мурас кыргыз тилим!

Кыргыз тилим байлыгым,
Келген эне сүтүнөн.
Кыргыз тилим таалайым,
Жоо багынган күчүнөн.

Накыл сөздөр, цитаталар

Кыргыз элинде тил жөнүндө таамай айтылган макал-лакаптар, учкул сөздөр көп. Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай: «Элди эл кылып турган анын тили» - дегендей эне тил, кыргыз тил, деги эле тил тууралуу ырларды далай кыргыздын жана дүйнөнүн чыгаандары жазып өткөн.

Тил - ойлонуунун куралы. Тилге жеңил-желпи мамиле жасоо, ал ойго, ойлонууга жеңил желпи мамиле жасоо: так эмес, жакындата гана, ишенимсиз ойлоо. (А. Н. Толстой)

Улуттун тили дайыма элдин улуттук руху менен тыгыз байланышта. (А. Н. Толстой)

Тилдин байлыгы ал ойдун байлыгы. (Н. М. Карамзин)

Тил аң-сезим сыяктуу эле эң байыркы болуп эсептелет. (К. Маркс, Ф. Энгельс)

Тил - достуктун, макулдашуунун эң мыкты ортомчусу. (Эразм Роттердамский)

Чет тил бул, жашоо үчүн болгон күрөштө бизге курал. (К. Маркс)

Кимде-ким чет тил билбесе, ал өз эне тилин да жакшы билбейт. (И. Гёте)

Чет тилдерди үйрөнүү - эне тилди байытат, аны ачык, даана, ийкемдүү, көркөм кылат. (Н. К. Крупская)

Бөтөн элдердин адеп-аклак, кулк-мүнөзүн билищ үчүн, алгач алардын тилин үйрөнүүгө аракет кыл. (Пифагор)

Көп тил билүү - демек бир кулпуга түшө турган көп ачкычтуу болуу. (Ф. Вольтер)

Жашоодо тилден ачуу жана тилден таттуу эч нерсе жок. (Эзоп)

Жашоодо тил азабынан өткөн азап жок. (С. Я. Надсон)

Тили чулдур булбул болгуча, тили так чакчыгай бол. (И. А. Крылов)

Тилине ээ боло албаган адам, оюна да ээ боло албайт. (Л. Н. Толстой)

Тил - жазуучунун, мылтык жоокердин куралы. Курал канчалык кубаттуу болсо, анын ээси ошончо күчтүү болот. (М. Горький)

Жараткан бергенин бүт койбой алат, бир гана жагымдуу сөз аман калат. (Фирдоуси)

«Адам өлкөдө эмес, тил ичинде гана жашайт. Мекен — бул жалгыз тил гана» (Metal Gear Solid V, The Phantom Pain)

Сөз ооздон чыгып учуп жүрөт, коноор жерин өзү гана билет. (Асади Туси)

Тил жөнүндө макалдар

Эне тилим эчен кылым карыткан.
Эч ким аны өчүрө апбайт тарыхтан.

Тилиң барда дүйнөнү кезсең болот,
Ким экениң, өзүңдү сезсең болот.

Тил билсөң - дил билөсиң.

Илим менен билимге көпүрө тил.
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

Тилден бал да тамат, уу да тамат.

Тили жоголгон журттун өзү да жоголот.

Эне тилим -эне сүтүм, бакытым.
Эне тилим түгөнбөгөн байлыгым.

Тил - акыл таразасы, жүрөктүн ачкычы.

Тил - ойдун сандыгы.

Эне тилдин ээси - эл.

Тил чебери китептен, кыймыл чебери - спорттон.

Эне тилди билбегениң, тууган элди сүйбөгөнүң.

Булбул гүлүн сүйөт, адам Мекенин сүйөт, азамат тилин сүйөт.

Мен – кыргызмын, мен ошого мактанам,
Кыргыз тилин кылымдарга сактаган.

Кыргызымдын өлбөстүгү эмнеде?
Кылым кезген эне тилинде.

Жыргагандын баарысы турмуш эмес,
Жылт эткендин баарысы жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан мөнен.
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Кыргыз тилим өзүм сүйлөп үйрөнгөн,
Абалтадан ата-бабам сүйлөгөн.
Сен бар кезде мен тирүүмүн, мен бармын,
Сен жоголсоң, мен жоголом дүйнөдөн.
Эч бир жерде мен кыргызмын дебесмин.
Ойлоп сенин тагдырыңа күйбөсөм.

Тил көпүрө илим менен билимге.
Тил адамга кубаныч берет өмүрдө.
Тил адамды бакыт, даңкка жеткирет,
Тил адамды шорго салат өлтүрөт.

"Тил жонундо ырлар" макалабыз ушуну менен аягына чыкты. Достор, көптөн-көп суранаар элек, кыргыз тили жонундо өзүңөр жазган ырлар болсо пикир жазуу формасына комментарий кылып, аты-жөнүңүздү да жазып койгула. Сөзсүз макалага кошум жарыялап коебуз. Сиз дагы четте калбай тилибиздин мындан аркы өнүгүүсүнө өз салымыңызды кошуп калгыла.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-07-11, Көрүүлөр: 710782, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо